15 Mart 2023 Çarşamba

Суу астындагы инженерлер

Бүгүнкү күндө заманбап суу астындагы кемелерди курууда алдыңкы технологиялар колдонулуп, көптөгөн адис инженерлер жана окумуштуулар иштешет. Максат суунун астында көбүрөөк жүрө алган, азыраак энергия менен, кыймылдоо жөндөмү жогорураак болгон машиналарды иштеп чыгуу. Бирок канчалаган аракеттерге жана коротулган мүмкүнчүлүктөргө карабастан, ал кемелер суунун астында жүрүүдөн жана керек учурда жогору көтөрүлүп төмөн түшүүдөн башка кыймылдарды жасай албайт.

Мындан тышкары, суу астындагы кемелер тереңдиктеги басымдан таасирленбеши үчүн абдан бекем металлдардан жасалышы керек. Ошондой эле, деңиздин түбүндө бул унааларда жашоо үчүн кеменин абдан чоң бөлүгүн керектүү азык-түлүктөр менен толтуруу зарыл. Ошондуктан суу астындагы кемелердин кыймыл жөндөмү чектелүү. Бул багытта изилдөөлөр улантылып, көйгөйлөрдү чечүү жана бул кемелерде колдонулган технологияны өнүктүрүү аракеттери көрүлүүдө. Бирок бул жерде абдан маанилүү бир жагдайды унутпоо керек.

Суунун астында көп санда, ар кандай түрдөгү жаныбарлар жашашат. Ал жаныбарлар да суунун басымына кабылышат жана азыктануу, коргонуу сыяктуу муктаждыктарын суунун астында камсыз кылышат. Бирок жогоруда суу астындагы кемелер тууралуу айтылган жагдайлардын эч бири суу жаныбарларына эч кандай маселе жаратпайт.

Эң кичинекей балыктан эң чоң китке чейин бардык суу жаныбарлары мыкты маневр жөндөмү менен эркин кыймылдап, дене салмагын чеберчилик менен колдонуп эң жогорку натыйжалуулук менен сүзүшөт жана кыйынчылыксыз азыктанышат. Мунун себеби балыктардын бардык түрлөрүнүн сүзүү системалары эч кемчиликсиз долбоорлонгон. Сүзгүч канаттарынын жайгашкан жери атайын тандалган жана куйругунун формасы, бакалоордун өлчөмү, терилериндеги одур-бодурлардын өзгөчөлүктөрү муктаждыктарын эң мыкты камсыз кылат.

Алдыдагы берилген мисалдардан да жаныбарлардагы долбоордун кемчиликсиздигине күбө болосуз. Басым, азыктануу, дем алуу, коргонуу сыяктуу муктаждыктарынын баарын кыйналбай канааттандыра турган системалар алардын денелеринде алгач пайда болгондон бери бар. Башкача болушу мүмкүн эмес, анткени бул жандыктар кемчиликтүү системалар менен суу астында жашай алышпайт.

Бул болсо суу астындагы жаныбарлардын бир заматта кемчиликсиз пайда болгонун, башкача айтканда, алардын баарын Аллах жаратканын бизге далилдейт.




 

Балыктардын жогорку натыйжалуу сүзүү ыкмалары

Дээрлик бардык машиналар туруктуу бир октун айланасында туруктуу айлануу ылдамдыгы менен кыймылдаган жана вал деп аталган тетиктер аркылуу энергия иштеп чыгышат. Жаныбарлар да энергия иштеп чыгышат, бирок алардын иштөө системасы машиналарга такыр окшобойт. Жаныбарлардын бүт денеси кан тамырлар жана нервдер менен курчалган. Ошондуктан машиналардан алда канча мыкты долбоорлонгон жана алга-артка кыймылдаган рычаг сыяктуу түзүлүштөр аркылуу кыймылдашат. Жаныбарлардын энергия иштеп чыгуучу моторлору болуп жыйрылуу жана чоюлуу жөндөмүнө ээ булчуңдары саналат.

Мындай моторлордун бир мисалын суу жаныбарларынан көрүүгө болот. Суу астындагы жаныбарлардагы ар бир рычаг бири-бирине кыймыл бир тегиздикте боло тургандай кылып туташтырылган. Бул кыймылды балыктардын суудагы сүзүшү аркылуу элестете аласыз. Балыктын омурткасы жерде сойлоп бараткан жылан сыяктуу тынымсыз оңго-солго ийилет.

Балык сүзө алуу үчүн куйругун кыймылдатышы жетиштүү болот. Кадимки шарттарда куйрук бир тарапка ийилгенде, балыктын алдыңкы бөлүгү арткы бөлүгүнө карама-каршы багытта жана бирдей күч менен түртүлүшү керек болот. Бирок мындай болбойт. Анткени балыктардын денесинин алдыңкы бөлүгү бул таасирди жойо тургандай кылып жаратылган.

Ошол эле учурда суу кыймыл учурунда баш тарапка вертикалдуу күч менен таасир берет. Булар баш бөлүгүнүн суунун ичинде куйрук бөлүгүнө караганда азыраак термелишине себеп болот. Эки бөлүктүн ортосундагы бул айырма балыктын сууда сүзүшүнө шарт түзөт.

Балыктын алдын көздөй сүзүү ылдамдыгы анын канатынын омурткасынан өткөн октун оң жана солуна барып келүү ылдамдыгынан түздөн түз көз каранды. Канат окко жакындаганда ылдамдык өсөт, алыстаганда болсо азайат.

Балыктардагы система жана механизмдер
жогорку технологиялуу машиналардагы
сыяктуу кылдат пландалган.


Аба баштыкчасы




 

Эң натыйжалуу система

Бул система канчалык натыйжалуу? Термелүүчү куйрукту суу астындагы кеменин моторлоруна салыштырсак, жыйынтык кандай болмок?

Кембридж университетинин профессору Ричард Бейнбридж жана кесиптештери суу астындагы камера менен байкоо жүргүзүү аркылуу бул суроолорго жооп издеген.

Байкоолор суу астында ордунда турган бир балык бир нерседен корккондо укмуш тез ордунан жыла алаарын аныктаган:

Тузсуз сууда жашаган бир кичинекей балык кыймылсыз абалдан 1 секундада денесинен 10 эсе аралыкка секире алат. Бою 20 см болгон балык болсо саатына 8 километр ылдамдыкка жете алат. Балыктын көлөмү чоңойгон сайын ылдамдыгы да өсөт. Профессор Бейнбридж бою 32 см болгон бир балыктын бир топко чейин 13 км/саат ылдамдык менен сүзгөнүн көргөн.50 Балыктын ылдамдыгы анын куйругун шилтөө жыштыгынан түздөн түз көз каранды. Бир балык кыска убакытта куйругун канчалык көп кыймылдатса, ылдамдыгы ошончолук өсөт.

Балыктар сууда сүзүү учурунда көп күч жумшашат. Бирок тез ылдамдануу балыктар үчүн абдан маанилүү, анткени аңчылык кылуу үчүн да, аңчылардан качуу үчүн да тез ылдамдануу керек болот.

Кээ бир кичинекей балыктар кыймылсыз абалдан максималдуу ылдамдыгына секунданын 20дан бириндей кыска убакытта чыга алышат. Ал учурда иштелип чыккан түртүү күчү салмагынан 4 эсе чоң болот.

Бул маалыматтардын эмне мааниге келээрин жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй салыштыруу жасайлы: спорттук унаалар нөл километрден 100 километр ылдамдыкка 4-6 секундада чыгышат. Максималдуу ылдамдыгына жетиши үчүн мындан да көп убакыт талап кылынат.

Мындан тышкары, унутпаш керек болгон абдан маанилүү бир жагдай бар. Балыктар мындай жогорку натыйжалуулугун суунун ичинде көрсөтүшөт жана кээ бир түрлөр агымга каршы сүзүшөт. Суунун каршылыгынын абадан күчтүүрөөк экенин эске алганда, балыктын кубатынын канчалык жогору экенин жакшыраак түшүнөбүз.

Мунун эң жакшы мисалы, албетте, лососьтор.

Океанга чыккан лососьтор туулган дарыясына кайтып бара алса гана, ал жерде жумуртка таштап урпагын уланта алышат. Ошондуктан лососьтор жумуртка таштай турган жерге жете алуу үчүн, тынымсыз дарыянын башатын көздөй, тагыраак айтканда, агымга каршы сүзүшү керек болот. Ал ортодо алдыларынан чыккан шаркыратмалардан да өтүшү зарыл. Ал үчүн лосось турган жеринен болжол менен 4 метр алдыга, суунун деңгээлинен болсо 2 метр жогоруга секириши шарт. Мындай секирик учурунда лососьтордун суудан чыгуу ылдамдыгы саатына 24 километрге жетет. Мындай секириктен кулап кетүү көптөгөн жандыктарды өлүмгө алып барат. Ал эми лосось эч нерсе болбой, кулаган жеринен кайра сапарын улантат. Лососьтордун булчуң жана скелет түзүлүшү мындай секирикке ыңгайлуу болбогондо, албетте, жашай алышмак эмес. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн «Лосось балыгынын таң калыштуу багыт аныктоо системалары» аттуу бөлүмдү караңыз)

Эволюционисттер сууда жашаган балыктар
он миллиондогон жылда кургактыкка чыгып,
кургактыкта жашоочу жандыктарга айланган дешет.
Бирок суудагы жандыктар менен кургактыктагы
жандыктардын органдары, дене түзүлүштөрү
такыр башка жана суудагы жандыктын кургактыкка
ыңгайлашышы, б.а. эволюция болушу
илимий жана логикалык жактан эч мүмкүн эмес.

 

Балыктар ар кайсы багытта кантип кыймылдай алышат?

Белгилүү болгондой, балыктар сууда алдын же артты көздөй гана кыймылдашпайт. Эгер балык суунун ичинде төмөн же жогору карай кыймылдай албаса, жашай албайт. Бул маселе балыктарда жаратылган башка бир долбоор аркылуу чечилген.

Балыктардын денесинде аба баштыкчалары болот. Ал баштыкчалар аркылуу тереңге сүңгүп же суунун бетин көздөй көтөрүлө алышат. Балык тереңге түшкөндө, суунун балыкка тийгизген физикалык таасирлери да өзгөрөт. Балыктар ар кайсы тереңдиктеги ар кандай шарттарга аба баштыкчасындагы газды азайтып, көбөйтүү аркылуу ыңгайлашышат.

Мындан тышкары, балыктардын салмак борборлору да көбүнчө аба баштыкчаларынан өтө тургандай кылып долбоорлонгон. Натыйжада тең салмактуулук бузулганда, канаттарын бир аз кыймылдатуу аркылуу балык кайрадан тең салмакка келе алат же каалагандай абалда тура алат.



 

Сүрүлүүгө каршы атайын тери

Балыктардын көпчүлүгүнүн денеси абдан чыдамкай тери менен капталган. Ал тери астыңкы жана үстүңкү болуп эки катмардан турат. Үстүңкү теринин ичинде былжыр бөлүп чыгаруучу бездер бар. Былжыр жылмакай же жабышчаак болот жана балыктын суудагы кыймылы учурунда сүрүлүүнү минималдуу деңгээлге төмөндөтөт. Натыйжада балыктын ылдамыраак кыймылдашына шарт түзөт. Мындан тышкары, жылмакай болгону үчүн балыктын душмандарына кармалышын кыйындатат. Былжырдын дагы бир касиети, балыкты оору пайда кылуучу организмдерден коргойт.51

Мындан тышкары, балыктардын үстүңкү терисинде кератин52 сымал дагы бир катмар болот. Ал катмар суунун денеге киришине бөгөт коюп, балыктын денесиндеги ички басым менен тышкы чөйрөнүн басымынын тең салмактуулугун камсыздайт. Эгер бул катмар болбогондо, ичине суу киргени үчүн балыктын денесиндеги басым тең салмактуулугу бузулуп, балык өлүп калмак.

Көрүнүп тургандай, балыктардын суудагы кыймылын жеңилдетүүчү көптөгөн системалар бириктирилген. Ал системалардын долбоорлору менен функциялары бири-бирине окшобойт. Бирок бирөөсү болмоюнча экинчиси эч нерсеге жарабайт жана кандайдыр бир кемчилик бар болсо жандык өлөт.

Мисалы, былжыр суюктугу бир жагынан белгилүү деңгээлде жылмакай, экинчи жагынан жабышчаак болушу керек. Ошол эле учурда микробдорду жок кылуучу касиетке ээ болушу шарт. Албетте, бул шарттардын бардыгынын аткарылышы жана анын эбегейсиз химиялык заводдордо эмес, балыктын терисинин астындагы бир нече миллиметрлик катмарда иштелип чыгышы өтө чоң керемет. Эбегейсиз илимди жана кудуретти талап кылган бул өзгөчөлүктөр бизге балыктарды Аллахтын жараткандыгын көрсөткөн далилдерден. Аллах кудуретинин чексиздигин бир аятта төмөнкүчө кабар берет:

... Асмандардагы жана жердегилердин баары Ага таандык, баары Ага чын көңүлдөн моюн сунушкан. Асмандарды жана жерди (үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 116-117)

1- Каптал система; 2- Каптал канал;
3- Суу кирип-чыгуучу эшик;
4- Сырткы тери; 5- Каптал нерв;
6- Нерв байланышы; 7- Сезгич түкчөлөр;
8- Сезгич клеткалар; 9- Нерв.



 

Балыктардагы теңдешсиз сезүү системасы

Жүздөгөн адамдардан турган топтун ичинде турасыз дейли. Баарыңар тынымсыз оңго-солго, туш келди кыймылдагыла деп айтылса, болгондо да караңгыда... Эч кимге тийбей алардын кыймылын ээрчий алат белеңиз? Албетте, жок!

Биз кыла албаган мындай кыймылдар балыктар үчүн абдан оңой. Себеби балыктар «каптал сызык» деп аталган кемчиликсиз бир сезүү системасы менен жаратылган. Бул система дененин эки тарабында узунунан созулган чекиттер же сызыктар түрүндө болот. Системанын сезүү клеткалары теринин астындагы каналда жайгашат.53

Сырткы чөйрөдөгү басымдын болор-болбос өзгөрүшү, суунун толкуну, агымдын күчү жана багыты каптал сызыктар аркылуу дароо аныкталат. Кургактыктагы жаныбарлардын сезүү органдарынан айырмаланып, балыктар суунун басым толкундарын жана химиялык заттарды алып жүрүү жана камтуу жөндөмүн колдонушат. Бул уникалдуу сезүү органдары аркылуу балыктар термелүүлөрдү жарым сезе алышат жана жарым уга алышат. Ошентип душманды же тоскоолдукту көрө электе эле аныктай алышат. Олжолорунун же душмандарынын жайгашкан жерин аныктап, суу агымдарынын ичинде багытын таба алышат. Каптал сызык жакын жердеги төмөнкү жыштыктагы термелүүлөрдү жакшы сезет. Ошондуктан балыктар жээктеги тепкичтерди же суунун бетине түшкөн бир нерсени дароо байкап, ошого жараша чара көрүшөт.

Жээкте сүйлөсөңүз, ырдасаңыз же радио уксаңыз болот. Анткени балыктар мындан коркушпайт. Бирок сууга байланышы бар бир нерсени кыймылдата турган бир кыймыл жасасаңыз, мисалы, пирсти силкилдетсеңиз же сууга таш ыргытсаңыз, балыктын баары көздөн кайым болот.

Жакын жердеги нерселер келген толкунду артка чагылтат. Ошентип бир толкундун жээкке урунушуна окшоп артка кайткан толкундар абдан аз убакыт аралыктары менен балыктын денесине жетет. Балыктагы каптал сызыктар убакыттагы айырмаларды анализдейт жана балык алынган маалыматтан артка кайткан толкундар аркылуу айланасындагы сүрөттөлүштү түшүнөт. Балык ылдамыраак сүзүп, көбүрөөк толкун пайда кылуу аркылуу көбүрөөк маалымат ала алат.

Система кемчиликсиз иштегендиктен, бүт майда-чүйдөсүнө чейин сканерлей алат. Мисалы, Мексика сокур үңкүр балыгы караңгы үңкүрдө жашайт жана караңгыда көрүү үчүн толугу менен каптал сызыктарынан көз каранды. Көздөрү болбосо да, төөнөгүчтүн учунан кичинекей нерселерди да сезе алат.54

Өзгөчө көрүү мүмкүнчүлүгү начар болгон сууларда бири-бирине жакын, чоң топ болуп сүзгөн балыктар да күтүүсүз бурулуштарды сезүү үчүн каптал сызыктарды пайдаланышат.55

Балыктын бул сезүү органы абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ. Мындай сезүү системасынын туш келди кокустуктар аркылуу, убакыттын өтүшү менен акырындап пайда болушу албетте мүмкүн эмес. Ошондой эле, балык жашай алышы үчүн бул система толук бойдон бир заматта пайда болушу шарт. Бул дагы балыктардын эволюционисттер айткандай жай өзгөрүүлөр аркылуу эволюцияланып пайда болбогондугунун, Аллах аларды кемчиликсиз кылып жараткандыгынын дагы бир далили.




 

Пингвиндер жана потенциалдуу энергияны кинетикалык энергияга айландыруу

Император пингвиндеринин инкубация мезгили уюлдук кышка туура келет. Эркек пингвин жумуртка басып отурганда, ургаачысы жумурткадан чыга турган балапаны үчүн азык табууга жөнөйт. Инкубация кылынган жер менен эң жакын азык булагынын ортосундагы аралык кээде 100 километрден ашат. Эне пингвин балапан жумурткадан чыкканга чейинки 4 айлык мөөнөттө тынымсыз кыдырып балапаны үчүн курсагында азык топтойт. Эне жумурткадан чыккан балапанды өз кароосуна алганда, ата пингвин көпкө баса турган узак сапарга чыгат.56

Бирок бул жерде таң калыштуу бир жагдай бар. Пингвиндердин денелери чоң болгону менен, буттары кичинекей болгондуктан, басууну кыйындатат. Бул кадимки шарттарда көбүрөөк энергия коротууга себеп болот. Чектелген азыгы менен узак сапарга чыккан пингвиндер үчүн бул сөзсүз өлүм дегенди билдирет.

Анда пингвиндер кемчиликтей көрүнгөн бул абалга карабай кантип канчалаган километр жолду басып, океанга жете алышат?

Бул суроонун жообу дагы бир жаратылуу кереметин көрсөтөт.

Пингвиндер оңго солго чайпалып басышат. Мындай кызыктуу маятник сымал басуунун өтө маанилүү себеби бар. Минтип басуу аркылуу пингвиндер энергияны бир топ үнөмдөшөт. Пингвиндердин буттары өтө кыска. Бирок пингвиндер кадамдарын каптал жакты көздөй таштаганы үчүн, кыска буттун кемчилигинен кутулушат жана булчуңдары азыраак чарчайт. Ал тургай, ар бир кадамдын аягында кийинки кадамга энергия топтошот.57

Кадамдарын капталга таштабай түз басышканда, пингвиндер өздөрүндөй көлөмдөгү бир жаныбардан эки эсе көп энергия коротушмак. Бирок пингвин бул өзгөчө басуу ыкмасынан улам басып баштаганда жана токтогондо гана энергия коротот. Бул чектелүү азыгы менен океанга жетүүгө аракет кылган пингвин үчүн эң туура ыкма.

Энергияны үнөмдөөчү басуу ыкмасын, албетте, пингвин өз алдынча ойлоп таба албайт. Болгондо да бир пингвин эмес, бардык пингвиндер ушинтип басышат.

Катаал кыш шарттарында жашоосун жеңилдеткен бул ыкманы пингвиндер туулгандан баштап билишет жана колдонушат. Антпесе өлүмгө себеп боло турган оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Катуу суукта пингвин эң аз энергия коротуу үчүн ар кайсы ыкмаларды сынап көрүп, аягында ушул ыкманы тандашы мүмкүн эмес.

Пингвиндердин мындай басуу ыкмасы Аллахтын жаныбарларга болгон боорукердигинин жана мээриминин бир далили. Пингвиндерди жаратып, кантип кыймылдаарын аларга илхам кылган Аллах. Аллах бардык жандыктарга өзгөчө келбет берип, аларды эч кемчиликсиз өзгөчөлүктөр менен жараткан.


Пингвиндин кинетикалык
энергияны колдонуп басышы



Булактар:

49. Science, 9 Haziran 2000, sayı:288, ss.1717-1718

50. "How Fish swim?", Sir James Gray, Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, ss.66-70.

51. Bilim ve Teknik Dergisi, "Hırçın Erkekleri, Barışçıl Dişileri ile Kemikli Balıklar", Gülgün Akbaba, Ekim 1995, sayı:335, ss. 74-77

52. Keratin, derinin alt tabakalarındaki yaşlı hücrelerin besin ve oksijen kaynaklarından uzaklaşarak ölmeleri ve yerlerini genç hücrelere terk etmesi sonucu oluşan sert ve dayanıklı bir maddedir

53. John, Downer, SUPERNATURE, The Unseen Powers of Animals, Published by BBC Worldwide Ltd., London 1999, s. 29

54. John Downer, SUPERNATURE, The Unseen Powers of Animals, Published by BBC Worldwide Ltd., London 1999, s. 32

55. ENCARTA 99, Microsoft Corporation, 2.CD, "Fish / Bodies of fish

56. Ayrıntılı bilgi için bkz: http://www.harunyahya.net/bilim/dusuneninsanlar/dusunen3_4.html

57. Sabah Gazetesi, "Vay bacaksız vay", 23 Aralık 2000

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

Кириш сөз

Көптөгөн тармактарга бөлүнгөн инженериянын максаты – адамдардын жашоосун ыңгайлуураак, коопсузураак кылуу жана күнүмдүк жашоону жеңилдетүү. ...