Бул суроолордо мисал келтирилген жандыктардын жалпы өзгөчөлүгү, алар оптика тармагында адистикти талап кылган кыймыл-аракеттерди жасашат. Мисалы, алдыда тереңирээк каралгандай, көпөлөктөрдүн кээ бир түрлөрү физиктер колдонгон кээ бир оптика эрежелерин колдонуп денелерин жылуу кармашат. Бул бөлүмдө каралган дагы бир мисал – бул төрт көздүү балык. Балыктын көздөрүндөгү оптикалык долбоор ал жандыкка атмосферада да, деңиз шарттарында да көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Баары атайын
долбоор менен жаратылган бул системаларды жана алардагы акылдуу
кыймыл-аракеттерди караганыбызда бир гана жыйынтыкка келебиз: бир көпөлөктүн же
бир кумурсканын өзүнүн денесинде өз алдынча мындай системаларды жасашы жана
аларды кантип колдоноорун өз алдынча билиши, албетте, мүмкүн эмес. Бардык
жандыктар өздөрүнө таандык өзгөчөлүктөрү менен бирге жана ал өзгөчөлүктөрүн
кантип колдоноорун билип, бир заматта пайда болушкан. Аллах жер жүзүндөгү
бардык жандыктарды абдан чебердик менен жараткан.
ОПТИКА ЭРЕЖЕЛЕРИН БИЛГЕН КӨПӨЛӨКТӨР
Физиктер оптикада колдонгон үч негизги эреже бар. Алар кезеги менен төмөнкүдөй:
1) Бир нерсенин үстүңкү бетинин жылуулугу күндүн нурлары менен анын ортосундагы бурч 90 градуска жакындаган сайын жогорулайт.
2) Күндүн
нуру бирдей бурчта тийген эки нерсенин күңүрт түстөгүсүнүн үстүңкү бети
көбүрөөк жылыйт.
3)
Чагылтуучу үстүңкү бет ага келген нурду нормаль (үстүңкү бет менен 90 градусту
түзгөн перпендикуляр) менен канча градус болсо, ошол бурч менен чагылтат.
Адамдар билбеген же байкабаган бул эрежелерди көпөлөктөр билишет. Ошондой эле, көпөлөктөр бул оптика эрежелерин күнүмдүк жашоолорунда да пайдаланышат. Муну Колиас көпөлөктөрүн мисал келтирип карайлы.
Колиас көпөлөгү дене
температурасы 28°Cден төмөн болгондо уча албайт. Мындай кырдаалда ошол замат
канаттарын жайат жана жонун күнгө каратып күндүн нурлары тик тийе тургандай
кылып тосот. Көпөлөк жетишерлик жылып, дене температурасы 40°Cге чейин
көтөрүлгөндө, турган ордунда 90 градуска бурулат. Ошентип күндүн нурлары
горизонталдуу тийип калат. Натыйжада күндүн нурларынын жылытуучу таасири
минималдуу деңгээлге түшүрүлөт. Мындан улам көпөлөктүн дене температурасы
төмөндөй баштайт.
Мындан тышкары,
көпөлөктөрдүн бул түрүнүн канаттарында кара тактар болот. Ал тактар көпөлөктүн
денесине жылуулуктун сиңишине жардам берет. Болгондо да, алар дененин жылынууга
эң көп муктаж болгон аймактарына жакын жайгаштырылган. Ошентип башка жерлерге
салыштырмалуу ылдамыраак ысыган тактардан башка жактарга жылуулукту өткөрүү
аралыгы кыскартылган болот.
Пиерис түрүнө таандык
көпөлөктөр болсо канаттарынын бурчун өтө чебердик менен тууралап, линзадагы
сыяктуу бардык нурларды денелеринин эң көп жылынышы керек болгон аймактарына
топтой алышат.33
Бул жандыктарга
эң натыйжалуу жылынуу үчүн эмне кылуу керек экенин илхам кылган, бүт нерсени
коргоп, көзөмөлдөгөн – Аллах. Раббибиздин бүт ааламдын өкүмдары экени бир аятта
төмөнкүчө кабар берилет:
Асмандардагы жана
жердегилердин бүт баары Аныкы (Ага таандык). Чындыгында Аллах эч нерсеге
муктаждыгы жок (Ганий), мактоого татыктуу. (Хаж Сүрөсү, 64)
«ТӨРТ КӨЗДҮҮ» БАЛЫКТАГЫ КЕРЕМЕТТҮҮ ОПТИКАЛЫК ДОЛБООР
Суунун астында
сүзүп баратып көзүбүздү ачсак, айланабыздагы бүт нерселер бозомук көрүнөт.
Себеби атмосфера шартында көрүүгө ыңгайлуу кылып жаратылган көзүбүз үчүн суу
бөтөн чөйрө болуп эсептелет. Ушул эле логика менен караганда, суу шартынан
сыртка чыгарылган бир балык да атмосфера шартында бозомук көрөт деп
божомолдоого болот. Бирок кургактыкта да, сууда да абдан жакшы көрө алган бир
балык түрү бар.
Түштүк Мексикадан
Түштүк Американын түндүгүнө чейинки дарыяларда жана көлдөрдө жашаган бир балык
түрүнүн көзү суунун ичинде да, сыртында да абдан жакшы көрө алат. Анаблепс аттуу
ал балык көбүнчө «төрт көздүү балык» деп айтылат. Балыктардын бул түрү суунун
сыртын тунук көрүүдөн тышкары, абадагы нерселерди кунт коюп карай да алат.
Төрт көздүү
балыктын чындыгында эки көзү бар. Бирок ар бир көз ар биринин өзүнчө фокус
аралыгы бар эки жарым шардан турат. Бул анаблепстердин бир учурда эки түрдүү
көрүү өзгөчөлүгүнүн себебин түшүндүргөн кемчиликсиз долбоор. Балык суунун
бетине жакын сүзүп баратканда, суунун үстүндө калган каректери абага көз салат,
ал ортодо суунун астындагы ылдыйкы каректери болсо суунун астындагы дүйнөгө көз
чаптырат. Ошентип балык учкан жандыктар менен да, сүзгөн жандыктар менен да
азыктана алат же алардан кача алат.
Көздүн ичиндеги
эки түрдүү фокус (бифокал) балыкка эки түрдүү сүрөттөлүштү көрүү мүмкүнчүлүгүн
берет.
Пигменттүү
кыртыштардын темгилдүү тилкеси жана анын үстүндө жайгашып көрүнүп турган түстүү
челдер эки көздү суунун сызыгында ортодон экиге бөлөт жана бири суунун үстүндө,
экинчиси суунун астында калган эки каректи пайда кылат. Үстүнөн караганда
түстүү челдер сыртка чыккан көздөрдүн ичиндеги абада калкыган манжаларга
окшошот.34
Төрт көздүү
балык учкан чымын-чиркей, курт-кумурскаларды кармоо үчүн абага секире алат же
сүзгөн жандыктарды кармоо үчүн суунун астына чумкуй алат. Бирок көбүнчө жээкке
жакын тайыз сууларда сүзүп, рак сымалдарды, балырларды же суунун үстүңкү жука
бетине илинип калган курт-кумурскаларды кармайт.
Илимпоздор анаблепстердин
сууга караганда абаны көбүрөөк колдоноорун аныкташкан, анткени абада суудагы
көрүү системасына салыштырмалуу алысыраактагы жана кичирээк нерселерди көрө
алышат. Бирок балык азыктануу же башка жандыктарга жем болбоо үчүн улам-улам
сууга чумкуп турат.
Бул система кантип пайда болгон?
Албетте, эч бир
балык өз алдынча суунун жана абанын физикалык шарттарына жараша эки түрдүү
оптикалык системаны долбоорлоп, андан соң ал эки системаны бир көздө шайкеш
иштей тургандай кылып орното албайт.
Анда бул көздөр
эволюция теориясы айткандай туш келди өзгөрүүлөр аркылуу келип чыккан болушу
мүмкүнбү? Башкача айтканда, мындай уникалдуу оптикалык долбоор бир балыктын
көздөрүндө кокусунан пайда боло алабы? Андан соң кайра эле кокустуктар аркылуу
урпактан урпакка өтүп, кийинки урпактарда да пайда болушу мүмкүнбү?
Албетте, мындай
долбоор кокусунан пайда боло албайт. Көз сыяктуу татаал органдар бири-биринен
көз-каранды көптөгөн бөлүктүн чогуу иштешинен келип чыгат жана ал бөлүктөрдүн бирөөсү
эле болбосо же кемчиликтүү болсо, баары эч нерсеге жарабайт. Мындай системалар
«кемитилгис комплекстүүлүк» деп аталган өзгөчөлүккө ээ. Мисалы, адамдын көзүнүн
бир нерсесин кемитип жөнөкөйлөтүүгө болбойт, себеби бардык бөлүктөрү менен
бирге, толук бойдон бар болмоюнча, көз эч нерсеге жарабайт. Бул көздүн
убакыттын өтүшү менен акырындап пайда боло албастыгынын бир далили.
Бул чындык «эгер
бир татаал органдын көптөгөн удаалаш кичинекей өзгөрүүлөр аркылуу пайда болбой
тургандыгы көрсөтүлсө, теориям толугу менен жокко чыгат»35 деп Дарвин тынчсыздангандай, эволюция
теориясын түп тамырынан четке кагат.
Дарвин «көздүн
эволюциясы» темасында туюкка кабылганын түшүнгөн. Ошондуктан муну китебинин
«Теориянын кыйынчылыктары» (Difficulties on Theory) аттуу бөлүмүндө мойнуна
алган. Дарвиндин китебин окуган америкалык физик Липсон Дарвиндин бул
«кыйынчылыктары» тууралуу мындай дейт:
«Түрлөрдүн
келип чыгышын алгач окуганымда Дарвиндин адатта чагылдырылгандын тескерисинче,
өзүнө көп деле ишенбегенин байкаган элем. «Теориянын кыйынчылыктары» аттуу
бөлүм, мисалы, ишенимсиздикти абдан даана чагылдырат. Бир физик катары көздүн
кантип келип чыккан болушу тууралуу пикирлерине өтө таң калдым.»36
Эволюция
теориясы бир эле көздүн да кантип пайда болгонун түшүндүрө албай жатканда, эволюционисттердин
«төрт көздүү балыктын» келип чыгышы тууралуу эч нерсе айта албашы анык. Төрт
көздүү балык суунун сыртын бир адамдай, суунун ичин болсо бир балыктай тунук
көрө алат. Төрт көздүү балыктын келип чыгышы тууралуу бир гана нерсени айтууга
болот: аны бүт нерсеге кудуреттүү жана бардык жандыктарды жараткан Аллах кереметтүү
бир система менен, эч бир үлгүсүз, кемчиликсиз кылып жараткан.
Эволюционисттердин
ушунчалык апачык чындыктарды көрбөй, дагы эле эволюция жомогуна ишениши абдан
маанилүү көрүнүш. Ар бир адам бул тууралуу ой жүгүртүшү керек жана андан сабак
алып, андай абалга түшүүдөн болушунча алыс болушу шарт.
Мындай аңкоолук
Аллахтын бар экенин кабыл албаганы үчүн аларга бул дүйнөдө берилген бир жаза.
Аллах бир аятында мындай деп билдирет:
Алар Аллахты унутуп,
натыйжада Ал (Аллах) да аларга өз напсилерин унуттурган адамдар сыяктуу
болбогула. Мына ошолор бузукунун (фасыктын) дал өзү. (Хашр Сүрөсү, 19)
Суунун жана
көздүн үстүңкү челинин (айнекчелдин) сынуу чоңдугу дээрлик бирдей болгондуктан,
суунун астындагы нерселерден чагылган жарык айнекчелден түз өтүп, сынуу чоңдугу
жогорураак болгон чечекейдеги тордомо челде сынат. Ал эми абанын сынуу чоңдугу
болсо айнекчелден төмөнүрөөк, ошондуктан жарык экинчи жолу ийилет. Анаблепс
жумуртка формасындагы өзгөчө чечекейлерин колдонуп, эки сүрөттөлүштү тең тунук
көрөт. Чечекейдин астыңкы каректин тушундагы бөлүгү кадимки балыктардын
чечекейи сыяктуу тегерек болот. Натыйжада сүзүп бараткан курт-кумурсканын
личинкасынын сүрөттөлүшү тордомо челге түшөт. Азыраак тегерек болгон жогорку
бөлүк болсо адамдын көзүнө көбүрөөк окшошот жана абадагы нерселерди караганда
келип чыккан эки жолку сынууну калыпка салат. Ошондуктан балык бир чиркейди да
тунук көрө алат. Бул кемчиликсиз долбоор Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигинин
сансыз мисалдарынын бирөөсү гана.
![]() |
| Төрт көздүү балыктын көрүү системасы |
КУМУРСКАНЫН КӨЗДӨРҮНДӨГҮ КОМПАС
Багытты аныктоо
үчүн компас жана, ошондой эле, карта керек. Карта адамга каерде турганын,
компас болсо кайсы тарапка жүрүү керек экенин көрсөтөт. Тунистин Жер ортолук
деңиздин жээгиндеги Маар шаарына жакын аймакта жашаган кара чөл кумурскасы
булардын эч бирин колдонбостон, багытын катасыз аныктай алат.
Кумурска эрте
менен күн көтөрүлгөндө 70°Cге чейин жеткен чөлдөгү кумдун ысыгында азык издеп
уюгунан чыгат.
Чөл кумурскасы
уюгунан 200 метр алыстыкка чейин жеткен аймакта улам-улам токтоп, турган
жеринен бурулуп ийри-буйру жол жүрөт. Бирок башаламан бурулуштарды жасаганына
карабастан, азыгын табаар замат уюгун көздөй түптүз жөнөйт. Кумурсканын мындай
сапары анын боюна салыштырганда, бир адамдын чөлдө 35-40 км кыдырган соң,
компас же башка эч нерсени колдонбой баштапкы ордуна түптүз кайтышына тете
болот.37
Чөлдөй талаа
жерде багытты аныктоого жардам берген белгилердин аздыгын эске алганда
(чындыгында кумурска жолдо көргөн белгилерди эстеп калып, жолун ошолорго карап
аныктаса ал өзүнчө бир керемет болмок), кумурсканын бул ийгилигинин маанисин
жакшыраак түшүнөбүз.
Кумурсканын
компасы да, картасы да жок. Бирок Аллахтын алардын көзүнө орноткон багытты
аныктоо системасы бул аспаптардын баарынан жакшыраак. Кумурсканын көздөрү
адамдарда болбогон бир касиетке ээ: чөл кумурскасы да жогоруда мисал
келтирилген жөргөмүштөр сыяктуу жарыкты поляризациялай алат. Бул процесс
учурунда биз көрө албаган кээ бир нурларды көрөт жана аларды колдонуп
айланасына караганда ар дайым түндүк-түштүк багыттарын так аныктай алат.
Ошентип уюгунун кайсы тарапта экенин ар дайым божомолдой алат жана артка
кайтканда эч кыйналбайт. Бир кумурсканын адамдар да жаңы эле түшүнгөн жарыктын
поляризация касиетин билишин кантип түшүндүрүүгө болот? Болгондо да, кумурска
аны компас катары пайдаланууда. Булардын баарын кумурска өзү, албетте, биле
албайт.
Чындыгында
кумурсканын көзүндөгү бул татаал түзүлүштү туш келди кокустуктар менен
түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бул касиет бардык чөл кумурскаларынын көздөрүндө бул
дүйнөдө пайда болгондон бери бар. Бул көздөр алардын, бардык башка жандыктардын
жана биздин Жаратуучубуз Аллахтын чыгармасы. Бир аятта мындай деп айтылат:
(Аллах) Асмандардын,
жердин жана ал экөөнүн арасындагылардын Рабби; демек, Ага ибадат кыл жана Ага
ибадатта чечкиндүү бол. Анын теңдеши болгон бирөө барбы? (Мариям Сүрөсү, 65)
![]() |
| 1- Уя; 2- Баруу жолу; 3- Кайтуу жолу. |
Булактар:
33. Bilim ve Teknik Dergisi, TÜBİTAK, Nisan 1991, s.49
34. National Geographic, "The Four-eyed Fish Sees All", Paul A. Zahl, Mart 1978, Vol.137, No.1, ss.390-395.
35. Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 189
36. H. S. Lipson, "A Physicist's View of Darwin's Theory", Evolution Trends in Plants, Cilt 2, No. 1, 1988, s. 6.
37. Bilim ve Teknik Dergisi, TÜBİTAK, Mayıs 1995, Sayı: 330, s.69










Hiç yorum yok:
Yorum Gönder