Сырттагы нерсенин эмнелигин кабар берген жана жандыктын кыймыл-аракеттерине багыт көрсөткөн мындай системалар ар бир түрдө уникалдуу. Жарганаттардан коргонушу керек болгон көпөлөк түрүнүн сенсорлору жарганаттарга карата сезгич болот, ошол сыяктуу лосось балыктарынын миңдеген километр сүзүүсүнө мүмкүндүк берген аныктоо системалары да бул ишке эң ылайыктуу. Киттер бири-биринин чыгарган үндөрүн кабылдоо аркылуу түшүнүшөт. Жарганаттар да ар кандай жыштыктарда үндөрдү жиберип, алардан кайтып келген маалыматтарды кабылдашат жана аларды талдап караңгыда эч нерсени сүзбөй уча алышат жана аңчылык кыла алышат.
Багытты аныктоо
системалары, инфракызыл көздөр жана атайын сезүү системалары жандыктардагы
аныктоо системаларынын бир канчасы гана. Бул бөлүмдө келтирилген мисалдардан да
көрүнүп тургандай, бул системалардын жалпы өзгөчөлүгү – аныктоону камсыз кылган
бардык бөлүктөрдүн жандыктын жашоосуна керектүү башка органдар менен бир
бүтүндөй иштеши. Мисалы, мурундагы жыт рецепторлору мээдеги жыт сезүү борборуна
шайкеш келет. Бул шайкештиктен келип чыккан кабылдоо ар бир организм үчүн ар
кандай мааниге ээ болушу мүмкүн, мисалы бир жандык өзүнүн түрүнүн карама-каршы
жынысын ушул жыт менен гана айырмалай алат. Ошол сыяктуу бир жандыктын
көзүндөгү рецепторлору, башкача айтканда, жарыкты сезүүчү аймактары мээдеги
көрүү борборуна шайкеш келет. Мисалы, жыландардын көзүндө жылуулук толкундары
тийгенде активдешүүчү сезгич аймактар бар. Нерв клеткалары болсо сүрөттөлүштү
мээге ошол бойдон жеткирет. Жыландын мээси болсо ал сигналдардын жылуулук толкундары
экенин түшүнөт.
Кокусунан эч
качан пайда болбой турган мындай долбоорлор жандыктарды Аллахтын жаратканын
тастыктаган далилдерден. Аллахтын улуулугун жана илиминин чексиздигин түшүнүүдө
ушул сыяктуу мисалдар тууралуу ойлонуу маанилүү себепчи болот. Лосось балыгы
ушундай жаратылуу далилдеринин бири.
ЛОСОСЬ БАЛЫГЫНЫН ТАҢ КАЛЫШТУУ БАГЫТ АНЫКТОО СИСТЕМАЛАРЫ
Түндүк
Американын батыш жээктериндеги дарыяларда дүйнөнүн эң кызыктуу көчмөндөрүнүн
бири жашайт. Алар көптөгөн кыйынчылыктарга көкүрөк тосуп дарыяларды жана
өрөөндөрдү басып өткөн лосось балыктары.
Лосось
балыктарынын жашоосу бир дарыянын же суунун жогору тараптарына калтырылган,
уруктанган жана үстү шагыл таштар (кээде кум) менен жабылган жумурткалардан
башталат.
Лососьтор
жумурткаларын көбүнчө жайдын аягында же күзүндө агын сууларга салышат.
Инкубация мезгили бүткөн соң көбүнчө кыштын аягында жумурткалардан кичинекей
балыктар (чабактар) чыгат. Алардын курсактарынын астында өрчүү үчүн башында
керектүү болгон азыктарды камтыган жумуртканын сарысындай бир баштыкча болот.
Чабактар башында шагыл таштардын астында жашынышат жана жумуртка сарысындай
баштыкчаларын толук түгөткөнгө чейин жырткыч жаныбарлардан сактанышат.
Бир канча
жумадан соң лососьтор чоңоюп, агын суунун ичинде өздөрүнө азык издеп башташат.
Болжол менен 1 жыл бою агын сууда жашашат жана акырындап чоңойо беришет.
Лососьтор тузсуз
сууда да, туздуу сууда да жашай ала тургандай кылып жаратылган. Мындай жаратуунун
максаты балыктын кереметтүү саякатында жашырылган.
Жаз келгенде
миңдеген лосось дарыянын нугун бойлой көчүп жөнөйт.
Чабактардын
көчүнүн башталышы түргө жараша өзгөрөт. Мисалы, кызгылт лосось чабактары
жумурткадан чыгары менен океанды көздөй жыла баштайт. Кээ бир түрлөр бир нече
жума азыктанган соң, Падыша жана Атлантика лососьтору болсо агын сууларда 1
жылдан 3 жылга чейинки өрчүү мезгили аяктагандан кийин океанга чыгышат.
Жаш лососьтор
өмүрлөрүнүн алгачкы көчүндө дарыянын агымын бойлой саякатка чыгышат. Деңизге
болгон сапарында шаркыратмалар, булганган суулар жана аларга аңчылык кылууну каалаган
чоң балыктар сыяктуу ар кандай коркунучтарга туш болушат. Булардан аман-эсен
өтүп, деңизге жеткендер биринчи көчүн аякташат. Бир канча жумага созулган
сапарынын аягында лососьтор көздөгөн жерине, Тынч океанга жетишет. Океанда бир
нече жыл жашагандан кийин жакшылап чоңоюп, жетилгендер таң калыштуу жаңы көчтү
башташат.
Дарыядан океанга
сүзүп баратканда лосось балыктарында кээ бир физиологиялык өзгөрүүлөр болот. Мында
балыктар тузсуз сууда жашап келип, океандын туздуу сууларына ыңгайлашат. Бул
процесс балыктар урук чачуу үчүн дарыяга кайтып келгенде кайрадан өзгөрөт. Дарыянын
кошулган жеринде туздуу сууга көнүү үчүн бир аз убакыт өткөргөн соң, жетилген
курактагы өмүрүнүн көпчүлүгүн өткөрө турган океанды көздөй жол тартышат.19
Лосось балыктарынын татаал сапары башталат
Көп жыл мурун океанды
көздөй суунун нугу менен сүзгөн лосось балыктары эми тескери багытта, агымга
каршы сүзө баштайт. Алдындагы эч кандай тоскоолдук аларды коркута албайт.
Шаркыратмаларга келгенде суунун ичинен жогору секирип жолун улантышат. Алар
секирүү менен 3 метрлик тоскоолдуктардан да өтө алышат.
Лосось артты карай
сүзгөн сапарынын аягында жумурткадан чыккан жерине жетүүнү көздөйт. Анткени
лососьтор жумуртка таштоо үчүн өздөрү төрөлгөн дарыянын нугуна барышат.
Атлантика лососьтору бул көчтү жыл сайын кайталаса, башка түрлөр өмүрүндө бир
жолу гана көчүшөт. Биз бул жерде үстүртөн гана баяндаган бул татаал сапарда
дагы көптөгөн оор жагдайлар бар.
Алардын
биринчиси, балык басып өтө турган жолдун узундугу. Ачык деңиздерде жашаган
лососько көздөгөн жерине жетүү үчүн миңдеген километр сүзүүгө туура келет. Мисалы,
Атлантика лосось балыктарынын көбү болжол менен 4000 километр аралыкты басып
өтүшөт.20 Семга күзүндө урук таштоо мезгилинде 3200
километрден ашык сүзөт. Кызыл лосось да 1600 километрден ашык жолду басып өтөт.
Океанга жетээр
замат лосось балыктарынын денеси структуралык өзгөрүүгө дуушар болуп, туздуу
сууга ыңгайлашат. Андан соң 1 же 4 жылдын ичинде алар океанда эбегейсиз чоң
аралыктарды басып өтүшөт. Американын жээгинен чыгып, Алясканы басып өтүп,
Япония тарапка чейин жетип, артка кайтып келишет. Саякаттын натыйжасында лосось
бышып жетилип, жашоосунун акыркы жана оор сапарына даяр болот. Анан өз
мекенине, башкача айтканда, туулуп-өскөн суунун жээгине кайтышат.
Дагы бир көңүл
бурчу жагдай, лосось балыктары убакытты идеалдуу эсептешет. Алар узун
саякаттарын толугу менен урук чачуу мезгилине тууралап пландашат. Мисал катары
Атлантика лосось балыгын алалы. Бул түр күнүнө орточо 6-7 километр сүзүү менен
көздөгөн жерине жетет, жаздын аягында башталган сапары күздүн аягында бүтөт.
Лосось балыктарынын алдындагы кыйынчылыктар
Лосось балыгынын
алдындагы эң биринчи маанилүү маселе – бул жаш кезинде сапар тарткан агын
суунун океанга куйган жерин табуу. Анткени ал кайтып бара турган жолун ошого жараша
аныктайт. Лососьтор бул жагынан эч качан жаңылбайт. Бир кезде аларды океанга
алып келген дарыянын кошулган жерин алгачкы аракетте эле эч кыйналбай табышат.
Дарыяга кирген
лосось чоң чечкиндүүлүк менен агымга каршы сүзө баштайт. Анын бул жумушу биринчи
сапарына караганда алда канча татаал болот.
Максатына жетүү
үчүн лосось алгач дарыянын күчтүү агымы менен күрөшөт. Кээде суунун бетинен 3
метрге чейин секирип, шаркыратмалардан ашып өтөт. Кээде тайыз суулардан өтүп,
үстүңкү сүзгүчү суунун бетине чыгып калат. Болгондо да, ал тайыз сууларда
аңчылык кылып күтүп турган канаттуулар, аюулар сыяктуу жапайы жаныбарлардын
коркунучтарына туш болот.
Лососьтордун
сапарынын кемчиликсиздигин толук түшүнүү үчүн дарыя менен бараткан лососьтун
көздөгөн жерине жеткенге чейин эмнелерге көңүл бурушу керектигин карап көрөлү:
Биринчиден,
лосось маршрутун аныктоодо кээ бир маанилүү чечимдерди алышы керек. Балык океандан
алыс жерде, дарыянын кайсы бир куймасында туулган. Дарыялар кээде көптөгөн
куймалардан турат. Ошондуктан лосось келген жерине кайра жетүү үчүн дарыя эки куймага
бөлүнгөн сайын туура тарапка бурулушу керек. Чындыгында лососьтор өмүрүндө бир
жолу басып өткөн жолун адашпай табышат; дарыянын куймалары кошулган жерлердин
баарында туулуп-өскөн жерине алып бара турган куймага бурулушат.
Лососьтордун
сапарын андан да таң калыштуу кылган бир жагдай бар. Балык сапарынын аягына
чейин өтө көп аракет кылып, көп күч жумшайт, бирок ошого карабастан эч нерсе
жебейт. Анткени татаал сапарында керектүү болгон энергияны алдын ала топтоп
алат. Болгондо да анык так эсептеп, керектүү «күйүүчү майын» так жөнгө салат.
Лосось
балыктарынын миграциясын караганда, мындан тышкары, океан менен дарыялардын
туздуулугу, суунун температурасы сыяктуу жагдайларды да эске алуу керек. Бул жерде
төмөнкүдөй чындыкты көрөбүз: лосось балыгы океанга да, агын сууга да толук шайкеш
кылып жаратылган.
Ошончо
кыйынчылыкка карабастан, лососьтор оор сапарын ийгиликтүү аяктап, туулган
жерине кайтып барып жумурткаларын ташташат. Лососьтордун тукуму миллиондогон
жылдан бери келе жаткан бул кереметтүү сапарды улантышат.
Лосось
балыктарынын эбегейсиз ийгилигин салыштыруу аркылуу жакшыраак түшүнүүгө болот. Мисалы,
бир адам эч кимден жардам албастан жана багыт көрсөтүүчү шайман колдонбостон,
миңдеген километр алыстан төрөлгөн үйүнө барышы керек дейли. Бул сапарды
белгилүү убакыт аралыгында болгону бир жолу басып өткөн татаал жолдордон
адашпай өтүп ийгиликтүү аякташы абдан күмөн. Ал эми лосось балыктары болсо
адамдар кыла албаган нерсени туулганда эле кылганга жөндөмдүү. Бирок бул
жөндөмдүн лосось балыктарынын жеке аракеттеринен келип чыкпастыгы же
кокустуктардын бул балык түрүнө адамдан да жогору жөндөмдөрдү бере албастыгы
анык.
Бул жандыктар
Аллахтын алардын денесинде жараткан өзгөчө долбоорлорунан улам миңдеген
километр жолду кыйналбай басып өтө алышат. Ой жүгүрткөн ар бир адам лососьтордун
бул ийгилигиндеги кереметти ошол замат байкап, муну бир улуу кудуреттин жол
көрсөтүшү, б.а. илхамы менен жасаарын ошол замат түшүнөт.
Аллах жараткан
жандыктарында адамдар үчүн белгилер бар экенин бир аятта төмөнкүчө кабар берет:
Силер үчүн
жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар... (Нахл сүрөсү, 66)
Жыт сезүү механизми
Лососьтордун
саякаты табияттагы эң таң калыштуу окуялардын бири. Миңдеген лосось балыгы көп
жылдар бою океанда жашаган соң туулуп өскөн дарыясын кантип табышат? Ал үчүн
алгач эбегейсиз Тынч океанга куйган миңдеген дарыянын арасынан өзүнүкүн таап,
андан соң ал дарыяда эч адашпай сүзүп, дарыя канчалаган куймаларга бөлүнгөнүнө
карабастан, суулар кошулган жерлердин баарында туура чечим чыгарып, туура
багытты тандашы шарт.
Миллиондогон
жылдан бери жашаган лосось балыктарынын баары бул өтө татаал ишти бирдей
чеберчилик менен аткарышат. Анда кантип жана эмне үчүн?
Алгач «кантип»
деген суроонун жообун карайлы.
Изилдөөлөр
көрсөткөндөй, лосось бул саякат үчүн атайын сезүү системасы менен жаратылган. Лосось
океандарда багытын аныктоо үчүн жердин магниттик талаасын сезүүчү табигый
компастар менен жаратылган. Мындан улам алар Тынч океандын эбегейсиз сууларында
ката кетирбестен жолун таба алышат.
Бирок лосось
балыктарынын өздөрү туулган дарыянын нугун кантип табаары негизги маселе. Бул
табигый компастан такыр башка системаны талап кылат.
Лососьтордун бул
кереметтүү сапарды кантип өткөрөөрүн түшүнүү үчүн АКШдагы Висконсин Лейк
лабораторияларында көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Ал изилдөөлөрдүн жыйынтыгында
лосось балыктарынын багытын аныктоодо жыт сезүү сезимин да колдоноору
аныкталган.
Лосось
балыктарынын мурдунда эки тешик бар. Суу бир тешиктен кирип, экинчи тешиктен
чыгат. Бул тешиктер балыктын дем алуусу менен бир убакта ачылып жабыла
тургандай долбоорлонгон. Кандайдыр бир жыттуу зат аралашкан суу мурунга
киргенде балыктын мурдундагы рецепторлорду химиялык жактан стимулдайт. Бул
химиялык стимул ферменттик реакция аркылуу электрдик сигналдарга айландырылып, борбордук
нерв системасына жиберилет. Ошентип балык жытты сезет.
Лосось
балыктарынын жыт сезүү механизмдерин кургактыктагы жандыктарга салыштырып
көрөлү:
Кургактыкта
жашаган омурткалуу жаныбарларда жыт молекулалары мурундун былжыр катмарында
эригенде жыт пайда болот. Ал эми балыкта болсо эрүү баскычы жок. Анткени жыт ансыз
деле суунун ичинде жана эриген абалда. Бул лосось үчүн чоң жеңилдик болот.
Ошентип лосось жыт сезүү сезими абдан өнүккөн аңчы иттер сымал жыттын булагын
ээрчий алат.
Висконсин Лейк
лабораторияларында алгач балыктар ар кандай жыттардын ортосундагы
айырмачылыктарды канчалык сезе алат деген суроого жооп изделген. Ал үчүн атайын
каналдары бар аквариум жасалып, ар бир каналга ар башка өсүмдүктүн жыты киргизилген.
Экспериментте белгилүү бир каналды колдонгон балыктарга гана сыйлык берилип, башка
каналдарды колдонгон балыктар электрдик шок менен жазаланган. Бул эксперимент
14 түрдүү жытты колдонуу менен кайталанган. Эксперименттин жыйынтыгында балыктардын
кыска убакыт таанып билген соң, ар бир жолу сайын сыйлык алып келе турган жытты
башкалардан айырмалай алаары байкалган. Дагы бир маанилүү ачылыш эксперимент
жасалган чабактардын 3 жылдан кийин да туура жытты так аныктай алгандыгы болгон.21
Окумуштуулар
изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, балыктардын жыт сезүүсү абдан күчтүү, аны
адамдарга салыштырууга болбойт деп тыянак чыгарышкан жана алар төмөнкүдөй
жыйынтыкка келишкен:
Ар бир суунун
өзүнө таандык өзгөчө жыты бар. Жаш лосось деңизге жасаган биринчи саякатында
жыттарды бир-бирден жаттап алат. Артка кайткан сапарында эс тутумундагы жыттар
аркылуу туулган жерин табат.22
«Ар бир агымдын өзүнө
таандык жыты барбы?» деген суроого жооп берүү үчүн жогорудагы эксперимент эки
башка дарыянын суусун колдонуп кайрадан жасалган. Натыйжада балыктардын аларды
да айырмалай алаары аныкталган.
Чынында эле, жер
бетиндеги ар бир агын суунун химиялык курамы уникалдуу. Алардын ортосундагы
айырмалар көбүнчө ушунчалык аз болгондуктан, аларды дээрлик эч бир жандык
сезбейт. Лосось балыгынан тышкары...
Бул темадагы
изилдөөлөр бир кадам алдыга ташталып, балыктын табигый чөйрөсүндө улантылган. Вашингтондогу
Иссакуа дарыясында балыктардын мурундары атайын жаап коюлуп, байкоо
жүргүзүлгөн. Бул экспериментте жыт сезүү жөндөмүнөн ажыраган лосось
балыктарынын багытын жоготуп, жолун таба албай калганы байкалган.23
Ушул күнгө чейин
жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары бир чындыкты көрсөтүүдө: лосось
балыктарынын жыт сезүүсү таң калыштуу сезгичтикке ээ.
Лосось балыктарынын чечкиндүүлүгү
Лососьтордун багыт
аныктоо жөндөмүн көрсөткөн эң кызыктуу окуялардын бири Түндүк Калифорниядагы
Прейри-Крик балык өстүрүүчү чарбада байкалган. Бул чарбадагы ачылыш кереметтүү
көч окуясын ачып көрсөткөн:24
1964-жылдын
2-декабрында чарбанын балык көбөйтүүчү бассейндеринин биринде жүздөгөн башка жаш
балыктардын арасында сүзүп жүргөн эки жаштагы чоң лосось табылган. Балыкты
жакшылап караганда анын арткы сүзгүч канатында Прейри-Крик чарбасынын атайын
металл белгисинин бар экени аныкталган. Бул ал балыктын эки жыл мурда ошол
чарбада чоңойтулуп, андан соң океанга койо берилген лосось балыктарынын бири
экенин көрсөткөн. Бирок балык кантип океандан кайтып келип, чарбанын жабык
бассейнине кирген болушу мүмкүн?
Бул суроонун
жообун табууга бир жагдай жардам берген: бассейндин ашыкча суулары төгүлүүчү каналга
чыккан жана темир тор менен жабылган кутучанын капкагы сынык болгон. Балык
туулган жерине кайтып келүү үчүн чарбанын суу каналдарына кирип, андан соң
бассейнге кутучанын капкагын сындырып кирген болушу мүмкүнбү?
Мунун мындан
башка түшүндүрмөсү жок болчу. Бирок балыктын океандан ал бассейнге чейин басып
өтө турган жолун элестеткенде, бул абдан татаал көрүнгөн.
Лосось туулган
чарбасына кайтуу үчүн, сапарын Редвуд-Крик дарыясынын океанга куйган жеринен
башташы керек болчу. Андан соң агымга каршы 5 километр сүзүп, алгачкы эки ача
жолго жетмек. Ал жерде туура тандоо жасап, түндүккө бурулмак, бирок белгилүү
убакыттан кийин андан да татаал эки ача жолго жетмек. Анткени ал жерде лосось
үчүн бири-бирине абдан окшош эки сигнал бар болчу. Лосось бул дүйнөгө келген
балык чарбасы эки ача жолдун дал ортосунда жайгашкан. Биринчи ойго келген
тандоо боюнча балык оң тарапка кетмек, себеби чарбанын суулары оң тараптан
акчу.
Бирок эмнегедир
балык сол тарапты тандаган жана туулган чарбасына арт жагынан келген.
Бул таң калыштуу
чечимдин себеби ал аймактан өткөн унаа жолдун астында жашырылган. Унаа жолдун
астында балык чарбасындагы бассейндердин ашыкча суулары төгүлүүчү бир канал
жайгашкан. Кадимки шарттарда ал каналдан абдан аз суу агат жана ал дарыяга
жетпей токойдун топурактарына сиңип кетет. Бирок ал жылы жаан-чачын көп болуп,
каналдын суулары дарыяга чейин жеткен. Бул тайыз агым үйүнө кайтууну чечкен
лососько жол көрсөтүү үчүн жетиштүү болгон.
Ошентип лосось
тааныш жытты ээрчип дарыядан чыгып, суу каналы менен сапарын уланткан. Кээ бир
жерлерде тереңдиги 5-10 сантиметрге араң жеткен сууда сүзүп же сойлоп отуруп
каналдын ичине кирген. Анан караңгы туннель аркылуу унаа жолдон өткөн, ошондой
эле, бийикте жайгашкан суу түтүктөрүнүн ичине секирген. Булардын баарынан ийгиликтүү
өтүп, караңгы жолдор аркылуу максатына жакындаганы менен, аягында баары бир
капканга туш болмок. Балык өстүрүү чарбасындагы жыгачтан жасалган чыйыр жолдун
астында жайгашкан, цементтен жасалган каналдын ичине камалып калмак.
Бирок лосось
туулган жерине кайтуу үчүн программаланган. Ал каналдын ичинде жайгашкан жана
бассейнге туташкан туурасы 12 сантиметр болгон бир түтүктүн оозун таап, ал
түтүк аркылуу сапарын уланткан жана аягында эң акыркы тоскоолдукка туш болгон:
түтүктүн башына коюлган темир тор... Анан балык аны башы менен катуу сүзгүлөп
ачкан.
Ошентип ушундай
кереметтүү сапардын аягында лосось 2 жыл мурда бул дүйнөгө келген кичинекей
бассейнине жеткен.
Чарбадагы
кызматкерлерге бул маршрутту эсептеп чыккан соң төмөнкүдөй ой келген. Чарбага
кайткан башка лососьтор да болушу мүмкүнбү? Балким бир нерсе табабыз деп
жыгачтан жасалган чыйыр жолдун тактайларын алып, астындагы каналды карашкан.
Жана абдан таң калышкан:
Каналдын ичинен
балык өстүрүү чарбасынын темир белгилери бар 70 лосось балыгын табышкан.
Лосось
балыктарынын бул кереметтүү окуясы бизге жаратылуу тууралуу маанилүү далилдерди
көрсөтөт. Балыктын сапары ар бир баскычы өтө кылдат эсептелген көптөгөн
системалар аркылуу ишке ашат.
1) Балыкка туулган
соң океанга баруусун, ал жерде бир канча жыл алыс саякатка чыгуусун, анан
туулуп өскөн дарыянын нугуна кайра кайтуусун буйруган бир «программанын» болушу
өзүнчө улуу керемет. Мындан тышкары, балыкта:
2) Бул
программага ылайык организмдин тузсуз суудан туздуу сууга ыңгайлашуусун камсыз
кылган генетикалык маалымат;
3) Эбегейсиз
океанда эч адашпай өз жолун табышына шарт түзгөн табигый компас системасы;
4) Жана
туулуп өскөн дарыясынын жытын табышы үчүн өтө сезгич бир жыт сезүү органы бар.
Булардын баары
лосось балыгынын атайын ал үчүн белгиленген саякатка ыңгайлуу кылып
жаратылгандыгын апачык айгинелейт.
Албетте, бул
кемчиликсиз системалардын ар бири эволюционисттер айткан «кокустук» көз-карашын
жок кылууга жетиштүү. Лосось балыктарынын саякаты «кокустук» көз-карашын күлкүмүштүү
кылган кереметтүү план жана долбоор.
Лосось
балыктарын ушундай кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен жараткан – бүт жандыктардын
Жаратуучусу жана ааламдардын Рабби Улуу Аллах.
Эволюционисттердин инстинкт жана табигый тандалуу жаңылыштыктары
Лосось
балыктарынын көчүү саякаты жана кереметтүү багыт аныктоо механизмдери
дарвинизмди туюкка салган чындыктардын бири. Лососьтор жолду кантип табышат
деген суроого эволюционисттер «инстинкт» деп жооп беришет.
Инстинкт –
эволюционисттер жаныбарлардын акылдуу жана аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерине жооп
таппай калганда артына жашынган бир сөз. Бирок инстинкттин мааниси жана табияты
толугу менен белгисиз. Инстинкттин булагы жана бул жүрүм-турумдардын алгач
кантип пайда болгону сыяктуу суроолорго жооп жок. Эволюционисттер бул тууралуу
так жана ачык түшүндүрмө бере алышпайт.
Эволюционисттер
«инстинкт» деп атаган түшүнүк лосось балыгынын жолун таба алышына эч качан
жардам бере албайт. Инстинкт алар өтө турган ар бир дарыяны бир-бирден
сүрөттөп, тандоо жасашы керек болгондо
адашпай жолун табышына шарт түзүшү керек. Минтип ойлоонун логикага
сыйбай тургандыгы айдан ачык.
Лосось балыктарынын
иш-аракеттери эволюция теориясынын «табигый тандалуу» көз-карашына да сокку
урууда. Эволюциянын бул көз-карашы боюнча, табияттагы бүт жандыктар өзүмчүлдүк
менен, өзүнүн жашоосу үчүн күрөшөт. Бул күрөштөн күчтүүлөр гана аман калат.
Бирок табияттагы
жандыктардын башкалар үчүн өз жанын аябаган жана биргелешкен кыймыл-аракеттери
эволюционисттердин бул көз-карашын толугу менен четке кагат. Мисалы, лосось
балыктарынын кыймыл-аракеттерин караганыбызда, табигый тандалуу эч маанисиз
болуп калат.
Эмне үчүн лосось
балыктары өлүмгө да даяр болуп, миңдеген километрлик татаал жолду басып өтүшөт?
Эмне үчүн алар өздөрүнө эч кандай пайдасы жок саякатка чыгышат? Эмнеге океандагы
бай азык булактарын таштап кетишет? Эмне үчүн жумурткаларын ошол учурдагы турган
жерине же океанга, же болбосо дарыялардын океанга кошулган жерине эмес, сөзсүз
океандан миңдеген километр алыстагы агын сууларга туушат?
Эволюционисттердин
көз-карашы боюнча, лосось балыктары бир гана өздөрүнүн амандыгын көздөшү керек
болчу. Бирок, тескерисинче, лосось жумуртка таштоо үчүн өз өмүрүн тобокелге
салып, оор сапарга аттанат. Ааламдардын Рабби Аллах жер жүзүндөгү башка
жандыктар сыяктуу, лосось балыгына да бара турган багытын илхам кылат.
Лосось
балыктарындагы багыт аныктоо системаларын жараткан жана алардын дарыялардан
өтүп, көздөгөн жерине жетүүсүнө шарт түзгөн – бул Улуу Аллах.
Аллах бир
аятында бүт жандыктарды башкарып тураарын мындайча билдирет:
... Ал маңдайынан
кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Албетте, менин Раббим туптуура бир жол
үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). (Худ Сүрөсү, 56)
Лосось балыктары
Аллах алар үчүн жараткан атайын системаларды колдонушат жана бүт жандыктар
сыяктуу Аллахтан алган илхам менен кыймыл-аракет кылышат. Булардын баары
Аллахтын жаратуусунун улуулугун көрсөткөн далилдерден. Лосось балыгынын жашоосу
Аллахтын жаратуу чеберчиликтеринин бири. Жандыктар жөнүндөгү мындай маалыматтар
жана жер бетиндеги көп түрдүүлүк адамдардын ойлонуусуна жана Аллахка багыт
алуусуна себеп болот.
КӨПӨЛӨКТӨРДҮН АДИСТИГИ: ҮНДӨН ЖОГОРУ ТОЛКУНДАР
Бир жаныбардын
эң негизги муктаждыгы – аман калуу үчүн душманын же олжосун тааный билүүсү. Көпөлөктөрдүн
кээ бир түрлөрү бул жагынан чоң артыкчылыкка ээ. Анткени алар эң чоң душмандары,
тагыраак айтканда, жарганаттар аң уулоодо колдонгон жогорку жыштыктагы үндөрдү
уга алышат.
Тафтс
университетинин бир нече студенттери менен окумуштуулары түнкү көпөлөктөрдүн
борбордук нерв системасын изилдешкен. Анын максаты көпөлөктөрдүн борбордук нерв
системасын кулакка байланыштырган кабылдоо тартибиндеги кодду чечмелеп, көпөлөктүн
жарганаттан кантип коргоноорун аныктоо болгон.25
Изилдөөнүн жыйынтыгында
кулактарындагы атайын система аркылуу көпөлөктөрдүн жарганаттын аңчылык
системасынан коргоно алаары аныкталган. Жарганатка байланыштуу маалыматтар
көпөлөктүн кулагынан борбордук нерв системасына эки талча аркылуу гана
жиберилет. Жөнөкөй бир түзүлүштөй көрүнгөн бул система чындыгында кереметтүү
долбоорго ээ жана ал аркылуу көпөлөк үндөн жогору толкундарды сезе алат.
Душмандын согуш планын билүү
Курт-кумурскалар
менен азыктанган жарганаттар түнкүсүн учканда бир катар жогорку жыштыктагы үндөрдү
чыгарышат. Ошентип алар жаңырыктардын булагынын багытын жана алыстыгын аныктоо аркылуу
олжосун таба алышат. Бул радар ушунчалык сезгич болгондуктан, жарганаттар
чиркейлерден да кичине курт-кумурскаларды таап, кармай алышат. Жарганат абдан
ийгиликтүү аңчы болуп эсептелет, бирок түнкү көпөлөктөрдүн кээ бир түрлөрүнүн,
тагыраак айтканда Noctuidae, Geometridae жана Arctiidae тукумунун мүчөлөрүнүн
кулактары жарганаттардын жогорку жыштыктагы үндөрүн уга алат. Ал кулактар
көпөлөктүн канаттарынын астында жайгашкан жана «алдын ала эскертүү системасынын»
кызматын аткарат. Ошентип жарганаттарга жем болуудан коргонушат.
Жарганаттын
жакындап келе жатканын укканда, көпөлөктөр учуу калыбын өзгөртүп, ылдам сүңгүшөт
же башаламан тегерекчелерди жасашат. Кээде жарганат жиберген жогорку жыштыктагы
үнгө карама-каршы багытта максималдуу ылдамдыкта учушат. Нью-Йорк шаарындагы
Сити университетинен Ашер Э. Третат жарганаттар келген тарапка карама-каршы учкан
көпөлөктөрдүн аман калуу мүмкүнчүлүгүнүн башкаларга караганда бир топ жогору болоорун
байкаган.26
Көпөлөктүн
кулагы биз эч качан уга албаган, 3200 метрден да алысыраак аралыктан келген
жарганаттын жогору жыштыктагы кыйкырган үндөрүн уга алат. Ошондой эле,
секундасына 10 килоциклден 100 килоциклге чейинки жыштыктарды, анын ичинде
жарганаттын кыйкырыгын да аныктай алат. Алардын эң чоң жөндөмү болсо – бул
алардын үзгүлтүктүү үндөрдү, башкача айтканда, жымжырттыктар менен коштолгон
кыска үндөрдү байкап, үн басымдарынын бийиктериндеги айырмаларды аныктай алышы.
Булар көпөлөк менен жарганаттын ортосундагы күрөштө көпөлөккө чоң артыкчылыктарды
берет.
Албетте, согушуп
жаткан эки өлкөнүн биринин экинчисинин согуш планын билип алышы абдан маанилүү.
Душмандын колдоно турган куралдарынын өзгөчөлүктөрүн жана кандай тактиканы
колдонуп кол салаарын билүү жеңишке өбөлгө боло турган маалыматтар болуп
эсептелет. Көпөлөктөрдүн жарганаттарга каршы жеңишке жетишинин себеби
көпөлөктөрдүн жарганаттардын бардык чабуул тактикасын жакшы билгендигинде. Бул,
албетте, көпөлөктөрдүн жаратылуусундагы кемчиликсиз долбоордун натыйжасы.
Көпөлөк жарганаттын үнүн байкаганда көптөгөн альтернативалар келип чыгышы
мүмкүн. Бирок ошолордун арасынан көпөлөк үчүн эң ыңгайлуусу ишке ашып, көпөлөк
жарганаттан кутулат. Көпөлөктүн ийгилигинин маанисин жакшыраак түшүнүү үчүн келгиле
бул мүмкүнчүлүктөрдү карап көрөлү:
Эгер көпөлөктүн
үндү аныктоо аралыгы жарганаттыкынан кыскараак болгондо, көпөлөктүн кулагы аны
жарганаттан коргой алмак эмес. Мындай кырдаалда көпөлөк жарганатты байкап,
андан качууга аракет кылса да, жарганат аны таап алмак жана ылдамыраак учканы
үчүн акыры көпөлөктү колго түшүрмөк. Дагы бир ыктымалдык катары, көпөлөккө жакын
жердеги жарганат алыстай сезилиши мүмкүн эле, же болбосо жарганат жиберген
үндүн багытын тескери түшүнүп, качуунун ордуна жарганатты көздөй учушу да
мүмкүн болчу...
Бирок бул сансыз
ыктымалдыктардын арасынан көпөлөктөр эң туурасын жасап, жарганатка жем болуудан
кутулушат.
Ахзаб сүрөсүнүн
52-аятында «Аллах бүт баарын карап көзөмөлдөп туруучу» деп кабар берилет. Жер
жүзүндөгү бардык жандыктар сыяктуу, көпөлөктөр да Аллахтын алардын денесинде
жараткан кемчиликсиз системалары жана аларды кантип колдоноорун илхам кылуусу
менен жашоолорун улантышат. Жана Аллахтын илхамы менен акылдуу
кыймыл-аракеттерди кылып, туура тандоо жасашат. Көпөлөктөрдөгү система мунун
сансыз далилдеринин бири.
Көпөлөктөрдөгү кемчиликсиз угуу системасы
«Scientific American» журналында жарыяланган макалалардын негизинде
жазылган «Animal Engineering» аттуу
китепте айтылгандар көпөлөктөрдүн денесинде кемчиликсиз татаал системанын бар
экенин көрсөтүүдө:27
Көпөлөктүн
кулагы көкүрөгүнүн арткы капталдарында жайгашкан. Кулагы негизинен көкүрөгү
менен курсагын бөлүп турган кууш өтмөктө жайгашкан. Сырттан караган адамга
кулактар кичинекей көңдөйдөй сезилиши мүмкүн. Ал көңдөйлөрдүн ичинде тунук
кулак жаргакчалары орун алат.
Алдыда тереңирээк
карала тургандай, көпөлөктүн кулагындагы ар бир өзгөчөлүк жакшыраак угууга жана
жарганаттын кыйкырыгын жакшыраак талдоого арналган.
Көңдөйдүн
ортоңку кулак деп аталган бөлүгүндө жайгашкан жаргакчанын арт жагында аба
баштыкчасы бар. Көпөлөктүн угуу системасынын бөлүктөрүн курчаган бир жука
кыртыш аба баштыкчасын толук камтып, ал аркылуу жаргакчанын ортосунан скелет
таянычына чейин созулат. Бул катарда А клеткалары деп аталган эки угуу клеткасы
жайгашат. Ал эки клетканын жанында үн менен түздөн-түз байланышы жок, В
клеткасы деп аталган үчүнчү клетка да орун алат.
Ар бир А
клеткасынын бир учу сыртты, т.а. кулак жаргакчасын көздөй, экинчи учу ичти,
т.а. скелет таянычын көздөй созулган нерв талчасы болот. Көпөлөк сезген жогорку
жыштыктагы үндөргө байланыштуу бардык маалыматтар А1 жана А2 деп аталган ошол
эки А талчалары аркылуу борбордук нерв системасына жеткирилет. Эки А талчасы
тең В клеткасынын абдан жакынынан өтөт. В клеткасынын да нерв талчасы бар жана
бир аз аралыктан соң үч талча биригет. Бириккен үч талча ортоңку кулак нервдери
катары көпөлөктүн борбордук нерв системасына туташат.
Нерв
талчаларындагы электрдик сигналдар 1 вольттун миңден 1-2сине барабар.
Көпөлөктүн А талчаларындагы сигналдар сезгич клеткалардан борбордук нерв
системасына секунданын миңден экисинен да кыска убакытта жетет.
Ал нервдер
жарганаттар чыгарган үн толкундарын кабылдоо жөндөмүнө ээ. Ошондой эле, ал
толкундардын ортосундагы өзгөрүүлөрдү жана толкундардын өлчөмүн аныктоодо да
өтө сезгич болушат. Көпөлөк талчалардын ушул касиеттеринен улам алыс жердеги
жарганаттын узун жана акырын кыйкырыгын аны өлтүрүү үчүн жакындап калган
жарганаттын катуу кыйкырыгынан ажырата алат.
Көпөлөктөр бул үндөрдү кантип айырмалашат?
Илимпоздор бул
суроого жооп берүү үчүн изилдөөлөрүн «көпөлөк кулагына келген маалыматтардын
кайсынысын баалайт жана кантип жыйынтык чыгарат?» деген суроодон башташкан.
Эволюционисттердин «кокусунан пайда болуу» көз-караштарын жокко чыгарган бул
жөнүндөгү маалыматтардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Окумуштуулар бул
багытта микроскопиялык электр агымдарын аныктоочу прибор (осциллограф) менен
өлчөөлөрдү жүргүзүшкөн. Көпөлөктүн кулагына жарганаттын кыйкырыгы жеткенде, осциллографта
А клеткасынын ошол замат активдешкенин көрсөткөн сигналдар пайда болот. Үн
күчөгөн сайын нервдеги электрдик сигналдар да өзгөрөт. Алгач, сигналдардын
амплитудасы жогорулайт, экинчиден сигналдардын ортосундагы убакыт аралыгы
азайат. Үчүнчүдөн А1 талчасынын амплитудасындагы жогорулоолор эки талчанын тең
приборунда байкала баштайт. (А1 талчасынын үнгө карата сезгичтиги А2 талчасынан
күчтүүрөөк.) Төртүнчүдөн келген үн канчалык күчтүү болсо, А клеткасынын
амплитудасы ошончолук бат жогорулайт.
Бул
маалыматтарды талдаган соң илимпоздордо башка суроолор пайда болот. Үн
күчөгөндө көпөлөктүн угуу реакциясындагы кандай өзгөрүү көпөлөктүн
жүрүм-турумун аныктайт? Илимпоздор «көпөлөктүн көз-карашы» деп мүнөздөлгөн
баалоо ыкмасын колдонуу аркылуу төмөнкүдөй жыйынтыкка келишкен:
Көпөлөк биринчи
түрдөгү маалыматтарга, т.а. А клеткасынын амплитудаларынын санына карап
кыймыл-аракет жасаса, чоң ката кетирип өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Мисалы,
көпөлөк алыс жердеги жарганаттын узун жана акырын кыйкырыгын ага жакындап
калган жарганаттын күчтүү кыйкырыгы менен адаштырып алышы ыктымал.
Мындай
жаңылыштыкка көпөлөк жарганаттын кыйкырыгынын күчүн аныктоо үчүн экинчи
маалыматты, т.а. амплитуданын жогорулашындагы аралыктарды колдонуу аркылуу гана
бөгөт койо алат.
Үчүнчү типтеги
маалымат, б.а. А2 талчасынын иш-аракети «алдын ала эскертүү» билдирүүсүн «кабыл
алуу» билдирүүсүнө айландыруу кызматын аткарышы мүмкүн.
Төртүнчү типтеги
маалымат, т.а. амплитуданын пайда болуу аралыгы көпөлөккө учуп бараткан
жарганаттын ордун аныктоо боюнча керектүү маалыматты бериши ыктымал. Мисалы,
эгер үн көпөлөктүн сол кулагында оңго караганда жогорураак болсо, анда А
амплитудалары борбордук нерв системасынын сол тарабына оң тарабынан
миллисекунданын бир аз бөлүгүндөй ылдамыраак убакытта жетет.
Булар көпөлөктүн
жарганат тууралуу чечим чыгараарда кандай ыктымалдыктарды жана кандай
системаларды колдоноору тууралуу божомолдор. Мындан тышкары, көпөлөктүн так
байкала алган кыймыл-аракеттери да бар.
Эгер көпөлөккө
келген үн акырын болсо жана карама-каршы багыттан келсе, көпөлөк ошол замат
тескери багытка бурулуп учат. Анткени үндүн акырын чыгышы жарганат көпөлөктү
аныктай элек жана ошондуктан артынан түшө элек дегенди билдирет. Себеби
жарганаттар олжолорун аныктап чабуул жасаганда үн толкундарын батыраак жибере
башташат. Алсыз толкундарды сезген көпөлөк багытын өзгөртүп жарганатты артка
калтырып, ал жерден алыстайт.
Эгер көпөлөккө
келген сигналдар жыш болсо, көпөлөк же жерди көздөй сүңгүйт, же болбосо абада
кескин бурулуштар аркылуу бир катар маневрларды жасайт. Максат жарганаттын
колуна түшпөө.
Көпөлөктүн колдоочу системалары
Көпөлөктүн эки
кулактуу болушу ага үндүн булагынын багытын да аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Эгер жарганат көпөлөктүн сол жагында болсо оңдон келген үн толкундары солдогуга
салыштырмалуу секунданын миңден бириндей кечирээк угулат. Эки кулактын
ортосундагы бул айырма көпөлөктүн үндүн булагынын ордун аныкташына жетиштүү
болот.
Көпөлөктүн
кулагындагы таң калыштуу өзгөчөлүктөр, албетте, булар менен эле чектелбейт. Кээ
бир көпөлөктөрдүн кулактарында жаргакча сымал тосмосу болот. Ал тосмо биздеги
кулак калканынын кызматын аткарат. Үндү топтоп угуу кубаттуулугунун
жогорулашына салым кошот.
Ошондой эле, кээ
бир көпөлөктөр жогорку жыштыктагы үндөрдү угуудан тышкары, мындай үндөрдү
чыгара да алышат. Андай көпөлөктөр жарганатты сезгенде качуунун ордуна
ультраүндүү добуштарды чыгарышат. Бул таң калыштуу көрүнүш. Себеби жарганаттар
ультраүндөрдү угууда мыкты чебер болушат. Ошондуктан көпөлөктүн мындай кадамын
өзүн-өзү өлүмгө түртүү деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок жарганаттар мындай
көпөлөктөргө туш болгондо, тескерисинче ал жерден тезинен качып жөнөшөт.
Илимпоздор мунун эки себеби болушу мүмкүн деп ойлошот:
1- Көпөлөктүн
чыгарган үнү жарганаттын кабылдоо системасын бузат.
2- Үн
чыгарган көпөлөктөрдүн даамы жарганаттарга жакпайт. Жарганат бул үндү сезгенде,
даамсыз олжонун күтүп турганын түшүнөт.
Бул жерге
чейинки маалыматтарга көз чаптырганда, бир жагынан көпөлөктөрдүн кыймыл-аракеттериндеги
акылмандыкты, экинчи жагынан денелериндеги кемчиликсиз долбоорду көрөбүз. Көпөлөктүн
ультраүндүү добуштарды угуп, аларды чечмелей алышы жана ага каршы үн
толкундарын жибериши өз-өзүнчө долбоорлорду талап кылат.
Көпөлөк
жарганаттын үнүн угушу үчүн бир катар татаал процесстер талап кылынат. Ал
процесстердин бирөөсүн, мисалы А1 талчасы менен А2 талчасынын ортосундагы
кабылдоо айырмачылыгын алып койсоңуз, көпөлөк жарганаттын кыйкырыктарындагы
айырманы сезе албайт. Же кулак жаргакчасынын түзүлүшү бузулса, көпөлөк эч
нерсени укпай калат. Көпөлөк жарганаттын үндөрүн укса эле маселе чечилип
калбайт. Аман калышы үчүн душманга карата чара көрө турган нерв системасы да
болушу шарт.
Ал нерв
системасында белгилүү булчуңдарга сигнал жиберип көпөлөктүн качышын камсыз
кылган реакциялар иреттүү түрдө ишке ашуусу керек. Нерв системасындагы белгилүү
иреттеги маалыматты, б.а. жарганаттын кыйкырыктарын көпөлөктүн качуу кыймылына
айланткан система «татаал система».
Бул система
тууралуу бир аз ой жүгүрткөндө, эволюция теориясынын «акырындап пайда болуу»
көз-караштарынын канчалык акылсыздык экенин дагы бир жолу түшүнөбүз. Эволюция
теориясы боюнча, жандыктар бир гана туш келди өзгөрүүлөрдүн (кокустуктардын)
натыйжасында пайда болушкан. Бирок көпөлөктүн угуу системасы «кемитилгис
комплекстүүлүк» өзгөчөлүгүнө ээ. Башкача айтканда, көпөлөктүн угуу системасы
аны түзгөн бөлүктөр бүтүн бойдон иштегенде гана өз кызматын аткара алат.
Бөлүктөрдүн бирөөсү эле жок болсо же талаптагыдай иштебесе орган эч нерсеге
жарабайт. Ошондуктан эволюционисттердин «кокустук» түшүнүгү жараксыз.
Жандыктардагы
системалар менен органдардын көпчүлүгү ушундай «кемитилгис комплекстүүлүк»
өзгөчөлүгүнө ээ. Бул түшүнүктүн дарвинизмге чоң сокку ураарын Дарвин да
түшүнгөн. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде мындай деп мойнуна
алган:
Эгер бир татаал
органдын көптөгөн удаалаш кичинекей өзгөрүүлөр аркылуу пайда болбой тургандыгы
көрсөтүлсө, теориям толугу менен жокко чыгат...28
Азыркы
технологиялар жандыктардагы системалардын татаалдыгын толугу менен ачып
көрсөттү жана эволюция теориясы кулады. Дарвин теориясын илимий мүмкүнчүлүктөр
өтө примитивдүү кезде чыгарган. Ал кездеги техникалык жабдыктар менен илимдин
жетишсиздигин жана ошол себептен адамдардын түшүнүгүнүн тардыгын эволюция
теориясынын бардык көз-караштарынан даана байкоого болот. Бирок биз азыр
21-кылымдабыз жана технология өнүккөн. Илимий жетишкендиктер жандыктардагы
кемчиликсиз түзүлүштөрдү ачып бергенине карабастан, дарвинизмди жактагандардын
дагы эле бар экени албетте ойлондурат.
Жандыктардагы
кереметтүү түзүлүштөр алардын кокусунан пайда болбогонун жана теңдешсиз
чеберчилик менен жаратылганын апачык далилдейт. Ааламдагы жандуу-жансыздын бүт
баарын бир көз ирмемде эч кемчиликсиз кылып жараткан Улуу Аллах. Дарвинизмди
дагы эле жактагандар болсо төмөнкү аят тууралуу ойлонушу зарыл:
Айткын: «Силердин
шерик кошкондоруңардан акыйкатка жеткире алчусу барбы?» Айткын: «Акыйкатка
жеткирүүчү Аллах. Демек, акыйкатка (чындыкка) жеткирүүчүгө моюн сунуу
туурараакпы, же туура жолго салынмайынча өзү туура жолду (хидаят) таба
албагангабы? Силерге эмне болуп жатат? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?» (Йунус
Сүрөсү, 35)
ЖЫЛАНДАРДАГЫ ЖЫЛУУЛУКТУ СЕЗҮҮЧҮ СИСТЕМА
Калдыркандуу
жыландын башынын маңдай жагындагы бет чуңкурларында жылуулук сенсорлору бар.
Жылан аларды колдонуп айланасындагы жандыктардын дене жылуулугунан чыккан
инфракызыл нурларды аныктайт. Ал сенсор ушунчалык сезгич болгондуктан,
айланадагы температуранын 1/300 градуска жогорулашын секунданын миңден отуз
бешиндей кыска убакытта аныктай алат. Чындыгында анын сезгичтиги ушунчалык
жогору болгондуктан, жылан андан алыстап бараткан олжосунун изинен чыккан жылуулукту байкап, олжосунун артынан түшө
алат.
Жыландын
жылуулукту сезүү органы аңчылык кылуу үчүн гана эмес. Жылан муздак кандуу
жаныбар. Жашаган чөйрөсү 30 градустан жогору болгондо гана кадимки тиричилик
аракеттерин уланта алат. Ошондуктан жылуулук сенсорлору кышты өткөрүү үчүн
жылуу үңкүр же дарак коңулун табууда жыландарга абдан жардам берет. Жыландардын
14 түрүнөн экөөсүндө гана жылуулук сенсорлору бар. Ал эки түрдүн сенсорлору да
түзүлүшү жагынан бири-биринен айырмаланат. Мисалы, кара чаар жыландардагы
сенсорлор башынын алды жагында, көзүнүн астындагы оюктары алдыга карай
багытталган.
Оюктардын
диаметри бир канча миллиметр жана тереңдиги орточо 5 мм. Оюктардын ичи жаргакча
менен экиге бөлүнөт. Ошентип ички жана тышкы бөлмөчө деп аталган бөлүктөр келип
чыгат. Жыландын башында жаргакчанын ичине чейин созулган жана «үчүлүк нерв» деп
аталган эки нерв талчасы бар. Олжонун денесинен чыккан жылуулук электрдик сигналдарга
айландырылат. Үчүлүк нервдин милдети болсо ал сигналдарды мээге жиберүү. Мээнин
жылуулук сигналдарын кабылдоочу бөлүгү болсо «түпкү чекит» болуп саналат.29
Нерв талчасы ал
аймакка жакындаган сайын үстүндөгү атайын каптама материалдары жоголо баштайт. Эң
аягында кенен, жалпак түзүлүшкө айланат. Ал түзүлүштүн учтарында митохондрия
деп аталган кичинекей клеталык түзүлүштөр жайгашат. Жылуулук сигналдары
келгенде алардын түзүлүшү өзгөрөт. Ошол өзгөрүүнүн натыйжасында жылан олжону
сезет. Бул сезүү системасынын так кандай иштээри бүгүнкү күндө белгисиз.
Илимпоздордун жалпы пикири боюнча, ал толугу менен атайын түзүлүштөгү татаал
процесске таянат.
Жылуулукту сезүүчү системадагы атайын көзөмөлдүн мааниси
Жыландын
жылуулукту сезүү системасы анын дене температурасынан көз-карандысыз иштейт.
Система сигнал келээр замат иштеп, андан соң реакция көрсөтпөйт.30 Бир эле ушул өзгөчөлүгү да жыландардагы бул
системанын атайын долбоор менен пландалып жаратылганын көрсөтүүгө жетиштүү.
Эгер жылуулук сенсорлору жыландын өзүнөн чыккан жылуулукту да эске алганда,
система тынымсыз сигнал бермек. Ал сигналдар жыландын айланадагы жылуулук
булактарынан алган сигналдарга тоскоол болуп, система иштебей калмак.
Көрүнүп
тургандай, бул өзгөчөлүк жыландарды бул кемчиликсиз система менен бирге
Аллахтын жаратканын көрсөтөт.
Жыландарга гана
таандык болгон бул сезүү системасынын ар бир өзгөчөлүгү кемчиликсиз. Ар бир
баскычы бардык майда-чүйдөсүнө чейин эч кемчиликсиз жаратылган.
Кокустуктардын
мындай көп баскычтуу пландалган системаны пайда кыла албашы айдан ачык.
Аллахтан башка эч бир күч мындай кемчиликсиз системаларды пайда кылып, аны ал
түрдүн бардык мүчөлөрүнө эч качан орното албайт. Бул апачык акыйкатка
жыландардагы башка системалардан кээ бир мисалдарды келтирип, дагы бир жолу
күбө бололу.
Жыландардагы аңчылык механизмдери
Жылан жыт сезүү
органынын кызматын аткарган айры тилин колдонуп, караңгы түндө жарым метр
алдыда жерге жабышып кыймылсыз жаткан жандыкты сезе алат. Караңгы түндө
жылуулукту сезүүчү системасы аркылуу олжосунун ордун жаңылбай аныктай алат.
Жылан олжосуна алгач акырын жакындап, чабуулга даярданат, андан соң моюнун
жаадай созуп, олжосунун үстүнө өтө тездик менен секирет. Ал ортодо 180 градус
ачыла алган күчтүү жаагындагы тиштерин олжосуна матырган болот. Булардын баары
бир автомобильдин жарым секунданын ичинде нөлдөн 90 км/саат ылдамдыкка жетишине
тете ылдамдыкта болуп өтөт.
Жыландын олжосун
өлтүрүү үчүн колдонгон эң чоң куралы – бул «уулуу тиштери». Ал тиштердин
узундугу орточо 4 см. Тиштердин ичи оюк болот жана уу бездерине туташат. Бездин
булчуңдары жылан тиштегенде жыйрылат жана уу алгач тиш каналына, ал жерден
олжонун терисинин астына басым менен чачыратылат. Жыландын уусу же олжонун
борбордук нерв системасын иштен чыгарат, же болбосо канын коюлтуп өлүмгө алып
барат.
Жыландар жылуулук чыгарган нерсенин жегенге ылайыктуу болуп болбогонун кантип билишет?
Бир
экспериментте жыландын жылуулукту сезүү системасы менен айры тилинин биргелешип
иштешинин натыйжасында жылуулук чыгарган нерсенин жегенге ылайыктуу болуп болбогонун
биле алаары аныкталган. Караңгы жерде жыландын алдына ысык кум баштыгы менен
өлүк жаныбар коюлган. Жылан алгач баштыкка ошол замат чабуул жасаган, бирок
жегенге аракет кылган эмес. Өлүк жаныбардан жылуулук чыкпаганы менен аны
тапканда тили менен текшерип көрүп, анан жеп баштаган. Эгер мындай болбогондо,
жылан жылуулук бөлүп чыгарган нерселердин баарына кол салып, аларды чагып,
канча аракети текке кетмек. Бирок эки сезүү органы бири-бирин толуктай турган
өзгөчөлүктө жаратылганы үчүн мындай болбойт.
Бир жандыкта
түнкүсүн көрүү системасынын, бир нерсенин турган ордун катасыз табуу
өзгөчөлүгүнүн жана башка жаныбарды ууландырып өлтүрүүчү органдарынын болушу таң
калыштуу жана кемчиликсиз өзгөчөлүк.
Аллахтын бар
экенин кежирденип четке каккандар жыландагы мындай теңдешсиз жөндөмдүн кантип
пайда болгонун, албетте, түшүндүрө алышпайт. Себеби жыландын оозундагы уу
системасы абдан татаал жана атайын пландалган система. Бул система иштеши үчүн
эң биринчиден жаныбарда атайын ичи оюк «уу тиштери», анан ал тиштерге туташкан
уу бездери жана аягында ал бездердин ичинде душманын заматта шал кыла турган,
күчтүү уу пайда болушу шарт.
Мындан тышкары,
жылан олжосун чакканда бул системаны ишке киргизе турган бир рефлекс пайда
болушу керек. Бул көп бөлүктүү системанын бир эле бөлүгү жок болсо, система
иштебейт. Мындай кырдаалда жылан аңчылык кылган жаныбарына тескерисинче өзү жем
болуп калышы мүмкүн.
Ошондой эле,
уунун жыланга эч кандай зыян тийгизбеши да өзүнчө таң калыштуу. Жыландын
денесинде уу да, ууну сактай турган система да бар. Уу сакталган бездердин
коргоо өзгөчөлүгү болушу шарт, антпесе уу жыландын денесине тарап, аны өлүмгө
алып барат. Көрүнүп тургандай, уу системасы толугу менен бар болушу керек.
Мындай системанын ойдон чыгарылган «эволюция процесси» аркылуу акырындап эч
качан пайда болбой тургандыгы анык.
Уу системасы
тууралуу ой жүгүртүү эволюционисттердин «өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болгон»
деген көз-караштарынын канчалык күлкүмүштүү экенин түшүнүү үчүн жетиштүү болот.
Эволюционисттердин көз-караштары ойдон чыгарылган гипотезалардан гана турат.
Жылуулукту сезүүчү системалардын же уу тиштеринин жок жерден бир күнү
күтүүсүздөн пайда болуп кала албашы анык. Ал үчүн алгач тиштер, анан тиштин
ичиндеги оюктар пайда болушу керек. Андан соң дене башка жандыктарга кандай уунун
таасир берээрин аныктап, анан ошол формуладагы ууну өзүнүн денесинде иштеп
чыгышы шарт. Бул айтылгандар негизи талап кылынган баскычтардын абдан үстүртөн
гана сүрөттөлүшү. Бул жерге чейинки мисалдардан да көрүнүп тургандай,
жыландардын дене системаларынын ар бир бөлүгү комплекстүү жана бири-биринен
көз-каранды. Бүт баары бардык майда-чүйдөсүнө чейин кемчиликсиз өзгөчөлүктөргө
ээ. Бул болсо жаратылууну, б.а. бир Жаратуучунун бар экенин апачык далилдейт.
Жыландарды кемчиликсиз жыт сезүү жөндөмдөрү, уу системалары жана башка бардык
өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан – улуу кудуреттүү Аллах. Ушундай апачык
далилдерге карабастан, Ага ыйман кылбай кежирденгендерди Аллах Куранда залим
деп сыпаттайт жана мындай деп билдирет:
ЧАЯНДЫН СЕЗҮҮ ЖӨНДӨМҮ
Бул чаяндын сегиз бутунун баарында жайгашкан жарака формасындагы кемчиликсиз сенсорлор менен байланыштуу. Ал сенсорлор миллиметрдин миллиондон бир бөлүгүнөн төмөнүрөөк дирилдөөлөргө себеп болгон кыймылдарды да аныктай алышат.
Чаянга жакын
жерге бир көпөлөк конду деп элестетели. Жерге конгон көпөлөк жерде эки түрдүү
дирилдөө толкундарын пайда кылат. Биринчиси секундасына 15 метр ылдамдык менен
кыймылдаган көлөм толкундары. Экинчиси болсо тегиздикке параллельдүү түрдө
секундасына 50 метр ылдамдык менен тараган «Релей толкундары». Олжого чейинки
аралык ошол эки толкундун чаянга жетүү мөөнөттөрүнүн ортосундагы айырманы
белгилөө аркылуу аныкталат.31
Олжонун канчалык
алыстыкта экенин аныктоо, албетте, анын ордун так билүү деген мааниге келбейт.
Ошондуктан анын кайсы багытта турганын да билүү керек.
Чаяндын буттары
диаметри орточо 5 см болгон тегерек жерди басат. Ошондуктан олжодон чыккан
Релей толкундарынын чаяндын олжого эң жакын жайгашкан бутуна жетиши менен эң
алыстагы сенсорго жетишинин ортосунда 5 миллисекундалык (секунданын эки жүздөн
бириндей) айырма келип чыгат. Сенсорлордун бири Релей толкунун сезгенде, нерв
клеткалары чаяндын нерв системасынын борборуна бир эскертүүчү сигнал жиберет.
Ал сигнал аркы тараптагы үч буттан кечигип келген толкундарды сезүүчү нервге да
жиберилет. Бирок ал үч буттан келген сигналдар тосмолонуп нерв системасынын
борборуна ошол замат жеткирилбейт.
Ошентип улам
сайын эрте келген сигналдын булагы болгон бут менен калган үч буттун турган
орду талдоого алынат. Алардын ордун талдоо аркылуу толкундун булагынын багыты
аныкталат.
Эгер эскертүүчү
сигнал менен тосмолонгон сигналдардын буттагы сенсорлорго жетишинин ортосундагы
айырма секунданын беш жүздөн бириндей болсо, нерв системасынын борбору эки сигналды
тең кечигүүсүз бир учурда сезет. Бул чаян үчүн аракетке өтүп, «чабуул үчүн
кемчиликсиз долбоорлонгон куралдарыңды колдон» деген мааниге келет.
Буттардан келген
сигналдарды талдоодон өткөргөн 8 нерв клеткасы бир комитет сыяктуу чогулуп, улам
сайын олжонун багытын биргелешип аныкташат.32
Алар аны кантип
аныкташат? Ал үчүн нерв клеткалары улам сайын бир чогулуш өткөрүп,
маалыматтарды аныктап, андан жыйынтык чыгарышабы?
Эч кандай чогулуштун
өткөрүлбөй тургандыгы, нерв клеткаларынын болгону белок, май жана суудан турган
заттар экендиги, алардын акылынын жана аң-сезиминин жок экендиги анык.
Бул механизм
миллиондогон жылдан бери жашап өткөн бардык чаяндарда бирдей. Эволюционисттер
айткандай, кокусунан, акырындап пайда болгон же кийинчерээк кошулуп калган эмес.
Чаянды чексиз кудуреттүү Аллах кемчиликсиз долбоор менен жараткан.
![]() |
| 1- Өпкөлөр; 2- Күчтүү соот; 3- Уулуу найза; 4- Кыпчуурлар; 5- Мээ; 6- Буттар. |
Булактар:
19. Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.53
20. Dr. R. Robin Baker, Fantastic Journeys, 1991, Fog City Press, San Francisco, USA s.132
21. Donald Griffin, Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introduction, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.55
22. Donald Griffin, Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.55
23. Harika Canlılar 1, Belgesel film (VCD), Okur Yapımcılık.
24. John Downer, SUPERNATURE, The Unseen Powers of Animals, Published by BBC Worldwide Ltd., London 1999, ss. 149-150.
25. "Moth ultrasound", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.78
26. "Moth ultrasound", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.78
27. "Moth ultrasound", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, s.78-86
28. Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 189.
29. "The Infrared receptors of snakes", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, ss.66-70.
30. "The Infrared receptors of snakes", Animal Engineering, Readings from Scientific American with Introductions by Donald Griffin, The Rockefeller University W. H. Freeman Com., San Francisco, ss.66-70.
31. Bilim ve Teknik Dergisi, "Akrebin Silahı: Fizik", TÜBİTAK, Eylül 200, sf.16
32. http://itb.biologie.hu-berlin.de/~kempter/Publications/2000/PhysRevLett/abstract.html






















Hiç yorum yok:
Yorum Gönder