Көптөгөн тармактарга бөлүнгөн инженериянын максаты – адамдардын жашоосун ыңгайлуураак, коопсузураак кылуу жана күнүмдүк жашоону жеңилдетүү. Көпүрөлөрдүн коопсуздугунан унаалардын ыңгайлуулугу менен ылдамдыгына чейин, жөнөкөй ашкана буюмдарынан согуш технологиясына чейин, адамзаттын жашоосундагы көптөгөн буюмдар инженериядан келип чыккан. Мындай долбоорлор билимдүү жана тажрыйбалуу инженерлердин көп жылдык изилдөөлөрүнөн, тажрыйбасынан жана эмгегинен пайда болот.
Мисалы,
колдонгон муздаткычыңызды бир инженер долбоорлогон, ошол сыяктуу, телевизоруңузду,
музыка аппаратыңызды, лифтиңизди, саатыңызды, унааңызды, компьютериңизди, өнөр жай
техникаларын, спутниктерди, космос кемелерин... Булардын баары кылдат
пландардын жана так эсептөөлөрдүн, өз тармагында адистешкен көптөгөн адамдардын
эмгегинин жана мээсинин натыйжасы.
Биздин жашообузду
жеңилдеткен бул долбоорлор сыяктуу, табияттагы жандыктардын денелеринде да
сансыз долбоорлордун үлгүлөрү бар: кемчиликсиз канаттар, химия
лабораториясындай кызмат кылган клеткалар, караңгыда көрүү мүмкүнчүлүгүн берген
инфракызыл көздөр, соккуларга жана оор шарттарга чыдамкай терилер, жылмакай
жерде басуу мүмкүнчүлүгүн берген соргуч буттар алардын бир канчасы гана.
Жаныбарлардагы
мындай кемчиликсиз долбоорлор менен технологиянын өнүгүүсү менен бирге адамдар
ойлоп тапкан долбоорлор салыштырылганда, таң калыштуу жыйынтык келип чыгат:
долбоорлонгон буюмдардын дээрлик бүт баары табиятты туурап жасалган жана
деңгээли жагынан жаныбарлардагы теңдешсиз системалардан көбүнчө төмөн турат.
Бул китепте
карала турган бул ачык акыйкаттын бир канча далили төмөнкүлөр:
Жаныбарлардагы долбоорлор уникалдуу
Алгач үкүлөрдүн
үн чыгарбай учушун карайлы. Үкүлөрдүн түндүн жымжырттыгында олжолоруна кантип
сездирбей жакындай алаары тууралуу илимпоздор ар кандай изилдөөлөрдү жасашкан. Америка
аба күчтөрүнүн «Элес-учак долбоорунун» алкагында жүргүзгөн изилдөөлөрү
үкүлөрдүн канатындагы теңдешсиз долбоорду аныктаган.
Башка
канаттуулардын канаттарынын мамысы учтуу түзүлүштө болот. Үкүлөрдүн мамысы
болсо тескерисинче, ичке, бирок учтуу эмес. Бул өзгөчө долбоордон улам түнкүсүн
аңчылык кылган бул жандык үн чыгарбай уча алат.
НАСАнын Лэнгли
изилдөө борборунун илимпоздорунун айтуусу боюнча, үкүнүн жумшак учтуу мамылуу
канаттары абанын турбуленттүүлүгүнө, б.а. үнгө бөгөт койот. Аскердик
конструкторлор үкүлөрдүн канаттарын туурап, элес-учактарды абада байкатпай
учуруунун жолдорун издешүүдө.1
Эми канаттуулар
менен учактарды жөнөкөй салыштырып көрөлү:
Дүйнөдөгү эң
кыймылы көп аба майдандарында учактар күн сайын орточо ар бир 2 же 3 мүнөттө
бир жолу учат же конот. Мындай тыгыз учуштар конгон же абага көтөрүлгөн ар бир
учактын бири-биринен 4-5 километр аралык калтыруусу аркылуу башкарылат.
Минималдуу коопсуз аралык учактын чоңдугу жана маневр жөндөмү сыяктуу
өзгөчөлүктөрүнө карап белгиленет.2
Учактардан алда
канча тыгыз учуп-конгон жана кээде жүздөгөн канаттуу чогуу жашаган үйүрлөрдө
мындай коопсуздук жана башкаруу кантип камсыз кылынат?
Жээктерде
жашаган чардак, чулдук сыяктуу канаттууларды алалы. Бул канаттуулардын
ортосунда конуу учурунда өздөрүнүн боюнан бир канча эсе гана аралык болот. Ал
эми учуу ылдамдыктары болсо саатына 30-40 километрден ашат. Бирок ушундай
ылдамдыкка жана кыска коопсуздук аралыгына карабастан, бул канаттуулар оңой
гана учуп коно алышат.
Мындай теңдешсиз
учуу жөндөмү кылдат инженердик эсептөөнү талап кылат. Учактарда мындай маневр
жөндөмүнө али жетишиле алган жок. Көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында маневр
жөндөмү жогору кээ бир учуучу машиналар иштелип чыкты. Керек учурда абада
кыймылсыз тура алган, тигинен конуп уча алган тик учактар (вертолеттор)
өндүрүлдү. Бирок ошентсе да бул техникалардын учуу жана маневр жөндөмдөрү
табияттагы жандыктардын уникалдуу өзгөчөлүктөрүнө салыштырмалуу төмөн
деңгээлде.
Жаныбарлардын
денелеринде адамдар долбоорлой алгандан алда канча кемчиликсиз түзүлүштөр бар. Жандыктардын
бир эле өзгөчөлүгүн, мисалы, канаттарын эле караганыбызда да кемчиликсиз
долбоорду апачык көрө алабыз. Мындай уникалдуу долбоорлор кантип пайда болгон?
Үкүнүн канаттары кантип бүркүттүкүндөй шуулдабастан, түнкү аңчылыкка эң
ыңгайлуу, үнсүз болуп калган? Бир жылан кантип караңгы түндө жылуулукту белги
катары колдонуп, олжосун таба алат? Жаныбарлардын денелерине инженерлер үлгү
алган бул татаал системаларды ким орноткон?
Мындай
суроолорго эволюционисттер минтип жооп беришет: жаныбарлар учурдагы өзгөчөлүктөрүнө
убакыттын өтүшү менен туш келди өзгөрүүлөр аркылуу, б.а. «акырындап өзгөрүү
аркылуу» жеткен. Бирок бул көз-караштын маңызсыздыгы акыл жана логика менен
таразалаганда жана илимий акыйкаттарды изилдегенде апачык көрүнөт. Алар айткандай «кокусунан пайда болуп, кокусунан бириккен» клеткалар мындай
кемчиликсиз түзүлүштөрдү өз алдынча эч качан пайда кыла алышпайт. Бул акылга
жана логикага сыйбаган көз-караш инженерия менен жасалган бийик имараттарды же
эбегейсиз көпүрөлөрдү кокусунан пайда болуп калды деп айтууга тете.
Миллиарддаган
клеткадан турган жандыктардын бир клеткасы да кокусунан пайда боло албайт.
Клетканын түзүлүшү ушунчалык татаал болгондуктан, учурдагы технология дагы эле
бир клетканы да жасай алган жок. Жасалма жол менен клетка жасоого аракет кылган
канчалаган эмгектен бир да майнап чыккан жок. Ошондуктан табияттагы ушул
сыяктуу сансыз долбоор үлгүлөрү төмөнкү акыйкатты көрсөтөт: бардык жандыктарды,
бүт майда-чүйдөсүнө чейин, илими жана кудурети чексиз Аллах кемчиликсиз жана
уникалдуу кылып жараткан. Эволюционисттердин кандай абалга туш болгонун
ойлонуп, андан сабак алуу керек.
Кичинекей
чымын-чиркей, курт-кумурсканын, балыктын же канаттуунун денесинде адам баласы
пландай алгандан алда канча мыкты долбоорлордун болушу бизге бир гана чындыкты
көрсөтөт. Жандыктардагы кемчиликсиз технологиялар алардын жаратылганын
далилдейт. Табияттагы бул теңдешсиз долбоорлор Улуу Аллахтын чыгармасы. Аллах
бир аятта мындай деп билдирет:
Айткын: «Асмандар
менен жердин Рабби ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап
өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды)
тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам)
тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Анын
жаратышы сыяктуу жаратуучу шериктерди табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бири-бирине
окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу
(Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)
Бул китептин
максаты – табиятта миллиондогон жылдан бери эч өзгөрбөй уланып келе жаткан
кемчиликсиз долбоорлорду дагы бир жолу, башка жагынан көз алдыга тартуулап,
Аллахтын чексиз кудуретин түшүнүүгө себепчи болуу.
АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ
Китепте
кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек.
Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз
алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин
Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын
бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах
мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа,
ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Булактар:
1. http://www.cnn.com/NATURE/9903 /05/ owls.enn
2. John Brackenbury, Insect in Flight, Distributed in the US by Sterling, Annotation copyright Book News, Inc. Portland, Mart 1996, s. 11


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder