15 Mart 2023 Çarşamba

Химия инженерлери менен жарышкан жаныбарлар

Бир дары тууралуу маалымат алгыңыз келсе, фармацевтке кайрыласыз. Анткени фармацевт бул тармакта белгилүү бир убакыт билим алган. Бул тармакта көптөгөн китептерди окуп, эксперименттерди жасаган. Дарылардын курамын, кандай кызмат аткараарын, терс таасирлерин абдан жакшы билет жана жетиштүү тажрыйбасы бар. Бирок ошентсе да бир фармацевт же химиялык заттар боюнча бир адис өмүрүндө эч көрбөгөн бир өсүмдүктөгү пайдалуу заттардын курамын сыртынан карап эле биле албайт. Мисалы, бир өсүмдүктү карап «бул өсүмдүктө мобул жандыктын уусуна каршы дары катары колдонула турган бир зат бар» деп айтуу же башка бир уудан айыктыруу үчүн таштарды дары катары колдонууга болоорун божомолдоо бир адам үчүн абдан кыйын. Ал үчүн же билимдүү жана тажрыйбалуу кишилерге кайрылуу, же болбосо эксперименттерди, изилдөөлөрдү ж.б. жүргүзүү керек болот.

Бир гана божомолго таянуу абдан кооптуу. Мисалы, уулуу жылан чаккан бир адам дароо дарыланышы шарт. Бир саамга кечигүү да өмүргө коркунуч туудурган мындай олуттуу шартта ыктымалдыктарга таянып, ар нерсени жасап көрүүгө мүмкүнчүлүк болбойт.

Адамдар эксперимент жасабастан кыла албай турган мындай оор жумушту табияттагы көптөгөн жандыктар миллиондогон жылдан бери жасап келе жатышат. Мисалы, бул бөлүмдө терең карала турган чоң сакал текелер (безоар текелери) жыландын уусунан кантип айыгууга болоорун билишет. Акылы жана аң-сезими жок бир жандыктын көрөөр замат өсүмдүктөгү заттын курамын түшүнүшү, анын кандай ишке жараарын туура аныктап, аны кайсы учурда колдоноорун билиши, болгондо да, ал түрдүн бардык мүчөлөрүндө бул маалыматтын болушу бизге бир гана акыйкатты далилдейт:

Бул жандыкка буйрук берген, ага керектүү маалыматтарды илхам кылган жана анын кыймыл-аракеттерин башкарган бир күч-кудурет бар: Ал күч Улуу Аллахка таандык.

 

ЧОҢ САКАЛ ТЕКЕЛЕРДИН ХИМИЯ БИЛИМИ

Чоң сакал текелер типтик, дубалдай аскаларга чыга алган эчкилердин бир түрү. Туяктарынын астынын одуракай болушу жана буттарынын астындагы жумшак жаздыкчалар бул жандыктардын шамдагай кыймылдашына шарт түзөт. Бирок эчкилердин бул түрүнүн эң кызыктуу тарабы – алардын химия билими. Аты фарс тилиндеги «дары» (безоар) деген мааниге келген чоң сакал текелер өзүн-өзү дарылоо боюнча мыкты адис.

Чоң сакал текелер эгер жылан чагып алса, ошол замат айланасында өскөн сүттүкөн өсүмдүктөрүнүн бир түрүн жеп башташат.

Бул абдан таң калыштуу кыймыл-аракет. Анткени чындап эле сүттүкөндүн суюктугундагы «эуфорбон» заты кандагы жыландын уусунун таасирин жок кылат.3

Бул жерде аң-сезимдүү жана акылман адамдын оюна төмөнкүдөй суроолор туулат. Кадимки оттоо учурунда сүттүкөнгө оозун да тийгизбеген эчкилерди бул өсүмдүктөрдү дарылык катары колдонууга эмне түрткү болот? Жыландын уусунан айыктыра турган бир чөптү издөө керек экенин бул жандыктар кайдан билишет? Чоң сакал текелер сүттүкөн чөптөрүнүн ичинде кайсы химиялык заттардын бар экенин жана ал заттардын жыландын уусунан айыктыра алаарын кайдан билишкен?




Эчкилер жылан чагып алганда, тапкан бардык чөптөрүн жеп көрүү аркылуу, башкача айтканда, жасап көрүү-жаңылуу ыкмасын колдонуу аркылуу кайсы чөптүн уудан айыктыра алаарын аныктай алышпайт. Жашаган аймагында керектүү чөптү табууга аракет кылып, чөптүн жүздөгөн түрлөрүнүн арасынан жеп көрүп баштай турган болсо, бир канчасына гана убактысы жетиши мүмкүн. Ошол учурда керектүүсүн таба алса дагы, эчки жылан чаккан сайын эң туура чөптү таба алышы керек болот. Ошого карабастан, эчки муну да кыла алды дейли. Бирок бул дагы жетиштүү болбойт. Анткени эчкилердин бул түрү тукум курут болбошу үчүн, анын бардык мүчөлөрү ушундай кыла алышы шарт.

Ошондуктан туура чөптү аныктай алган алгачкы эчки тажрыйбасын башкаларга өткөрүп бериши керек болот. Бирок бир жандык кийин үйрөнгөн кандайдыр бир маалыматты өзүнөн кийинки урпактарга генетикалык жол менен өткөрүп бере албайт. Буга төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот: абдан даярданып, университетке кирүү сынагында биринчи болгон бир адамды элестетели. Ал адамдын көп жыл бою окуп үйрөнгөндөрүнүн же кылган аракетинин төрөлө турган баласына же небересине эч кандай пайдасы тийбейт. Үйрөнүлгөн маалыматтар же кыймыл-аракеттер ошол жандыкка гана таандык болот. Алар жандыктын гендерине сырттан кийлигишүү аркылуу жайгаштырыла албайт жана ошондуктан кийинки урпактарга өткөрүлө албайт. Ар бир муун ал маалыматтарды эң башынан үйрөнүүгө мажбур.

Мындай мисалдар тууралуу тереңирээк ойлонуу жандыктардын кыймыл-аракеттеринин кокусунан пайда болбой турганын түшүнүүгө жетиштүү болот. Бардык жандыктарга аларга керектүү маалыматтарды Аллах илхам кылып, үйрөтөт. Эч бир жандык көзөмөлсүз, кожоюнсуз эмес жана кокустуктардын агымына ташталган эмес. Курандын бир аятында Аллахтын бардык жандыктарды толук көзөмөлдөп, башкарып тураары төмөнкүчө кабар берилет:

Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)



 

КУМУРСКАЛАР КИСЛОТА ЗАВОДУН КУРА АЛЫШАБЫ?

Кумурскалардын денелеринде кумурска кислотасы (H2CO2) аттуу химиялык затты иштеп чыгуучу бездер бар.4 Кумурскалар антибиотик таасири бар ал затты денелерине тынымсыз сүртүп турушат. Ошентип уяларында жана өздөрүнүн денелеринде бактерия жана козу карындардын пайда болушуна бөгөт коюшат.

Кумурскалардын денелеринен бөлүп чыгарылган бул кислотадан кабардар болуп, аны кантип колдоноорун билиши таң калыштуу. Бирок мындан да таң калыштуусу, башка жандыктар да кумурскалардын бул касиетин билишет.

Канаттуулардын кээ бир түрлөрү кумурскалардагы бул кислотаны колдонушат. Канаттуулар кумурскаларга окшоп химиялык заттарды бөлүп чыгара алышпайт. Бирок кумурска дөбөлөрүнө бат бат барып, кумурскалардын мамыктарынын арасында басышына жол берүү аркылуу алардын чыгарган кислотасынан пайдаланышат. Бул ыкма аркылуу денеси кумурска кислотасына буланган канаттуу үстүндөгү бардык паразиттерден тазаланат.

Кумурска козу карындан кумурска кислотасынын коргой турганын же бул кислотанын формуласын кайдан билет? Денесинде ушунчалык кооптуу кислота бөлүп чыгарылганына карабастан, кумурскалар кантип андан зыян көрүшпөйт? Андан дагы, канаттуулар кумурскаларда кислота бар экенин жана аны паразиттерден кутулуу үчүн колдонууга болоорун кайдан билишет?

Эң биринчиден, бул химиялык зат кантип пайда болгон деген суроого жооп берүү керек. Кандайдыр бир касиети бар, пайдалуу химиялык зат өзүнөн-өзү эч качан пайда болбойт. Кумурска кислотасын алалы. Бул кислотанын синтезделишинде кандайдыр бир ката кетсе, химиялык зат антибиотик касиетин жоготот. Ошондой эле, башка зыяндуу заттардын пайда болуу ыктымалдыгы да бар.

Демек бул затты кумурска синтездеген, же болбосо, бул кислота кумурсканын денесинде кокусунан пайда болгон деп айтуу эч кандай логикага сыйбайт. Бирок ошого карабастан, кислотанын формуласы дал талап кылынгандай пайда болду деп элестетели. Бул дагы эч нерсени өзгөртпөйт, анткени кумурсканын денесинде бир жагынан кислота иштеп чыгып, экинчи жагынан кумурсканы анын зыянынан коргой турган бир система керек болот. Ошондуктан кумурскада булардын баары бир учурда бар болушу шарт. Бул кумурскадагы бездердин, эволюционисттер айткандай, акырындап бир-бирден пайда болбой турганын апачык айгинелейт.

Бул жандыктардын эч бири буларды өз алдынча жасай албайт. Чындыгында кумурскалар бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге бир заматта пайда болушкан. Кумурска кислотасын да, аларды иштеп чыга турган бездерди да, кумурскаларды да чексиз илим ээси Аллах жараткан.

Канаттууларга кумурскалардын уюктарына барып, кумурска кислотасынан пайдаланууну илхам кылган да Аллах. Аллах бардык жандыктардын муктаждыгын билет жана ошого жараша керектүү нерселерди кемчиликсиз жараткан. Аллах бүт нерсени ороп-курчап тураарын бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чындыгында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чындыгында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, көрүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)



 

КУРТ-КУМУРСКАЛАРДАГЫ ХИМИЯЛЫК БАЙЛАНЫШ: ФЕРОМОНДОР

Кумурскалар жана бал аарылар уюктарын өтө алыска кетишсе да адашпай табышат. Кээ бир курт-кумурскалардын личинкалары коркунуч учурунда бир жерге топтолуп коргонушат. Көптөгөн жаныбарлар жашаган аймагына ээлик кылышат. Мындан тышкары, курт-кумурскалардын бардык түрлөрүндө жупталгысы келген эркек менен ургаачылар алыс аралыкта болушса да, бири-бирин оңой эле табышат. Бул кыймыл-аракеттердин окшош жагы, булардын баары бир байланыш ыкмасы аркылуу ишке ашат.

Организмдердин көптөгөн түрлөрү байланышуу үчүн бир белги колдонот. Курт-кумурскалардын колдонгон белгиси «феромон» деп аталат. Феромондор «гормонду алып жүрүүчүлөр» деген мааниге келет жана бир түргө таандык мүчөлөрдүн арасында колдонулган химиялык заттар болуп саналат. Көбүнчө атайын бездерде иштелип чыгып айланага таратылат. Курт-кумурскалардын кыймыл-аракеттеринде өзгөрүүлөргө себеп болот.

Феромондор башында гормондор менен бирдей деп каралган. Гормондор сыяктуу аз санда чыгарылып, жашоонун белгилүү бир функциясын аткаруу милдетин аркалаганы менен, гормондордон айырмаланып дененин сыртына чыгарылат. Феромондор адатта бир түргө таандык. Ар кандай кызматтарды аткаргандары жана курамы ар кандай болгондору да бар. Феромондордун таралуу жөндөмү абдан жогору жана 7-8 километр алыстан да таасир бере алышат. Аралык, температура, шамал жана нымдуулук сыяктуу факторлор да феромондордун таасирин азайтып көбөйтүшү мүмкүн.

Феромондор из калтыруу-белги коюу, коңгуроо кагуу, топтолуу, чогуу жашаган курт-кумурскаларда ханышаны (уюктун энесин) багып чоңойтуу же жыныстык жетилгендикти контрольдоо сыяктуу иштерде колдонулат. Мындан тышкары, жыт аркылуу таасир берүүчү жыныстык феромондор да бар.

Феромондор аркылуу байланыш түзгөн жандыктар тууралуу маалыматтарды окуп жатканда, абдан маанилүү бир жагдайды унутпаш керек. Ар бир түрдүн колдонгон формуласы өзүнө гана таандык. Курамындагы химиялык заттар бири-бирине окшобойт. Бул затты бөлүп чыгарган жандык да, чыгарылган зат аркылуу жиберилген билдирүүнү кабыл алган жандык да бул формуладан кабардар. Мындан тышкары, алдыда каралгандай, башка түргө таандык формулаларды чечмелеп, аларды туураган жандыктар да бар.




 

Феромондор аркылуу байланышуу

Феромондор аркылуу байланышуу ыкмасы көбүнчө аары, кумурска, термит сыяктуу чогуу жашаган курт-кумурскаларда кездешет. Жерге калтырылган химиялык издерди курт-кумурскалардын бардык баскан жерлеринен, дарактардан, бутактардан, жалбырактардан жана мөмө-жемиштерден көрүүгө болот. Абадагы издер болсо учуучу курт-кумурскалар тарабынан чыгарылат жана тынымсыз жаңыланып турушу шарт. Жыт аркылуу таасир берүүчү жыныстык феромондор ушул топко кирет.

Курт-кумурскалар көлөмүнүн кичинекейлиги жана учуу жана ылдам кыймылдоо сыяктуу өзгөчөлүктөрүнөн улам абдан кеңири аймактарга тарай алышат. Бул өзгөчөлүгү бир караганда көбөйүү үчүн маселе жаратчудай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул маселе феромондор аркылуу чечилген.




Жыт аркылуу таасир берүүчү жыныстык феромондор эркек менен ургаачы курт-кумурскаларды бири-бирине табыштырат. Мисалы, Лимантридалар тукумуна таандык көпөлөктөрдүн бир түрүндө ургаачынын денесинин арт жагынан абага чыгарылган жытты эркек күчтүү антенналары аркылуу сезет. Эркек 8 километр алыстан да сезе алган бул жытты эч бир жыт баса албайт. Бул түрдүн ургаачысы канатсыз болгону үчүн кыймылдабайт. Эркек ургаачынын жыты аркылуу аны табат жана ошентип жупталышат.5

Феромондор аркылуу байланышуунун дагы бир таң калаарлык мисалы алча чымындарында (Rhagoletis cerasi) кездешет. Алча чымыны жумурткаларын алчанын мөмөсүнө таштаган соң, денесинен бир феромон бөлүп чыгарып мөмөгө калтыруу аркылуу жумурткаларын коргойт. Ал мөмөгө келген башка чымын феромонду байкап, анын маанисин түшүнөт. Ошол замат жумурткаларын таштоо үчүн башка алча дарагын издеп жөнөйт.6




Капчы (Bagworm) көпөлөктөр болсо феромондорсуз тукумун уланта албайт. Көпөлөктөрдүн бул түрү душмандарынан коргонуу үчүн личинка убагында өзүнө камуфляж баштыгын жасайт. Личинка баштык жасоодо үстүндө жашап жаткан өсүмдүктүн жалбырактары жана бутактары сыяктуу материалдарды колдонот. Капчы көпөлөктөр баштыгынан эч чыкпай өмүр сүрүшөт. Ал тургай, азыктанган учурда да баштыгынан чыгышпайт. Өзгөчө ургаачылар жетилген учурда да канаттары менен буттары болбогону үчүн, баштыктан чыга алышпайт.

Жупталуу да ошол пилланын ичинде, ургаачылар бөлүп чыгарган бир феромон аркылуу ишке ашат. Ургаачы жупталуу үчүн даяр болгондо, баштыгын жумшарта турган бир химиялык зат бөлүп чыгарат. Ал зат эркек көпөлөктүн пилланын ичине киришин жеңилдетет. Ургаачы бөлүп чыгарган жыныстык феромонду байкаган эркек көпөлөк кыртышы жумшарып калган баштыктын ичинен кичинекей тешик жасайт жана ургаачыны эч көрбөстөн аны менен жупталат. Андан соң ургаачы баштыктын ичине жумурткаларын таштайт. Эркек жасаган тешикти жабуу үчүн ургаачы денесинен башка бир затты иштеп чыгат. Бул процесстерден көп өтпөй өлөт. Курттар жумурткалардан чыкканда баштыкты тешип сыртка чыгышат жана жаңы баштыктарды жасап, өрчүүнү улантышат.7

Бул жерге чейин берилген мисалдардан апачык бир чындыкты көрүүгө болот. Бул жандыктар абдан ийгиликтүү иштерди жасашат. Өзүнүн түрүнө таандык жытты ошол замат таанышат, ал тургай, канчалаган километр алыстан да ал жытты сезе алышат. Азыркы технология менен бир адам же бир машина бир канча километр алыстагы жытты сезе албайт. Ал эми көлөмү 1-2 сантиметр болгон курт-кумурскалар болсо денелериндеги атайын кабылдоочуларын колдонуп жыттарды сезе алышат. Аллах бул жандыктарды кемчиликсиз системалар менен жараткан. Теңдешсиз жаратуучу Аллах абдан улуу.

Кооздугу менен көңүл бурган «Barred Sulphur» түрү Флориданын эң кеңири тараган көпөлөктөрүнүн бири. Эркектин алдыңкы канаттарынын жогору жагынын бурчтарынан кара сызык өтөт. Ургаачыларда мындай кара сызык болбойт. Эркек көпөлөктөрдөгү бул кара сызыктын үстүндө жыт кабырчыктары жайгашат. Ал кабырчыктар ургаачыга таасир берип, аны эркектин турган жерин көздөй тарткан атайын атыр бөлүп чыгарышат.8

Ио көпөлөгүнүн эркегинин башында түккө окшогон антенналары бар. Ал антенналар көпөлөктүн кемчиликсиз жыт сезүү органынын булагы жана ал аркылуу 1,5 километрден алысыраак жерден түгөйүн байкап, анын ордун аныктай алат.9

 

Феромондордун жалпы өзгөчөлүктөрү

Кээ бир курт-кумурскалардын жыныстык гормондору күндүн белгилүү убактарында чыгарылат. Мисалы, «Sporganothis pilleriana» көпөлөктөрү жыныстык феромондорун ар дайым күндүз саат 11:00-16:00 арасында чыгарышат. «Apis mellifera» түрүнө таандык бал аарыларда болсо ургаачынын жыныстык феромон бөлүп чыгарышы өмүр бою уланат. Бул аарылардын жупталуудан кийин чыгарган феромону уюктун ичинде башаламандыкка алып келе турган жаңы эне аарынын жетилишине бөгөт койот.

Чогуу жашаган курт-кумурскаларда феромондор азык-түлүк алмашуусуна да шарт түзөт. Мындан тышкары, колонияны коргоого көмөкчү болгон феромондор да бар. Колониянын мүчөлөрү феромондор аркылуу бири-бирин таанышат жана андай жыты жок чоочундарды колонияга киргизишпейт.

Мисалы, «Holictidae» түрүнө таандык аарылар колониянын бүтүндүгүн өздөрүнө таандык бир феромон аркылуу сакташат. Бул аарылар уяларынын оозунун топурак тарабын жана негизги уянын жогору жактарын бир секреция менен капташат. Бул аарылардын секрециясы «макроциклдик лактон» деп аталган химиялык аралашмадан турат. Колониянын ар бир мүчөсүнүн лактон аралашмасы башкалардан айырмаланат жана ал аралашма ал мүчөнүн кандайдыр бир мааниде химиялык «манжа изи» болуп саналат.

Колониядагы жумушчу аарылар уянын оозуна жана жогору тараптагы туннель аймактарына өзүнүн секрецияларын чыгарышат. Ошентип колониянын бардык мүчөлөрүнүн лактон аралашмалары топтолот. Ошентип уянын босогосуна жана өзүнө таандык өзгөчө жыты пайда болот. Бул маанилүү, анткени бул аарылар жашаган аймактарда бир жерде жүздөгөн уя жайгашат. Босогодогу бул жыт жумушчулар кайтып келгенде жүздөгөн уянын арасынан өзүнүкүн таанышына шарт түзөт. Мындан тышкары, уюкту коргогон күзөтчү аарылар да уялаш жолдошторун кайтып келгенде ошол жыт аркылуу таанышат. Көрүнүп тургандай, бул кичинекей аарылардын жыттарды айырмалоо жөндөмү адамдын мурдунун химиялык сезүү жана айырмалоо жөндөмүнөн алда канча жогору.10

 

Туурамчы феромондор

Феромондорго байланыштуу эң кызыктуу жагдайлардын бири – бул кээ бир жандыктардын башкалардын колдонгон феромондорун туурай алышы. Мисалы, кээ бир гүлдөр курт-кумурскалардын феромондорго болгон сезгичтигинен пайдаланышат жана аларды окшош заттарды бөлүп чыгарып алдашат.



Ошондой эле, феромондор түрлөрдүн урпагын улантышына да көмөк көрсөтөт. Борбордук Америкада жашаган «Флорида ханышасы» аттуу көпөлөк түрүнүн канаттарынын түсү жана чиймеси башка көпөлөк түрүнүн канаттарынын түсүнө жана чиймесине абдан окшош. Бул эки түргө таандык көпөлөктөр түгөй табуу аракети учурунда бири-биринин түсүнө алданганы менен, эркек өзүнүн түрүнө тиешелүү ургаачыны жытынан тааныйт. Эркек өзүнүн феромонунун жытын оңой сезиши үчүн ургаачы канаттарын желпүүр катары колдонуп, жытты эркекти көздөй жөнөтөт. Ошентип түрдүн урпагынын уланышы кепилдикке алынат.11

 

Чогулуу убактысы келгенде…

Чогулуу феромондору курт-кумурскалардын эс алуу убакыттарында чыгарылат жана түрдүн башка мүчөлөрүн бир жерге чогултат. Аары, кумурска жана термит сыяктуу курт-кумурскалар феромондор аркылуу чогуу жашашат.

Кабыкчылдарда (Ipidae жана Scolytidae түрлөрүндө) азыктануу жана жумуртка таштоо үчүн ылайыктуу дарак коңулун тапкан мүчөлөр феромон бөлүп чыгаруу аркылуу колониянын башка мүчөлөрүн ал жерге чакырышат.12

Феромондордун курт-кумурскаларга канчалык таасир берээрин жакшыраак түшүнүү үчүн оттуу кумурскаларды мисал келтирели. Оттуу кумурскалар ийнелерин жерге тийгизип артындагы колониянын мүчөлөрүнө аларды ээрчиши үчүн жыттын изин калтырышат. Тема боюнча адистердин бири Гарвард университетинде эмгектенген Э. О. Уилсон бул жыттын таасири тууралуу мындай дейт:

«Кумурсканын калтырган 1 миллиграммдык из феромону бир колонияны жердин айланасын үч жолу айландыра алат.»13




Феромондордун бул кереметтүү таасирин эске алганда, чогуу жашаган курт-кумурскалар үчүн анын канчалык маанилүү экенин жакшыраак түшүнүүгө болот. Өзгөчө кандайдыр бир коркунуч учурунда байланыш системасындагы кемчиликтер маанилүү көйгөйлөрдү пайда кылат. Коркунуч учурунда чыгарылган феромондор бүтүндөй колонияга коңгуроо кага алат.

Учуучу касиетке ээ жана кыска убакыт таасир берүүчү коңгуроо феромондору көптөгөн түрлөрдө окшош. Кандайдыр бир коркунуч учурунда кумурскаларда дененин арт жагындагы бездерден, бал аарыларда ийне бездеринен, башка кээ бир курт-кумурска түрлөрүндө болсо ооз жагында жайгашкан бездерден феромон бөлүп чыгарылат. Кумурскалар чабуул жасоо максатында чогултуу үчүн да коңгуроо феромонун бөлүп чыгарышат. Феромон колонияны бир жерге топтоп, көп сандагы мүчөнү коргонууга катыштырат.

Мисалы, кээ бир өсүмдүк мителеринин курт-кумурскалардын чабуулуна туш болгондо бөлүп чыгарган коңгуроо феромону жакын жердеги башка өсүмдүк мителерин ал жерден качырат. Өсүмдүк мителери бул химиялык сигналдарды антенналарындагы атайын кабылдагычтар аркылуу сезишет.

Ошондой эле, термиттер дөбөлөрүнүн жарака кеткенин байкаганда, коңгуроо катары бир жыт чыгарып башка термиттерди тешикти оңдоого жана уяны чабуулдардан коргоого чакырышат.

Бул жерге чейинки мисалдардан байкалгандай, бардык жандыктар өзүнүн түрүнө таандык феромондун формуласын таанышат жана ал феромон аркылуу берилген буйрукту толук аткарышат. Бир курт-кумурсканын химиялык заттарды айырмалай алышы жана ал заттын кодун чечмелей алышы, албетте, ойлоно турган жагдайлардын бири. Курт-кумурскалар бул ишти кантип мыкты аткарышат?

Ал үчүн алгач секрециянын курамын билиши, башкача айтканда, аны анализдеши керек. Анализдөө үчүн техникалар менен жабдылган лаборатория талап кылынат жана, албетте, бул тууралуу билим да керек. Бирок курт-кумурскалардын денелеринде жогорку технологиялуу лабораториялар да, техникалык жабдыктар да жок... Ошого карабастан өтө ийгиликтүү анализ жасашат жана феромондор аркылуу жиберилген билдирүүлөрдү эң туура түшүнүп, керектүү иштерди аткарышат.

Бир адам буларды жасай алуу үчүн химия инженериндей билим алып, белгилүү бир тажрыйбага ээ болушу шарт. Курт-кумурскаларга болсо билим да, тажрыйба да керек эмес. Аларга секрециялардын эмне мааниге келээрин түшүнүү үчүн билим талап кылынбайт, анткени туулганда эле муну билишет. Өзүнүн түрү менен башка түрлөрдүн секрецияларын бири-бирине чаташтырбайт (тууроо аркылуу алдангандардан тышкары), себеби аларды тиешелүү феромондорду аныктоочу система менен бирге Улуу Аллах жараткан.

Аллах Йусуф Сүрөсүндөгү аяттарда асмандардагы жана жердеги жараткан нерселерине көңүл буруп, мындай деп билдирет:

Асмандарда жана жерде канчалаган аяттар бар; жанынан өтүп, андан тескери бурулуп кетишет. Алардын көпчүлүгү Аллахка ыйман кылышпайт, шерик кошуп гана турушат. (Йусуф Сүрөсү, 105-106)

 

МААНИЛҮҮ БИР БУЛАК: ДИАТОМДОР

Диатомдор – бул микроскопиялык өсүмдүк балырлар. Эң чоңунун диаметри 1 миллиметрге жеткен бул кичинекей жандыктардан 1 сантиметр куб деңиз суусунда болжол менен 10 миң даана жайгашат. Бирок диатомдордун баары сууда жашашпайт. Кээ бирлери жер бетинде, дарактардагы мохтордо жана нымдуулук жетиштүү болгондо дубалдарда да жашай алышат. Алтын сымал сары, күрөң түстөгү бул балырлар жарык, суу, көмүр кычкыл газы жана керектүү азыктар бар бардык жерде кездешет.

Кургактыкта жашаган жандыктар, адамдар да кошо, өмүрү үчүн кандайдыр бир мааниде диатомдорго карыздар. Биз дем алган кычкылтектин көпчүлүк бөлүгүн фотосинтез аркылуу диатомдор иштеп чыгышат. Диатомдордо көптөгөн тешикчелер бар. Ал тешикчелер аркылуу азыктар ич тарапка кирип, газ алмашуу ишке ашат. Диатомдорду кычкылтек иштеп чыгуучу микрозаводдорго салыштырууга болот. Триллиондогон диатомдор газ алмашуунун натыйжасында өздөрүнүн муктаждыгынан абдан көп кычкылтек иштеп чыгып, атмосферадагы кычкылтектин деңгээлине өтө чоң салым кошушат.

Мындан тышкары, океандардагы азык чынжырында да өтө маанилүү роль ойношот. Диатомдор жаныбар планктондорду түзгөн кичинекей жандыктардын негизги азык булагы. Жаныбар планктондорду болсо чоңураак түрлөрдүн азык булагы болгон сельдь сыяктуу балыктар жешет. Мисалы, абдан чоң көлөмдөгү бүкүр кит сыяктуу жандыктар да диатомдор менен азыктанышат. Бир кит бир канча саат ток болушу үчүн бир канча жүз миллиард диатом талап кылынат.

Диатомдордун эң таң калыштуу өзгөчөлүгү болсо – бул алардын жасаган кабыктары. Диатомдор кереметтүү архитекторлор. Өздөрүнө суунун ичинде опалдан үйлөр курушат. Ал үйлөр кээде жаркыраган тобурчакка, кээде спиральга, кээде болсо жаркыраган кристалл люстрага окшошот. Эң кызыгы, диатомдордун жыйырма беш миңден ашуун түрү болгону менен, эч биринин кабыгы экинчисине окшобойт. Кар бүртүкчөлөрүнүн бири-бирине окшобошу сыяктуу, диатомдордун көрүнүшү да ар түрдүү болот.

Диатомдор сууда ээриген кремнийди баалуу таш опалга окшогон кремний диоксидине айландырып, кабык жасашат. Мунун натыйжасында пайда болгон айнек сымал кабыктар абдан көп түрдүү болушат жана кемчиликсиз архитектурага ээ. Диатомдордогу азыктардын киришине жана газ алмашууга мүмкүнчүлүк түзгөн тешикчелер ошол эле учурда анын түзүлүшүн да ичкертишет. Эң мыкты долбоорлорду жасаган бир архитекторду элестетиңиз. Бирок ал архитектордун материалдар тууралуу билими жетишсиз же архитектуралык долбоорду жасоого керектүү материалды таба албады дейли. Анда анын долбоорлоо таланты эч нерсеге жарабайт. Ал эми диатомдор бир жагынан абдан таланттуу архитекторлорго окшосо, экинчи жагынан кичинекей денелеринде бир катар химиялык жөнгө салуулар аркылуу кемчиликсиз чыгармаларды пайда кылышат. Диатомдор төөнөгүчтүн башындай көлөмгө ээ болгон, нерв системасы жана мээ түзүлүшү жок микроскопиялык жандыктар. Бул жандыктардын химия же архитектура окугансып иштеп чыгарган абдан кооз кабыктарынын кокусунан пайда болбошу айдан ачык. Болгондо да бардык диатомдор бир эле материалды колдонуп, касиеттери окшош, бүт баары кемчиликсиз, бирок көрүнүшү бири-бирине такыр окшобогон кабыктарды жасашат. Диатомдордогу бул кемчиликсиз архитектура жана сансыз көп түрдүүлүк, албетте, Аллахтын теңдешсиз чеберчилигинин бир мисалы.




 

Чебер пландоо

Диатомдор тууралуу изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар эң кереметтүү көрүнүштөргө көбөйүү мезгилинде күбө болушат. Алгач диатомдордун дары капсуласына окшогон кабыктары экиге бөлүнөт. Андан соң диатомдун өзөгү экиге бөлүнүп, өз-өзүнчө жарым кабыктын ичине жайгашат. Жаңы диатомдор андан соң калган жарымын толуктай башташат. Кабыктын жарымынан турган диатомдор бир аз кичинекей болушат. Алар бөлүнгөн сайын андан да кичирейет.

Диатомдор өтө чоң ылдамдыкта, кээ бирлери сегиз, ал тургай, төрт саатта бир бөлүнүп көбөйүшөт. Ошондуктан 10 күндүн ичинде бир диатомдон 1 миллиарддай диатом пайда боло алат. Чындыгында бул абдан кылдат пландоо. Диатомдордун дүйнөнүн эң негизги кычкылтек булактарынын бири болуп туруп, ылдам көбөйүү касиетинин болбогонун элестетиңиз. Анда иштелип чыккан жалпы кычкылтектин көлөмү ар дайым чектелүү болгондуктан, диатомдордун бул касиетинин эч кандай мааниси болмок эмес.

Эң жөнөкөй бир заводдо да товарлардын өндүрүш көлөмүн жана ылдамдыгын пландоо керек болот. Антпесе завод базарга же кем, же ашыкча товар чыгарат. Ошондуктан белгилүү убакыттан кийин өндүрүшкө керектүү жаңы булактарды пайда кыла албайт. Ушул себептен университеттерде өндүрүштү уюштуруу жана пландоо сабактары окутулат.

Бул жерде диатомдор муну кантип пландашат деген суроо туулат. Диатомдор дүйнөдөгү кычкылтек муктаждыгын камсыздоо үчүн сандарын канчага жана кандай ылдамдыкта көбөйтүүлөрү керек экенин өз алдынча биле алышабы? Андан соң ишкана инженерине окшоп өндүрүштүн ылдамдыгын жана өнөр жай инженерине окшоп өндүрүш ыкмасын иштеп чыга алышабы? Албетте, жок! Адамдар дагы канча жылдык адистик билим алган соң гана түшүнө алган маалыматтарды диатомдор өз алдынча эч качан биле алышпайт.

Диатомдорго башка жандыктардын кычкылтек муктаждыгын камсыздай ала турган көбөйүү ылдамдыгын жана ыкмасын илхам кылган бир «эрк» бар. Ал эрк бүт нерсенин кожоюну, бүт нерсеге кудуреттүү, бардык жандыктарды башкарып, жасай турган иштерин аларга илхам кылган Улуу Раббибизге таандык.

 

Адамдар колдонушу үчүн жаратылган идеалдуу чийки зат

Диатомдордун өзүнүн азыктары да адамзат үчүн маанилүү. Бул организмдер фотосинтез аркылуу өндүргөн кичинекей май бөлүкчөлөрү формасындагы азыктарын клеткаларынын ичинде сакташат. Ал май бөлүкчөлөрү акырындап чогулуп, геологиялык жана биологиялык күчтөрдүн да таасири менен мунайзат кендеринин пайда болушуна себеп болушат. Биз азыр колдонуп жаткан мунайзаттын көпчүлүгү тарыхка чейинки мезгилдерде деңиздерде өлгөн диатомдор тарабынан пайда болгон.14

Тынч океандын түндүк тарабынын жана Түндүк Муз океанынын 30 миллион километр квадраттык аянтынын түбү өлүк диатом катмарлары менен капталган. Ал катмарлар акырындап фоссилге айланып, диатомиттерди пайда кылат. Диатомиттер өнөр жайда колдонулат. Диатомит жеңил салмагы жана тешикчелери менен идеалдуу чыпка (фильтр) түзүлүшүнө ээ. Бул касиетинен улам космос өнөр жайында, ошондой эле, зыянкечтерге каршы каражаттарды жана бойокторду өндүрүүдө колдонулат.

Адамдардын көпчүлүгүнүн диатомдордон жана алардын пайдаларынан кабары да жок, бирок бул диатомдордун жашоо үчүн маанисин өзгөртпөйт. Диатомдор атайын жаратылган организмдер жана дүйнөдө көптөгөн тең салмактуулуктардын камсыз кылынышында маанилүү роль ойношот.

Бул организмдердин белгилүү химиялык процесстер аркылуу абдан кооз жана архитектуралык жактан чебер кабыктарды жасашы Аллахтын адамдар үчүн жараткан кооздуктарынын бири. Биз билген жана билбеген жандыктардын ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрү Аллахтын чексиз кудуретин жакшыраак түшүнүү үчүн бир себепчи болуп саналат. Аллах бир аятта мындай деп билдирет:

Силер үчүн жердегилердин баарын Ал жаратты... (Бакара Сүрөсү, 29)

 

КӨП ТАРАПТУУ АДИСТЕР: КОАЛАЛАР

Коала Австралияда жашаган капчыктуу жаныбарлардын эң белгилүүлөрүнүн бири. Бул жаныбарлар жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн эвкалипт дарактарынын үстүндө өткөрүшөт.

Коалалардын дене түзүлүшү ошол дарактардын үстүндө ыңгайлуу жашоо өткөрө турган өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, колдору менен тырмактары жоон эвкалипт дарактарына оңой чыгууга ыңгайлуу, алдыңкы буттарындагы биринчи эки манжасы калган үчөөнөн өзүнчө жайгашкан. Өзүбүздүн колубузга салыштырсак, экиден баш бармагы бар деп айтууга болот. Арткы буттарындагы баш бармактар да калган манжаларынан өзүнчө жайгашкан жана калган төрт манжа сыяктуу тырмактары курч эмес. Башка манжалардан айырмаланган бул баш бармактар кичирээк бутактарды кармоого ыңгайлуу.

Коаланын тырмактары дарактардын жумшак жана жылма сөңгөгүнө илмек сыяктуу илинет. Ошентип жаныбар бутактарга жабыша алат. Төрт буту тең биздин бир таякты кармашыбыз сыяктуу дарактын бутактарын кармаганга ыңгайлуу жана коала бутактарды кармап дарактын үстүндө жүрө алат.15

Коаланын эвкалипттерде жашашына мүмкүнчүлүк берген дагы бир өзгөчөлүгү – бул анын ашказанынын өзгөчө түзүлүшү. Эвкалипттин жалбырактары уулуу жана коала ашказанынын өзгөчө түзүлүшүнөн улам ал жалбырактарды жей алат. Суу муктаждыгын да ошол дарактардан камсыз кылат. Коала мында бир жагынан медицинадан пайдаланса, экинчи жагынан денесиндеги биохимиялык заводду колдонот.




Коалалардын бул өзгөчөлүктөрүн бир-бирден карайлы:

 

Коаланын медицина билими

Австралияда эвкалипт дарагынын 600дөн ашуун түрү өсөт. Бирок коалалар алардын 35тейин гана колдонушат. Эвкалипт дарагы коала үчүн бир гана башпаанек эмес, ошол эле учурда негизги азык булагы. Ал тургай, эвкалипттин жалбырактарын коаланын бирден бир азыгы десек жаңылбайбыз. Мындан тышкары, эвкалипттин жалбырактары коалалар үчүн дарынын кызматын да аткарат.

Эвкалипттин жалбырактарынын бир катар медициналык пайдалары бар. Анын жалбырактарында эфир майы бар. Бул май көптөгөн жаныбарларды өлтүрө ала турган химикаттардан турат. Ал эми коаланын боорунда бул заттын уусун зыянсыздандыруучу система бар. Бул май коалалардын өздөрүнө мүнөздүү жытынын да булагы.

Бүт денеге шыбалган майдын бир бөлүгү абага учуп, бир бөлүгү дененин ичине кирет. Май жаныбардын денесине жайгашкан мите курт-кумурскалардын жүнүнөн жерге төгүлүшүн камсыздайт.

Коала менен эвкалипт дарактарынын биримдиги муну менен эле чектелбейт. Коала денесинин жылуулугун да эвкалипт жалбырактары аркылуу жөнгө салат.

Эвкалипттин жалбырактарындагы химиялык заттар даракка жараша өзгөрөт. Ал тургай, бир эвкалипт дарагында эки түрдүү жалбырак болушу мүмкүн. Коала медицина билимин алгансып, дарактагы жүздөгөн жалбырактын арасынан өзүнө эң керектүүлөрүн тандайт. Мисалы, денесинин жылуулугу төмөн болсо, башкача айтканда, үшүп жатса, анда «фелландрен» майы бар жалбырактарды, тескерисинче температурасы жогору болсо, анда курамында «цинеол» көп болгон жалбырактарды чайнап денесин салкындатат. Мындан тышкары, эвкалипт жалбырактарындагы башка майлар кан басымын төмөндөтөт жана коаланын булчуңдарын эс алдырат.16

Бул кыймыл-аракеттердин баары адистикти талап кылат. Коала өзүнө керектүү заттын эвкалипт дарагынын кайсы түрүндө бар экенин кайдан билет?

Бир жалбырактын ичинде кандай заттар бар экенин бир адам сыртынан гана карап эч качан биле албайт. Болгондо да, коала жалбырактарды айырмалагандан тышкары, эмнени каерде колдоноорун да эң жакшы билет.

Биз жалбырактардагы заттарды кандайдыр бир жол менен аныктай алдык деп кабыл алганыбызда да, билимибиз же колубузда ал тууралуу бир китеп болбосо, ал заттардын кандай ишке жараарын биле албайбыз. Жасап көрүү-жаңылуу ыкмасы да абдан кооптуу болот. Анткени жалбыктардын курамында уулуу заттар да болушу ыктымал.

Эвкалипттин жалбырактары чынында эле уулуу. Демек коала эвкалипттин жалбырактарынын курамын эле аныктабастан, денесинде жалбырактардын уусун зыянсыздандыруучу механизмди да долбоорлоого мажбур. Анан ал механизмдин денесинде кандайдыр бир жол менен пайда болушун камсыз кылышы керек. Антпесе өлөт. Бул коала жасап көрүү-жаңылуу ыкмасы менен буга жеткен деген акылга сыйбаган көз-карашты толугу менен четке кагат.

Коала жашай алышы үчүн азыркыдай дене түзүлүшү менен бир заматта пайда болушу шарт. Антпесе коала өлөт. Булардын баары коалалардын бул өзгөчөлүктөрү менен бирге пайда болгонун апачык далилдейт. Илимий чындыктарга да, акыл менен логикага да туура келбеген, ойдон чыгарылган сценарийлерден эч кандай майнап чыкпайт. Бул жандыктардын дене түзүлүшү, төмөндө терең каралгандай, өтө кылдат долбоорлонгон.

Коаланы эвкалипт дарактарын байырлап, анын жалбырактарын көп максаттуу колдоно ала турган өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах жараткан. Аллах бардык илимдердин ээси. Бул жандыктын каерде, кандай өзгөчөлүктөр менен жаратылаарын, көрүнүшүнүн кандай болоорун жана дагы көптөгөн мүнөздөмөлөрүн Раббибиз аныктаган.

Аллахтын жаратуу чеберчилиги кемчиликсиз жана теңдешсиз. Куранда мындай деп айтылат:

Кайыпты да, күбө болунганды да билүүчү, улуу жана күчтүү, боорукер – Ал. Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. (Сажда Сүрөсү, 6-7)




 

Миниатюралык биохимиялык завод

Эвкалипттин жалбырактарында клетчатка көп, белок болсо абдан аз. Бул жалбырактардын курамында күчтүү жыттуу майлар, фенолдук бирикмелер жана көптөгөн сүт эмүүчүлөр үчүн желбес, ал тургай, уулуу болгон цианид сыпатындагы заттар бар. Башка жаныбарларга уулуу болуп эсептелген бул заттар коаланын денесинде уу таасирин жоготот. Анткени коаланын тамак сиңирүү системасынын анатомиясы жана физиологиясы абдан өзгөчө.

Башка чөп жеген сүт эмүүчүлөр сыяктуу коала да эвкалипттердин негизги курамын түзгөн целлюлозаны сиңире албайт. Бирок ал үчүн муну целлюлозаны сиңире алган жана коаланын сокур ичегисинде жашаган микроорганизмдер жасашат.

Коаланын сокур ичегиси жоон ичегисине туташат жана өтө чоң. Сокур ичеги болжол менен ичегинин жалпы узундугунун 20%ын түзөт. Узундугу 1,8-2,5 метр болот.

Сокур ичеги коаланын тамак сиңирүү системасынын эң кызыктуу бөлүгү. Жалбырактардын тамак сиңирүү системасынан өтүшү ал жерде кечеңдейт. Бул кечигүүнүн натыйжасында сокур ичегилердеги микроорганизмдер ишке киришип, целлюлозаны коалага пайдалуу абалга алып келишет. Бул жагынан коаланын сокур ичегисин биохимиялык заводго салыштырууга болот. Целлюлоза ал заводдо иштетилсе, майлар менен уулуу химикаттар (фенолдук бирикмелер) башка заводдо, башкача айтканда, боордо чыпкадан өткөрүлүп, зыянсыздандырылат.

Белгилүү болгондой, коаланын бирден бир азык булагы – бул, эвкалипт жалбырактары. Бул коала углевод муктаждыгын толугу менен микроорганизмдердин целлюлозаны сиңириши аркылуу камсыз кылат дегенди билдирет. Ошондуктан микроорганизмдер болбосо, коалалар жашай албайт деп айтууга болот. Демек бул эки жандык бир учурда, чогуу пайда болушу керек. Бул коалаларды жана микроорганизмдерди жалгыз Жаратуучунун жараткандыгынын бир далили. Бул эки жандыкты бири-бирине шайкеш кылып Аллах жараткан.

Аллах жараткан бардык жандыктарынын бүт муктаждыктарынан кабардар жана кемчиликсиз жаратуучу. Бул сыяктуу мисалдар бизге Аллахтын чексиз кудуретин далилдейт. Акылын колдонгон адамдардын бул акыйкатты түшүнө алаары бир аятта төмөнкүчө кабар берилет:

«Эгер акылыңарды колдоно алсаңар, Ал чыгыштын да, батыштын да жана алардын ортосундагы бардык нерселердин да Рабби...» (Шуара Сүрөсү, 28)




 

Коала жана суу тең салмактуулугу

Австралиянын жергиликтүү тургундары аборигендердин тилинде «коала» суу ичпес деген мааниге келет, анткени коалалар эч суу ичишпейт. Коаланын бул өзгөчөлүгүнүн себеби – эвкалипттин жалбырактарын жеши.

Эвкалипттин жалбырактарындагы эркин суунун көлөмү 40%дан 65%га чейин өзгөрөт. Бул көрсөткүч 40%дан төмөн болбойт. Анткени курамындагы суунун көлөмү 40%дан төмөндөп кеткен жалбырактар куурап калат. Бул өзгөчөлүгүнөн улам эвкалипт жалбырактары коаланы табигый түрдө жетиштүү суу менен камсыз кылат.

Албетте, жалбырактарда суунун көлөмүнүн көп болушу эле жетиштүү болбойт. Коаланын дене түзүлүшүнүн эвкалипттердеги сууну колдоно ала турган өзгөчөлүктө болушу да абдан маанилүү. Коалада абдан мыкты долбоорлонгон «суу жоготуусун көзөмөлдөө системасы» бар.

Коалаларда суу жоготуусу бөйрөктөр тарабынан көзөмөлдөнөт. Бирок андан да маанилүүсү коаланын тамак сиңирүү системасынын сууну кармап туруу жөндөмүнө ээ болушу. Мындан улам коаланын денесине кирген суунун абдан аз бөлүгү гана сыртка чыгарылат.17

Коала тамак сиңирүү системасындагы сууну кармап туруу жөндөмү себептүү суусу көп эмес, бирок саны көп болгон эвкалипт жалбырактары менен жашоосун уланта алат. Эгер коаланын тамак сиңирүү системасында мындай өзгөчөлүк болбогондо, жаныбар ар дайым жерге түшүп, суу издөөгө мажбур болмок. Бул өзгөчөлүктөрү жерде жашоого ыңгайлуу болбогон бул жандык үчүн көптөгөн коркунучтарга туш болуу дегенди билдирет. Бирок коала өзгөчө дене түзүлүшүнөн улам эч качан мындай кыйынчылыкка кабылбайт.

 

Коаланын коргоочу жүнү

Коаланын дене температурасын аныктоочу негизги нерсе – бул анын жүнү. Бул жаныбардын жүнү жылуулукту мыкты сактай турган касиеттери менен жаратылган:

Жүндөгү талдардын тыгыздыгы бир миллиметр квадратта болжол менен 55 түккө чейин жетет. Жаныбардын жонундагы жүндөрү денесинин сырткы бөлүгүнүн 77%ын жабат. Курсак жүндөрүнүн тыгыздыгы болсо жонундагы жүндөрүнүн жарымындай эле болот жана денесинин сырткы бөлүгүнүн 13%ын жабат.

Коаланын жүндөрүнүн узундугунда да мезгилге жараша кээ бир айырмачылыктар орун алат. Жай айларында узун жүндөр менен кыска жүндөрдүн айырмасы көбүрөөк болот.

Жондогу калың жүндөр курсак тараптагы жүндөрдөн карараак болот жана коала мындан улам күндүн жылуулугун топтоп, жылуулукту изоляциялай алат. Курсак жүндөрү жыш болбогону менен, аларды түздөө аркылуу жылуулоо деңгээлин жөнгө сала алат.

Шамалдуу күндөрү дарактын үстүндөгү коалалар шамалдын ылдамдыгы жогорулаган сайын бир гана орто-жон тарабын шамалга тосушат. Бара бара ийилип топтоголок топко окшоп калышат. Шамалдын ылдамдыгы андан да күчөгөндө, кулактарын да алдын көздөй жапырышат. Ошентип абанын агымына ачык эч бир жери калбайт. Коаланын жонундагы жүндөрүнүн жылуулукту сактоо өзгөчөлүгү эң жогору. Бул көрсөткүч түндүк уюлда жашаган жаныбарлардын көрсөткүчтөрүнө абдан жакын.

Жыш жана олпокко окшогон жондогу жүндөргө шамалдын таасири аз болот. Шамал жогору ылдамдыкта соккондо, жүн дененин жылуулугун өзгөртпөй сактай алат. Суук күндөрү жана күчтүү шамалдарда да жүндүн жылуулукту сактоо кубаттуулугу 14%дай аз өлчөмгө гана төмөндөйт. Бул маалыматтар жүндүн абдан күчтүү шамалдарда да токойдо дарактардын үстүндө жашаган бул жаныбардын жылуулугун эң мыкты сактай алаарын көрсөтөт.

Коаланын зат алмашуу ылдамдыгы да анын жүнүнүн жылуулукту жөнгө салуу жөндөмүн толуктай тургандай пландалган. Коаланын зат алмашуусу абдан жай жүрөт. Башка баштыкчан жаныбарлардын зат алмашуу ылдамдыгынын 74%ына барабар. Зат алмашуунун мындай жай жүрүшү да коаланын суу жоготуусунун төмөндүгүн аныктаган көрсөткүчтөрдүн бири.18

Эми коаланын өзгөчөлүктөрүн эстейли:

Коалалардын дене түзүлүшү дарактарга чыгып, ал жерде кыйналбай жашаганга ыңгайлуу.

Тамак сиңирүү системаларынын өзгөчө түзүлүшүнөн улам ал дарактарда мол болгон эвкалипт жалбырактарынан өзүнө жетиштүү азык жана сууну ала алышат.

Эвкалипт майларынын уулуу таасирин жок кылуучу атайын физиологиялык системалары да бар.

Кээ бир эвкалипт жалбырактарын денелериндеги ар түрдүү тең салмаксыздыктарды жоюу максатында дары катары пайдалана алышат.

Ошондой эле жалбырактардан алган сууну максималдуу пайдалана ала турган физиологияга ээ.

Булардын баары коаланын дарактардын үстүндө жашашы үчүн керектүү шарттар. Коала үчүн ушунчалык маанилүү болгон бул өзгөчөлүктөр кокусунан келип чыккан болушу мүмкүнбү? Бул суроого калыстык менен, объективдүү ойлонгон ар бир акылман адамдын бере турган жообу бирөө гана. Албетте, жок. Коаланы кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан, улуу кудуреттүү Аллах. Аллах жараткан бардык жандыктарына ушул сыяктуу өзгөчөлүктөрдү тартуулоо аркылуу чексиз боорукердигин жана мээримин көрсөтүүдө.


Булактар:

3. Bilim ve Teknik Dergisi, TÜBİTAK, Ocak 1992, cilt 25, sayı 290, s. 49 ve Bilim ve Teknik, Nisan 1993, cilt 26, sayı 305, s.283

4. http://ant.edb.miyakyo-u.ac.jp/INTRODUCTION/Gakken79E/Page_10.html

5. Bilim ve Teknik Dergisi, Zuhal Özer, "Feromonlar", TÜBİTAK, Ağustos 1996, s.45

6. Bilim ve Teknik Dergisi, Zuhal Özer, "Feromonlar", TÜBİTAK, Ağustos 1996, s.45

7. Florida's Fabulous Butterflies & Moths (Florida's Fabulous Series Vol 2), by Thomas C. Emmel, Brian Ph. Kenney (Editor), ISBN: 0911977155, s.76

8. Florida's Fabulous Butterflies & Moths (Florida's Fabulous Series Vol 2), by Thomas C. Emmel, Brian Ph. Kenney (Editor), ISBN: 0911977155, s.76

9. Christopher O'Toole, Anthony Raw, Bees of The World, ISBN 0-8160-1992-4, 1992, s.101

10. Bilim ve Teknik Dergisi, Zuhal Özer, "Feromonlar", TÜBİTAK, Ağustos 1996, s.46

11. Bilim ve Teknik Dergisi, Zuhal Özer, "Feromonlar", TÜBİTAK, Ağustos 1996, s.47

12. National Geographic, Eylül 1986

13. James L. Gould & Carol Grant Gould, Olağan Dışı Yaşamlar, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, 5. Basım, s.170

14. National Geographic, Haziran 1979, s.871-878.

15. Bilim ve Teknik Dergisi, "Hasta hayvanlar nasıl şifa bulur?", TÜBİTAK, , Sinan Erten, Ocak 1996, s.99.

16. James L. Gould & Carol Grant Gould, Olağan Dışı Yaşamlar, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, 5. Basım, s.137

17. Robert Degabriale ve T. J. Davson, "Metabolism and heat balance in arboreal marsupial, The Koala (Phascolarctos cinerus)", Journal of Comparative Physiology, 1979, sayı: 134, ss.293-301

18. Denis Dreves, Creation, Haziran-Ağustos 1996, 18:3, ss.26-28

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

Кириш сөз

Көптөгөн тармактарга бөлүнгөн инженериянын максаты – адамдардын жашоосун ыңгайлуураак, коопсузураак кылуу жана күнүмдүк жашоону жеңилдетүү. ...