Микро өлчөмдөгү бир түкчөнүн бири-бирине уланганда гана иштеген, бири-биринен көз-каранды бөлүктөрүн же кышкы көпөлөктөрдөгү көп баскычтуу долбоорду кароонун максаты – кокустуктардын мындай кемчиликсиз түзүлүштөрдү эч качан пайда кыла албашын дагы бир жолу көз алдыга тартуулоо.
Жаныбарлардын
жашаган чөйрөсүнө ыңгайлуу түзүлүшү жана акылдуу кыймыл-аракеттери бизге
Аллахтын кереметтүү чеберчилигин көрсөтөт. Аллах ар түрдүү жаратууну билет.
КЫШКЫ КӨПӨЛӨКТӨРДӨГҮ ЖЫЛЫНУУ СИСТЕМАСЫ
Орто Азия,
Сибирь, Түндүк Европа сыяктуу аймактарда кыш шарттары абдан оор болот. Азык
тартыштыгы жана суук аба ырайы көптөгөн жандыктардын өлүмүнө себеп болот. Бирок
кээ бир жандыктар аймактагы оор аба ырайына карабастан, аман кала алышат.
Алардын арасында эң таң калыштуусу, албетте, көпөлөктөр.
Абдан назик
жандыктар болуп эсептелген көпөлөктөр мындай катаал шарттан кантип чыга алышат?
Суроонун жообу бизди ал жандыктардын денелериндеги кемчиликсиз жылынуу
системасын изилдөөгө түртөт.
Чыдамкай кыш көпөлөктөрү
Мисалы, кичинекей үкү көпөлөктөрү (Noctuidae) тукумуна таандык «Cuculiinae» тобуна кирген 50дөй көпөлөк түрү кыш шарттарында жашай алган түрлөр. Ошондуктан Cuculiinae көпөлөктөрү «кыш көпөлөктөрү» деп да айтылат.
Кышкы көпөлөктөрдүн жашоо цикли түрдөштөрүнө карама-каршы келет. Бул
жандыктардын курттары жаздын башында дарактардын бүчүрлөрүн жеп азыктанып, жай
бою кыймылсыз болушат. Күздүн аягында же кыш айларында жетилишет. Кыштын
суугунда азыктанып, жупталышат жана туула турган жаңы урпак үчүн жумуртка
ташташат.
Кышкы көпөлөктөрдүн мындай кызыктуу жашоо циклин изилдеген илимпоздор таң
калыштуу жана ойго сала турган жыйынтыктарды табышкан.
Эң башта бул жандыктар жашоосун улантуу үчүн учушу керек. Бирок уча
алышы үчүн канаттары жайгашкан көкүрөк аймактарындагы температура 30oC болушу шарт. Анткен менен
көпөлөктөр жашаган жерде температура көбүнчө 0oC, ал тургай, андан
да төмөн болот.
Илимпоздор мындан улам «кыш көпөлөктөрү суукта кантип жашай алышат»
деген суроонун жообун издей башташкан. Бул жандыктар кыймылсыз турган кезде
кантип тоңуп калышпайт? Ызгаар суукта кантип учуп, азыктанып, көбөйө алышат?
Бул суроолорду изилдеген илимпоздор кышкы көпөлөктөрдө инженерия керемети
деп атоого боло турган бир жылынуу системасынын бар экенин аныкташкан. Өтө
кылдат план жана мыкты долбоор менен жаратылган бул система бири-бирин
толуктаган татаал баскычтардын жыйындысынан турат.
1-баскыч: дирилдеген канаттар менен жылынуу
Кышкы көпөлөктөрдүн
денелериндеги негизги булчуңдар канаттарына уланат. Учаардан мурда көпөлөктөр
ал булчуңдарын эч тынымсыз жыйрылтып дирилдетишет. Мындан улам көпөлөктүн
көкүрөк аймагынын температурасы жогорулай баштайт. Көпөлөктүн көкүрөк аймагынын
температурасы ушул дирилдетүү ыкмасы аркылуу 0°Cден 30°Cге чейин, ал тургай,
андан да жогоруга көтөрүлө алат.
Бул жерде бир
жагдайга көңүл буруу керек: булчуңдарды дирилдетүү кыймылы нерв системасы
аркылуу башкарылат. Бул көпөлөктөрдүн нерв системасы өтө төмөн температураларда
да иштей ала турган жогорку өзгөчөлүккө ээ дегенди билдирет. Көпөлөктөрдүн бул
ийгилигинин маанисин жакшыраак түшүнүү үчүн кардуу, ызгаар суукта машинанын
моторун иштетүүнүн канчалык кыйын болоорун ойлоо жетиштүү болот.
Кыш көпөлөктөрү
абанын температурасынын 0°Cге жакындаганын байкаганда дирилдеп баштайт. Кээ бир
учурларда -2°C сыяктуу төмөнүрөөк температурада дирилдеп башташат. Канаттардын
жарым сааттан көбүрөөккө созулган кыймылынан соң температура учууга керектүү
деңгээлге жетет.38
Илимпоздор башында
көпөлөктөрдүн бул ийгилиги зат алмашуусу менен байланыштуу деп ойлошкон жана
ошол багытта изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Бул максатта кыш көпөлөгүнүн эс алуу,
дирилдөө жана учуу учурундагы зат алмашуу ылдамдыктарын ченешкен. Бирок алынган
маалыматтар салмагы бири-бирине жакын көптөгөн көпөлөктөрдүн түрүндө алынган
жыйынтыктар менен дээрлик бирдей чыккан. Ошентип көпөлөктөрдүн жылынуусунун зат
алмашуу ылдамдыгы менен байланыштуу эмес экени аныкталган. Мындан маанилүү бир
тыянак келип чыккан: кышкы көпөлөктөрдө ушул түргө гана таандык бир жылынуу
системасы бар.
2-баскыч: коргой турган баш калкалоочу жай табылат
Кыш көпөлөктөрү
тууралуу жүргүзүлгөн изилдөөлөр көпөлөктүн жашаган чөйрөсүндөгү нымдуулук менен
жылуулукту өлчөөдөн башталган. Себеби кышкы көпөлөктөрдө тоңуу процесси
денесинде муз кристаллдарынын пайда болушунан башталат. Кургак чөйрөлөрдө болсо
көпөлөктөрдүн тоңуу температурасы бир топ төмөнгө чейин түшөт. Ошондуктан
көпөлөктөр аларды муздан жана температуранын кескин төмөндөшүнөн коргой турган
баш калкалоочу жайларга муктаж болушат. Көпөлөктөр андай жерлерди кантип табышат?
Сыртта абанын
температурасы -30°C тегерегинде болгондо, жерди каптаган жалбырактар катмарынын
астындагы температура -2°Cден төмөн болбойт. Кыш көпөлөктөрү температура -2°Cден
төмөндөй баштаганда, абанын жылуулугу жашаганга ыңгайлуу даражага жогорулаганга
чейин жууркандын милдетин аткарган жалбырактардын астына жашынышат. Андан соң
көпөлөктөр жашоосун улантышы үчүн денелериндеги башка системалар ишке киришет.
3-баскыч: кышкы көпөлөктөрдөгү табигый антифриз механизми
Көпчүлүгүбүз
машиналарда суу тоңбошу үчүн колдонулган антифриздерди билебиз. Бирок кээ бир
жандыктардын денелеринде да антифризге окшогон химиялык заттардын бар экенин
абдан аз киши билсе керек.
Кээ бир
жандыктар денелериндеги спирт негиздүү табигый антифриздер аркылуу кыштын
ызгаар суугунан коргонушат. Бирок табигый антифриздин кээ бир терс таасирлери
бар. Мындай заттардын эң негизги касиети уулуу болушат жана уйкусуратат.
Ошондуктан
табигый антифриздер жандыктардын денелеринде бир катар биохимиялык процесстер
аркылуу уусу төмөнүрөөк химикаттарга айландырылып, анан колдонулат. Бирок бул
процесс абдан жай жүрөт. Өзгөчө жаныбардын дене температурасы төмөн болсо,
антифриздин уйкусуроосунан өтүү андан да көп убакытты алат.
Кышкы көпөлөктөрдө
да антифриз механизми бар, бирок башка жандыктарга салыштырмалуу антифризди
азыраак көлөмдө колдонушат.
Антифриздин өлчөмү жөнгө салынган
Анын өлчөмү температура кооптуу деңгээлге төмөндөгөндө, көпөлөккө жылуу жерди табууга жетиштүү убакыт бере тургандай жөнгө салынган. Нотр-Дам университетинен Джон Г. Думан эксперимент учурунда музсуз чөйрөдө абдан жай үшүтүлгөн көпөлөктөрдө тоңуу чегинин -22°Cге чейин жетээрин аныктаган.39
Көпөлөктөрдөгү
бул кемчиликсиз система кантип пайда болгон? Антифриздин формуласын ким
аныктаган? Антифриздин өлчөмү кантип жөнгө салынат? Кантип кышкы көпөлөктөрдүн
бүт баарында антифриздин өлчөмү башка жандыктардан азыраак болот?
Көпөлөктүн
татаал химиялык заттардын катарына кирген табигый антифриздин формуласын билиши
жана аны дал керектүү өлчөмдө өзүнүн денесинде иштеп чыгышы мүмкүн эмес.
Химикатты алуу, антифриздин уулуу таасирин жоюу жана дагы көптөгөн баскычтардын
ар бирине өзүнчө инженерия билими талап кылынат.
Кыш көпөлөгү
химия инженери эмес, бирок булардын баарын эч кыйынчылыксыз жасай алат.
Болгондо да, ар дайым, ар бир суук абада бул механизмдерди иштетет. Аны иштетүү
үчүн эч кимден жардам сурабайт. Эч бир китеп окубайт, эксперимент жүргүзбөйт.
Көпөлөк болгону буларды билет жана колдонот. Көпөлөк бул маалыматтарды кантип
алган?
Көпөлөк
инженердик билимге өз алдынча жеткен деп айтуу, албетте, акылга сыйбайт. Бир
адам өзүнөн өзү, турган жеринен эле химия инженери боло албайт. Көпөлөктө бул
таптакыр мүмкүн эмес.
Мындай татаал
системанын эволюционисттер айткандай акырындап, кокустуктардын натыйжасында
пайда болушу да мүмкүн эмес. Мунун көптөгөн себептери бар. Алардын бирөөсү
тууралуу ойлонуу да бул көз-караштын канчалык логикасыз экенин түшүнүү үчүн
жетиштүү.
Эң башта табигый
антифриздин формуласында бир ката кетсе, көпөлөктү өлүмгө алып барат.
Көпөлөктөр колдонгон антифриздердин белгилүү бир формуласы, ошондой эле, денеде
талап кылынган белгилүү бир өлчөмү бар. Ошондуктан антифриздин иштелип чыгышы
да көзөмөлгө алынышы шарт. Көпөлөктөрдүн денесинде бул зат башка жандыктардай
өлчөмдө болсо, көпөлөк жашай албайт. Аң-сезимсиз кокустуктар болсо атайын бир
кызматты аткарган молекуланын формуласын билип аны иштеп чыгуу мындай турсун,
ал формуладагы молекулалардын бирөөсүн да жасай албайт. Болгондо да, сокур
кокустуктардын бир молекуланы жандыкка дал керектүү өлчөмдө, кем да ашыкча да
кылбай өндүрүлүшүн жөнгө салышы таптакыр мүмкүн эмес.
Көпөлөк биринчи
суук абага туш болгондо, бул заттын кокусунан пайда болушун күтүп отурууга убактысы
болмок эмес. -20°Cге жеткен ызгаар сууктар бул назик жандыктардын өтө кыска
убакытта өлүмүнө жана бул түрдүн жок болушуна себеп болмок.
Ошондуктан
алгачкы пайда болгон көпөлөктө да азыр жашап жаткан көпөлөктөрдөгү өзгөчөлүктөр
толугу менен бар болушу шарт. Бул жагдайлар көпөлөктөрдөгү долбоорду
аң-сезимсиз кокустуктардын эмес, кемчиликсиз кылып Аллахтын жаратканын апачык
далилдейт. Аллах Куранда мындай деп кабар берет:
Аллах бүт нерсеге бир чен-өлчөм белгилеген. (Талак Сүрөсү, 3)
4-баскыч: энергияны тең салмактуу колдонуу
Сууктан
кыйналган кыш көпөлөктөрү айланасындагы эң жылуу жерге баш калкалайт деп
ойлошубуз мүмкүн. Антип ойлосок жаңылышабыз. Анткени көпөлөктөр баш калкалай
турган жерди тандаганда да өтө пландуу тандоо жасашат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө
бул жандыктардын ашыкча обочо жана ысык баш калкалоочу жайлардан алыс болоору
аныкталган. Мындагы максат энергияны тең салмактуу колдонуу.
Кыш көпөлөгүнүн
эс алуу учурунда колдонгон энергиясынын өлчөмү дене температурасы менен түздөн
түз байланышта. Дене температурасы канчалык төмөн болсо, көпөлөк ошончолук аз
энергия коротот. Ошондуктан көпөлөктөр эң аз энергия корото тургандай суук,
бирок ошол эле учурда жашоосун уланта тургандай жылуу чөйрөлөрдү тандашат. Ошентип
денелериндеги энергия булактарын эң тең салмактуу колдонушат.
Эс алуу
абалындагы кышкы көпөлөктөрдүн энергия алмашуусун өлчөө учурунда көпөлөктөрдөгү
бул энергия тең салмактуулугу толук тастыкталган:
Мисалы, 6 грамм
өсүмдүк ширеси менен тойгузулган бир кыш көпөлөгү -3°C аба температурасында 193
күн бою эс алуу абалында тура алат. Температура үч градуска жогорулатылганда,
б.а. 0°C болгондо бул азык 24 күнгө гана жетет. 10°Cде болсо энергия запастары
болгону 11 күнгө жетет.40
Көрүнүп
тургандай, көпөлөктөр өтө туура жана акылдуу тандоо жасашат. Бул эстен чыгарбоо
керек болгон маанилүү жагдай.
5-баскыч: кышкы көпөлөктөргө таандык өзгөчө жылуулоо системасы
Белгилүү
болгондой, ысык чөйрөдөн муздак чөйрөнү көздөй тынымсыз жылуулук алмашуу жүрөт.
Ошондуктан кыш көпөлөгү денесин жылытса эле учуу үчүн жетиштүү болбойт. Анткени
анын денесинин жылуулугу менен сырттагы муздак абанын ортосундагы айырма
жылуулук жоготуусун ылдамдатат. Ошондуктан кыш көпөлөгү уча алуу жана, ошондой
эле, жашай алуу үчүн иштеп чыккан жылуулугун сактай ала турган бир ыкмага да
муктаж. Көпөлөктүн бул муктаждыгы да денесиндеги кемчиликсиз долбоор аркылуу
чечилген.
Кыш көпөлөгү жылуулукту коргой алабы?
Сууктан
коргонуунун эң натыйжалуу ыкмасы – бул жылуулоо. Өзгөчө муздак климаттарда
имараттардагы жылуулоонун ролу чоң. Имараттарды курууда сыртында, терезелеринде
жана чатырларында жылуулук жоготууларын минималдаштыруучу технологиялар
колдонулат. Ошол сыяктуу кышкы көпөлөктөрдө да жылуулук жоготуусун азайтуучу
жылуулоо түзүлүшү бар. Бул кемчиликсиз система көпөлөктөрдүн тулку боюн
каптаган жыш кабырчыктуу бир катмар.
Вермонт
университетинин зоология профессору Бернд Генрих эксперименттердин натыйжасында
кабырчыктуу тону жок көпөлөктөрдүн анысы барларга салыштырмалуу ылдамыраак үшүй
турганын аныктаган. Профессор Генрих бул тондун жылуулукту канчалык сактай алаарын
аныктоо үчүн да эксперимент жүргүзгөн. Экспериментте коргоочу кабырчык менен
капталган жана анысы күбүлүп калган көпөлөктөрдү бир шамал туннелинде ар кандай
ылдамдыктагы шамалдарга тоскон. Ал аркылуу көпөлөктөрдүн денелеринин муздоо
ылдамдыктарын өлчөгөн. Жыйынтыгында абанын ылдамдыгы секундасына 7 метрди
түзгөндө (бул болжол менен көпөлөктүн учуу ылдамдыгына барабар), коргоочу
катмары жок көпөлөктөрдүн башкалардан 2 эсе ылдамыраак муздай турганын
аныктаган.41
Жыйынтыгында бул
катмардын көпөлөктөр үчүн мааниси чоң, бирок алардын муктаждыктарын камсыздоого
толук жетиштүү эмес. Себеби кыш көпөлөктөрү нымдуу шарттарда -2°Cге чейин гана
жашай алышат. Бул алардын стандарттуу тоңуу чеги. Бирок жогоруда да
айтылгандай, алар жашаган аймакта температура -20°C жана андан да төмөнгө чейин
түшөт. Мындай суукта кабырчыктуу катмардын коргоочу функциясы, албетте,
жетиштүү болбойт. Ошондуктан көпөлөккө башка система да керек болот.
Бул
маалыматтардын негизинде илимпоздор кышкы көпөлөктөрдүн жылынуу системаларын
андан да тереңирээк изилдеп башташкан.
![]() |
| Профессор Бернд Генрих |
Жылынуу системасындагы кемчиликсиз долбоордун дагы бир далили
Учуу учурунда
абанын температурасынын нөлдөн төмөн болоорун эске алганда, кыш көпөлөгүнүн
алдында дагы бир маселе келип чыгат. Көпөлөк көкүрөк аймагынын жылуулугун
коргоо үчүн канаттарын дирилдетет. Бирок пайда болгон жылуулук башка жакка да
тараганы үчүн көпөлөк керектүү температурага эч жете албайт. Натыйжада көпөлөк
болгон энергиясын дирилдөөгө коротуп, аягында өлөт. Бирок мындай ыктымалдыктын
тескерисинче, кыш көпөлөгү жашоосун уланта алат, анткени денесиндеги системалар
бардык маселелерди чече ала тургандай кемчиликсиз долбоорго ээ.
Жылуулуктун
дененин көкүрөктөн башка суук аймактарына таралышына бөгөт койгон бул система
көпөлөктүн көкүрөк температурасын кармап турууда идеалдуу жылуулоо кызматын
аткарат.
Массачусетстеги АКШнын
Куралдуу күчтөрүнүн Айлана-чөйрө медицинасын изилдөө институтунан Джордж Р. Сильвер
бул темада бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөн.
Сильвер инфракызыл
камералар менен көпөлөктөрдүн бир нече сүрөттөрүн тартып, бөлүп чыгарган
жылуулуктун көлөмүн байкаган. Сүрөттөр жылынуу, учуу жана учуудан кийинки
муздоо учурунда кышкы көпөлөктөрдүн буттарынын, канаттарынын жана курсак
аймактарынын өтө аз жылыганын же эч жылыбаганын көрсөткөн.
Джордж Сильвердин
изилдөөлөрү кышкы көпөлөктөрдөгү дагы бир жаратылуу кереметин ачкан:
көпөлөктөрдөгү бул механизм баш жана курсак аймагына жылуулуктун агымын
кечеңдеткен, ошол эле учурда буттар менен канаттар сыяктуу дененин четки
мүчөлөрүнө жылуулуктун өтүшүнө бүтүндөй бөгөт койгон бир жылуулоо системасы.
Жылуулуктун көкүрөктөн башка дененин муздагыраак аймактарына тарашына бөгөт
койгон бул долбоордон улам көпөлөк ал үчүн абдан маанилүү болгон көкүрөк
температурасын сактай алат.
Бирок бул жерде
маанилүү бир суроо туулат. Дирилдөөнүн жыйынтыгында учкан кыш көпөлөгүнүн
курсак температурасы орточо 2°Cге жогорулайт, ошол эле учурда көкүрөк
температурасы 35°Cге жетет.
Бул жылуулоо
системасы бири-биринен бир же эки миллиметр алыстыкта жайгашкан курсак менен
көкүрөк аймактарынын ортосундагы 30°Cден ашкан айырманы кантип сактай алат?
Бул суроонун
жообу көпөлөктүн кан айлануу системасындагы дагы бир таң калыштуу долбоордо
жашырылган.
Кышкы көпөлөктөрдүн өзгөчө дене түзүлүшү
Кан бардык
көпөлөктөрдө бир тамыр аркылуу курсактан көкүрөккө, ал жерден болсо башты
көздөй агат жана ал ортодо жылыйт. Кайтканда болсо кыртыштардын ичинен өтөт. Бирок
кышкы көпөлөктүн анатомиясы башкалардан, мисалы жайкы көпөлөктөрдөн
айырмаланат. Кышкы көпөлөктүн суук абада жашашына долбоордогу ушул айырмачылык шарт
түзөт.
Кышкы көпөлөктүн
куйругун бойлой созулган тамыр кан айлануу системасынын жүрөк жана аорта
бөлүгүн түзөт. Куйруктун жогору жагында узатасынан жайгашкан бул бөлүк курсак
жакка жакындаганда 90 градус ийилип төмөн көздөй бурулат. Андан соң көкүрөк менен
курсактын бириккен жеринин астынан ал аймакка кирет. Кан айлануу системасынын
ал жерге чейинки бөлүгүндө кан муздак болот.
Тамыр курсак
аймагына киргенде, ал жердеги булчуңдардын жыйрылышы канды жылытат. Ошентип
курсактан келип, көкүрөктү көздөй созулган тамырдын ичиндеги кан жылып калат.
Курсак менен көкүрөк бириккен жакта тамыр болжол менен V формасында болот. Ал Vнын
сол бутагындагы кан муздак, оң бутагындагы кан ысык болот.
Кадимки
шарттарда жогору көтөрүлгөн оң бутактагы ысык кан муздак кан айланган куйрук
бөлүгүнө өтүшү керек. Бирок кышкы көпөлөк угуу органынын көмөгү менен аны
өлүмгө алып бара турган мындай абалга эч качан туш болбойт.
Көпөлөктүн угуу
органы тамыр V формасына келген бурулуш чекиттин дал ортосунда жайгашат. Бул
орган жылынуу системасындагы теңдешсиз долбоор үлгүлөрүнүн бири.
Анын угуу органы
аба көңдөйлөрүнүн ичинде орун алат. Аба көңдөйлөрү эң мыкты жылуулоо кызматын
аткарышат. Бул касиетинен улам көңдөйлөрдү эки айнектүү терезеге салыштырууга
болот. Сырткы чөйрө менен ички чөйрөнүн ортосундагы жылуулук алмашуусуна ошол
көңдөйлөр бөгөт койот, ошентип жылуу көкүрөк бөлүгү менен муздак куйрук
бөлүгүнүн ортосунда кандайдыр бир тосмонун кызматын аткарат.
Натыйжада куйрук
бөлүгү курсак аймагынын жылуулугун ала албайт. Ошондой эле, система кулактагы
аба көңдөйлөрүнүн жанында жайгашкан кошумча жылуулоочу аба баштыкчалары менен
да кубатталган.
Бул жерге чейин
айтылгандар көпөлөктөрдөгү жылынуу системасынын бир бөлүгү гана. Бирок бул
өзгөчөлүктөр деле эволюция теориясынын «кокустук» түшүндүрмөлөрүнө апачык сокку
урат. Кемчиликсиз инженерия менен өтө кылдат долбоорлонгон бул система абдан
комплекстүү. Белгилүү тартип менен иштеген бул системанын пайда болушун туш
келди мутациялар менен, «өзүнөн өзү келип чыккан» деген сыяктуу ойдон
чыгарылган көз-караштар менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул система иштеши үчүн
бардык бөлүктөрү менен бирге, толук бар болушу шарт.
Көпөлөктүн угуу
органы дал ошол жерде жайгашып, тосмонун кызматын аткарышы керек, ошондо гана
жылуулоо камсыз кылынып, дененин керектүү жактары жылытылат. Антифриз дал
керектүү өлчөмдө жана керектүү өзгөчөлүктө болушу шарт, ошондо гана көпөлөк өз
убагында кыймылдай алат. Көпөлөктөрдүн нерв системалары менен булчуңдары бирдей
иштеши керек, ошондо гана көпөлөктөр канаттарын дирилдетип жылына алышат.
Бул
системалардын эч бирин кокустуктар менен эч түшүндүрүүгө болбойт. Көпөлөктөрдөгү
бул долбоорлор Аллахтын жандыктарды канчалык кереметтүү кылып жаратканын
көрсөткөн сансыз далилдердин бирөөсү гана.
Бул далилдерди
көргөн адам ойлонушу керек жана Аллахтан башка Кудай жок экенин дагы бир жолу
түшүнүп, Аллахтын ыраазылыгын көздөп өмүр сүрүшү шарт. Аллахтын кудуретинин
чексиздиги жана даңкынын улуулугу аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:
Асмандардагылар жана
жердегилер Ага таандык; баары Ага чын көңүлдөн моюн сунган. Жаратууну баштаган,
кийин аны кайталай турган Ал; бул Ага абдан оңой. Асмандарда жана жерде эң улуу
сыпаттар Ага таандык. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар жана даанышман. (Рум
Сүрөсү, 26-27)
Көпөлөктөгү «карама-каршы агымдуу жылуулук алмаштыргычтар»
Кышкы
көпөлөктөрдөгү кан айлануу системасын изилдөөнү улантканда башка таң калыштуу
түзүлүштөрдү да көрөбүз. Бул жандыктарда куйругунун учунан башталып, аба
баштыкчасынын астына чейин созулган тамыр бөлүгүндөгү кан муздак болот. Тамырдын
аба баштыкчасынын төмөн жагындагы бөлүгү Vнин төмөнкү учун түзөт. Тамыр ал
жерде бир өзгөчө кыртыштын ичинен өтөт. Ал кыртышта да тамырдагы сыяктуу кандын
агымы бар. Бирок тамырдагы кан муздак болсо, кыртыштагы кан көкүрөк бөлүгүнөн
келген жылуу кан болот.
Мындан улам
теориялык жактан жылуу кандан муздак канды көздөй жылуулук агымы күтүлүшү
мүмкүн. Эгер мындай болсо, көкүрөктөгү жылуулук кан айлануу системасы аркылуу
куйрук бөлүгүнө тарайт жана көпөлөк канчалык дирилдебесин учуу үчүн керектүү
температурага эч качан жете албайт. Ошондой эле, аба баштыкчаларынын жылуулоо
касиети да эч нерсеге жарабайт.
Бирок мындай
терс ыктымалдыктардын эч бири болбойт. Анткени кыш көпөлөктөрүнүн жашоосуна
керектүү жылуулук муктаждыктарынын баары биологиялык инженерия керемети аркылуу
жөнгө салынган. Бул жөнгө салуучу система «карама-каршы агымдуу жылуулук
алмаштыргыч» деп аталат.
Карама-каршы
агымдуу жылуулук алмаштыргычта бири-бирине жанаша жайгашкан каналдардагы эки
суюктук (же газ) карама-каршы багытта кыймылдайт. Бир каналдагы суюктук экинчи
каналдагыдан жылуураак болсо, жылуулук жылуусунан муздагына өтөт.
Көпөлөктө да эки
жылуулук алмаштыргыч бар. Алардын бири «ич көңдөйдөгү жылуулук алмаштыргыч».
Бул атынан да көрүнүп тургандай, курсакта, аба баштыкчасынын астында жайгашат. Ич
көңдөйдөгү жылуулук алмаштыргычта тамырдагы муздак кан менен кыртыштагы жылуу
кан бири-бирине карама-каршы багытта айланат.
Муздак кан
курсактан көкүрөктү көздөй өтсө, ошол эле жерден жылуу кан көкүрөктөн курсакты
көздөй өтөт. Бул кан айлануу багыттары жылуулуктун кыртыштан тамырга, андан ары
көкүрөккө өтүшүнө себеп болот. Ошентип көкүрөктөн чыккан жылуулук көкүрөккө
келүүчү муздак канга өткөрүлөт. Натыйжада көкүрөктөгү жылуулуктун курсакка
өтүшүнө толук бөгөт коюлат.
Курсактан чыккан
кан тамыр болсо көкүрөк аймагына кирет. Ал жерде «көкүрөктөгү жылуулук
алмаштыргыч» деп аталган экинчи жылуулук алмаштыргыч жайгашат. Тамыр курсактын
астынан көкүрөккө кирет. Андан соң көкүрөктүн үстү жагына, б.а. жон тарапка
чыгат. Ал жерден U тамгасы сыяктуу кайрылып, кайра көкүрөктүн астын көздөй
кайтат. Тамырдын ал жердеги формасын бутактары бири-бирине туташкан «n»
тамгасына салыштырууга болот. Тамырдын кайрылган бөлүгү көкүрөктөгү жылуулук
алмаштыргычты түзөт. Тамырдын кайрылышынан келип чыккан бутактары бири-бирине
абдан жакын болгондуктан, эки бутактын ортосундагы жылуулук айырмачылыгы
минимумга түшүрүлгөн. Ошентип кышкы көпөлөктүн көкүрөк бөлүгүндөгү температура
кемчиликсиз турукташтырылат.
Кышкы көпөлөктөрдүн кан тамыр системасы
Көкүрөктөгү
жылуулук алмаштыргычтын маанисин түшүнүү үчүн кышкы көпөлөктүн кан тамыр
системасын жылуу шарттарда жашаган сфинкс көпөлөктөрүнө салыштырууга болот.
Сфинкс
көпөлөктөрүнүн тулку бою кышкы көпөлөктөргө салыштырмалуу абдан көлөмдүү жана
өзгөчө тропикалык аймактарда жашашат. Ал көпөлөктөрдө көкүрөктөгү жылуулук
алмаштыргычтын ордуна «муздаткыч шакек» деп аталган бир система бар. Сфинкс
көпөлөгүнүн тамырынын бурулуштары «n» тамгасына эмес, «R» тамгасына окшошот.
Сүрөттөн да көрүнүп тургандай, сфинкс көпөлөгүнүн тамырындагы бурулуштардын сол
тарабы кышкы көпөлөктүкүнөн узунураак. Мындан улам бурулуштун сол бутагы менен
оң бутагынын ортосунда жылуулук айырмачылыктары келип чыгат. Ансыз да ушул
себептен сфинкс көпөлөгүнүн кан айлануу системасынын бул бөлүгү «муздаткыч
шакек» деп аталат.
Сфинкс көпөлөктөрү
менен алп жибек көпөлөктөрүнүн салмагы кышкы көпөлөктөрдөн 60 эсе чоң. Ошондуктан
оңой жылынышат деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок күтүлгөндүн тескерисинче бул
көпөлөктөр ашыкча жылуулукту алгач башына жана курсак аймагына, анан ал
аймактар аркылуу абага чыгарышат. Башкача айтканда, кышкы көпөлөктөрдөгү
жылыткыч механизмдин тескерисинче, сфинкс көпөлөктөрүндө муздаткыч система бар.
Эгер кышкы көпөлөктөрдүн кан айлануу системасы сфинкс көпөлөктөрдүкүнө окшош
болгондо, эч жашай алышмак эмес. Көпөлөктөрдүн бул эки түрүнүн денелериндеги
айырмачылыкты Аравия менен Сибирьдин климаттары үчүн жасалган кондиционерлердин
инженериясындагы жана долбоорундагы айырмаларга салыштырууга болот.
Анатомиясы кышкы
көпөлөктөргө окшогон дагы бир түр – бул чатырлуу курт көпөлөктөр. Алардын
көкүрөк аймагындагы тамырдын бурулуу формасы да кышкы көпөлөктөрдүкү сыяктуу «n»
тамгасына окшошот, бирок төмөнгө түшкөн бутак жогору чыккан бутакка тийбейт.
Бул кичинекей айырма чатырлуу курт көпөлөктөрүнүн жылуулукту сактоо жөндөмүнө
таасир тийгизип, жылуу абаларда гана учуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Көрүнүп
тургандай, экөөнүн денесинде тең бир эле система болгонуна карабастан,
кичинекей айырмачылык маанилүү өзгөрүүлөргө алып келет. Эки жандыктын тең дене
түзүлүшү жашаган аймагына эң ыңгайлуу. Бул эволюционисттердин «кокусунан пайда
болуу көз-караштарын» толугу менен четке кагат.
Эволюционисттердин
ою боюнча, туш келди өзгөрүүлөр аркылуу жандыктардын бул өзгөчөлүктөрү келип
чыгып, бир жандык башка бир жандыкка айланган. Бул жерге чейин айтылган көпөлөктөргө
таандык өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү эле бул көз-караштын акыл менен логикадан
канчалык алыс экенин түшүнүү үчүн жетиштүү.
Бир дагы
кокустук бир көпөлөктүн тамырларындагы бурулуштардын кандай формада болоорун
аныктай албайт. Болгондо да, ал кокустук ушул кезге чейин жашап өткөн бардык
кышкы көпөлөктөрдө бирдей болушу шарт. Бул эволюционисттердин көз-карашынын
жараксыздыгын дагы бир жолу айгинелейт.
Көпөлөк өз
алдынча алдындагы маселелерди талдап, аларды чечүү жолдорун ойлоп таап, иштеп
чыккан системасына жараша өзүнүн анатомиясын өзгөртө албайт. Болгондо да,
жогоруда айтылган маалыматтардан да көрүнүп тургандай, көпөлөктөрдөгү долбоордо
бардык ыктымалдыктарды эске алган бир система түзүлгөн.
Чындыгында,
бардык жандыктар сыяктуу көпөлөктү да жаратып, ага керектүү системаларды берген
– ааламдардын Рабби Аллах.
Аллах
көпөлөктөрдүн денесинде жараткан теңдешсиз долбоорлор аркылуу чеберчилигинин
чексиздигин бизге көрсөтүүдө. Аллах Каф сүрөсүндөгү аяттарда Анын жараткан
нерселери жөнүндө ойлонууну буйруйт:
Үстүлөрүндөгү
асманга карашпайбы? Биз аны кандай курганыбызды жана аны кандай
кооздогонубузду? Анын эч кандай жаракасы жок. Жерди болсо кандай төшөп-жайдык?
Анда чайпалбас тоолорду жайгаштырдык жана анда «көздүн жоосун алган жана көздү
кубандырган» ар бир жуптан канчалаган өсүмдүктөрдү өстүрдүк. (Булар) «Чын
жүрөктөн Аллахка багытталган» ар бир пенде үчүн «даанышмандык менен караган бир
ички көз» жана бир зикир. (Каф Сүрөсү, 6-8)
Унутпаңыз, ой
жүгүртүү ар бир адамдын өзүнө пайда берет. Мындай мисалдар тууралуу ойлонгон
адам Аллахтын улуулугун жана чексиз кудуретин жакшыраак түшүнөт.
ТАБИЯТТАГЫ МИКРОМОТОРЛОР
Денебиздин кээ
бир клеткаларында түкчөгө42 окшогон түзүлүштөр бар.
Түкчөлөрдүн бирден бир милдети клетканы кыймылдатуу. Мисалы, эркектин көбөйүү
клеткалары спермалар түкчөгө окшогон куйруктарын сүзүү үчүн колдонушат.
Түкчөлөр кээде дем алуу клеткаларындагы сыяктуу башка бир нерсени кыймылдатат.
Мисалы, дем алуу клеткаларынын ар биринде жүздөн ашуун түкчө бар. Ал
түкчөлөрдүн тынымсыз кыймылы аркылуу дем алуу каналдарында чогулган былжыр
суюктук жогору көздөй түртүлөт. Ошентип дем алуу каналдарына кирип кеткен майда
бөлүкчөлөр былжыр аркылуу сыртка чыгарылат.
Түкчөлөр
микроскопиялык көлөмгө ээ, бирок түзүлүшү абдан татаал.
Бир түкчөнү
тигинен экиге бөлүп, электрондук микроскоп менен изилдегенде, таякча сымал
өз-өзүнчө тогуз түзүлүштөн турганын көрөбүз. «Микротүтүкчөлөр» деп аталган ал
таякчалар бири-бирине чырмалышкан өз-өзүнчө эки шакекчеден турат. Шакекченин
биринчиси 13 кылдан турат. Экинчи шакекчени түзгөн кылдардын саны 10го барабар.
Микротүтүкчөлөрдү түзгөн негизги зат «тубулин» аттуу белоктор. Мындан тышкары,
микротүтүкчөнүн «динеин» аттуу белокту камтыган сырткы бутак жана ички бутак
деп аталган эки бутагы да бар. Динеин белогунун милдети – клеткалардын ортосунда
мотордун кызматын аткарып, механикалык күчтү пайда кылуу.
Түкчөлөрдүн бир
гана максаты бар: клеткаларды же заттарды кыймылдатуу. Бул максатты ишке ашыруу
үчүн өтө кылдат долбоорлонгон. Бул жерде кыскача сүрөттөлгөн бул кемчиликсиз
түзүлүштүн дээрлик «жок» деп айтууга боло тургандай кичинекей бир клетканын
ичинде долбоорлонгондугу, албетте, ойлоно турган жагдай.
Жогоруда
айтылгандар микроскопиялык түкчөлөрдүн бирөөсүнүн гана бөлүктөрүндөгү
долбоордун абдан кыскача жана жөнөкөй сүрөттөөсү. Бул жерде ошол замат бул
долбоор кантип пайда болгон деген суроо туулат. Түкчөлөрдүн түзүлүшүндөгү акыл
жана кемчиликсиз пландоо бизге анын апачык жаратылуу керемети экенин көрсөтөт.
Көзгө көрүнбөгөн
кичинекей нерседеги бул кылдат чеберчилик чексиз илимдүү Аллахтын жаратуусу.
Бир аятта мындай деп айтылат:
Асмандардын жана
жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт
нерсени жаратып, аны калыпка (тартипке) салган, белгилүү бир чен-өлчөм менен
жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)
Алдыда
түкчөлөрдүн түзүлүшү тереңирээк каралат. Максат – Аллахтын кемчиликсиз жаратышынын
далилдерин көз алдыга тартуулоо жана Раббибиздин даңкынын улуулугун, Андан
башка Кудай жок экенин дагы бир жолу түшүнүүгө себепчи болуу.
Тубулин молекулаларындагы долбоор
Түкчөлөрдү түзгөн
тогуз таякчанын (микротүтүкчөлөрдүн) түзүлүшү абдан системалуу. Жогоруда
микротүтүкчөлөрдүн тубулин белокторунан тураарын айттык. Тубулин белогун түзгөн
молекулалардын формасы цилиндр түрүндөгү кирпичтерге окшошот жана үстү-үстүнө
тизилип жайгашышат. Бирок баарыбыз билгендей, цилиндр формасындагы буюмдар эгер
бири-бирине карматылбаса, үстү-үстүнө жыйылганда болор-болбос нерсеге эле кулап
түшүшөт.
Эгер тубулин
молекуласынын бир тарабынын бети экинчи тубулин молекуласынын арт жагын
толуктай турган формада болбогондо, алар ушинтип кулап түшүшү мүмкүн болчу.
Бирок эч качан мындай болбойт, анткени тубулин молекулаларынын түзүлүшү
консерва банкаларына окшош.
Белгилүү
болгондой, консерва банкасынын түбү бир аз ичине кирип турат. Банканын экинчи
жагы болсо ал жерге кийиле тургандай кылып жасалат. Ошондуктан банкаларды
үстү-үстүнө тизүү оңой. Ал тургай, банкалардын бирин акырын урсаңыз да,
калгандары кулабайт.
Бирок банкалар
туура долбоорлонсо эле маселе чечилип калбайт. Эгер банкалар бир тарабы
беттештирилип тизилсе, кайра эле болор-болбос нерсеге кулап түшөт. Демек
банкалардын туура тизилиши да өзүнчө планды талап кылат.
Тубулин
молекулаларынын бири-бирине карматылышы консерва банкаларынын үстү-үстүнө
тизилишинен алда канча татаал процесс. Бири-бирине карматылышы үчүн бир белок
молекуласы менен экинчи белок молекуласынын ортосунда байланыш түзүлүшү керек. Бирок
клеткада ар түрдүү миңдеген белок бар жана тубулин молекулалары керектүү
молекулалар менен байланышта болушу шарт. Эгер тубулин молекулалары аларга жакыныраак
болгону үчүн эле башка кандайдыр бир белок менен байланыш түзгөндө, түкчө деп
аталган түзүлүштөр эч качан пайда болмок эмес.
Тубулин
молекулаларынын долбоорун изилдеген сайын, андан да татаал түзүлүшкө күбө
болобуз.
Бул молекулада
10 даана кыска, ийнеге окшогон шиштер бар. Төмөн жагында ал шиштер толук туура
келген 10 оюк бар. Анткени ал шиштердин бирөөсү эле башкача болсо тубулин
керектүү байланышты түзө албай калат. Бул бардык тубулин молекулаларынын
бири-бирине шайкеш кылып жаратылгандыгын толук жана апачык далилдейт.
Түкчөнү кыймылдаткан байланыштар
Клетканы
изилдегенде, тубулин молекулалары сыяктуу микротүтүкчөлөрдүн да бири-бирине
карматылганын көрөбүз. Бирок микротүтүкчөлөрдүн ортосундагы байланыш
бири-бирине кийиштирилген тубулиндер сыяктуу эмес. Микротүтүкчөлөр башка
белоктор аркылуу гана бири-бирине кармана алышат. Мунун абдан маанилүү бир
себеби бар.
Микротүтүкчөлөрдүн
клеткада көптөгөн кызматтары бар жана ал кызматтардын көпчүлүгүн
микротүтүкчөлөр жалгыз болгондо гана аткара алышат. Бирок түкчөлөрдүн кыймылы
сыяктуу кээ бир иштерде болсо бири-бирине карманган микротүтүкчөлөр талап
кылынат. Ошондуктан микротүтүкчөлөрдүн ар дайым эмес, керектүү учурларда
белгилүү белоктор аркылуу бири-бирине карманышы абдан маанилүү жагдай.
Эгер
микротүтүкчөлөрдүн да тубулиндерге окшоп бири-бирине туташуу өзгөчөлүгү
болгондо, микротүтүкчөлөр ар дайым бири-бирине туташып, клеткадагы көптөгөн
кызматтарын аткара алышмак эмес. Ошондуктан микротүтүкчөлөр үчүн атайын
байланыштыргычтар жаратылган. Алардын бири нексин аттуу белок. Нексин
бири-бирине жабышкан эки шакекчеден турган микротүтүкчөнү жанындагы экинчи
микротүтүкчөгө байланыштырат.
Мындан тышкары,
ар бир микротүтүкчөдө динеин белогунан турган өз-өзүнчө эки бутак болот.
Алардын бири «сырткы бутак», экинчиси «ички бутак» деп аталат. Динеин белоктору
нексинден айырмаланат. Алардын милдети мотордун кызматын аткарып, клеткада
механикалык күчтү пайда кылуу. Ошондуктан нексин менен динеин
микротүтүкчөлөрдүн ортосунда байланыш түзүшкөнү менен, эки башка кызматты
аркалайт. (Түкчөдө нексин менен динеинден башка байланыштыргычтар да бар.) Эгер
нексин менен динеин белокторунда бири-бирин толуктаган мындай касиеттер
болбогондо, түкчөлөр андай кыймылды жасай алмак эмес.
Микроскопиялык өлчөмдөгү мотор
Бул бири-биринен
көз-каранды түзүлүштү мындан да татаал кылган дагы бир жагдай бар. Түкчөлөрдү
кыймылдаткан жана моторго окшогон түзүлүш ал таандык болгон клетканын ичинде
эмес, түкчөлөрдүн ичинде жайгашат. Анын бир эле бөлүгү, мисалы динеин белогу
жок болсо, түкчө эч качан кыймылдай албайт.
Илимпоздор
түкчөдөгү мотор түзүлүштү жакшыраак түшүндүрүү үчүн бир модель жасашкан. Ал
моделди жогорудагы консерва банкасы тууралуу мисалдын уландысы катары төмөнкүчө
сүрөттөөгө болот:
Үстү-үстүнө
тизилген консерва банкаларынан турган эки мамы жумшак зымдар менен бири-бирине
байланган. Бир консерва банкасына бир кичинекей мотор жана жанындагы консерва
мамысына мотордун бир бутагы байланган. Мотор иштегенде, мотордун бутагы төмөн
жылып, байланып турган мамыны төмөн түртөт. Мамылар бири-биринин ичинен өтүшөт.
Ал ортодо жумшак зымдар созулуп баштайт. Мотордун бутагы карама-каршы мамыны
түрткөн сайын, зымдын созулушу эки мамынын тең белгилүү бир жерге чейин
ийилишине себеп болот. Ажыроо кыймылы ийилүү кыймылына айланат.
Эми бул
салыштырууну жөнөкөй биохимиялык процесстер менен сүрөттөйлү:
Кошуна мамыны
кыймылдаткан – эки микротүтүкчөнүн ортосундагы динеин белогунун бутактары. Бул
кыймыл үчүн АТФ деп аталган биологиялык энергия колдонулат. Бул ишке ашканда
эки микротүтүкчө чогуу кыймылдай баштайт. Эгер «ортодогу жумшак зым» катары
сүрөттөлгөн нексин болбогондо, эки мамы тең кыймылын улантып, бири-биринен
ажырап кетмек. Бирок нексин белогунун боолору кошуна микротүтүкчөнүн
экинчисинен кыска аралыкка гана алысташына жол берет. Ийкемдүү нексин боолору акыркы
чегине чейин созулганда, динеин белогунун кыймылынын уланышы нексин боолорунун
микротүтүкчөдөн тартылышына себеп болот. Динеин кыймылын уланткан сайын чыңалуу
артат. Микротүтүкчөлөр ийкемдүү болгону үчүн динеин белогунун кошуна мамыны төмөн
көздөй жылдырган кыймылы кийинчерээк ийилүү кыймылына айланат.
Түкчөлөрдөгү механикалык система кокусунан пайда боло албайт
Жогоруда
айтылгандардан көрүнүп тургандай, түкчөлөрдө иштеши толугу менен бири-биринен
көз каранды болгон бир механикалык система долбоорлонгон. Механикалык
системалардын долбоорун түзүү көпчүлүк элестеткендей оңой эмес. Анткени жасала
турган системадагы бардык бөлүктөрдүн саны дал керектүү өлчөмдө болушу керек
жана бүт баарынын бардык өзгөчөлүктөрү толук болушу шарт. Болор болбос кемчилик
жыйынтыкка терс таасир бериши мүмкүн.
Муну түшүнүү
үчүн бир тууганыңыздын же балаңыздын кыймылдай алган оюнчуктарынын эң жөнөкөйүн
алып, көз чаптырып көрүңүз. Аны кыймылдаткан бөлүктөрдүн бирөөсү эле болбосо,
колуңуздагы оюнчук иштебейт. Же эшиктин туткаларын элестетиңиз. Анын
бөлүктөрүнүн бирөөсү эле кем болсо, тутка эч нерсеге жарабаган металлга
айланат.
Эми түкчө
кыймылдашы үчүн талап кылынган бөлүктөрдү эстейли:
1.
Микротүтүкчөлөр: түкчөлөрдүн негизги бөлүгүн түзгөн тетиктер. Бир курулушту
имарат катары кабыл алуу үчүн дубал канчалык керек болсо, ошондой эле керектүү
бөлүк. Эгер микротүтүкчөлөр болбогондо, мотордун бутагы сыйгалана турган бөлүк
болмок эмес.
2. Мотор:
түкчөлөр жана натыйжада микротүтүкчөлөр кыймылдашы үчүн сөзсүз болушу шарт.
3.
Байланыштыргычтар: кошуна мамыларды кыймылдатуу үчүн байланыштыргычтар керек.
Ажыроо кыймылын ийилүү кыймылына айлантып, жалпы түзүлүштүн бузулуп, бөлүнүп
кетишине бөгөт койот.
Кыймылдоочу
система ийгиликтүү иштеши үчүн анын бөлүктөрүнүн түзүлүшү да абдан маанилүү.
Алардын түзүлүш өзгөчөлүктөрүнүн ашыкча же жетишсиз болушу системаны жараксыз
кылып коюшу ыктымал. Мисалы, эки мамыны байлаган зым чыңалууну көтөрө албай
турганчалык алсыз болгондо, мотордун биринчи эле кыймылында үзүлмөк, натыйжада
эки мамы ажырап кетмек. Бирок мындай болбойт, зымдын өзгөчөлүгү талапка толук
жооп берет, белоктор да жана бардык башка бөлүктөр да...
Булар
түкчөлөрдүн түзүлүшүнүн кемчиликсиздигин жана татаалдыгын көрүү үчүн жетиштүү.
Бирок муну жакшыраак түшүнүү үчүн бул тууралуу маалымат алган ар бир адам өзүнө
өзү төмөнкү суроолорду узатышы зарыл:
Микроскопиялык
бир жерге жайгаштырылган бул механизмдер кантип пайда болгон? Түкчөлөрдү түзгөн
молекулалар мындай өзгөчөлүктөрдү кайдан алган? Түкчөнүн ичиндеги өз алдынча
иштеген мотор системасы кантип пайда болгон? Түкчөлөр, эволюционисттер
айткандай, кээ бир кокустуктардын натыйжасында акырындап пайда болушу мүмкүнбү?
Клеткалардагы
түкчөлөрдүн мындай түзүлүштү кокусунан пайда кыла албашын ар бир акылы бар адам
түшүнөт. Муну төмөнкүчө сүрөттөөгө да болот:
1.
Микротүтүкчөлөргө байланышкан белоктор сөзсүз ошол түрдөгү белоктор болушу
шарт. Кандайдыр бир белок клетканын формасына таасир берет. Муну туш келди
орнотулган кабельдердин имаратты кармап турган устундардын ордуларын толугу
менен бузушуна окшоштурса болот. Түкчө кыймылдашы үчүн сөзсүз белгилүү белоктор
колдонулушу шарт. Кокусунан пайда болуу ыктымалдыгын ушул пунктта айтылгандар
да толук четке кагат.
2. Түкчө
сөзсүз клетканын сырткы бетинде болушу керек. Клетканын ичинде пайда болсо,
кыймылдуу болгондуктан клеткага зыян тийгизет, ал тургай, жок кылат. Бул дагы
пландуу долбоорду талап кылат жана кокустук көз карашын четке кагат.
3.
Түкчөлөрдү түзгөн белокторду, т.а. тубулин, динеин, нексин жана башка тиешелүү
белокторду бир клеткага орнотконуңузда, алар бир заматта кыймылдаган түкчөлөргө
айланып кетишпейт. Бир клетканын түкчөлөрү болушу үчүн алда канча көп нерсе
керек. Терең биохимиялык анализ жүргүзгөндө, клеткадагы бир түкчөдө 200дөн
ашуун белок бар экенин көрөбүз.
Булар түкчөнүн
иштешин камсыз кылган татаал системанын өзгөчөлүктөрүнүн бир канчасы гана.
Системада кандайдыр бир кемчилик же ката болсо, түкчө клетканын ичинде башка
бир түзүлүшкө туташышы мүмкүн, же түкчөнүн ийкемдүүлүгү өзгөрүшү ыктымал, же
куйруктун кыймылдоо мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн, же болбосо түкчөгө тиешелүү
мембрананын сыпаты өзгөрүп кетиши ыктымал. Булардын баары клетка үчүн абдан
маанилүү өзгөчөлүктөр. Ошондуктан системада эч кандай ката болбошу керек.
200дөн ашуун
белок биригип, бул өзгөчөлүктөрдү толук камсыз кылышы үчүн дал керектүү жерде
жана дал керектүү кезек менен пайда болушу шарт. Бул «акырындап пайда болгон»
деген эволюционисттик сценарийлердин маанисиздигин апачык далилдейт. Ошондой
эле, түкчөлөрдү түзгөн түзүлүштүн бир заматта жаратылганын да көрсөтөт.
Көптөгөн электрдик
жана механикалык тетиктер сатылган бир дүкөндү элестетиңиз. Өзүнөн-өзү текчедеги
чарктар тоголонуп валга тагылып, бир четте турган зымдар мотордун ичине кирип
катушкага оролуп, электрдик ачкыч менен кабельдер моторго күч булагын пайда
кылышы мүмкүнбү? Албетте, мындай сценарийдин акылсыздыгын түшүнүү үчүн электр
же механика инженери болуу шарт эмес. Ошол сыяктуу эле, түкчөдөгү кыймыл
системасынын кокусунан пайда боло албастыгын түшүнүү үчүн да биохимик болуу
шарт эмес.
Клеткаларды
кыймылдаткан бул түкчөлөрдөгү долбоор эволюционисттердин көз-караштарынын
логикасыздыгын апачык көрсөткөн мисалдардын бири.
Микротүтүкчөлөр
түкчөдөн өзүнчө, клетканын ичинде да болот. Клетканын ичиндеги негизги кызматы
– клетканын формасын сактоо үчүн анын түзүлүшүнө таяныч болуу. Мындан тышкары,
түкчөдөгү мотор белоктор деп аталган белоктор клетканын ичинде башка
функцияларды да аткарышат. Мисалы, мотор белоктор бир клетканын ичинде ар
түркүн заттарды бир жерге жеткирүү үчүн микротүтүкчөлөр аркылуу жол жүрүшөт.
Клетканын ичинде бир жерден башка жакка баруу үчүн микротүтүкчөлөрдү автомобиль
жолу сыяктуу колдонушат.
Түкчөдөгү уникалдуу
түзүлүштүн ар бир өзгөчөлүгү өзүнчө бир инженериялык долбоор жана түкчөлөрдү долбоорлогон
бирөөнүн бар экенин далилдейт, Анын акылын жана илимин бизге көрсөтөт.
Түкчөлөрдөгү бул бийик жана теңдешсиз акыл Улуу Аллахка таандык. Аллах бүт
нерсени кемчиликсиз жана теңдешсиз бир долбоор менен жараткан. Алар тууралуу
ойлонуу адамдын Аллахтын улуулугун түшүнүүсүндө маанилүү бир себепчи болот. Бир
аятта мындай деп айтылат:
Айткын: «Ал бүт
нерсенин Рабби болсо, мен Аллахтан башка бир Рабби издейинби? Эч бир напси
(жан) өзүнөн башканын зыянына (күнөө) топтобойт. Күнөөкөр болгон башка бирөөнүн
күнөө жүгүн көтөрбөйт. Аягында Раббиңерге кайтып барасыңар. Ал силерге талашкан
нерселериңерди кабар берет.» (Энъам Сүрөсү, 164)
![]() |
| Бактериянын камчысы эволюцияны четке кагат! |
ДАРАКТЫ КӨТӨРҮҮЧҮ КРАН МЕНЕН ЖЕРДЕН БУУРЧАК ЖЫЙНАЙ АЛАСЫЗБЫ?
Пилдердин мурду көптөгөн
кызматтарды аткарат. Пил бир жагынан мурду менен чоң даракты жулуп бир жерге
жеткире алса, экинчи жагынан жерден бир буурчакты алып оозуна сала алат. Мындан
тышкары, жуунуу же суу ичүү үчүн мурду менен 4 литр сууну көтөрө алат жана
сууну фонтан сыяктуу абага чача алат. Кээде байланыш каражаты катары колдонуп
үйүрүн топтой алат же аларды качкыла деп эскерте алат. 50 миң булчуң менен
оролгон бул орган кемчиликсиз долбоорунан улам көптөгөн кылдаттыкты жана
назиктикти талап кылган иштерди жасоо жөндөмүнө ээ.
Компьютер жана
электроника технологиясы учурда абдан өнүктү. Ошого карабастан, пилдин мурдуна
окшоп бир жагынан крандай күчтүү, экинчи жагынан болсо буурчакты кармоо сыяктуу
кылдат иштерди бирдей жасай алган машиналар же роботтор дагы деле өндүрүлө
алган жок.
Көрүнүп
тургандай, пилдин мурду атайын пландалып долбоорлонгон орган. Анын ар бир
өзгөчөлүгү бизге Аллахтын жаратуу чеберчилигинин кемчиликсиздигин жана
теңдешсиздигин көрсөтөт.
ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ИЧКЕ АЗЫКТАНУУ ТҮТҮГҮ
Чиркей үчүн канды тез соруу абдан маанилүү. Ал үчүн чиркейдин кан соруу системасы кандын түзүлүшүнө 100% шайкеш болушу керек.Кандын аккычтыгы көпчүлүк суюктуктардан айырмаланып, түтүктүн диаметрине жараша өзгөрөт. Диаметри чоң түтүктөрдө эритроциттер туш келди таралып, кан суюктугунда эркин кыймылдай алышат. Ал эми диаметри миллиметрдин ондон биринен ашпаган түтүктөрдө кандын аккычтыгы төмөндөй баштайт. Анткени мындай диаметрдеги түтүктөрдө кан клеткалары жалпайып түтүктүн ортосуна топтолот. Диаметри миллиметрдин жүздөн биринен кичине түтүктөрдө болсо кандын аккычтыгы минималдуу деңгээлге жетет. Анткени кан клеткасынын диаметри түтүктүн диаметрине жакындап, кан соруу буурчакты камыш менен соргондой кыйын болуп калат.
Кан соруп
азыктанган жандыктарды изилдегенде бул жагынан таң калыштуу шайкештикти
көрөбүз. Чиркейлердин жана башка кан менен азыктанган жандыктардын кан соргуч түтүктөрүнүн
диаметри миллиметрдин жүздөн биринен кичине болбойт.43 Натыйжада бул жандыктар кан сорууда эч
кыйналышпайт.
Бул эреженин бүт
баарында иштеши жана кан менен азыктанган бардык жандыктарда болушу таң
калтырбай койбойт. Бардык жандыктар кан клеткаларынын диаметрин ченеп, түтүктөрүнүн
долбоорун ошого жараша иштеп чыккан болушу мүмкүнбү? Же көптөгөн
эксперименттерди жасап көрүп, анын жыйынтыгында кан клеткалары өтө ала тургандай
кенен, бирок ошол эле учурда клеткалардын кыймылдоо жөндөмүн чектебей тургандай
кичинекей түтүктү аныкташкан болушу мүмкүнбү? Эгер мындай болсо башында ката
кетиргендер аларды тукум курут болуудан сактап кала турган бул тажрыйбаны
кийинки урпактарына кантип өткөрүп беришкен?
Албетте, булар
эч качан ишке ашпай турган ыктымалдыктар. Эң биринчиден, бир чымын-чиркей башка
бир жандыктын дене түзүлүшүн, ал жандыктын тамырларында кан айланаарын, ал
кандын ичинде ар түрдүү клеткалардын бар экенин, ал клеткалардын кандын
аккычтыгына таасир берээрин биле албайт.
Бир китептен же
журналдан чиркейлердин дене түзүлүшү кан сорууга толук ыңгайлуу деген
маалыматты окуганда, акыл-эси жайында болгон бир адамдын оюна эч качан мындай
ыктымалдыктар келбейт. Муну чиркей бир күнү өзүнөн өзү ойлоп тапкан деп да ойлобойт.
Анткени мындай шайкештиктин кокусунан пайда болбой тургандыгын акыл-эстүү ар
бир адам түшүнөт.
Мындан тышкары,
чиркей кан соро алышы үчүн кан клеткалары өтө ала тургандай көлөмдөгү түтүгү
болсо эле жетиштүү болбойт. Баарынан мурда түтүк аркылуу канды кыймылдата турган
бир күч, демек ал күчтү бере турган бир система керек болот. Чиркейлердин башынын
ичинде булчуңдар жана ал булчуңдар жыйрылганда кеңейүүчү көңдөйлөр бар. Булчуңдар
жыйрылат жана кеңейүүнүн натыйжасында басым төмөндөйт. Ошентип кан азыктануу
түтүгү аркылуу жогору көздөй агат.
Чиркейлердеги бул
кемчиликсиз механизмдер кантип пайда болгон деген суроонун бир гана жообу бар:
бул жандыктарды Аллах жараткан. Кан клеткасы да, кан соргуч түтүк да аларга ошондой
өзгөчөлүктөрдү берген бир күч-кудурет тарабынан жаратылган. Ал күч-кудурет бүт
баарын билген жана кемчиликсиз жараткан Аллах.
БАСЫМГА ЧЫДАМДУУ КЫРТЫШТАРЫ БАР ЖАНДЫКТАРДАН МИСАЛДАР
Илимий тилде «Rhodnius prolixus» деп айтылган «өлтүргүч коңуз» аттуу башка бир кан соргучта өтө кемчиликсиз бир насостук механизм бар. Бул жандыктын башынын ичи дээрлик толугу менен көңдөйлөр жана булчуңдар менен капталган. Бул долбоордон улам коңуз соргуч түтүктүн эки учунун ортосунда басым айырмасын пайда кыла алат. Басымдагы айырманын натыйжасында кан коңуздун түтүгүндө секундасына 5 метр ылдамдык менен көтөрүлө баштайт.Бул абдан чоң ылдамдык жана кадимки шартта өткөн жерин бузуп кетиши керек. Бирок кан ошончолук ылдам акканына карабастан, коңуздун түтүгүндө да, башка бир кыртышында да эч кандай бузулуу же жарака пайда болбойт. Анткени кан өтө турган бардык кыртыштардын түзүлүшү кандын ошол ылдамдыгына жана басымына чыдамдуу. Коңуз бул система аркылуу 15 мүнөттө 300 микролитр кан соро алат. Бул бир адамдын ошончо убакытта 200 кг суу ичишине барабар.44
Өлтүргүч коңуздарга
окшош система чиркейлерде да бар. Чиркейлердин денеси кан соргондо абдан кеңейе
алат. Мисалы, 4 микролитр кан соргон чиркей денесинин көлөмүнөн бир топ ашыкча кан
соргон болот. Анда чиркейдин ашыкча кан соруунун натыйжасында жарылып кетишине
эмне тоскоол болот?
Башка кан соргучтар
сыяктуу чиркейлердин тамак сиңирүү системалары да өзгөчө долбоорго ээ. Чиркейлердин
качан кан соруп, качан токтошу керек экенин айтып туруучу чыңалуу сенсорлору бар.
Алар нерв системасына туташкан.
Чиркейдеги жана
өлтүргүч коңуздагы бул системаларга окшогон ыкмаларды адамдар суу сактагычтарда
колдонушат. Суу насостор аркылуу резервуарларга куюлат. Ал жерде суунун
деңгээлин көзөмөлдөөчү атайын сенсорлор болот. Резервуардагы суу максималдуу чекке
жеткенде насос автоматтык түрдө токтойт.
Эми бул эки
системаны жалпысынан салыштырып көрөлү: суу насосторунун салмагы адатта ондогон
килограмм же андан да оор болот. Мындан тышкары, иштегенде үнү абдан катуу
чыгат жана көп энергия талап кылат. Убакыттын өтүшү менен түтүккө туташкан
жерлери жана пломбалары эскирип, суу ага баштайт. Дат басуу сыяктуу себептерден
улам тейлөөнү талап кылат.
Чиркейдин башынын
ичиндеги кан соруу системасынын көлөмү болсо 1 мм3дан да кичине. Иштегенде эч кандай үн
чыгарбайт жана чиркей өмүр бою насосун бир жолу да оңдоого мажбур болбойт. Убакыт
өткөн сайын түтүгүнөн же насосунан кан сыртка агып баштабайт.
Албетте,
чиркейлер да, башка жандыктар да денелериндеги кемчиликсиз системаларды өз
алдынча жасай алышпайт. Алардын баары атайын долбоор менен жасалган. Адамдар иштеп
чыккан системалардан өзгөчөлүктөрү жагынан алда канча жогору турган бул
системалар кокусунан эч качан пайда боло албайт. Анткени чиркейдин да, өлтүргүч
коңуздун да кан соруу жана сактоо системалары бүт майда-чүйдөсүнө чейин техникалык
жактан бир бүтүн система. Системадагы бир эле катачылык же тетиктердеги бир эле
кемчилик бул жандыктарды өлүмгө алып барышы мүмкүн. Ошондуктан бул жандыктардын
эволюция теориясы айткандай бир катар кокустуктардын натыйжасында мындай
өзгөчөлүктөргө ээ болушу мүмкүн эмес.
Жер бетиндеги
жандуу-жансыздын баарын бүт нерсенин ээси, бүт нерсеге кудуреттүү жана бардык
жандыктардын муктаждыктарын камсыз кылуучу Аллах жараткан. Аллах абдан
кудуреттүү жана Андан башка Жаратуучу жок. Раббибиз бир аятта төмөнкүчө кабар берет:
Бул Аллахтын
жаратуусу. Демек, Андан башкалардын жараткандарын Мага көрсөткүлөчү. Жок,
зулумдук кылгандар апачык бир адашууда. (Локман Сүрөсү, 11)
ГЕККОН КЕСКЕЛДИРИГИ ЖАНА МОЛЕКУЛЯРДЫК ТАРТЫЛУУ КҮЧҮ
Геккон кескелдириктердин
тропикалык аймактарда жашаган кичинекей жана зыянсыз бир түрү. Геккон кескелдириктеринин
башка сойлоочулардан айырмалаган бир өзгөчөлүгү бар. Дубалда, ал тургай, шыпта
тегиз жолдо бараткандай беймарал баса алышат жана бир буту менен асылып тура
алышат. Жылма тик дубалда да башы ылдый чуркай алышат.45
Геккондун бутунун
жерге мынчалык бекем жабышышына жана бул сойлоочунун таң калыштуу кыймыл-аракеттерине
кайсы система мүмкүнчүлүк түзөт?
Биринчи эле ойго
«геккон балким жабышчаак бир зат бөлүп чыгарып шыпка жабышат» деген ыктымалдык
келет. Бирок бул мүмкүн эмес, себеби анын жабышчаак зат иштеп чыгара турган
секреция бези жок. Ошондой эле, мындай система аркылуу геккон шыпка жабыша
алган күндө да, ордунан жыла албай калмак.
Балким бул
жандыкта соргучка (вантуз) окшогон бир түзүлүш бардыр деген ой да келиши
мүмкүн. Бирок мындай ой жүгүртүү да туура эмес болот. Анткени геккондун буттары
абасы жок чөйрөдө да өз кызматын мыкты аткарат. Аба жок чөйрөдө соргуч жерге да
жабыша албайт.
Мунун электростатикалык
тартылуу менен да байланышы жок. Эксперименттерде электрон иондору бар абада да
буттардын өз кызматын аткара алаары аныкталган. Эгер электростатикалык тартылуу
колдонулганда, абадагы иондор тартылуу күчүнө таасир берип, геккондун
жабышышына бөгөт болмок.
Изилдөөлөр геккондун
буттарындагы механизмдин жогорку инженериянын үлгүсү экенин аныктаган. Чындыгында
бул сойлоочунун буттарынын түзүлүшү тик жерлерде жүрүү үчүн долбоорлонгон.
Массачусетс IS Robotics
компаниясынын колдоосу менен Портленддеги Льюис жана Кларк орто мектебинин
айлана-чөйрө физиологу Келлар Отем жана Калифорния Беркли университетинин
биоинженери Роберт Фулл тарабынан түзүлгөн топ геккондун кантип тик жерлерге
чыгаарын микроскопиялык жактан изилдеген.46
Алынган жыйынтык
бизге илимдин өнүгүшү менен белгилүү болгон бир жаратылуу кереметин көрсөткөн. Геккондун
буттарында балким атомдук физиктер гана билген бир күч бар.
Миңдеген микро түкчөдөн турган өзгөчө буттар
Геккондун манжаларынын учтары китептин барактарындай жука жалбырак кыртыштар менен капталган. Ар бир жалбырак «кыл» (setae) деп аталган атайын кыртыш менен капталган. Ал кыртышта түккө окшогон өсүндүлөр болот жана ал өсүндүлөрдүн учтары жүздөгөн микроскопиялык учтарга бөлүнөт.Ийненин учундай болгон жерде орточо 5000 микротүкчө жайгашат. Ошондо жаныбардын ар бир бутунда орточо жарым миллион түкчө болот. Изилдөө тереңдеген сайын кереметтер да көбөйөт.
Ар бир түкчө
саны 400дөн 1000ге чейин өзгөргөн түкчө сымал өсүндүлөрдөн турат. Дагы бир
көңүл бурган жагдай, түкчөлөр жаныбардын таманын каратып жайгаштырылган. Ар бир
учтун жоондугу миллиметрдин беш миңден бирине барабар. Геккондун бутундагы
миллиондогон микроскопиялык учтар тийген жериндеги атомдордун тартылуу күчүн
колдонуп, ал жерге желимдей жабышат.
Геккон кадам
таштаганда бутунун таманын жерге басып, анан бир аз артка тартат. Натыйжада түктөр
жерге максималдуу тийет. Башкача айтканда, түктөр тегиздиктеги куралсыз көзгө
көрүнбөгөн микроскопиялык оюк жана дөңчөлөргө бекем жабышат. Натыйжада бут
менен тегиздиктин ортосунда молекулярдык деңгээлде алсыз тартылуу күчү пайда
болот. Ал тартылуу күчү кванттык физикада «Ван-дер-Ваальс күчү» деп аталат.47
Ван-дер-Ваальс
күчү сиздин колуңуз менен дубалдын ортосунда да болот, бирок абдан алсыз. Атомдун
деңгээлинде караганда колуңуздун үстүңкү бети тоолор менен курчалгандай көрүнөт
жана эң бийик чокудагы атомдор гана дубалга тийет. Ал эми геккондун бутунда
болсо миңдеген шпатель учтары дубалга желимдей жабышат.
Эгер геккондун
манжалары чыныгы желим менен капталганда (же бир кездерде илимпоздор ойлогондой
соргучтар менен), геккон бутун көтөргөн сайын аны жерден ажыратуу үчүн көп энергия
коротууга туура келмек. Бирок изилдөөчү топтун жыйынтыгы боюнча, бутун тартуу
үчүн геккондун дубалга тийген бурчту өзгөртүүсү жетиштүү болот.48
Ван-дер-Ваальс
күчүн буттагы түкчөлөрдүн абалы жана жыштыгы пайда кылат. Бул күч гравитациялык
күчтүн гекконго болгон таасиринен үстөмдүк кылат. Геккон бутун көтөргүсү келгенде
таманын алдын көздөй ийет жана молекулярдык тартылуу күчүнөн көбүрөөк күч
коротуп таманын көтөрөт.49
Геккондун таманындагы
түктөрдүн санынын жана бурчунун канчалык так инженериялык эсептөөлөргө
негизделгени анык. Түктөрдүн тыгыздыгы көбүрөөк болгондо жаныбар дубалга
жабышып калмак, азыраак болгондо дубалга кармана албай жерге куламак. Түктөрдүн
жайгашуу бурчу башкача болгондо да, ушундай эле абал келип чыкмак.
Бирок мындай
болбойт. Ван-дер-Ваальс тартылуу күчүнүн пайда болушуна себеп болгон түкчөлөрдүн
жыштыгы дал керектүү өлчөмдө.
Миллиметр квадратка
2 миллион эмес, 2 миң түкчө туура келген бир гекконду элестетели. Анын бутунда Ван-дер-Ваальс
тартылуу күчү жетиштүү деңгээлде пайда болбойт жана шыпта басууга аракет
кылганда төбөсү менен жерге кулайт. Натыйжада таманынын түктүү болушу эч
нерсеге жарабайт.
Геккондун буттарындагы координация
Жогоруда айтылгандардан тышкары, геккон кескелдириктеринин төрт буту кемчиликсиз координацияда болушу керек. Ошондо гана кескелдирик ар кандай жерде баса алат, дубалдарга кыйналбай чыга алат, шыптарда кулабай жүрө алат.
Геккондун буттарынын иштөө формасы ойлогондо адамды абдан таң калтырат. Мисалы шыпта тез басышын алалы. Бул учурда геккон төрт буту менен түрдүү кыймылдарды бир убакта жана катасыз жасайт, натыйжада буттары бири-бирине чалынбай баса алат.
Бир колубуз
менен бир бутубузду бир учурда карама-каршы багытта кыймылдатуунун канчалык
татаал болоорун эске алганда, геккондун төрт буту менен жасаган кыймылынын
татаалдыгын жакшыраак түшүнөбүз.
Изилдөөлөр
көрсөткөн бул чындыктар бардык жагынан абдан таң калыштуу. Эң биринчиден,
геккон Ван-дер-Ваальс аттуу бул күчтү жана анын эмне ишке жарай турганын билиши
керек. Бирок бул күчтү университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн да көбү билишпейт. Адамдар
да билбеген маалыматтарды геккон кайдан билет?
Эң биринчиден
геккон ага керектүү күчтү түктүү түзүлүштүн пайда кылаарын болжолдошу керек
болот. Бир кескелдирик түкчөлөрдүн кызматын түшүнүп, алардын санын жана бурчтарын
бир жагынан анын салмагын көтөрүп, экинчи жагынан ылдам кыймылдашына тоскоол
болбой тургандай кылып так эсептеп чыга алабы? Албетте, идеалдуу санда түкчө жасап,
аларды идеалдуу бурч жана тартип менен таманына жайгаштыруу геккондун өзүнүн
колунан эч качан келбейт.
Мындан тышкары,
геккон төрт бутун кемчиликсиз координациялай турган скелет, нерв жана булчуң
системаларына да муктаж. Бир кескелдирик булардын баарынын долбоорун түзүп, анан
аларды денесинде өз алдынча, албетте, жасап чыга албайт.
Адамдар атомдун
түзүлүшүн жана анын касиеттерин жакында гана, өткөн кылымда эле ачышты. Геккон болсо
сойлоочулардын бир түрү. Аны атомду жана анын тартылуу күчүн билет деп ойлоо,
албетте, мүмкүн эмес.
Акыл-эстүү ар
бир адам булардын өзүнөн-өзү пайда болбой турганын жана бүт баарынын кылдат
долбоор менен жаратылганын билет. Болгондо да, ушул күнгө чейин жашаган геккондордун
баарында бул өзгөчөлүктөр болгон. Булардын баары бизге геккондорду бир заматта,
бардык өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллахтын жаратканын көрсөтөт.
Бардык жан-жаныбарды
ар кандай өзгөчөлүктөрү менен Аллах жараткан. Алардын дене түзүлүштөрү да,
кыймыл-аракеттери да ал жандыктарды Аллахтын жаратканын апачык айгинелейт. Ой жүгүрткөн
адамдар үчүн геккон кескелдиригиндеги долбоор Аллахтын чексиз илиминин жана
чексиз жаратуусунун далилдеринин бири. Бир аятта бүт жандыктардын
Жаратуучусунун Аллах экени төмөнкүчө кабар берилет:
Аллах жандуулардын
баарын суудан жаратты. Алардын кээ бирлери курсагы менен сойлоп жүрөт, кээ
бирлери эки буту менен жүрөт, кээ бирлери болсо төрт буту менен басат. Аллах
каалаганын жаратат. Эч күмөнсүз, Аллах бүт нерсеге
кудуреттүү. (Нур Сүрөсү, 45)
Булактар:
38. James L. Gould & Carol Grant Gould, Olağan Dışı Yaşamlar, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, 5. Basım, s. 114
39. James L. Gould & Carol Grant Gould, Olağan Dışı Yaşamlar, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, 5. Basım, s. 122
40. James L. Gould & Carol Grant Gould, Olağan Dışı Yaşamlar, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, 5. Basım, s. 125
41. James L. Gould & Carol Grant Gould, Olağan Dışı Yaşamlar, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, 5. Basım, ss.117-118
42. Hücrelerdeki tüycüklerle ilgili genel bilgi şu kaynaktan takip edilebilir: Voet, D. Ve J.G. (1995) Biochemstry, 2. baskı., John Wiley and Sons, New York, s.1253-1259
43. Bilim ve Teknik Dergisi, TÜBİTAK, Ekim 1997, s.63
44. Bilim ve Teknik Dergisi, TÜBİTAK, Ekim 1997, s.63
45. Nature, 8 Haziran 2000, ss.1717-1718
46. http://www.discover.com/sept_00/ featgecko.html
47. www.ider.herts.ac.uk/school/courseware/materials/bonding.html
48. www.amnh.org/naturalhistory/biomechanics/0700biomechanics.html


























Hiç yorum yok:
Yorum Gönder