15 Mart 2023 Çarşamba

Кириш сөз

Көптөгөн тармактарга бөлүнгөн инженериянын максаты – адамдардын жашоосун ыңгайлуураак, коопсузураак кылуу жана күнүмдүк жашоону жеңилдетүү. Көпүрөлөрдүн коопсуздугунан унаалардын ыңгайлуулугу менен ылдамдыгына чейин, жөнөкөй ашкана буюмдарынан согуш технологиясына чейин, адамзаттын жашоосундагы көптөгөн буюмдар инженериядан келип чыккан. Мындай долбоорлор билимдүү жана тажрыйбалуу инженерлердин көп жылдык изилдөөлөрүнөн, тажрыйбасынан жана эмгегинен пайда болот.

Мисалы, колдонгон муздаткычыңызды бир инженер долбоорлогон, ошол сыяктуу, телевизоруңузду, музыка аппаратыңызды, лифтиңизди, саатыңызды, унааңызды, компьютериңизди, өнөр жай техникаларын, спутниктерди, космос кемелерин... Булардын баары кылдат пландардын жана так эсептөөлөрдүн, өз тармагында адистешкен көптөгөн адамдардын эмгегинин жана мээсинин натыйжасы.

Биздин жашообузду жеңилдеткен бул долбоорлор сыяктуу, табияттагы жандыктардын денелеринде да сансыз долбоорлордун үлгүлөрү бар: кемчиликсиз канаттар, химия лабораториясындай кызмат кылган клеткалар, караңгыда көрүү мүмкүнчүлүгүн берген инфракызыл көздөр, соккуларга жана оор шарттарга чыдамкай терилер, жылмакай жерде басуу мүмкүнчүлүгүн берген соргуч буттар алардын бир канчасы гана.

Жаныбарлардагы мындай кемчиликсиз долбоорлор менен технологиянын өнүгүүсү менен бирге адамдар ойлоп тапкан долбоорлор салыштырылганда, таң калыштуу жыйынтык келип чыгат: долбоорлонгон буюмдардын дээрлик бүт баары табиятты туурап жасалган жана деңгээли жагынан жаныбарлардагы теңдешсиз системалардан көбүнчө төмөн турат.

Бул китепте карала турган бул ачык акыйкаттын бир канча далили төмөнкүлөр:

 

Жаныбарлардагы долбоорлор уникалдуу

Алгач үкүлөрдүн үн чыгарбай учушун карайлы. Үкүлөрдүн түндүн жымжырттыгында олжолоруна кантип сездирбей жакындай алаары тууралуу илимпоздор ар кандай изилдөөлөрдү жасашкан. Америка аба күчтөрүнүн «Элес-учак долбоорунун» алкагында жүргүзгөн изилдөөлөрү үкүлөрдүн канатындагы теңдешсиз долбоорду аныктаган.

Башка канаттуулардын канаттарынын мамысы учтуу түзүлүштө болот. Үкүлөрдүн мамысы болсо тескерисинче, ичке, бирок учтуу эмес. Бул өзгөчө долбоордон улам түнкүсүн аңчылык кылган бул жандык үн чыгарбай уча алат.

НАСАнын Лэнгли изилдөө борборунун илимпоздорунун айтуусу боюнча, үкүнүн жумшак учтуу мамылуу канаттары абанын турбуленттүүлүгүнө, б.а. үнгө бөгөт койот. Аскердик конструкторлор үкүлөрдүн канаттарын туурап, элес-учактарды абада байкатпай учуруунун жолдорун издешүүдө.1

Эми канаттуулар менен учактарды жөнөкөй салыштырып көрөлү:

Дүйнөдөгү эң кыймылы көп аба майдандарында учактар күн сайын орточо ар бир 2 же 3 мүнөттө бир жолу учат же конот. Мындай тыгыз учуштар конгон же абага көтөрүлгөн ар бир учактын бири-биринен 4-5 километр аралык калтыруусу аркылуу башкарылат. Минималдуу коопсуз аралык учактын чоңдугу жана маневр жөндөмү сыяктуу өзгөчөлүктөрүнө карап белгиленет.2



Учактардан алда канча тыгыз учуп-конгон жана кээде жүздөгөн канаттуу чогуу жашаган үйүрлөрдө мындай коопсуздук жана башкаруу кантип камсыз кылынат?

Жээктерде жашаган чардак, чулдук сыяктуу канаттууларды алалы. Бул канаттуулардын ортосунда конуу учурунда өздөрүнүн боюнан бир канча эсе гана аралык болот. Ал эми учуу ылдамдыктары болсо саатына 30-40 километрден ашат. Бирок ушундай ылдамдыкка жана кыска коопсуздук аралыгына карабастан, бул канаттуулар оңой гана учуп коно алышат.

Мындай теңдешсиз учуу жөндөмү кылдат инженердик эсептөөнү талап кылат. Учактарда мындай маневр жөндөмүнө али жетишиле алган жок. Көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында маневр жөндөмү жогору кээ бир учуучу машиналар иштелип чыкты. Керек учурда абада кыймылсыз тура алган, тигинен конуп уча алган тик учактар (вертолеттор) өндүрүлдү. Бирок ошентсе да бул техникалардын учуу жана маневр жөндөмдөрү табияттагы жандыктардын уникалдуу өзгөчөлүктөрүнө салыштырмалуу төмөн деңгээлде.

Жаныбарлардын денелеринде адамдар долбоорлой алгандан алда канча кемчиликсиз түзүлүштөр бар. Жандыктардын бир эле өзгөчөлүгүн, мисалы, канаттарын эле караганыбызда да кемчиликсиз долбоорду апачык көрө алабыз. Мындай уникалдуу долбоорлор кантип пайда болгон? Үкүнүн канаттары кантип бүркүттүкүндөй шуулдабастан, түнкү аңчылыкка эң ыңгайлуу, үнсүз болуп калган? Бир жылан кантип караңгы түндө жылуулукту белги катары колдонуп, олжосун таба алат? Жаныбарлардын денелерине инженерлер үлгү алган бул татаал системаларды ким орноткон?

Мындай суроолорго эволюционисттер минтип жооп беришет: жаныбарлар учурдагы өзгөчөлүктөрүнө убакыттын өтүшү менен туш келди өзгөрүүлөр аркылуу, б.а. «акырындап өзгөрүү аркылуу» жеткен. Бирок бул көз-караштын маңызсыздыгы акыл жана логика менен таразалаганда жана илимий акыйкаттарды изилдегенде апачык көрүнөт. Алар айткандай «кокусунан пайда болуп, кокусунан бириккен» клеткалар мындай кемчиликсиз түзүлүштөрдү өз алдынча эч качан пайда кыла алышпайт. Бул акылга жана логикага сыйбаган көз-караш инженерия менен жасалган бийик имараттарды же эбегейсиз көпүрөлөрдү кокусунан пайда болуп калды деп айтууга тете.

Миллиарддаган клеткадан турган жандыктардын бир клеткасы да кокусунан пайда боло албайт. Клетканын түзүлүшү ушунчалык татаал болгондуктан, учурдагы технология дагы эле бир клетканы да жасай алган жок. Жасалма жол менен клетка жасоого аракет кылган канчалаган эмгектен бир да майнап чыккан жок. Ошондуктан табияттагы ушул сыяктуу сансыз долбоор үлгүлөрү төмөнкү акыйкатты көрсөтөт: бардык жандыктарды, бүт майда-чүйдөсүнө чейин, илими жана кудурети чексиз Аллах кемчиликсиз жана уникалдуу кылып жараткан. Эволюционисттердин кандай абалга туш болгонун ойлонуп, андан сабак алуу керек.

Кичинекей чымын-чиркей, курт-кумурсканын, балыктын же канаттуунун денесинде адам баласы пландай алгандан алда канча мыкты долбоорлордун болушу бизге бир гана чындыкты көрсөтөт. Жандыктардагы кемчиликсиз технологиялар алардын жаратылганын далилдейт. Табияттагы бул теңдешсиз долбоорлор Улуу Аллахтын чыгармасы. Аллах бир аятта мындай деп билдирет:

Айткын: «Асмандар менен жердин Рабби ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Анын жаратышы сыяктуу жаратуучу шериктерди табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бири-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу (Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)

Бул китептин максаты – табиятта миллиондогон жылдан бери эч өзгөрбөй уланып келе жаткан кемчиликсиз долбоорлорду дагы бир жолу, башка жагынан көз алдыга тартуулап, Аллахтын чексиз кудуретин түшүнүүгө себепчи болуу.


АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)


Булактар:

1. http://www.cnn.com/NATURE/9903 /05/ owls.enn

2. John Brackenbury, Insect in Flight, Distributed in the US by Sterling, Annotation copyright Book News, Inc. Portland, Mart 1996, s. 11

Химия инженерлери менен жарышкан жаныбарлар

Бир дары тууралуу маалымат алгыңыз келсе, фармацевтке кайрыласыз. Анткени фармацевт бул тармакта белгилүү бир убакыт билим алган. Бул тармакта көптөгөн китептерди окуп, эксперименттерди жасаган. Дарылардын курамын, кандай кызмат аткараарын, терс таасирлерин абдан жакшы билет жана жетиштүү тажрыйбасы бар. Бирок ошентсе да бир фармацевт же химиялык заттар боюнча бир адис өмүрүндө эч көрбөгөн бир өсүмдүктөгү пайдалуу заттардын курамын сыртынан карап эле биле албайт. Мисалы, бир өсүмдүктү карап «бул өсүмдүктө мобул жандыктын уусуна каршы дары катары колдонула турган бир зат бар» деп айтуу же башка бир уудан айыктыруу үчүн таштарды дары катары колдонууга болоорун божомолдоо бир адам үчүн абдан кыйын. Ал үчүн же билимдүү жана тажрыйбалуу кишилерге кайрылуу, же болбосо эксперименттерди, изилдөөлөрдү ж.б. жүргүзүү керек болот.

Бир гана божомолго таянуу абдан кооптуу. Мисалы, уулуу жылан чаккан бир адам дароо дарыланышы шарт. Бир саамга кечигүү да өмүргө коркунуч туудурган мындай олуттуу шартта ыктымалдыктарга таянып, ар нерсени жасап көрүүгө мүмкүнчүлүк болбойт.

Адамдар эксперимент жасабастан кыла албай турган мындай оор жумушту табияттагы көптөгөн жандыктар миллиондогон жылдан бери жасап келе жатышат. Мисалы, бул бөлүмдө терең карала турган чоң сакал текелер (безоар текелери) жыландын уусунан кантип айыгууга болоорун билишет. Акылы жана аң-сезими жок бир жандыктын көрөөр замат өсүмдүктөгү заттын курамын түшүнүшү, анын кандай ишке жараарын туура аныктап, аны кайсы учурда колдоноорун билиши, болгондо да, ал түрдүн бардык мүчөлөрүндө бул маалыматтын болушу бизге бир гана акыйкатты далилдейт:

Бул жандыкка буйрук берген, ага керектүү маалыматтарды илхам кылган жана анын кыймыл-аракеттерин башкарган бир күч-кудурет бар: Ал күч Улуу Аллахка таандык.

 

ЧОҢ САКАЛ ТЕКЕЛЕРДИН ХИМИЯ БИЛИМИ

Чоң сакал текелер типтик, дубалдай аскаларга чыга алган эчкилердин бир түрү. Туяктарынын астынын одуракай болушу жана буттарынын астындагы жумшак жаздыкчалар бул жандыктардын шамдагай кыймылдашына шарт түзөт. Бирок эчкилердин бул түрүнүн эң кызыктуу тарабы – алардын химия билими. Аты фарс тилиндеги «дары» (безоар) деген мааниге келген чоң сакал текелер өзүн-өзү дарылоо боюнча мыкты адис.

Чоң сакал текелер эгер жылан чагып алса, ошол замат айланасында өскөн сүттүкөн өсүмдүктөрүнүн бир түрүн жеп башташат.

Бул абдан таң калыштуу кыймыл-аракет. Анткени чындап эле сүттүкөндүн суюктугундагы «эуфорбон» заты кандагы жыландын уусунун таасирин жок кылат.3

Бул жерде аң-сезимдүү жана акылман адамдын оюна төмөнкүдөй суроолор туулат. Кадимки оттоо учурунда сүттүкөнгө оозун да тийгизбеген эчкилерди бул өсүмдүктөрдү дарылык катары колдонууга эмне түрткү болот? Жыландын уусунан айыктыра турган бир чөптү издөө керек экенин бул жандыктар кайдан билишет? Чоң сакал текелер сүттүкөн чөптөрүнүн ичинде кайсы химиялык заттардын бар экенин жана ал заттардын жыландын уусунан айыктыра алаарын кайдан билишкен?




Эчкилер жылан чагып алганда, тапкан бардык чөптөрүн жеп көрүү аркылуу, башкача айтканда, жасап көрүү-жаңылуу ыкмасын колдонуу аркылуу кайсы чөптүн уудан айыктыра алаарын аныктай алышпайт. Жашаган аймагында керектүү чөптү табууга аракет кылып, чөптүн жүздөгөн түрлөрүнүн арасынан жеп көрүп баштай турган болсо, бир канчасына гана убактысы жетиши мүмкүн. Ошол учурда керектүүсүн таба алса дагы, эчки жылан чаккан сайын эң туура чөптү таба алышы керек болот. Ошого карабастан, эчки муну да кыла алды дейли. Бирок бул дагы жетиштүү болбойт. Анткени эчкилердин бул түрү тукум курут болбошу үчүн, анын бардык мүчөлөрү ушундай кыла алышы шарт.

Ошондуктан туура чөптү аныктай алган алгачкы эчки тажрыйбасын башкаларга өткөрүп бериши керек болот. Бирок бир жандык кийин үйрөнгөн кандайдыр бир маалыматты өзүнөн кийинки урпактарга генетикалык жол менен өткөрүп бере албайт. Буга төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот: абдан даярданып, университетке кирүү сынагында биринчи болгон бир адамды элестетели. Ал адамдын көп жыл бою окуп үйрөнгөндөрүнүн же кылган аракетинин төрөлө турган баласына же небересине эч кандай пайдасы тийбейт. Үйрөнүлгөн маалыматтар же кыймыл-аракеттер ошол жандыкка гана таандык болот. Алар жандыктын гендерине сырттан кийлигишүү аркылуу жайгаштырыла албайт жана ошондуктан кийинки урпактарга өткөрүлө албайт. Ар бир муун ал маалыматтарды эң башынан үйрөнүүгө мажбур.

Мындай мисалдар тууралуу тереңирээк ойлонуу жандыктардын кыймыл-аракеттеринин кокусунан пайда болбой турганын түшүнүүгө жетиштүү болот. Бардык жандыктарга аларга керектүү маалыматтарды Аллах илхам кылып, үйрөтөт. Эч бир жандык көзөмөлсүз, кожоюнсуз эмес жана кокустуктардын агымына ташталган эмес. Курандын бир аятында Аллахтын бардык жандыктарды толук көзөмөлдөп, башкарып тураары төмөнкүчө кабар берилет:

Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)



 

КУМУРСКАЛАР КИСЛОТА ЗАВОДУН КУРА АЛЫШАБЫ?

Кумурскалардын денелеринде кумурска кислотасы (H2CO2) аттуу химиялык затты иштеп чыгуучу бездер бар.4 Кумурскалар антибиотик таасири бар ал затты денелерине тынымсыз сүртүп турушат. Ошентип уяларында жана өздөрүнүн денелеринде бактерия жана козу карындардын пайда болушуна бөгөт коюшат.

Кумурскалардын денелеринен бөлүп чыгарылган бул кислотадан кабардар болуп, аны кантип колдоноорун билиши таң калыштуу. Бирок мындан да таң калыштуусу, башка жандыктар да кумурскалардын бул касиетин билишет.

Канаттуулардын кээ бир түрлөрү кумурскалардагы бул кислотаны колдонушат. Канаттуулар кумурскаларга окшоп химиялык заттарды бөлүп чыгара алышпайт. Бирок кумурска дөбөлөрүнө бат бат барып, кумурскалардын мамыктарынын арасында басышына жол берүү аркылуу алардын чыгарган кислотасынан пайдаланышат. Бул ыкма аркылуу денеси кумурска кислотасына буланган канаттуу үстүндөгү бардык паразиттерден тазаланат.

Кумурска козу карындан кумурска кислотасынын коргой турганын же бул кислотанын формуласын кайдан билет? Денесинде ушунчалык кооптуу кислота бөлүп чыгарылганына карабастан, кумурскалар кантип андан зыян көрүшпөйт? Андан дагы, канаттуулар кумурскаларда кислота бар экенин жана аны паразиттерден кутулуу үчүн колдонууга болоорун кайдан билишет?

Эң биринчиден, бул химиялык зат кантип пайда болгон деген суроого жооп берүү керек. Кандайдыр бир касиети бар, пайдалуу химиялык зат өзүнөн-өзү эч качан пайда болбойт. Кумурска кислотасын алалы. Бул кислотанын синтезделишинде кандайдыр бир ката кетсе, химиялык зат антибиотик касиетин жоготот. Ошондой эле, башка зыяндуу заттардын пайда болуу ыктымалдыгы да бар.

Демек бул затты кумурска синтездеген, же болбосо, бул кислота кумурсканын денесинде кокусунан пайда болгон деп айтуу эч кандай логикага сыйбайт. Бирок ошого карабастан, кислотанын формуласы дал талап кылынгандай пайда болду деп элестетели. Бул дагы эч нерсени өзгөртпөйт, анткени кумурсканын денесинде бир жагынан кислота иштеп чыгып, экинчи жагынан кумурсканы анын зыянынан коргой турган бир система керек болот. Ошондуктан кумурскада булардын баары бир учурда бар болушу шарт. Бул кумурскадагы бездердин, эволюционисттер айткандай, акырындап бир-бирден пайда болбой турганын апачык айгинелейт.

Бул жандыктардын эч бири буларды өз алдынча жасай албайт. Чындыгында кумурскалар бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге бир заматта пайда болушкан. Кумурска кислотасын да, аларды иштеп чыга турган бездерди да, кумурскаларды да чексиз илим ээси Аллах жараткан.

Канаттууларга кумурскалардын уюктарына барып, кумурска кислотасынан пайдаланууну илхам кылган да Аллах. Аллах бардык жандыктардын муктаждыгын билет жана ошого жараша керектүү нерселерди кемчиликсиз жараткан. Аллах бүт нерсени ороп-курчап тураарын бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чындыгында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чындыгында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, көрүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)



 

КУРТ-КУМУРСКАЛАРДАГЫ ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШ: ФЕРОМОНДОР

Кумурскалар жана бал аарылар уюктарын өтө алыска кетишсе да адашпай табышат. Кээ бир курт-кумурскалардын личинкалары коркунуч учурунда бир жерге топтолуп коргонушат. Көптөгөн жаныбарлар жашаган аймагына ээлик кылышат. Мындан тышкары, курт-кумурскалардын бардык түрлөрүндө жупталгысы келген эркек менен ургаачылар алыс аралыкта болушса да, бири-бирин оңой эле табышат. Бул кыймыл-аракеттердин окшош жагы, булардын баары бир байланыш ыкмасы аркылуу ишке ашат.

Организмдердин көптөгөн түрлөрү байланышуу үчүн бир белги колдонот. Курт-кумурскалардын колдонгон белгиси «феромон» деп аталат. Феромондор «гормонду алып жүрүүчүлөр» деген мааниге келет жана бир түргө таандык мүчөлөрдүн арасында колдонулган химиялык заттар болуп саналат. Көбүнчө атайын бездерде иштелип чыгып айланага таратылат. Курт-кумурскалардын кыймыл-аракеттеринде өзгөрүүлөргө себеп болот.

Феромондор башында гормондор менен бирдей деп каралган. Гормондор сыяктуу аз санда чыгарылып, жашоонун белгилүү бир функциясын аткаруу милдетин аркалаганы менен, гормондордон айырмаланып дененин сыртына чыгарылат. Феромондор адатта бир түргө таандык. Ар кандай кызматтарды аткаргандары жана курамы ар кандай болгондору да бар. Феромондордун таралуу жөндөмү абдан жогору жана 7-8 километр алыстан да таасир бере алышат. Аралык, температура, шамал жана нымдуулук сыяктуу факторлор да феромондордун таасирин азайтып көбөйтүшү мүмкүн.

Феромондор из калтыруу-белги коюу, коңгуроо кагуу, топтолуу, чогуу жашаган курт-кумурскаларда ханышаны (уюктун энесин) багып чоңойтуу же жыныстык жетилгендикти контрольдоо сыяктуу иштерде колдонулат. Мындан тышкары, жыт аркылуу таасир берүүчү жыныстык феромондор да бар.

Феромондор аркылуу байланыш түзгөн жандыктар тууралуу маалыматтарды окуп жатканда, абдан маанилүү бир жагдайды унутпаш керек. Ар бир түрдүн колдонгон формуласы өзүнө гана таандык. Курамындагы химиялык заттар бири-бирине окшобойт. Бул затты бөлүп чыгарган жандык да, чыгарылган зат аркылуу жиберилген билдирүүнү кабыл алган жандык да бул формуладан кабардар. Мындан тышкары, алдыда каралгандай, башка түргө таандык формулаларды чечмелеп, аларды туураган жандыктар да бар.




 

Феромондор аркылуу байланышуу

Феромондор аркылуу байланышуу ыкмасы көбүнчө аары, кумурска, термит сыяктуу чогуу жашаган курт-кумурскаларда кездешет. Жерге калтырылган химиялык издерди курт-кумурскалардын бардык баскан жерлеринен, дарактардан, бутактардан, жалбырактардан жана мөмө-жемиштерден көрүүгө болот. Абадагы издер болсо учуучу курт-кумурскалар тарабынан чыгарылат жана тынымсыз жаңыланып турушу шарт. Жыт аркылуу таасир берүүчү жыныстык феромондор ушул топко кирет.

Курт-кумурскалар көлөмүнүн кичинекейлиги жана учуу жана ылдам кыймылдоо сыяктуу өзгөчөлүктөрүнөн улам абдан кеңири аймактарга тарай алышат. Бул өзгөчөлүгү бир караганда көбөйүү үчүн маселе жаратчудай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул маселе феромондор аркылуу чечилген.




Жыт аркылуу таасир берүүчү жыныстык феромондор эркек менен ургаачы курт-кумурскаларды бири-бирине табыштырат. Мисалы, Лимантридалар тукумуна таандык көпөлөктөрдүн бир түрүндө ургаачынын денесинин арт жагынан абага чыгарылган жытты эркек күчтүү антенналары аркылуу сезет. Эркек 8 километр алыстан да сезе алган бул жытты эч бир жыт баса албайт. Бул түрдүн ургаачысы канатсыз болгону үчүн кыймылдабайт. Эркек ургаачынын жыты аркылуу аны табат жана ошентип жупталышат.5

Феромондор аркылуу байланышуунун дагы бир таң калаарлык мисалы алча чымындарында (Rhagoletis cerasi) кездешет. Алча чымыны жумурткаларын алчанын мөмөсүнө таштаган соң, денесинен бир феромон бөлүп чыгарып мөмөгө калтыруу аркылуу жумурткаларын коргойт. Ал мөмөгө келген башка чымын феромонду байкап, анын маанисин түшүнөт. Ошол замат жумурткаларын таштоо үчүн башка алча дарагын издеп жөнөйт.6




Капчы (Bagworm) көпөлөктөр болсо феромондорсуз тукумун уланта албайт. Көпөлөктөрдүн бул түрү душмандарынан коргонуу үчүн личинка убагында өзүнө камуфляж баштыгын жасайт. Личинка баштык жасоодо үстүндө жашап жаткан өсүмдүктүн жалбырактары жана бутактары сыяктуу материалдарды колдонот. Капчы көпөлөктөр баштыгынан эч чыкпай өмүр сүрүшөт. Ал тургай, азыктанган учурда да баштыгынан чыгышпайт. Өзгөчө ургаачылар жетилген учурда да канаттары менен буттары болбогону үчүн, баштыктан чыга алышпайт.

Жупталуу да ошол пилланын ичинде, ургаачылар бөлүп чыгарган бир феромон аркылуу ишке ашат. Ургаачы жупталуу үчүн даяр болгондо, баштыгын жумшарта турган бир химиялык зат бөлүп чыгарат. Ал зат эркек көпөлөктүн пилланын ичине киришин жеңилдетет. Ургаачы бөлүп чыгарган жыныстык феромонду байкаган эркек көпөлөк кыртышы жумшарып калган баштыктын ичинен кичинекей тешик жасайт жана ургаачыны эч көрбөстөн аны менен жупталат. Андан соң ургаачы баштыктын ичине жумурткаларын таштайт. Эркек жасаган тешикти жабуу үчүн ургаачы денесинен башка бир затты иштеп чыгат. Бул процесстерден көп өтпөй өлөт. Курттар жумурткалардан чыкканда баштыкты тешип сыртка чыгышат жана жаңы баштыктарды жасап, өрчүүнү улантышат.7

Бул жерге чейин берилген мисалдардан апачык бир чындыкты көрүүгө болот. Бул жандыктар абдан ийгиликтүү иштерди жасашат. Өзүнүн түрүнө таандык жытты ошол замат таанышат, ал тургай, канчалаган километр алыстан да ал жытты сезе алышат. Азыркы технология менен бир адам же бир машина бир канча километр алыстагы жытты сезе албайт. Ал эми көлөмү 1-2 сантиметр болгон курт-кумурскалар болсо денелериндеги атайын кабылдоочуларын колдонуп жыттарды сезе алышат. Аллах бул жандыктарды кемчиликсиз системалар менен жараткан. Теңдешсиз жаратуучу Аллах абдан улуу.

Кооздугу менен көңүл бурган «Barred Sulphur» түрү Флориданын эң кеңири тараган көпөлөктөрүнүн бири. Эркектин алдыңкы канаттарынын жогору жагынын бурчтарынан кара сызык өтөт. Ургаачыларда мындай кара сызык болбойт. Эркек көпөлөктөрдөгү бул кара сызыктын үстүндө жыт кабырчыктары жайгашат. Ал кабырчыктар ургаачыга таасир берип, аны эркектин турган жерин көздөй тарткан атайын атыр бөлүп чыгарышат.8

Ио көпөлөгүнүн эркегинин башында түккө окшогон антенналары бар. Ал антенналар көпөлөктүн кемчиликсиз жыт сезүү органынын булагы жана ал аркылуу 1,5 километрден алысыраак жерден түгөйүн байкап, анын ордун аныктай алат.9

 

Феромондордун жалпы өзгөчөлүктөрү

Кээ бир курт-кумурскалардын жыныстык гормондору күндүн белгилүү убактарында чыгарылат. Мисалы, «Sporganothis pilleriana» көпөлөктөрү жыныстык феромондорун ар дайым күндүз саат 11:00-16:00 арасында чыгарышат. «Apis mellifera» түрүнө таандык бал аарыларда болсо ургаачынын жыныстык феромон бөлүп чыгарышы өмүр бою уланат. Бул аарылардын жупталуудан кийин чыгарган феромону уюктун ичинде башаламандыкка алып келе турган жаңы эне аарынын жетилишине бөгөт койот.

Чогуу жашаган курт-кумурскаларда феромондор азык-түлүк алмашуусуна да шарт түзөт. Мындан тышкары, колонияны коргоого көмөкчү болгон феромондор да бар. Колониянын мүчөлөрү феромондор аркылуу бири-бирин таанышат жана андай жыты жок чоочундарды колонияга киргизишпейт.

Мисалы, «Holictidae» түрүнө таандык аарылар колониянын бүтүндүгүн өздөрүнө таандык бир феромон аркылуу сакташат. Бул аарылар уяларынын оозунун топурак тарабын жана негизги уянын жогору жактарын бир секреция менен капташат. Бул аарылардын секрециясы «макроциклдик лактон» деп аталган химиялык аралашмадан турат. Колониянын ар бир мүчөсүнүн лактон аралашмасы башкалардан айырмаланат жана ал аралашма ал мүчөнүн кандайдыр бир мааниде химиялык «манжа изи» болуп саналат.

Колониядагы жумушчу аарылар уянын оозуна жана жогору тараптагы туннель аймактарына өзүнүн секрецияларын чыгарышат. Ошентип колониянын бардык мүчөлөрүнүн лактон аралашмалары топтолот. Ошентип уянын босогосуна жана өзүнө таандык өзгөчө жыты пайда болот. Бул маанилүү, анткени бул аарылар жашаган аймактарда бир жерде жүздөгөн уя жайгашат. Босогодогу бул жыт жумушчулар кайтып келгенде жүздөгөн уянын арасынан өзүнүкүн таанышына шарт түзөт. Мындан тышкары, уюкту коргогон күзөтчү аарылар да уялаш жолдошторун кайтып келгенде ошол жыт аркылуу таанышат. Көрүнүп тургандай, бул кичинекей аарылардын жыттарды айырмалоо жөндөмү адамдын мурдунун химиялык сезүү жана айырмалоо жөндөмүнөн алда канча жогору.10

 

Туурамчы феромондор

Феромондорго байланыштуу эң кызыктуу жагдайлардын бири – бул кээ бир жандыктардын башкалардын колдонгон феромондорун туурай алышы. Мисалы, кээ бир гүлдөр курт-кумурскалардын феромондорго болгон сезгичтигинен пайдаланышат жана аларды окшош заттарды бөлүп чыгарып алдашат.



Ошондой эле, феромондор түрлөрдүн урпагын улантышына да көмөк көрсөтөт. Борбордук Америкада жашаган «Флорида ханышасы» аттуу көпөлөк түрүнүн канаттарынын түсү жана чиймеси башка көпөлөк түрүнүн канаттарынын түсүнө жана чиймесине абдан окшош. Бул эки түргө таандык көпөлөктөр түгөй табуу аракети учурунда бири-биринин түсүнө алданганы менен, эркек өзүнүн түрүнө тиешелүү ургаачыны жытынан тааныйт. Эркек өзүнүн феромонунун жытын оңой сезиши үчүн ургаачы канаттарын желпүүр катары колдонуп, жытты эркекти көздөй жөнөтөт. Ошентип түрдүн урпагынын уланышы кепилдикке алынат.11

 

Чогулуу убактысы келгенде…

Чогулуу феромондору курт-кумурскалардын эс алуу убакыттарында чыгарылат жана түрдүн башка мүчөлөрүн бир жерге чогултат. Аары, кумурска жана термит сыяктуу курт-кумурскалар феромондор аркылуу чогуу жашашат.

Кабыкчылдарда (Ipidae жана Scolytidae түрлөрүндө) азыктануу жана жумуртка таштоо үчүн ылайыктуу дарак коңулун тапкан мүчөлөр феромон бөлүп чыгаруу аркылуу колониянын башка мүчөлөрүн ал жерге чакырышат.12

Феромондордун курт-кумурскаларга канчалык таасир берээрин жакшыраак түшүнүү үчүн оттуу кумурскаларды мисал келтирели. Оттуу кумурскалар ийнелерин жерге тийгизип артындагы колониянын мүчөлөрүнө аларды ээрчиши үчүн жыттын изин калтырышат. Тема боюнча адистердин бири Гарвард университетинде эмгектенген Э. О. Уилсон бул жыттын таасири тууралуу мындай дейт:

«Кумурсканын калтырган 1 миллиграммдык из феромону бир колонияны жердин айланасын үч жолу айландыра алат.»13




Феромондордун бул кереметтүү таасирин эске алганда, чогуу жашаган курт-кумурскалар үчүн анын канчалык маанилүү экенин жакшыраак түшүнүүгө болот. Өзгөчө кандайдыр бир коркунуч учурунда байланыш системасындагы кемчиликтер маанилүү көйгөйлөрдү пайда кылат. Коркунуч учурунда чыгарылган феромондор бүтүндөй колонияга коңгуроо кага алат.

Учуучу касиетке ээ жана кыска убакыт таасир берүүчү коңгуроо феромондору көптөгөн түрлөрдө окшош. Кандайдыр бир коркунуч учурунда кумурскаларда дененин арт жагындагы бездерден, бал аарыларда ийне бездеринен, башка кээ бир курт-кумурска түрлөрүндө болсо ооз жагында жайгашкан бездерден феромон бөлүп чыгарылат. Кумурскалар чабуул жасоо максатында чогултуу үчүн да коңгуроо феромонун бөлүп чыгарышат. Феромон колонияны бир жерге топтоп, көп сандагы мүчөнү коргонууга катыштырат.

Мисалы, кээ бир өсүмдүк мителеринин курт-кумурскалардын чабуулуна туш болгондо бөлүп чыгарган коңгуроо феромону жакын жердеги башка өсүмдүк мителерин ал жерден качырат. Өсүмдүк мителери бул химиялык сигналдарды антенналарындагы атайын кабылдагычтар аркылуу сезишет.

Ошондой эле, термиттер дөбөлөрүнүн жарака кеткенин байкаганда, коңгуроо катары бир жыт чыгарып башка термиттерди тешикти оңдоого жана уяны чабуулдардан коргоого чакырышат.

Бул жерге чейинки мисалдардан байкалгандай, бардык жандыктар өзүнүн түрүнө таандык феромондун формуласын таанышат жана ал феромон аркылуу берилген буйрукту толук аткарышат. Бир курт-кумурсканын химиялык заттарды айырмалай алышы жана ал заттын кодун чечмелей алышы, албетте, ойлоно турган жагдайлардын бири. Курт-кумурскалар бул ишти кантип мыкты аткарышат?

Ал үчүн алгач секрециянын курамын билиши, башкача айтканда, аны анализдеши керек. Анализдөө үчүн техникалар менен жабдылган лаборатория талап кылынат жана, албетте, бул тууралуу билим да керек. Бирок курт-кумурскалардын денелеринде жогорку технологиялуу лабораториялар да, техникалык жабдыктар да жок... Ошого карабастан өтө ийгиликтүү анализ жасашат жана феромондор аркылуу жиберилген билдирүүлөрдү эң туура түшүнүп, керектүү иштерди аткарышат.

Бир адам буларды жасай алуу үчүн химия инженериндей билим алып, белгилүү бир тажрыйбага ээ болушу шарт. Курт-кумурскаларга болсо билим да, тажрыйба да керек эмес. Аларга секрециялардын эмне мааниге келээрин түшүнүү үчүн билим талап кылынбайт, анткени туулганда эле муну билишет. Өзүнүн түрү менен башка түрлөрдүн секрецияларын бири-бирине чаташтырбайт (тууроо аркылуу алдангандардан тышкары), себеби аларды тиешелүү феромондорду аныктоочу система менен бирге Улуу Аллах жараткан.

Аллах Йусуф Сүрөсүндөгү аяттарда асмандардагы жана жердеги жараткан нерселерине көңүл буруп, мындай деп билдирет:

Асмандарда жана жерде канчалаган аяттар бар; жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет. Алардын көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. (Йусуф Сүрөсү, 105-106)

 

МААНИЛҮҮ БИР БУЛАК: ДИАТОМДОР

Диатомдор – бул микроскопиялык өсүмдүк балырлар. Эң чоңунун диаметри 1 миллиметрге жеткен бул кичинекей жандыктардан 1 сантиметр куб деңиз суусунда болжол менен 10 миң даана жайгашат. Бирок диатомдордун баары сууда жашашпайт. Кээ бирлери жер бетинде, дарактардагы мохтордо жана нымдуулук жетиштүү болгондо дубалдарда да жашай алышат. Алтын сымал сары, күрөң түстөгү бул балырлар жарык, суу, көмүр кычкыл газы жана керектүү азыктар бар бардык жерде кездешет.

Кургактыкта жашаган жандыктар, адамдар да кошо, өмүрү үчүн кандайдыр бир мааниде диатомдорго карыздар. Биз дем алган кычкылтектин көпчүлүк бөлүгүн фотосинтез аркылуу диатомдор иштеп чыгышат. Диатомдордо көптөгөн тешикчелер бар. Ал тешикчелер аркылуу азыктар ич тарапка кирип, газ алмашуу ишке ашат. Диатомдорду кычкылтек иштеп чыгуучу микрозаводдорго салыштырууга болот. Триллиондогон диатомдор газ алмашуунун натыйжасында өздөрүнүн муктаждыгынан абдан көп кычкылтек иштеп чыгып, атмосферадагы кычкылтектин деңгээлине өтө чоң салым кошушат.

Мындан тышкары, океандардагы азык чынжырында да өтө маанилүү роль ойношот. Диатомдор жаныбар планктондорду түзгөн кичинекей жандыктардын негизги азык булагы. Жаныбар планктондорду болсо чоңураак түрлөрдүн азык булагы болгон сельдь сыяктуу балыктар жешет. Мисалы, абдан чоң көлөмдөгү бүкүр кит сыяктуу жандыктар да диатомдор менен азыктанышат. Бир кит бир канча саат ток болушу үчүн бир канча жүз миллиард диатом талап кылынат.

Диатомдордун эң таң калыштуу өзгөчөлүгү болсо – бул алардын жасаган кабыктары. Диатомдор кереметтүү архитекторлор. Өздөрүнө суунун ичинде опалдан үйлөр курушат. Ал үйлөр кээде жаркыраган тобурчакка, кээде спиральга, кээде болсо жаркыраган кристалл люстрага окшошот. Эң кызыгы, диатомдордун жыйырма беш миңден ашуун түрү болгону менен, эч биринин кабыгы экинчисине окшобойт. Кар бүртүкчөлөрүнүн бири-бирине окшобошу сыяктуу, диатомдордун көрүнүшү да ар түрдүү болот.

Диатомдор сууда ээриген кремнийди баалуу таш опалга окшогон кремний диоксидине айландырып, кабык жасашат. Мунун натыйжасында пайда болгон айнек сымал кабыктар абдан көп түрдүү болушат жана кемчиликсиз архитектурага ээ. Диатомдордогу азыктардын киришине жана газ алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн тешикчелер ошол эле учурда анын түзүлүшүн да ичкертишет. Эң мыкты долбоорлорду жасаган бир архитекторду элестетиңиз. Бирок ал архитектордун материалдар тууралуу билими жетишсиз же архитектуралык долбоорду жасоого керектүү материалды таба албады дейли. Анда анын долбоорлоо таланты эч нерсеге жарабайт. Ал эми диатомдор бир жагынан абдан таланттуу архитекторлорго окшосо, экинчи жагынан кичинекей денелеринде бир катар химиялык жөнгө салуулар аркылуу кемчиликсиз чыгармаларды пайда кылышат. Диатомдор төөнөгүчтүн башындай көлөмгө ээ болгон, нерв системасы жана мээ түзүлүшү жок микроскопиялык жандыктар. Бул жандыктардын химия же архитектура окугансып иштеп чыгарган абдан кооз кабыктарынын кокусунан пайда болбошу айдан ачык. Болгондо да бардык диатомдор бир эле материалды колдонуп, касиеттери окшош, бүт баары кемчиликсиз, бирок көрүнүшү бири-бирине такыр окшобогон кабыктарды жасашат. Диатомдордогу бул кемчиликсиз архитектура жана сансыз көп түрдүүлүк, албетте, Аллахтын теңдешсиз чеберчилигинин бир мисалы.




 

Чебер пландоо

Диатомдор тууралуу изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар эң кереметтүү көрүнүштөргө көбөйүү мезгилинде күбө болушат. Алгач диатомдордун дары капсуласына окшогон кабыктары экиге бөлүнөт. Андан соң диатомдун өзөгү экиге бөлүнүп, өз-өзүнчө жарым кабыктын ичине жайгашат. Жаңы диатомдор андан соң калган жарымын толуктай башташат. Кабыктын жарымынан турган диатомдор бир аз кичинекей болушат. Алар бөлүнгөн сайын андан да кичирейет.

Диатомдор өтө чоң ылдамдыкта, кээ бирлери сегиз, ал тургай, төрт саатта бир бөлүнүп көбөйүшөт. Ошондуктан 10 күндүн ичинде бир диатомдон 1 миллиарддай диатом пайда боло алат. Чындыгында бул абдан кылдат пландоо. Диатомдордун дүйнөнүн эң негизги кычкылтек булактарынын бири болуп туруп, ылдам көбөйүү касиетинин болбогонун элестетиңиз. Анда иштелип чыккан жалпы кычкылтектин көлөмү ар дайым чектелүү болгондуктан, диатомдордун бул касиетинин эч кандай мааниси болмок эмес.

Эң жөнөкөй бир заводдо да товарлардын өндүрүш көлөмүн жана ылдамдыгын пландоо керек болот. Антпесе завод базарга же кем, же ашыкча товар чыгарат. Ошондуктан белгилүү убакыттан кийин өндүрүшкө керектүү жаңы булактарды пайда кыла албайт. Ушул себептен университеттерде өндүрүштү уюштуруу жана пландоо сабактары окутулат.

Бул жерде диатомдор муну кантип пландашат деген суроо туулат. Диатомдор дүйнөдөгү кычкылтек муктаждыгын камсыздоо үчүн сандарын канчага жана кандай ылдамдыкта көбөйтүүлөрү керек экенин өз алдынча биле алышабы? Андан соң ишкана инженерине окшоп өндүрүштүн ылдамдыгын жана өнөр жай инженерине окшоп өндүрүш ыкмасын иштеп чыга алышабы? Албетте, жок! Адамдар дагы канча жылдык адистик билим алган соң гана түшүнө алган маалыматтарды диатомдор өз алдынча эч качан биле алышпайт.

Диатомдорго башка жандыктардын кычкылтек муктаждыгын камсыздай ала турган көбөйүү ылдамдыгын жана ыкмасын илхам кылган бир «эрк» бар. Ал эрк бүт нерсенин кожоюну, бүт нерсеге кудуреттүү, бардык жандыктарды башкарып, жасай турган иштерин аларга илхам кылган Улуу Раббибизге таандык.

 

Адамдар колдонушу үчүн жаратылган идеалдуу чийки зат

Диатомдордун өзүнүн азыктары да адамзат үчүн маанилүү. Бул организмдер фотосинтез аркылуу өндүргөн кичинекей май бөлүкчөлөрү формасындагы азыктарын клеткаларынын ичинде сакташат. Ал май бөлүкчөлөрү акырындап чогулуп, геологиялык жана биологиялык күчтөрдүн да таасири менен мунайзат кендеринин пайда болушуна себеп болушат. Биз азыр колдонуп жаткан мунайзаттын көпчүлүгү тарыхка чейинки мезгилдерде деңиздерде өлгөн диатомдор тарабынан пайда болгон.14

Тынч океандын түндүк тарабынын жана Түндүк Муз океанынын 30 миллион километр квадраттык аянтынын түбү өлүк диатом катмарлары менен капталган. Ал катмарлар акырындап фоссилге айланып, диатомиттерди пайда кылат. Диатомиттер өнөр жайда колдонулат. Диатомит жеңил салмагы жана тешикчелери менен идеалдуу чыпка (фильтр) түзүлүшүнө ээ. Бул касиетинен улам космос өнөр жайында, ошондой эле, зыянкечтерге каршы каражаттарды жана бойокторду өндүрүүдө колдонулат.

Адамдардын көпчүлүгүнүн диатомдордон жана алардын пайдаларынан кабары да жок, бирок бул диатомдордун жашоо үчүн маанисин өзгөртпөйт. Диатомдор атайын жаратылган организмдер жана дүйнөдө көптөгөн тең салмактуулуктардын камсыз кылынышында маанилүү роль ойношот.

Бул организмдердин белгилүү химиялык процесстер аркылуу абдан кооз жана архитектуралык жактан чебер кабыктарды жасашы Аллахтын адамдар үчүн жараткан кооздуктарынын бири. Биз билген жана билбеген жандыктардын ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрү Аллахтын чексиз кудуретин жакшыраак түшүнүү үчүн бир себепчи болуп саналат. Аллах бир аятта мындай деп билдирет:

Силер үчүн жердегилердин баарын Ал жаратты... (Бакара Сүрөсү, 29)

 

КӨП ТАРАПТУУ АДИСТЕР: КОАЛАЛАР

Коала Австралияда жашаган капчыктуу жаныбарлардын эң белгилүүлөрүнүн бири. Бул жаныбарлар жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн эвкалипт дарактарынын үстүндө өткөрүшөт.

Коалалардын дене түзүлүшү ошол дарактардын үстүндө ыңгайлуу жашоо өткөрө турган өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, колдору менен тырмактары жоон эвкалипт дарактарына оңой чыгууга ыңгайлуу, алдыңкы буттарындагы биринчи эки манжасы калган үчөөнөн өзүнчө жайгашкан. Өзүбүздүн колубузга салыштырсак, экиден баш бармагы бар деп айтууга болот. Арткы буттарындагы баш бармактар да калган манжаларынан өзүнчө жайгашкан жана калган төрт манжа сыяктуу тырмактары курч эмес. Башка манжалардан айырмаланган бул баш бармактар кичирээк бутактарды кармоого ыңгайлуу.

Коаланын тырмактары дарактардын жумшак жана жылма сөңгөгүнө илмек сыяктуу илинет. Ошентип жаныбар бутактарга жабыша алат. Төрт буту тең биздин бир таякты кармашыбыз сыяктуу дарактын бутактарын кармаганга ыңгайлуу жана коала бутактарды кармап дарактын үстүндө жүрө алат.15

Коаланын эвкалипттерде жашашына мүмкүнчүлүк берген дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын ашказанынын өзгөчө түзүлүшү. Эвкалипттин жалбырактары уулуу жана коала ашказанынын өзгөчө түзүлүшүнөн улам ал жалбырактарды жей алат. Суу муктаждыгын да ошол дарактардан камсыз кылат. Коала мында бир жагынан медицинадан пайдаланса, экинчи жагынан денесиндеги биохимиялык заводду колдонот.




Коалалардын бул өзгөчөлүктөрүн бир-бирден карайлы:

 

Коаланын медицина билими

Австралияда эвкалипт дарагынын 600дөн ашуун түрү өсөт. Бирок коалалар алардын 35тейин гана колдонушат. Эвкалипт дарагы коала үчүн бир гана башпаанек эмес, ошол эле учурда негизги азык булагы. Ал тургай, эвкалипттин жалбырактарын коаланын бирден бир азыгы десек жаңылбайбыз. Мындан тышкары, эвкалипттин жалбырактары коалалар үчүн дарынын кызматын да аткарат.

Эвкалипттин жалбырактарынын бир катар медициналык пайдалары бар. Анын жалбырактарында эфир майы бар. Бул май көптөгөн жаныбарларды өлтүрө ала турган химикаттардан турат. Ал эми коаланын боорунда бул заттын уусун зыянсыздандыруучу система бар. Бул май коалалардын өздөрүнө мүнөздүү жытынын да булагы.

Бүт денеге шыбалган майдын бир бөлүгү абага учуп, бир бөлүгү дененин ичине кирет. Май жаныбардын денесине жайгашкан мите курт-кумурскалардын жүнүнөн жерге төгүлүшүн камсыздайт.

Коала менен эвкалипт дарактарынын биримдиги муну менен эле чектелбейт. Коала денесинин жылуулугун да эвкалипт жалбырактары аркылуу жөнгө салат.

Эвкалипттин жалбырактарындагы химиялык заттар даракка жараша өзгөрөт. Ал тургай, бир эвкалипт дарагында эки түрдүү жалбырак болушу мүмкүн. Коала медицина билимин алгансып, дарактагы жүздөгөн жалбырактын арасынан өзүнө эң керектүүлөрүн тандайт. Мисалы, денесинин жылуулугу төмөн болсо, башкача айтканда, үшүп жатса, анда «фелландрен» майы бар жалбырактарды, тескерисинче температурасы жогору болсо, анда курамында «цинеол» көп болгон жалбырактарды чайнап денесин салкындатат. Мындан тышкары, эвкалипт жалбырактарындагы башка майлар кан басымын төмөндөтөт жана коаланын булчуңдарын эс алдырат.16

Бул кыймыл-аракеттердин баары адистикти талап кылат. Коала өзүнө керектүү заттын эвкалипт дарагынын кайсы түрүндө бар экенин кайдан билет?

Бир жалбырактын ичинде кандай заттар бар экенин бир адам сыртынан гана карап эч качан биле албайт. Болгондо да, коала жалбырактарды айырмалагандан тышкары, эмнени каерде колдоноорун да эң жакшы билет.

Биз жалбырактардагы заттарды кандайдыр бир жол менен аныктай алдык деп кабыл алганыбызда да, билимибиз же колубузда ал тууралуу бир китеп болбосо, ал заттардын кандай ишке жараарын биле албайбыз. Жасап көрүү-жаңылуу ыкмасы да абдан кооптуу болот. Анткени жалбыктардын курамында уулуу заттар да болушу ыктымал.

Эвкалипттин жалбырактары чынында эле уулуу. Демек коала эвкалипттин жалбырактарынын курамын эле аныктабастан, денесинде жалбырактардын уусун зыянсыздандыруучу механизмди да долбоорлоого мажбур. Анан ал механизмдин денесинде кандайдыр бир жол менен пайда болушун камсыз кылышы керек. Антпесе өлөт. Бул коала жасап көрүү-жаңылуу ыкмасы менен буга жеткен деген акылга сыйбаган көз-карашты толугу менен четке кагат.

Коала жашай алышы үчүн азыркыдай дене түзүлүшү менен бир заматта пайда болушу шарт. Антпесе коала өлөт. Булардын баары коалалардын бул өзгөчөлүктөрү менен бирге пайда болгонун апачык далилдейт. Илимий чындыктарга да, акыл менен логикага да туура келбеген, ойдон чыгарылган сценарийлерден эч кандай майнап чыкпайт. Бул жандыктардын дене түзүлүшү, төмөндө терең каралгандай, өтө кылдат долбоорлонгон.

Коаланы эвкалипт дарактарын байырлап, анын жалбырактарын көп максаттуу колдоно ала турган өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах жараткан. Аллах бардык илимдердин ээси. Бул жандыктын каерде, кандай өзгөчөлүктөр менен жаратылаарын, көрүнүшүнүн кандай болоорун жана дагы көптөгөн мүнөздөмөлөрүн Раббибиз аныктаган.

Аллахтын жаратуу чеберчилиги кемчиликсиз жана теңдешсиз. Куранда мындай деп айтылат:

Кайыпты да, күбө болунганды да билүүчү, улуу жана күчтүү, боорукер – Ал. Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. (Сажда Сүрөсү, 6-7)




 

Миниатюралык биохимиялык завод

Эвкалипттин жалбырактарында клетчатка көп, белок болсо абдан аз. Бул жалбырактардын курамында күчтүү жыттуу майлар, фенолдук бирикмелер жана көптөгөн сүт эмүүчүлөр үчүн желбес, ал тургай, уулуу болгон цианид сыпатындагы заттар бар. Башка жаныбарларга уулуу болуп эсептелген бул заттар коаланын денесинде уу таасирин жоготот. Анткени коаланын тамак сиңирүү системасынын анатомиясы жана физиологиясы абдан өзгөчө.

Башка чөп жеген сүт эмүүчүлөр сыяктуу коала да эвкалипттердин негизги курамын түзгөн целлюлозаны сиңире албайт. Бирок ал үчүн муну целлюлозаны сиңире алган жана коаланын сокур ичегисинде жашаган микроорганизмдер жасашат.

Коаланын сокур ичегиси жоон ичегисине туташат жана өтө чоң. Сокур ичеги болжол менен ичегинин жалпы узундугунун 20%ын түзөт. Узундугу 1,8-2,5 метр болот.

Сокур ичеги коаланын тамак сиңирүү системасынын эң кызыктуу бөлүгү. Жалбырактардын тамак сиңирүү системасынан өтүшү ал жерде кечеңдейт. Бул кечигүүнүн натыйжасында сокур ичегилердеги микроорганизмдер ишке киришип, целлюлозаны коалага пайдалуу абалга алып келишет. Бул жагынан коаланын сокур ичегисин биохимиялык заводго салыштырууга болот. Целлюлоза ал заводдо иштетилсе, майлар менен уулуу химикаттар (фенолдук бирикмелер) башка заводдо, башкача айтканда, боордо чыпкадан өткөрүлүп, зыянсыздандырылат.

Белгилүү болгондой, коаланын бирден бир азык булагы – бул, эвкалипт жалбырактары. Бул коала углевод муктаждыгын толугу менен микроорганизмдердин целлюлозаны сиңириши аркылуу камсыз кылат дегенди билдирет. Ошондуктан микроорганизмдер болбосо, коалалар жашай албайт деп айтууга болот. Демек бул эки жандык бир учурда, чогуу пайда болушу керек. Бул коалаларды жана микроорганизмдерди жалгыз Жаратуучунун жараткандыгынын бир далили. Бул эки жандыкты бири-бирине шайкеш кылып Аллах жараткан.

Аллах жараткан бардык жандыктарынын бүт муктаждыктарынан кабардар жана кемчиликсиз жаратуучу. Бул сыяктуу мисалдар бизге Аллахтын чексиз кудуретин далилдейт. Акылын колдонгон адамдардын бул акыйкатты түшүнө алаары бир аятта төмөнкүчө кабар берилет:

«Эгер акылыңарды колдоно алсаңар, Ал чыгыштын да, батыштын да жана алардын ортосундагы бардык нерселердин да Рабби...» (Шуара Сүрөсү, 28)




 

Коала жана суу тең салмактуулугу

Австралиянын жергиликтүү тургундары аборигендердин тилинде «коала» суу ичпес деген мааниге келет, анткени коалалар эч суу ичишпейт. Коаланын бул өзгөчөлүгүнүн себеби – эвкалипттин жалбырактарын жеши.

Эвкалипттин жалбырактарындагы эркин суунун көлөмү 40%дан 65%га чейин өзгөрөт. Бул көрсөткүч 40%дан төмөн болбойт. Анткени курамындагы суунун көлөмү 40%дан төмөндөп кеткен жалбырактар куурап калат. Бул өзгөчөлүгүнөн улам эвкалипт жалбырактары коаланы табигый түрдө жетиштүү суу менен камсыз кылат.

Албетте, жалбырактарда суунун көлөмүнүн көп болушу эле жетиштүү болбойт. Коаланын дене түзүлүшүнүн эвкалипттердеги сууну колдоно ала турган өзгөчөлүктө болушу да абдан маанилүү. Коалада абдан мыкты долбоорлонгон «суу жоготуусун көзөмөлдөө системасы» бар.

Коалаларда суу жоготуусу бөйрөктөр тарабынан көзөмөлдөнөт. Бирок андан да маанилүүсү коаланын тамак сиңирүү системасынын сууну кармап туруу жөндөмүнө ээ болушу. Мындан улам коаланын денесине кирген суунун абдан аз бөлүгү гана сыртка чыгарылат.17

Коала тамак сиңирүү системасындагы сууну кармап туруу жөндөмү себептүү суусу көп эмес, бирок саны көп болгон эвкалипт жалбырактары менен жашоосун уланта алат. Эгер коаланын тамак сиңирүү системасында мындай өзгөчөлүк болбогондо, жаныбар ар дайым жерге түшүп, суу издөөгө мажбур болмок. Бул өзгөчөлүктөрү жерде жашоого ыңгайлуу болбогон бул жандык үчүн көптөгөн коркунучтарга туш болуу дегенди билдирет. Бирок коала өзгөчө дене түзүлүшүнөн улам эч качан мындай кыйынчылыкка кабылбайт.

 

Коаланын коргоочу жүнү

Коаланын дене температурасын аныктоочу негизги нерсе – бул анын жүнү. Бул жаныбардын жүнү жылуулукту мыкты сактай турган касиеттери менен жаратылган:

Жүндөгү талдардын тыгыздыгы бир миллиметр квадратта болжол менен 55 түккө чейин жетет. Жаныбардын жонундагы жүндөрү денесинин сырткы бөлүгүнүн 77%ын жабат. Курсак жүндөрүнүн тыгыздыгы болсо жонундагы жүндөрүнүн жарымындай эле болот жана денесинин сырткы бөлүгүнүн 13%ын жабат.

Коаланын жүндөрүнүн узундугунда да мезгилге жараша кээ бир айырмачылыктар орун алат. Жай айларында узун жүндөр менен кыска жүндөрдүн айырмасы көбүрөөк болот.

Жондогу калың жүндөр курсак тараптагы жүндөрдөн карараак болот жана коала мындан улам күндүн жылуулугун топтоп, жылуулукту изоляциялай алат. Курсак жүндөрү жыш болбогону менен, аларды түздөө аркылуу жылуулоо деңгээлин жөнгө сала алат.

Шамалдуу күндөрү дарактын үстүндөгү коалалар шамалдын ылдамдыгы жогорулаган сайын бир гана орто-жон тарабын шамалга тосушат. Бара бара ийилип топтоголок топко окшоп калышат. Шамалдын ылдамдыгы андан да күчөгөндө, кулактарын да алдын көздөй жапырышат. Ошентип абанын агымына ачык эч бир жери калбайт. Коаланын жонундагы жүндөрүнүн жылуулукту сактоо өзгөчөлүгү эң жогору. Бул көрсөткүч түндүк уюлда жашаган жаныбарлардын көрсөткүчтөрүнө абдан жакын.

Жыш жана олпокко окшогон жондогу жүндөргө шамалдын таасири аз болот. Шамал жогору ылдамдыкта соккондо, жүн дененин жылуулугун өзгөртпөй сактай алат. Суук күндөрү жана күчтүү шамалдарда да жүндүн жылуулукту сактоо кубаттуулугу 14%дай аз өлчөмгө гана төмөндөйт. Бул маалыматтар жүндүн абдан күчтүү шамалдарда да токойдо дарактардын үстүндө жашаган бул жаныбардын жылуулугун эң мыкты сактай алаарын көрсөтөт.

Коаланын зат алмашуу ылдамдыгы да анын жүнүнүн жылуулукту жөнгө салуу жөндөмүн толуктай тургандай пландалган. Коаланын зат алмашуусу абдан жай жүрөт. Башка баштыкчан жаныбарлардын зат алмашуу ылдамдыгынын 74%ына барабар. Зат алмашуунун мындай жай жүрүшү да коаланын суу жоготуусунун төмөндүгүн аныктаган көрсөткүчтөрдүн бири.18

Эми коаланын өзгөчөлүктөрүн эстейли:

Коалалардын дене түзүлүшү дарактарга чыгып, ал жерде кыйналбай жашаганга ыңгайлуу.

Тамак сиңирүү системаларынын өзгөчө түзүлүшүнөн улам ал дарактарда мол болгон эвкалипт жалбырактарынан өзүнө жетиштүү азык жана сууну ала алышат.

Эвкалипт майларынын уулуу таасирин жок кылуучу атайын физиологиялык системалары да бар.

Кээ бир эвкалипт жалбырактарын денелериндеги ар түрдүү тең салмаксыздыктарды жоюу максатында дары катары пайдалана алышат.

Ошондой эле жалбырактардан алган сууну максималдуу пайдалана ала турган физиологияга ээ.

Булардын баары коаланын дарактардын үстүндө жашашы үчүн керектүү шарттар. Коала үчүн ушунчалык маанилүү болгон бул өзгөчөлүктөр кокусунан келип чыккан болушу мүмкүнбү? Бул суроого калыстык менен, объективдүү ойлонгон ар бир акылман адамдын бере турган жообу бирөө гана. Албетте, жок. Коаланы кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан, улуу кудуреттүү Аллах. Аллах жараткан бардык жандыктарына ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү тартуулоо аркылуу чексиз боорукердигин жана мээримин көрсөтүүдө.


Булактар:

3. Bilim ve Teknik Dergisi, TÜBİTAK, Ocak 1992, cilt 25, sayı 290, s. 49 ve Bilim ve Teknik, Nisan 1993, cilt 26, sayı 305, s.283

4. http://ant.edb.miyakyo-u.ac.jp/INTRODUCTION/Gakken79E/Page_10.html

5. Bilim ve Teknik Dergisi, Zuhal Özer, "Feromonlar", TÜBİTAK, Ağustos 1996, s.45

6. Bilim ve Teknik Dergisi, Zuhal Özer, "Feromonlar", TÜBİTAK, Ağustos 1996, s.45

7. Florida's Fabulous Butterflies & Moths (Florida's Fabulous Series Vol 2), by Thomas C. Emmel, Brian Ph. Kenney (Editor), ISBN: 0911977155, s.76

8. Florida's Fabulous Butterflies & Moths (Florida's Fabulous Series Vol 2), by Thomas C. Emmel, Brian Ph. Kenney (Editor), ISBN: 0911977155, s.76

9. Christopher O'Toole, Anthony Raw, Bees of The World, ISBN 0-8160-1992-4, 1992, s.101

10. Bilim ve Teknik Dergisi, Zuhal Özer, "Feromonlar", TÜBİTAK, Ağustos 1996, s.46

11. Bilim ve Teknik Dergisi, Zuhal Özer, "Feromonlar", TÜBİTAK, Ağustos 1996, s.47

12. National Geographic, Eylül 1986

13. James L. Gould & Carol Grant Gould, Olağan Dışı Yaşamlar, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, 5. Basım, s.170

14. National Geographic, Haziran 1979, s.871-878.

15. Bilim ve Teknik Dergisi, "Hasta hayvanlar nasıl şifa bulur?", TÜBİTAK, , Sinan Erten, Ocak 1996, s.99.

16. James L. Gould & Carol Grant Gould, Olağan Dışı Yaşamlar, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, 5. Basım, s.137

17. Robert Degabriale ve T. J. Davson, "Metabolism and heat balance in arboreal marsupial, The Koala (Phascolarctos cinerus)", Journal of Comparative Physiology, 1979, sayı: 134, ss.293-301

18. Denis Dreves, Creation, Haziran-Ağustos 1996, 18:3, ss.26-28

Жаныбарлардагы аныктоо системалары

Бардык жандыктар айланасындагы окуялардан кабардар болушу шарт. Антпесе азык таба албайт, коркунучтардан коргоно албайт жана түгөй тандай албайт. Ошондуктан ар бир жандык жашай алышы үчүн заттарды айырмалап, ошого жараша жооп бере ала турган системаларга муктаж.

Сырттагы нерсенин эмнелигин кабар берген жана жандыктын кыймыл-аракеттерине багыт көрсөткөн мындай системалар ар бир түрдө уникалдуу. Жарганаттардан коргонушу керек болгон көпөлөк түрүнүн сенсорлору жарганаттарга карата сезгич болот, ошол сыяктуу лосось балыктарынын миңдеген километр сүзүүсүнө мүмкүндүк берген аныктоо системалары да бул ишке эң ылайыктуу. Киттер бири-биринин чыгарган үндөрүн кабылдоо аркылуу түшүнүшөт. Жарганаттар да ар кандай жыштыктарда үндөрдү жиберип, алардан кайтып келген маалыматтарды кабылдашат жана аларды талдап караңгыда эч нерсени сүзбөй уча алышат жана аңчылык кыла алышат.

Багытты аныктоо системалары, инфракызыл көздөр жана атайын сезүү системалары жандыктардагы аныктоо системаларынын бир канчасы гана. Бул бөлүмдө келтирилген мисалдардан да көрүнүп тургандай, бул системалардын жалпы өзгөчөлүгү – аныктоону камсыз кылган бардык бөлүктөрдүн жандыктын жашоосуна керектүү башка органдар менен бир бүтүндөй иштеши. Мисалы, мурундагы жыт рецепторлору мээдеги жыт сезүү борборуна шайкеш келет. Бул шайкештиктен келип чыккан кабылдоо ар бир организм үчүн ар кандай мааниге ээ болушу мүмкүн, мисалы бир жандык өзүнүн түрүнүн карама-каршы жынысын ушул жыт менен гана айырмалай алат. Ошол сыяктуу бир жандыктын көзүндөгү рецепторлору, башкача айтканда, жарыкты сезүүчү аймактары мээдеги көрүү борборуна шайкеш келет. Мисалы, жыландардын көзүндө жылуулук толкундары тийгенде активдешүүчү сезгич аймактар бар. Нерв клеткалары болсо сүрөттөлүштү мээге ошол бойдон жеткирет. Жыландын мээси болсо ал сигналдардын жылуулук толкундары экенин түшүнөт.

Кокусунан эч качан пайда болбой турган мындай долбоорлор жандыктарды Аллахтын жаратканын тастыктаган далилдерден. Аллахтын улуулугун жана илиминин чексиздигин түшүнүүдө ушул сыяктуу мисалдар тууралуу ойлонуу маанилүү себепчи болот. Лосось балыгы ушундай жаратылуу далилдеринин бири.

 

ЛОСОСЬ БАЛЫГЫНЫН ТАҢ КАЛЫШТУУ БАГЫТ АНЫКТОО СИСТЕМАЛАРЫ

Түндүк Американын батыш жээктериндеги дарыяларда дүйнөнүн эң кызыктуу көчмөндөрүнүн бири жашайт. Алар көптөгөн кыйынчылыктарга көкүрөк тосуп дарыяларды жана өрөөндөрдү басып өткөн лосось балыктары.

Лосось балыктарынын жашоосу бир дарыянын же суунун жогору тараптарына калтырылган, уруктанган жана үстү шагыл таштар (кээде кум) менен жабылган жумурткалардан башталат.

Лососьтор жумурткаларын көбүнчө жайдын аягында же күзүндө агын сууларга салышат. Инкубация мезгили бүткөн соң көбүнчө кыштын аягында жумурткалардан кичинекей балыктар (чабактар) чыгат. Алардын курсактарынын астында өрчүү үчүн башында керектүү болгон азыктарды камтыган жумуртканын сарысындай бир баштыкча болот. Чабактар башында шагыл таштардын астында жашынышат жана жумуртка сарысындай баштыкчаларын толук түгөткөнгө чейин жырткыч жаныбарлардан сактанышат.

Бир канча жумадан соң лососьтор чоңоюп, агын суунун ичинде өздөрүнө азык издеп башташат. Болжол менен 1 жыл бою агын сууда жашашат жана акырындап чоңойо беришет.

Лососьтор тузсуз сууда да, туздуу сууда да жашай ала тургандай кылып жаратылган. Мындай жаратуунун максаты балыктын кереметтүү саякатында жашырылган.

Жаз келгенде миңдеген лосось дарыянын нугун бойлой көчүп жөнөйт.

Чабактардын көчүнүн башталышы түргө жараша өзгөрөт. Мисалы, кызгылт лосось чабактары жумурткадан чыгары менен океанды көздөй жыла баштайт. Кээ бир түрлөр бир нече жума азыктанган соң, Падыша жана Атлантика лососьтору болсо агын сууларда 1 жылдан 3 жылга чейинки өрчүү мезгили аяктагандан кийин океанга чыгышат.

Жаш лососьтор өмүрлөрүнүн алгачкы көчүндө дарыянын агымын бойлой саякатка чыгышат. Деңизге болгон сапарында шаркыратмалар, булганган суулар жана аларга аңчылык кылууну каалаган чоң балыктар сыяктуу ар кандай коркунучтарга туш болушат. Булардан аман-эсен өтүп, деңизге жеткендер биринчи көчүн аякташат. Бир канча жумага созулган сапарынын аягында лососьтор көздөгөн жерине, Тынч океанга жетишет. Океанда бир нече жыл жашагандан кийин жакшылап чоңоюп, жетилгендер таң калыштуу жаңы көчтү башташат.

Дарыядан океанга сүзүп баратканда лосось балыктарында кээ бир физиологиялык өзгөрүүлөр болот. Мында балыктар тузсуз сууда жашап келип, океандын туздуу сууларына ыңгайлашат. Бул процесс балыктар урук чачуу үчүн дарыяга кайтып келгенде кайрадан өзгөрөт. Дарыянын кошулган жеринде туздуу сууга көнүү үчүн бир аз убакыт өткөргөн соң, жетилген курактагы өмүрүнүн көпчүлүгүн өткөрө турган океанды көздөй жол тартышат.19




 

Лосось балыктарынын татаал сапары башталат

Көп жыл мурун океанды көздөй суунун нугу менен сүзгөн лосось балыктары эми тескери багытта, агымга каршы сүзө баштайт. Алдындагы эч кандай тоскоолдук аларды коркута албайт. Шаркыратмаларга келгенде суунун ичинен жогору секирип жолун улантышат. Алар секирүү менен 3 метрлик тоскоолдуктардан да өтө алышат.

Лосось артты карай сүзгөн сапарынын аягында жумурткадан чыккан жерине жетүүнү көздөйт. Анткени лососьтор жумуртка таштоо үчүн өздөрү төрөлгөн дарыянын нугуна барышат. Атлантика лососьтору бул көчтү жыл сайын кайталаса, башка түрлөр өмүрүндө бир жолу гана көчүшөт. Биз бул жерде үстүртөн гана баяндаган бул татаал сапарда дагы көптөгөн оор жагдайлар бар.

Алардын биринчиси, балык басып өтө турган жолдун узундугу. Ачык деңиздерде жашаган лососько көздөгөн жерине жетүү үчүн миңдеген километр сүзүүгө туура келет. Мисалы, Атлантика лосось балыктарынын көбү болжол менен 4000 километр аралыкты басып өтүшөт.20 Семга күзүндө урук таштоо мезгилинде 3200 километрден ашык сүзөт. Кызыл лосось да 1600 километрден ашык жолду басып өтөт.

Океанга жетээр замат лосось балыктарынын денеси структуралык өзгөрүүгө дуушар болуп, туздуу сууга ыңгайлашат. Андан соң 1 же 4 жылдын ичинде алар океанда эбегейсиз чоң аралыктарды басып өтүшөт. Американын жээгинен чыгып, Алясканы басып өтүп, Япония тарапка чейин жетип, артка кайтып келишет. Саякаттын натыйжасында лосось бышып жетилип, жашоосунун акыркы жана оор сапарына даяр болот. Анан өз мекенине, башкача айтканда, туулуп-өскөн суунун жээгине кайтышат.

Дагы бир көңүл бурчу жагдай, лосось балыктары убакытты идеалдуу эсептешет. Алар узун саякаттарын толугу менен урук чачуу мезгилине тууралап пландашат. Мисал катары Атлантика лосось балыгын алалы. Бул түр күнүнө орточо 6-7 километр сүзүү менен көздөгөн жерине жетет, жаздын аягында башталган сапары күздүн аягында бүтөт.



 

Лосось балыктарынын алдындагы кыйынчылыктар

Лосось балыгынын алдындагы эң биринчи маанилүү маселе – бул жаш кезинде сапар тарткан агын суунун океанга куйган жерин табуу. Анткени ал кайтып бара турган жолун ошого жараша аныктайт. Лососьтор бул жагынан эч качан жаңылбайт. Бир кезде аларды океанга алып келген дарыянын кошулган жерин алгачкы аракетте эле эч кыйналбай табышат.

Дарыяга кирген лосось чоң чечкиндүүлүк менен агымга каршы сүзө баштайт. Анын бул жумушу биринчи сапарына караганда алда канча татаал болот.

Максатына жетүү үчүн лосось алгач дарыянын күчтүү агымы менен күрөшөт. Кээде суунун бетинен 3 метрге чейин секирип, шаркыратмалардан ашып өтөт. Кээде тайыз суулардан өтүп, үстүңкү сүзгүчү суунун бетине чыгып калат. Болгондо да, ал тайыз сууларда аңчылык кылып күтүп турган канаттуулар, аюулар сыяктуу жапайы жаныбарлардын коркунучтарына туш болот.

Лососьтордун сапарынын кемчиликсиздигин толук түшүнүү үчүн дарыя менен бараткан лососьтун көздөгөн жерине жеткенге чейин эмнелерге көңүл бурушу керектигин карап көрөлү:

Биринчиден, лосось маршрутун аныктоодо кээ бир маанилүү чечимдерди алышы керек. Балык океандан алыс жерде, дарыянын кайсы бир куймасында туулган. Дарыялар кээде көптөгөн куймалардан турат. Ошондуктан лосось келген жерине кайра жетүү үчүн дарыя эки куймага бөлүнгөн сайын туура тарапка бурулушу керек. Чындыгында лососьтор өмүрүндө бир жолу басып өткөн жолун адашпай табышат; дарыянын куймалары кошулган жерлердин баарында туулуп-өскөн жерине алып бара турган куймага бурулушат.

Лососьтордун сапарын андан да таң калыштуу кылган бир жагдай бар. Балык сапарынын аягына чейин өтө көп аракет кылып, көп күч жумшайт, бирок ошого карабастан эч нерсе жебейт. Анткени татаал сапарында керектүү болгон энергияны алдын ала топтоп алат. Болгондо да анык так эсептеп, керектүү «күйүүчү майын» так жөнгө салат.

Лосось балыктарынын миграциясын караганда, мындан тышкары, океан менен дарыялардын туздуулугу, суунун температурасы сыяктуу жагдайларды да эске алуу керек. Бул жерде төмөнкүдөй чындыкты көрөбүз: лосось балыгы океанга да, агын сууга да толук шайкеш кылып жаратылган.

Ошончо кыйынчылыкка карабастан, лососьтор оор сапарын ийгиликтүү аяктап, туулган жерине кайтып барып жумурткаларын ташташат. Лососьтордун тукуму миллиондогон жылдан бери келе жаткан бул кереметтүү сапарды улантышат.

Лосось балыктарынын эбегейсиз ийгилигин салыштыруу аркылуу жакшыраак түшүнүүгө болот. Мисалы, бир адам эч кимден жардам албастан жана багыт көрсөтүүчү шайман колдонбостон, миңдеген километр алыстан төрөлгөн үйүнө барышы керек дейли. Бул сапарды белгилүү убакыт аралыгында болгону бир жолу басып өткөн татаал жолдордон адашпай өтүп ийгиликтүү аякташы абдан күмөн. Ал эми лосось балыктары болсо адамдар кыла албаган нерсени туулганда эле кылганга жөндөмдүү. Бирок бул жөндөмдүн лосось балыктарынын жеке аракеттеринен келип чыкпастыгы же кокустуктардын бул балык түрүнө адамдан да жогору жөндөмдөрдү бере албастыгы анык.

Бул жандыктар Аллахтын алардын денесинде жараткан өзгөчө долбоорлорунан улам миңдеген километр жолду кыйналбай басып өтө алышат. Ой жүгүрткөн ар бир адам лососьтордун бул ийгилигиндеги кереметти ошол замат байкап, муну бир улуу кудуреттин жол көрсөтүшү, б.а. илхамы менен жасаарын ошол замат түшүнөт.

Аллах жараткан жандыктарында адамдар үчүн белгилер бар экенин бир аятта төмөнкүчө кабар берет:

Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар... (Нахл сүрөсү, 66)




 

Жыт сезүү механизми

Лососьтордун саякаты табияттагы эң таң калыштуу окуялардын бири. Миңдеген лосось балыгы көп жылдар бою океанда жашаган соң туулуп өскөн дарыясын кантип табышат? Ал үчүн алгач эбегейсиз Тынч океанга куйган миңдеген дарыянын арасынан өзүнүкүн таап, андан соң ал дарыяда эч адашпай сүзүп, дарыя канчалаган куймаларга бөлүнгөнүнө карабастан, суулар кошулган жерлердин баарында туура чечим чыгарып, туура багытты тандашы шарт.

Миллиондогон жылдан бери жашаган лосось балыктарынын баары бул өтө татаал ишти бирдей чеберчилик менен аткарышат. Анда кантип жана эмне үчүн?

Алгач «кантип» деген суроонун жообун карайлы.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, лосось бул саякат үчүн атайын сезүү системасы менен жаратылган. Лосось океандарда багытын аныктоо үчүн жердин магниттик талаасын сезүүчү табигый компастар менен жаратылган. Мындан улам алар Тынч океандын эбегейсиз сууларында ката кетирбестен жолун таба алышат.



Бирок лосось балыктарынын өздөрү туулган дарыянын нугун кантип табаары негизги маселе. Бул табигый компастан такыр башка системаны талап кылат.

Лососьтордун бул кереметтүү сапарды кантип өткөрөөрүн түшүнүү үчүн АКШдагы Висконсин Лейк лабораторияларында көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ал изилдөөлөрдүн жыйынтыгында лосось балыктарынын багытын аныктоодо жыт сезүү сезимин да колдоноору аныкталган.

Лосось балыктарынын мурдунда эки тешик бар. Суу бир тешиктен кирип, экинчи тешиктен чыгат. Бул тешиктер балыктын дем алуусу менен бир убакта ачылып жабыла тургандай долбоорлонгон. Кандайдыр бир жыттуу зат аралашкан суу мурунга киргенде балыктын мурдундагы рецепторлорду химиялык жактан стимулдайт. Бул химиялык стимул ферменттик реакция аркылуу электрдик сигналдарга айландырылып, борбордук нерв системасына жиберилет. Ошентип балык жытты сезет.

Лосось балыктарынын жыт сезүү механизмдерин кургактыктагы жандыктарга салыштырып көрөлү:

Кургактыкта ​​жашаган омурткалуу жаныбарларда жыт молекулалары мурундун былжыр катмарында эригенде жыт пайда болот. Ал эми балыкта болсо эрүү баскычы жок. Анткени жыт ансыз деле суунун ичинде жана эриген абалда. Бул лосось үчүн чоң жеңилдик болот. Ошентип лосось жыт сезүү сезими абдан өнүккөн аңчы иттер сымал жыттын булагын ээрчий алат.

Висконсин Лейк лабораторияларында алгач балыктар ар кандай жыттардын ортосундагы айырмачылыктарды канчалык сезе алат деген суроого жооп изделген. Ал үчүн атайын каналдары бар аквариум жасалып, ар бир каналга ар башка өсүмдүктүн жыты киргизилген. Экспериментте белгилүү бир каналды колдонгон балыктарга гана сыйлык берилип, башка каналдарды колдонгон балыктар электрдик шок менен жазаланган. Бул эксперимент 14 түрдүү жытты колдонуу менен кайталанган. Эксперименттин жыйынтыгында балыктардын кыска убакыт таанып билген соң, ар бир жолу сайын сыйлык алып келе турган жытты башкалардан айырмалай алаары байкалган. Дагы бир маанилүү ачылыш эксперимент жасалган чабактардын 3 жылдан кийин да туура жытты так аныктай алгандыгы болгон.21

Окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, балыктардын жыт сезүүсү абдан күчтүү, аны адамдарга салыштырууга болбойт деп тыянак чыгарышкан жана алар төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен:

Ар бир суунун өзүнө таандык өзгөчө жыты бар. Жаш лосось деңизге жасаган биринчи саякатында жыттарды бир-бирден жаттап алат. Артка кайткан сапарында эс тутумундагы жыттар аркылуу туулган жерин табат.22

«Ар бир агымдын өзүнө таандык жыты барбы?» деген суроого жооп берүү үчүн жогорудагы эксперимент эки башка дарыянын суусун колдонуп кайрадан жасалган. Натыйжада балыктардын аларды да айырмалай алаары аныкталган.

Чынында эле, жер бетиндеги ар бир агын суунун химиялык курамы уникалдуу. Алардын ортосундагы айырмалар көбүнчө ушунчалык аз болгондуктан, аларды дээрлик эч бир жандык сезбейт. Лосось балыгынан тышкары...

Бул темадагы изилдөөлөр бир кадам алдыга ташталып, балыктын табигый чөйрөсүндө улантылган. Вашингтондогу Иссакуа дарыясында балыктардын мурундары атайын жаап коюлуп, байкоо жүргүзүлгөн. Бул экспериментте жыт сезүү жөндөмүнөн ажыраган лосось балыктарынын багытын жоготуп, жолун таба албай калганы байкалган.23

Ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары бир чындыкты көрсөтүүдө: лосось балыктарынын жыт сезүүсү таң калыштуу сезгичтикке ээ.




 

Лосось балыктарынын чечкиндүүлүгү

Лососьтордун багыт аныктоо жөндөмүн көрсөткөн эң кызыктуу окуялардын бири Түндүк Калифорниядагы Прейри-Крик балык өстүрүүчү чарбада байкалган. Бул чарбадагы ачылыш кереметтүү көч окуясын ачып көрсөткөн:24

1964-жылдын 2-декабрында чарбанын балык көбөйтүүчү бассейндеринин биринде жүздөгөн башка жаш балыктардын арасында сүзүп жүргөн эки жаштагы чоң лосось табылган. Балыкты жакшылап караганда анын арткы сүзгүч канатында Прейри-Крик чарбасынын атайын металл белгисинин бар экени аныкталган. Бул ал балыктын эки жыл мурда ошол чарбада чоңойтулуп, андан соң океанга койо берилген лосось балыктарынын бири экенин көрсөткөн. Бирок балык кантип океандан кайтып келип, чарбанын жабык бассейнине кирген болушу мүмкүн?

Бул суроонун жообун табууга бир жагдай жардам берген: бассейндин ашыкча суулары төгүлүүчү каналга чыккан жана темир тор менен жабылган кутучанын капкагы сынык болгон. Балык туулган жерине кайтып келүү үчүн чарбанын суу каналдарына кирип, андан соң бассейнге кутучанын капкагын сындырып кирген болушу мүмкүнбү?

Мунун мындан башка түшүндүрмөсү жок болчу. Бирок балыктын океандан ал бассейнге чейин басып өтө турган жолун элестеткенде, бул абдан татаал көрүнгөн.

Лосось туулган чарбасына кайтуу үчүн, сапарын Редвуд-Крик дарыясынын океанга куйган жеринен башташы керек болчу. Андан соң агымга каршы 5 километр сүзүп, алгачкы эки ача жолго жетмек. Ал жерде туура тандоо жасап, түндүккө бурулмак, бирок белгилүү убакыттан кийин андан да татаал эки ача жолго жетмек. Анткени ал жерде лосось үчүн бири-бирине абдан окшош эки сигнал бар болчу. Лосось бул дүйнөгө келген балык чарбасы эки ача жолдун дал ортосунда жайгашкан. Биринчи ойго келген тандоо боюнча балык оң тарапка кетмек, себеби чарбанын суулары оң тараптан акчу.

Бирок эмнегедир балык сол тарапты тандаган жана туулган чарбасына арт жагынан келген.

Бул таң калыштуу чечимдин себеби ал аймактан өткөн унаа жолдун астында жашырылган. Унаа жолдун астында балык чарбасындагы бассейндердин ашыкча суулары төгүлүүчү бир канал жайгашкан. Кадимки шарттарда ал каналдан абдан аз суу агат жана ал дарыяга жетпей токойдун топурактарына сиңип кетет. Бирок ал жылы жаан-чачын көп болуп, каналдын суулары дарыяга чейин жеткен. Бул тайыз агым үйүнө кайтууну чечкен лососько жол көрсөтүү үчүн жетиштүү болгон.

Ошентип лосось тааныш жытты ээрчип дарыядан чыгып, суу каналы менен сапарын уланткан. Кээ бир жерлерде тереңдиги 5-10 сантиметрге араң жеткен сууда сүзүп же сойлоп отуруп каналдын ичине кирген. Анан караңгы туннель аркылуу унаа жолдон өткөн, ошондой эле, бийикте жайгашкан суу түтүктөрүнүн ичине секирген. Булардын баарынан ийгиликтүү өтүп, караңгы жолдор аркылуу максатына жакындаганы менен, аягында баары бир капканга туш болмок. Балык өстүрүү чарбасындагы жыгачтан жасалган чыйыр жолдун астында жайгашкан, цементтен жасалган каналдын ичине камалып калмак.

Бирок лосось туулган жерине кайтуу үчүн программаланган. Ал каналдын ичинде жайгашкан жана бассейнге туташкан туурасы 12 сантиметр болгон бир түтүктүн оозун таап, ал түтүк аркылуу сапарын уланткан жана аягында эң акыркы тоскоолдукка туш болгон: түтүктүн башына коюлган темир тор... Анан балык аны башы менен катуу сүзгүлөп ачкан.

Ошентип ушундай кереметтүү сапардын аягында лосось 2 жыл мурда бул дүйнөгө келген кичинекей бассейнине жеткен.

Чарбадагы кызматкерлерге бул маршрутту эсептеп чыккан соң төмөнкүдөй ой келген. Чарбага кайткан башка лососьтор да болушу мүмкүнбү? Балким бир нерсе табабыз деп жыгачтан жасалган чыйыр жолдун тактайларын алып, астындагы каналды карашкан. Жана абдан таң калышкан:

Каналдын ичинен балык өстүрүү чарбасынын темир белгилери бар 70 лосось балыгын табышкан.

Лосось балыктарынын бул кереметтүү окуясы бизге жаратылуу тууралуу маанилүү далилдерди көрсөтөт. Балыктын сапары ар бир баскычы өтө кылдат эсептелген көптөгөн системалар аркылуу ишке ашат.

1) Балыкка туулган соң океанга баруусун, ал жерде бир канча жыл алыс саякатка чыгуусун, анан туулуп өскөн дарыянын нугуна кайра кайтуусун буйруган бир «программанын» болушу өзүнчө улуу керемет. Мындан тышкары, балыкта:

2) Бул программага ылайык организмдин тузсуз суудан туздуу сууга ыңгайлашуусун камсыз кылган генетикалык маалымат;

3) Эбегейсиз океанда эч адашпай өз жолун табышына шарт түзгөн табигый компас системасы;

4) Жана туулуп өскөн дарыясынын жытын табышы үчүн өтө сезгич бир жыт сезүү органы бар.

Булардын баары лосось балыгынын атайын ал үчүн белгиленген саякатка ыңгайлуу кылып жаратылгандыгын апачык айгинелейт.

Албетте, бул кемчиликсиз системалардын ар бири эволюционисттер айткан «кокустук» көз-карашын жок кылууга жетиштүү. Лосось балыктарынын саякаты «кокустук» көз-карашын күлкүмүштүү кылган кереметтүү план жана долбоор.

Лосось балыктарын ушундай кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен жараткан – бүт жандыктардын Жаратуучусу жана ааламдардын Рабби Улуу Аллах.



 

Эволюционисттердин инстинкт жана табигый тандалуу жаңылыштыктары

Лосось балыктарынын көчүү саякаты жана кереметтүү багыт аныктоо механизмдери дарвинизмди туюкка салган чындыктардын бири. Лососьтор жолду кантип табышат деген суроого эволюционисттер «инстинкт» деп жооп беришет.

Инстинкт – эволюционисттер жаныбарлардын акылдуу жана аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерине жооп таппай калганда артына жашынган бир сөз. Бирок инстинкттин мааниси жана табияты толугу менен белгисиз. Инстинкттин булагы жана бул жүрүм-турумдардын алгач кантип пайда болгону сыяктуу суроолорго жооп жок. Эволюционисттер бул тууралуу так жана ачык түшүндүрмө бере алышпайт.

Эволюционисттер «инстинкт» деп атаган түшүнүк лосось балыгынын жолун таба алышына эч качан жардам бере албайт. Инстинкт алар өтө турган ар бир дарыяны бир-бирден сүрөттөп, тандоо жасашы керек болгондо  адашпай жолун табышына шарт түзүшү керек. Минтип ойлоонун логикага сыйбай тургандыгы айдан ачык.

Лосось балыктарынын иш-аракеттери эволюция теориясынын «табигый тандалуу» көз-карашына да сокку урууда. Эволюциянын бул көз-карашы боюнча, табияттагы бүт жандыктар өзүмчүлдүк менен, өзүнүн жашоосу үчүн күрөшөт. Бул күрөштөн күчтүүлөр гана аман калат.

Бирок табияттагы жандыктардын башкалар үчүн өз жанын аябаган жана биргелешкен кыймыл-аракеттери эволюционисттердин бул көз-карашын толугу менен четке кагат. Мисалы, лосось балыктарынын кыймыл-аракеттерин караганыбызда, табигый тандалуу эч маанисиз болуп калат.

Эмне үчүн лосось балыктары өлүмгө да даяр болуп, миңдеген километрлик татаал жолду басып өтүшөт? Эмне үчүн алар өздөрүнө эч кандай пайдасы жок саякатка чыгышат? Эмнеге океандагы бай азык булактарын таштап кетишет? Эмне үчүн жумурткаларын ошол учурдагы турган жерине же океанга, же болбосо дарыялардын океанга кошулган жерине эмес, сөзсүз океандан миңдеген километр алыстагы агын сууларга туушат?

Эволюционисттердин көз-карашы боюнча, лосось балыктары бир гана өздөрүнүн амандыгын көздөшү керек болчу. Бирок, тескерисинче, лосось жумуртка таштоо үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, оор сапарга аттанат. Ааламдардын Рабби Аллах жер жүзүндөгү башка жандыктар сыяктуу, лосось балыгына да бара турган багытын илхам кылат.

Лосось балыктарындагы багыт аныктоо системаларын жараткан жана алардын дарыялардан өтүп, көздөгөн жерине жетүүсүнө шарт түзгөн – бул Улуу Аллах.

Аллах бир аятында бүт жандыктарды башкарып тураарын мындайча билдирет:

... Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)

Лосось балыктары Аллах алар үчүн жараткан атайын системаларды колдонушат жана бүт жандыктар сыяктуу Аллахтан алган илхам менен кыймыл-аракет кылышат. Булардын баары Аллахтын жаратуусунун улуулугун көрсөткөн далилдерден. Лосось балыгынын жашоосу Аллахтын жаратуу чеберчиликтеринин бири. Жандыктар жөнүндөгү мындай маалыматтар жана жер бетиндеги көп түрдүүлүк адамдардын ойлонуусуна жана Аллахка багыт алуусуна себеп болот.

 

КӨПӨЛӨКТӨРДҮН АДИСТИГИ: ҮНДӨН ЖОГОРУ ТОЛКУНДАР

Бир жаныбардын эң негизги муктаждыгы – аман калуу үчүн душманын же олжосун тааный билүүсү. Көпөлөктөрдүн кээ бир түрлөрү бул жагынан чоң артыкчылыкка ээ. Анткени алар эң чоң душмандары, тагыраак айтканда, жарганаттар аң уулоодо колдонгон жогорку жыштыктагы үндөрдү уга алышат.

Тафтс университетинин бир нече студенттери менен окумуштуулары түнкү көпөлөктөрдүн борбордук нерв системасын изилдешкен. Анын максаты көпөлөктөрдүн борбордук нерв системасын кулакка байланыштырган кабылдоо тартибиндеги кодду чечмелеп, көпөлөктүн жарганаттан кантип коргоноорун аныктоо болгон.25

Изилдөөнүн жыйынтыгында кулактарындагы атайын система аркылуу көпөлөктөрдүн жарганаттын аңчылык системасынан коргоно алаары аныкталган. Жарганатка байланыштуу маалыматтар көпөлөктүн кулагынан борбордук нерв системасына эки талча аркылуу гана жиберилет. Жөнөкөй бир түзүлүштөй көрүнгөн бул система чындыгында кереметтүү долбоорго ээ жана ал аркылуу көпөлөк үндөн жогору толкундарды сезе алат.

 

Душмандын согуш планын билүү

Курт-кумурскалар менен азыктанган жарганаттар түнкүсүн учканда бир катар жогорку жыштыктагы үндөрдү чыгарышат. Ошентип алар жаңырыктардын булагынын багытын жана алыстыгын аныктоо аркылуу олжосун таба алышат. Бул радар ушунчалык сезгич болгондуктан, жарганаттар чиркейлерден да кичине курт-кумурскаларды таап, кармай алышат. Жарганат абдан ийгиликтүү аңчы болуп эсептелет, бирок түнкү көпөлөктөрдүн кээ бир түрлөрүнүн, тагыраак айтканда Noctuidae, Geometridae жана Arctiidae тукумунун мүчөлөрүнүн кулактары жарганаттардын жогорку жыштыктагы үндөрүн уга алат. Ал кулактар ​​көпөлөктүн канаттарынын астында жайгашкан жана «алдын ала эскертүү системасынын» кызматын аткарат. Ошентип жарганаттарга жем болуудан коргонушат.

Жарганаттын жакындап келе жатканын укканда, көпөлөктөр учуу калыбын өзгөртүп, ылдам сүңгүшөт же башаламан тегерекчелерди жасашат. Кээде жарганат жиберген жогорку жыштыктагы үнгө карама-каршы багытта максималдуу ылдамдыкта учушат. Нью-Йорк шаарындагы Сити университетинен Ашер Э. Третат жарганаттар келген тарапка карама-каршы учкан көпөлөктөрдүн аман калуу мүмкүнчүлүгүнүн башкаларга караганда бир топ жогору болоорун байкаган.26

Көпөлөктүн кулагы биз эч качан уга албаган, 3200 метрден да алысыраак аралыктан келген жарганаттын жогору жыштыктагы кыйкырган үндөрүн уга алат. Ошондой эле, секундасына 10 килоциклден 100 килоциклге чейинки жыштыктарды, анын ичинде жарганаттын кыйкырыгын да аныктай алат. Алардын эң чоң жөндөмү болсо – бул алардын үзгүлтүктүү үндөрдү, башкача айтканда, жымжырттыктар менен коштолгон кыска үндөрдү байкап, үн басымдарынын бийиктериндеги айырмаларды аныктай алышы. Булар көпөлөк менен жарганаттын ортосундагы күрөштө көпөлөккө чоң артыкчылыктарды берет.

Албетте, согушуп жаткан эки өлкөнүн биринин экинчисинин согуш планын билип алышы абдан маанилүү. Душмандын колдоно турган куралдарынын өзгөчөлүктөрүн жана кандай тактиканы колдонуп кол салаарын билүү жеңишке өбөлгө боло турган маалыматтар болуп эсептелет. Көпөлөктөрдүн жарганаттарга каршы жеңишке жетишинин себеби көпөлөктөрдүн жарганаттардын бардык чабуул тактикасын жакшы билгендигинде. Бул, албетте, көпөлөктөрдүн жаратылуусундагы кемчиликсиз долбоордун натыйжасы. Көпөлөк жарганаттын үнүн байкаганда көптөгөн альтернативалар келип чыгышы мүмкүн. Бирок ошолордун арасынан көпөлөк үчүн эң ыңгайлуусу ишке ашып, көпөлөк жарганаттан кутулат. Көпөлөктүн ийгилигинин маанисин жакшыраак түшүнүү үчүн келгиле бул мүмкүнчүлүктөрдү карап көрөлү:

Эгер көпөлөктүн үндү аныктоо аралыгы жарганаттыкынан кыскараак болгондо, көпөлөктүн кулагы аны жарганаттан коргой алмак эмес. Мындай кырдаалда көпөлөк жарганатты байкап, андан качууга аракет кылса да, жарганат аны таап алмак жана ылдамыраак учканы үчүн акыры көпөлөктү колго түшүрмөк. Дагы бир ыктымалдык катары, көпөлөккө жакын жердеги жарганат алыстай сезилиши мүмкүн эле, же болбосо жарганат жиберген үндүн багытын тескери түшүнүп, качуунун ордуна жарганатты көздөй учушу да мүмкүн болчу...

Бирок бул сансыз ыктымалдыктардын арасынан көпөлөктөр эң туурасын жасап, жарганатка жем болуудан кутулушат.

Ахзаб сүрөсүнүн 52-аятында «Аллах бүт баарын карап көзөмөлдөп туруучу» деп кабар берилет. Жер жүзүндөгү бардык жандыктар сыяктуу, көпөлөктөр да Аллахтын алардын денесинде жараткан кемчиликсиз системалары жана аларды кантип колдоноорун илхам кылуусу менен жашоолорун улантышат. Жана Аллахтын илхамы менен акылдуу кыймыл-аракеттерди кылып, туура тандоо жасашат. Көпөлөктөрдөгү система мунун сансыз далилдеринин бири.




 

Көпөлөктөрдөгү кемчиликсиз угуу системасы

«Scientific American» журналында жарыяланган макалалардын негизинде жазылган «Animal Engineering» аттуу китепте айтылгандар көпөлөктөрдүн денесинде кемчиликсиз татаал системанын бар экенин көрсөтүүдө:27

Көпөлөктүн кулагы көкүрөгүнүн арткы капталдарында жайгашкан. Кулагы негизинен көкүрөгү менен курсагын бөлүп турган кууш өтмөктө жайгашкан. Сырттан караган адамга кулактар ​​кичинекей көңдөйдөй сезилиши мүмкүн. Ал көңдөйлөрдүн ичинде тунук кулак жаргакчалары орун алат.

Алдыда тереңирээк карала тургандай, көпөлөктүн кулагындагы ар бир өзгөчөлүк жакшыраак угууга жана жарганаттын кыйкырыгын жакшыраак талдоого арналган.

Көңдөйдүн ортоңку кулак деп аталган бөлүгүндө жайгашкан жаргакчанын арт жагында аба баштыкчасы бар. Көпөлөктүн угуу системасынын бөлүктөрүн курчаган бир жука кыртыш аба баштыкчасын толук камтып, ал аркылуу жаргакчанын ортосунан скелет таянычына чейин созулат. Бул катарда А клеткалары деп аталган эки угуу клеткасы жайгашат. Ал эки клетканын жанында үн менен түздөн-түз байланышы жок, В клеткасы деп аталган үчүнчү клетка да орун алат.

Ар бир А клеткасынын бир учу сыртты, т.а. кулак жаргакчасын көздөй, экинчи учу ичти, т.а. скелет таянычын көздөй созулган нерв талчасы болот. Көпөлөк сезген жогорку жыштыктагы үндөргө байланыштуу бардык маалыматтар А1 жана А2 деп аталган ошол эки А талчалары аркылуу борбордук нерв системасына жеткирилет. Эки А талчасы тең В клеткасынын абдан жакынынан өтөт. В клеткасынын да нерв талчасы бар жана бир аз аралыктан соң үч талча биригет. Бириккен үч талча ортоңку кулак нервдери катары көпөлөктүн борбордук нерв системасына туташат.

Нерв талчаларындагы электрдик сигналдар 1 вольттун миңден 1-2сине барабар. Көпөлөктүн А талчаларындагы сигналдар сезгич клеткалардан борбордук нерв системасына секунданын миңден экисинен да кыска убакытта жетет.

Ал нервдер жарганаттар чыгарган үн толкундарын кабылдоо жөндөмүнө ээ. Ошондой эле, ал толкундардын ортосундагы өзгөрүүлөрдү жана толкундардын өлчөмүн аныктоодо да өтө сезгич болушат. Көпөлөк талчалардын ушул касиеттеринен улам алыс жердеги жарганаттын узун жана акырын кыйкырыгын аны өлтүрүү үчүн жакындап калган жарганаттын катуу кыйкырыгынан ажырата алат.

 

Көпөлөктөр бул үндөрдү кантип айырмалашат?

Илимпоздор бул суроого жооп берүү үчүн изилдөөлөрүн «көпөлөк кулагына келген маалыматтардын кайсынысын баалайт жана кантип жыйынтык чыгарат?» деген суроодон башташкан. Эволюционисттердин «кокусунан пайда болуу» көз-караштарын жокко чыгарган бул жөнүндөгү маалыматтардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Окумуштуулар бул багытта микроскопиялык электр агымдарын аныктоочу прибор (осциллограф) менен өлчөөлөрдү жүргүзүшкөн. Көпөлөктүн кулагына жарганаттын кыйкырыгы жеткенде, осциллографта А клеткасынын ошол замат активдешкенин көрсөткөн сигналдар пайда болот. Үн күчөгөн сайын нервдеги электрдик сигналдар да өзгөрөт. Алгач, сигналдардын амплитудасы жогорулайт, экинчиден сигналдардын ортосундагы убакыт аралыгы азайат. Үчүнчүдөн А1 талчасынын амплитудасындагы жогорулоолор эки талчанын тең приборунда байкала баштайт. (А1 талчасынын үнгө карата сезгичтиги А2 талчасынан күчтүүрөөк.) Төртүнчүдөн келген үн канчалык күчтүү болсо, А клеткасынын амплитудасы ошончолук бат жогорулайт.

Бул маалыматтарды талдаган соң илимпоздордо башка суроолор пайда болот. Үн күчөгөндө көпөлөктүн угуу реакциясындагы кандай өзгөрүү көпөлөктүн жүрүм-турумун аныктайт? Илимпоздор «көпөлөктүн көз-карашы» деп мүнөздөлгөн баалоо ыкмасын колдонуу аркылуу төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен:

Көпөлөк биринчи түрдөгү маалыматтарга, т.а. А клеткасынын амплитудаларынын санына карап кыймыл-аракет жасаса, чоң ката кетирип өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Мисалы, көпөлөк алыс жердеги жарганаттын узун жана акырын кыйкырыгын ага жакындап калган жарганаттын күчтүү кыйкырыгы менен адаштырып алышы ыктымал.

Мындай жаңылыштыкка көпөлөк жарганаттын кыйкырыгынын күчүн аныктоо үчүн экинчи маалыматты, т.а. амплитуданын жогорулашындагы аралыктарды колдонуу аркылуу гана бөгөт койо алат.

Үчүнчү типтеги маалымат, б.а. А2 талчасынын иш-аракети «алдын ала эскертүү» билдирүүсүн «кабыл алуу» билдирүүсүнө айландыруу кызматын аткарышы мүмкүн.

Төртүнчү типтеги маалымат, т.а. амплитуданын пайда болуу аралыгы көпөлөккө учуп бараткан жарганаттын ордун аныктоо боюнча керектүү маалыматты бериши ыктымал. Мисалы, эгер үн көпөлөктүн сол кулагында оңго караганда жогорураак болсо, анда А амплитудалары борбордук нерв системасынын сол тарабына оң тарабынан миллисекунданын бир аз бөлүгүндөй ылдамыраак убакытта жетет.

Булар көпөлөктүн жарганат тууралуу чечим чыгараарда кандай ыктымалдыктарды жана кандай системаларды колдоноору тууралуу божомолдор. Мындан тышкары, көпөлөктүн так байкала алган кыймыл-аракеттери да бар.

Эгер көпөлөккө келген үн акырын болсо жана карама-каршы багыттан келсе, көпөлөк ошол замат тескери багытка бурулуп учат. Анткени үндүн акырын чыгышы жарганат көпөлөктү аныктай элек жана ошондуктан артынан түшө элек дегенди билдирет. Себеби жарганаттар олжолорун аныктап чабуул жасаганда үн толкундарын батыраак жибере башташат. Алсыз толкундарды сезген көпөлөк багытын өзгөртүп жарганатты артка калтырып, ал жерден алыстайт.

Эгер көпөлөккө келген сигналдар жыш болсо, көпөлөк же жерди көздөй сүңгүйт, же болбосо абада кескин бурулуштар аркылуу бир катар маневрларды жасайт. Максат жарганаттын колуна түшпөө.




 

Көпөлөктүн колдоочу системалары                               

Көпөлөктүн эки кулактуу болушу ага үндүн булагынын багытын да аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Эгер жарганат көпөлөктүн сол жагында болсо оңдон келген үн толкундары солдогуга салыштырмалуу секунданын миңден бириндей кечирээк угулат. Эки кулактын ортосундагы бул айырма көпөлөктүн үндүн булагынын ордун аныкташына жетиштүү болот.

Көпөлөктүн кулагындагы таң калыштуу өзгөчөлүктөр, албетте, булар менен эле чектелбейт. Кээ бир көпөлөктөрдүн кулактарында жаргакча сымал тосмосу болот. Ал тосмо биздеги кулак калканынын кызматын аткарат. Үндү топтоп угуу кубаттуулугунун жогорулашына салым кошот.

Ошондой эле, кээ бир көпөлөктөр жогорку жыштыктагы үндөрдү угуудан тышкары, мындай үндөрдү чыгара да алышат. Андай көпөлөктөр жарганатты сезгенде качуунун ордуна ультраүндүү добуштарды чыгарышат. Бул таң калыштуу көрүнүш. Себеби жарганаттар ультраүндөрдү угууда мыкты чебер болушат. Ошондуктан көпөлөктүн мындай кадамын өзүн-өзү өлүмгө түртүү деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок жарганаттар мындай көпөлөктөргө туш болгондо, тескерисинче ал жерден тезинен качып жөнөшөт. Илимпоздор мунун эки себеби болушу мүмкүн деп ойлошот:

1- Көпөлөктүн чыгарган үнү жарганаттын кабылдоо системасын бузат.

2- Үн чыгарган көпөлөктөрдүн даамы жарганаттарга жакпайт. Жарганат бул үндү сезгенде, даамсыз олжонун күтүп турганын түшүнөт.

Бул жерге чейинки маалыматтарга көз чаптырганда, бир жагынан көпөлөктөрдүн кыймыл-аракеттериндеги акылмандыкты, экинчи жагынан денелериндеги кемчиликсиз долбоорду көрөбүз. Көпөлөктүн ультраүндүү добуштарды угуп, аларды чечмелей алышы жана ага каршы үн толкундарын жибериши өз-өзүнчө долбоорлорду талап кылат.

Көпөлөк жарганаттын үнүн угушу үчүн бир катар татаал процесстер талап кылынат. Ал процесстердин бирөөсүн, мисалы А1 талчасы менен А2 талчасынын ортосундагы кабылдоо айырмачылыгын алып койсоңуз, көпөлөк жарганаттын кыйкырыктарындагы айырманы сезе албайт. Же кулак жаргакчасынын түзүлүшү бузулса, көпөлөк эч нерсени укпай калат. Көпөлөк жарганаттын үндөрүн укса эле маселе чечилип калбайт. Аман калышы үчүн душманга карата чара көрө турган нерв системасы да болушу шарт.

Ал нерв системасында белгилүү булчуңдарга сигнал жиберип көпөлөктүн качышын камсыз кылган реакциялар иреттүү түрдө ишке ашуусу керек. Нерв системасындагы белгилүү иреттеги маалыматты, б.а. жарганаттын кыйкырыктарын көпөлөктүн качуу кыймылына айланткан система «татаал система».

Бул система тууралуу бир аз ой жүгүрткөндө, эволюция теориясынын «акырындап пайда болуу» көз-караштарынын канчалык акылсыздык экенин дагы бир жолу түшүнөбүз. Эволюция теориясы боюнча, жандыктар бир гана туш келди өзгөрүүлөрдүн (кокустуктардын) натыйжасында пайда болушкан. Бирок көпөлөктүн угуу системасы «кемитилгис комплекстүүлүк» өзгөчөлүгүнө ээ. Башкача айтканда, көпөлөктүн угуу системасы аны түзгөн бөлүктөр бүтүн бойдон иштегенде гана өз кызматын аткара алат. Бөлүктөрдүн бирөөсү эле жок болсо же талаптагыдай иштебесе орган эч нерсеге жарабайт. Ошондуктан эволюционисттердин «кокустук» түшүнүгү жараксыз.

Жандыктардагы системалар менен органдардын көпчүлүгү ушундай «кемитилгис комплекстүүлүк» өзгөчөлүгүнө ээ. Бул түшүнүктүн дарвинизмге чоң сокку ураарын Дарвин да түшүнгөн. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде мындай деп мойнуна алган:

Эгер бир татаал органдын көптөгөн удаалаш кичинекей өзгөрүүлөр аркылуу пайда болбой тургандыгы көрсөтүлсө, теориям толугу менен жокко чыгат...28

Азыркы технологиялар жандыктардагы системалардын татаалдыгын толугу менен ачып көрсөттү жана эволюция теориясы кулады. Дарвин теориясын илимий мүмкүнчүлүктөр өтө примитивдүү кезде чыгарган. Ал кездеги техникалык жабдыктар менен илимдин жетишсиздигин жана ошол себептен адамдардын түшүнүгүнүн тардыгын эволюция теориясынын бардык көз-караштарынан даана байкоого болот. Бирок биз азыр 21-кылымдабыз жана технология өнүккөн. Илимий жетишкендиктер жандыктардагы кемчиликсиз түзүлүштөрдү ачып бергенине карабастан, дарвинизмди жактагандардын дагы эле бар экени албетте ойлондурат.

Жандыктардагы кереметтүү түзүлүштөр алардын кокусунан пайда болбогонун жана теңдешсиз чеберчилик менен жаратылганын апачык далилдейт. Ааламдагы жандуу-жансыздын бүт баарын бир көз ирмемде эч кемчиликсиз кылып жараткан Улуу Аллах. Дарвинизмди дагы эле жактагандар болсо төмөнкү аят тууралуу ойлонушу зарыл:

Айткын: «Силердин шерик кошкондоруңардан акыйкатка жеткире алчусу барбы?» Айткын: «Акыйкатка жеткирүүчү Аллах. Демек, акыйкатка (чындыкка) жеткирүүчүгө моюн сунуу туурараакпы, же туура жолго салынмайынча өзү туура жолду (хидаят) таба албагангабы? Силерге эмне болуп жатат? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?» (Йунус Сүрөсү, 35)



 

ЖЫЛАНДАРДАГЫ ЖЫЛУУЛУКТУ СЕЗҮҮЧҮ СИСТЕМА

Калдыркандуу жыландын башынын маңдай жагындагы бет чуңкурларында жылуулук сенсорлору бар. Жылан аларды колдонуп айланасындагы жандыктардын дене жылуулугунан чыккан инфракызыл нурларды аныктайт. Ал сенсор ушунчалык сезгич болгондуктан, айланадагы температуранын 1/300 градуска жогорулашын секунданын миңден отуз бешиндей кыска убакытта аныктай алат. Чындыгында анын сезгичтиги ушунчалык жогору болгондуктан, жылан андан алыстап бараткан олжосунун изинен чыккан жылуулукту байкап, олжосунун артынан түшө алат.

Жыландын жылуулукту сезүү органы аңчылык кылуу үчүн гана эмес. Жылан муздак кандуу жаныбар. Жашаган чөйрөсү 30 градустан жогору болгондо гана кадимки тиричилик аракеттерин уланта алат. Ошондуктан жылуулук сенсорлору кышты өткөрүү үчүн жылуу үңкүр же дарак коңулун табууда жыландарга абдан жардам берет. Жыландардын 14 түрүнөн экөөсүндө гана жылуулук сенсорлору бар. Ал эки түрдүн сенсорлору да түзүлүшү жагынан бири-биринен айырмаланат. Мисалы, кара чаар жыландардагы сенсорлор башынын алды жагында, көзүнүн астындагы оюктары алдыга карай багытталган.

Оюктардын диаметри бир канча миллиметр жана тереңдиги орточо 5 мм. Оюктардын ичи жаргакча менен экиге бөлүнөт. Ошентип ички жана тышкы бөлмөчө деп аталган бөлүктөр келип чыгат. Жыландын башында жаргакчанын ичине чейин созулган жана «үчүлүк нерв» деп аталган эки нерв талчасы бар. Олжонун денесинен чыккан жылуулук электрдик сигналдарга айландырылат. Үчүлүк нервдин милдети болсо ал сигналдарды мээге жиберүү. Мээнин жылуулук сигналдарын кабылдоочу бөлүгү болсо «түпкү чекит» болуп саналат.29

Нерв талчасы ал аймакка жакындаган сайын үстүндөгү атайын каптама материалдары жоголо баштайт. Эң аягында кенен, жалпак түзүлүшкө айланат. Ал түзүлүштүн учтарында митохондрия деп аталган кичинекей клеталык түзүлүштөр жайгашат. Жылуулук сигналдары келгенде алардын түзүлүшү өзгөрөт. Ошол өзгөрүүнүн натыйжасында жылан олжону сезет. Бул сезүү системасынын так кандай иштээри бүгүнкү күндө белгисиз. Илимпоздордун жалпы пикири боюнча, ал толугу менен атайын түзүлүштөгү татаал процесске таянат.

 

Жылуулукту сезүүчү системадагы атайын көзөмөлдүн мааниси

Жыландын жылуулукту сезүү системасы анын дене температурасынан көз-карандысыз иштейт. Система сигнал келээр замат иштеп, андан соң реакция көрсөтпөйт.30 Бир эле ушул өзгөчөлүгү да жыландардагы бул системанын атайын долбоор менен пландалып жаратылганын көрсөтүүгө жетиштүү. Эгер жылуулук сенсорлору жыландын өзүнөн чыккан жылуулукту да эске алганда, система тынымсыз сигнал бермек. Ал сигналдар жыландын айланадагы жылуулук булактарынан алган сигналдарга тоскоол болуп, система иштебей калмак.

Көрүнүп тургандай, бул өзгөчөлүк жыландарды бул кемчиликсиз система менен бирге Аллахтын жаратканын көрсөтөт.

Жыландарга гана таандык болгон бул сезүү системасынын ар бир өзгөчөлүгү кемчиликсиз. Ар бир баскычы бардык майда-чүйдөсүнө чейин эч кемчиликсиз жаратылган.

Кокустуктардын мындай көп баскычтуу пландалган системаны пайда кыла албашы айдан ачык. Аллахтан башка эч бир күч мындай кемчиликсиз системаларды пайда кылып, аны ал түрдүн бардык мүчөлөрүнө эч качан орното албайт. Бул апачык акыйкатка жыландардагы башка системалардан кээ бир мисалдарды келтирип, дагы бир жолу күбө бололу.




 

Жыландардагы аңчылык механизмдери

Жылан жыт сезүү органынын кызматын аткарган айры тилин колдонуп, караңгы түндө жарым метр алдыда жерге жабышып кыймылсыз жаткан жандыкты сезе алат. Караңгы түндө жылуулукту сезүүчү системасы аркылуу олжосунун ордун жаңылбай аныктай алат. Жылан олжосуна алгач акырын жакындап, чабуулга даярданат, андан соң моюнун жаадай созуп, олжосунун үстүнө өтө тездик менен секирет. Ал ортодо 180 градус ачыла алган күчтүү жаагындагы тиштерин олжосуна матырган болот. Булардын баары бир автомобильдин жарым секунданын ичинде нөлдөн 90 км/саат ылдамдыкка жетишине тете ылдамдыкта болуп өтөт.

Жыландын олжосун өлтүрүү үчүн колдонгон эң чоң куралы – бул «уулуу тиштери». Ал тиштердин узундугу орточо 4 см. Тиштердин ичи оюк болот жана уу бездерине туташат. Бездин булчуңдары жылан тиштегенде жыйрылат жана уу алгач тиш каналына, ал жерден олжонун терисинин астына басым менен чачыратылат. Жыландын уусу же олжонун борбордук нерв системасын иштен чыгарат, же болбосо канын коюлтуп өлүмгө алып барат.

 

Жыландар жылуулук чыгарган нерсенин жегенге ылайыктуу болуп болбогонун кантип билишет?

Бир экспериментте жыландын жылуулукту сезүү системасы менен айры тилинин биргелешип иштешинин натыйжасында жылуулук чыгарган нерсенин жегенге ылайыктуу болуп болбогонун биле алаары аныкталган. Караңгы жерде жыландын алдына ысык кум баштыгы менен өлүк жаныбар коюлган. Жылан алгач баштыкка ошол замат чабуул жасаган, бирок жегенге аракет кылган эмес. Өлүк жаныбардан жылуулук чыкпаганы менен аны тапканда тили менен текшерип көрүп, анан жеп баштаган. Эгер мындай болбогондо, жылан жылуулук бөлүп чыгарган нерселердин баарына кол салып, аларды чагып, канча аракети текке кетмек. Бирок эки сезүү органы бири-бирин толуктай турган өзгөчөлүктө жаратылганы үчүн мындай болбойт.

Бир жандыкта түнкүсүн көрүү системасынын, бир нерсенин турган ордун катасыз табуу өзгөчөлүгүнүн жана башка жаныбарды ууландырып өлтүрүүчү органдарынын болушу таң калыштуу жана кемчиликсиз өзгөчөлүк.

Аллахтын бар экенин кежирденип четке каккандар жыландагы мындай теңдешсиз жөндөмдүн кантип пайда болгонун, албетте, түшүндүрө алышпайт. Себеби жыландын оозундагы уу системасы абдан татаал жана атайын пландалган система. Бул система иштеши үчүн эң биринчиден жаныбарда атайын ичи оюк «уу тиштери», анан ал тиштерге туташкан уу бездери жана аягында ал бездердин ичинде душманын заматта шал кыла турган, күчтүү уу пайда болушу шарт.

Мындан тышкары, жылан олжосун чакканда бул системаны ишке киргизе турган бир рефлекс пайда болушу керек. Бул көп бөлүктүү системанын бир эле бөлүгү жок болсо, система иштебейт. Мындай кырдаалда жылан аңчылык кылган жаныбарына тескерисинче өзү жем болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле, уунун жыланга эч кандай зыян тийгизбеши да өзүнчө таң калыштуу. Жыландын денесинде уу да, ууну сактай турган система да бар. Уу сакталган бездердин коргоо өзгөчөлүгү болушу шарт, антпесе уу жыландын денесине тарап, аны өлүмгө алып барат. Көрүнүп тургандай, уу системасы толугу менен бар болушу керек. Мындай системанын ойдон чыгарылган «эволюция процесси» аркылуу акырындап эч качан пайда болбой тургандыгы анык.

Уу системасы тууралуу ой жүгүртүү эволюционисттердин «өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгон» деген көз-караштарынын канчалык күлкүмүштүү экенин түшүнүү үчүн жетиштүү болот. Эволюционисттердин көз-караштары ойдон чыгарылган гипотезалардан гана турат. Жылуулукту сезүүчү системалардын же уу тиштеринин жок жерден бир күнү күтүүсүздөн пайда болуп кала албашы анык. Ал үчүн алгач тиштер, анан тиштин ичиндеги оюктар пайда болушу керек. Андан соң дене башка жандыктарга кандай уунун таасир берээрин аныктап, анан ошол формуладагы ууну өзүнүн денесинде иштеп чыгышы шарт. Бул айтылгандар негизи талап кылынган баскычтардын абдан үстүртөн гана сүрөттөлүшү. Бул жерге чейинки мисалдардан да көрүнүп тургандай, жыландардын дене системаларынын ар бир бөлүгү комплекстүү жана бири-биринен көз-каранды. Бүт баары бардык майда-чүйдөсүнө чейин кемчиликсиз өзгөчөлүктөргө ээ. Бул болсо жаратылууну, б.а. бир Жаратуучунун бар экенин апачык далилдейт. Жыландарды кемчиликсиз жыт сезүү жөндөмдөрү, уу системалары жана башка бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан – улуу кудуреттүү Аллах. Ушундай апачык далилдерге карабастан, Ага ыйман кылбай кежирденгендерди Аллах Куранда залим деп сыпаттайт жана мындай деп билдирет:

Раббиңдин аяттары насаат кылынып эскертилгенде, андан жүз бурган жана колдору менен жасагандарын (иштерин) унуткандан да залимирээк ким бар? Биз чындыгында жүрөктөрүнө аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болуучу бир парда (тарттык), кулактарына бир тоскоолдук койдук. Сен аларды туура жолго чакырсаң да, алар түбөлүккө чейин эч качан туура жолду (хидаят) таба алышпайт. (Кехф Сүрөсү, 57)




 

ЧАЯНДЫН СЕЗҮҮ ЖӨНДӨМҮ

Чөлдө жашаган кум чаяндары майда жаныбарлардын арасынан эң кооптуусу. Чаяндардын бул түрүнүн көздөрү дээрлик такыр көрбөйт. Ошого карабастан, түнкүсүн олжолорунун турган жерин абдан чебердик менен аныктай алышат. Бул таң калыштуу окуя кандайча ишке ашат?

Бул чаяндын сегиз бутунун баарында жайгашкан жарака формасындагы кемчиликсиз сенсорлор менен байланыштуу. Ал сенсорлор миллиметрдин миллиондон бир бөлүгүнөн төмөнүрөөк дирилдөөлөргө себеп болгон кыймылдарды да аныктай алышат.

Чаянга жакын жерге бир көпөлөк конду деп элестетели. Жерге конгон көпөлөк жерде эки түрдүү дирилдөө толкундарын пайда кылат. Биринчиси секундасына 15 метр ылдамдык менен кыймылдаган көлөм толкундары. Экинчиси болсо тегиздикке параллельдүү түрдө секундасына 50 метр ылдамдык менен тараган «Релей толкундары». Олжого чейинки аралык ошол эки толкундун чаянга жетүү мөөнөттөрүнүн ортосундагы айырманы белгилөө аркылуу аныкталат.31

Олжонун канчалык алыстыкта экенин аныктоо, албетте, анын ордун так билүү деген мааниге келбейт. Ошондуктан анын кайсы багытта турганын да билүү керек.

Чаяндын буттары диаметри орточо 5 см болгон тегерек жерди басат. Ошондуктан олжодон чыккан Релей толкундарынын чаяндын олжого эң жакын жайгашкан бутуна жетиши менен эң алыстагы сенсорго жетишинин ортосунда 5 миллисекундалык (секунданын эки жүздөн бириндей) айырма келип чыгат. Сенсорлордун бири Релей толкунун сезгенде, нерв клеткалары чаяндын нерв системасынын борборуна бир эскертүүчү сигнал жиберет. Ал сигнал аркы тараптагы үч буттан кечигип келген толкундарды сезүүчү нервге да жиберилет. Бирок ал үч буттан келген сигналдар тосмолонуп нерв системасынын борборуна ошол замат жеткирилбейт.

Ошентип улам сайын эрте келген сигналдын булагы болгон бут менен калган үч буттун турган орду талдоого алынат. Алардын ордун талдоо аркылуу толкундун булагынын багыты аныкталат.

Эгер эскертүүчү сигнал менен тосмолонгон сигналдардын буттагы сенсорлорго жетишинин ортосундагы айырма секунданын беш жүздөн бириндей болсо, нерв системасынын борбору эки сигналды тең кечигүүсүз бир учурда сезет. Бул чаян үчүн аракетке өтүп, «чабуул үчүн кемчиликсиз долбоорлонгон куралдарыңды колдон» деген мааниге келет.

Буттардан келген сигналдарды талдоодон өткөргөн 8 нерв клеткасы бир комитет сыяктуу чогулуп, улам сайын олжонун багытын биргелешип аныкташат.32

Алар аны кантип аныкташат? Ал үчүн нерв клеткалары улам сайын бир чогулуш өткөрүп, маалыматтарды аныктап, андан жыйынтык чыгарышабы?

Эч кандай чогулуштун өткөрүлбөй тургандыгы, нерв клеткаларынын болгону белок, май жана суудан турган заттар экендиги, алардын акылынын жана аң-сезиминин жок экендиги анык.

Бул механизм миллиондогон жылдан бери жашап өткөн бардык чаяндарда бирдей. Эволюционисттер айткандай, кокусунан, акырындап пайда болгон же кийинчерээк кошулуп калган эмес. Чаянды чексиз кудуреттүү Аллах кемчиликсиз долбоор менен жараткан.

1- Өпкөлөр; 2- Күчтүү соот; 3- Уулуу найза;
4- Кыпчуурлар; 5- Мээ; 6- Буттар.



Булактар:

19. Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.53

20. Dr. R. Robin Baker, Fantastic Journeys, 1991, Fog City Press, San Francisco, USA s.132

21. Donald Griffin, Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introduction, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.55

22. Donald Griffin, Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.55

23. Harika Canlılar 1, Belgesel film (VCD), Okur Yapımcılık.

24. John Downer, SUPERNATURE, The Unseen Powers of Animals, Published by BBC Worldwide Ltd., London 1999, ss. 149-150.

25. "Moth ultrasound", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.78

26. "Moth ultrasound", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.78

27. "Moth ultrasound", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.78-86

28. Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 189.

29. "The Infrared receptors of snakes", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, ss.66-70.

30. "The Infrared receptors of snakes", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, ss.66-70.

31. Bilim ve Teknik Dergisi, "Akrebin Silahı: Fizik", TÜBİTAK, Eylül 200, sf.16

32. http://itb.biologie.hu-berlin.de/~kempter/Publications/2000/PhysRevLett/abstract.html

Кириш сөз

Көптөгөн тармактарга бөлүнгөн инженериянын максаты – адамдардын жашоосун ыңгайлуураак, коопсузураак кылуу жана күнүмдүк жашоону жеңилдетүү. ...