15 Mart 2023 Çarşamba

Жыйынтык

Бул китепти окуган соң көп нерсеге көз карашыңыз өзгөрөт. Жолдо баратып бир кумурска көрсөңүз, сиз үчүн эми ал катардагы бир жандык болбойт. Анткени эми анын «кумурска кислотасын» иштеп чыккан адис химик экенин билесиз. Чымын-чиркейлердин же көпөлөктөрдүн бири-бирине өзгөчө билдирүүлөрдү камтыган жыттарды жиберишээрин, балыктардын кемчиликсиз сезүү системасы аркылуу өздөрүн коргой алышаарын билесиз. Булардын баары чындыгында Аллахтын Өзүнүн чексиз кудуретин жана чеберчилигин көрсөтүү үчүн бул китеп аркылуу сизге берген өзгөчө бир илими. Бул илим айланаңыздагы сулуулуктарды жана кереметтерди жакшыраак түшүнүп, алар тууралуу ой жүгүртүшүңүзгө шарт түзөт.

Бул сулуулуктарды жана кереметтерди байкап, алар тууралуу ойлонуунун сизге пайдасы кандай?

Ала турган пайдаңыз болжогонуңуздан алда канча чоң.

Эң биринчиден, күнүмдүк жашооңузда сизге дээрлик тынымсыз бир түшүнүк сиңирилет: жаныбарлар эволюция болгон деген түшүнүк! Айланаңыздагы ыйман акыйкаттарын көрүү жана бүт тараптан чындап таң калтырган искусство шедеврлерин байкоо пайдубалы бир гана кокустуктарга таянган эволюция теориясынын жараксыздыгын түшүнүшүңүзгө себеп болот.

Муну түшүнүү сизге кандай пайда алып келет?

Эволюция теориясынын жараксыздыгын көрүшүңүз жаратылууну четке кагуу үчүн жасалган бардык аракеттердин, бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулганына карабастан, канчалык бош жана акылсыздык экенин, эч качан андан майнап чыкпай турганын түшүнүшүңүзгө себеп болот.

Айланаңыздагы долбоорлорду байкоодон ала турган экинчи пайдаңыз болсо сизге тартууланган сулуулуктардан ырахат алып баштайсыз. Күнүмдүк иштериңиз менен өтүп жаткан монотондуу жашооңуз айланаңыздагы нерселердин кемчиликсиздигин көргөн сайын көрктүү жана маңыздуу боло баштайт. Күн сайын көрүп жанынан өткөн нерселер бул көз карашка ээ болгонуңуздан кийин, «кадимки» нерселер болбой калат жана сиз үчүн чоң толкундануунун жана шыктануунун булагына айланат.

Булар сизди күтүп турган жакшылык жана сулуулуктардын алгачкылары.

Эң негизгиси, «бир эле жандыктын» долбоорун түшүнүп, ал тууралуу ой жүгүртсөңүз, ал сизге дүйнөдөгү эч бир баалуулукка салыштырылбай турган бир пайда алып келет. Мисалы, кумурсканын кереметтүү химиялык лабораториясы бар экенин билгениңизде чындыгында абдан чоң жана маанилүү бир чындыкты түшүнөсүз: бул жандыктын денесинде жашыруун «акыл» бар. Анын ар бир бөлүгүндө адамдын акылы, илими жана тажрыйбасы жете албаган кемчиликсиздик жана усталык бар. Анын ар бир бөлүгү ушунчалык татаал түзүлүштөрдөн жана системалардан тургандыктан, алардын копиясын жасоо мындай турсун, сырларын түшүнүү үчүн эле адамзат тарыхынын миңдеген жылдык технологиясы жана илимий тажрыйбасы талап кылынды. Ал тургай, жандыктарда азыркы илим жана технология менен да ачыла элек сансыз кереметтер катылган. Жыйынтыгында жандыктардагы бул кемчиликсиз жаратуу мисалдарын көргөн сайын Аллахтын бар экенине, чексиз жана улуу сыпаттарына дагы да жакындан күбө болосуз.

Ошондой эле, абдан маанилүү бир чындыкты да түшүнөсүз: сиздин жаралышыңыздын да максаты бар. Бул дүйнөдөгү жашооңуздун бир максаты бар. Эгер жер жүзүндөгү бардык нерселер, анын ичинде сиз да кошо, бул эбегейсиз жаратылыштын бир бөлүгү болсо жана сизге булардын баарын түшүнө ала турган бир рух жана түшүнүк берилген болсо, анда сиз аларды берген Аллахтын алдында жооптуусуз. Бир кумурсканын мисалынан чыгарууга боло турган бул жыйынтык сиз үчүн эң чоң пайда болот. Мындан соң жер жүзүндөгү Аллахтын чыгармаларын, жаратуу кереметтерин көрүп, алардын баарынан ырахат аласыз жана айланаңыздагы адамдарды эмес, бир гана Аллахты ыраазы кылууга аракеттенесиз. Натыйжада дүйнөнүн түйшүгү жана кыйынчылыктары сизге таасир бербейт. Тагдырды түшүнүп, акыретке ишенесиз жана бул дүйнө жашоосунун бир гана сыноо үчүн жаратылганын түшүнөсүз. Бул дүйнөгө тиешелүү бардык күтүүлөрдүн, мактанып бой көтөрүүнүн, ач көздүк кылып ачуулануунун сизге эч кандай пайдасы жок экенин байкайсыз. Чыныгы жашай турган жердин бир гана акырет экенин абдан толкундануу менен түшүнөсүз.

Бул чындыкты түшүнүү бул дүйнөдөгү жашооңузду түбөлүктүү акырет жашоосуна карап өзгөртүшүңүзгө түрткү болот. Акыретти максат кылып, ал үчүн Аллахка ишенип Аны ыраазы кылууга аракеттенсеңиз, сизге теңдешсиз сулуулуктар жана эч түгөнбөгөн сый-жакшылыктары менен бейиш убада кылынган. Ал жерде 100 жыл эмес, 1000 жыл эмес, 1 миллион жыл эмес, түбөлүк жашайсыз. Сизге түбөлүккө чейин сулуулуктар, сый-жакшылыктар тартууланып, көңүлүңүз эңсеген нерселердин баары түбөлүккө сиздики болот. Баарынан маанилүүсү ал жерде сизди күтүп турган эң чоң сыйлык – бул, Раббибиздин ыраазылыгы.

Жолуңуздан чыккан бир кумурска тууралуу бир саамга ойлонуу сиздин бул улуу акыйкатты түшүнүп, жашооңузду ушул акыйкаттарга жараша өзгөртүшүңүзгө жана анын чексиз сыйлыгын алышыңызга шарт түзүшү мүмкүн. Бул дүйнөдө бул акыйкатты түшүнүү адамга чексиз пайда алып келет. Муну билбөө же бул улуу чындыкты көрмөксөн болуп, бой көтөрүү болсо эч орду толгус, эбегейсиз өкүнүчтүн башталышы болот.

Ар бир напси (жан) өлүмдү татат. Кыямат күнү, албетте, сыйлыктарыңар толугу менен берилет. Ким оттон алыстатылса жана бейишке киргизилсе, эми ал чындап кутулууга жеткен болот. Дүйнө жашоосу алдамчы пайдалануу гана. (Али Имран Сүрөсү, 185)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

Кириш сөз

Көптөгөн тармактарга бөлүнгөн инженериянын максаты – адамдардын жашоосун ыңгайлуураак, коопсузураак кылуу жана күнүмдүк жашоону жеңилдетүү. ...