15 Mart 2023 Çarşamba

Эволюция калпы


Дарвинизм, башкача айтканда, эволюция теориясы – жашоонун бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын четке кагуу максатында ойлоп чыгарылган, бирок ийгиликке жете албаган илимге туура келбеген бир калп. «Жандуулар жансыз заттардан өзүнөн-өзү, кокустан пайда болушкан» деген бул теория ааламда жана жандууларда абдан так бир тең салмактуулук, жаратылуу чеберчилиги бар экендигинин илим тарабынан далилдениши жана эволюциянын эч качан болбогонун көрсөткөн 700 миллионго жакын фоссилдин табылышы менен бирге жокко чыгарылды. Мындан тышкары, эволюция теориясы жашоонун фундаменти болгон белоктордун бир даанасынын кантип пайда болгонун да түшүндүрө албайт. Белоктун өзүнөн-өзү, кокусунан эч качан пайда болбой турганы илимий жактан тастыкталды. Натыйжада бардык ааламды жана жандууларды Жаратуучу жараткан деген чындык илим тарабынан да далилденди. Бүгүнкү күндө эволюция теориясын сактап калуу үчүн дүйнө жүзүндө жүргүзүлгөн пропаганда илимий чындыктардын бурмаланышына, теорияга жан тартуучу багыттагы жоромолдорго, илимий көрүнүшкө жамынып айтылган калптарга жана алдамчылыктарга гана таянууда.
Бирок мындай пропаганда чындыкты жашыра албайт. Эволюция теориясынын эң чоң адашуу, эң чоң калп экендиги акыркы 20-30 жылдан бери илим чөйрөсүндө барган сайын көп айтылууда. Өзгөчө 1980-жылдардан кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр дарвинисттик көз-караштардын толугу менен туура эмес экендигин көрсөттү жана бул чындык көптөгөн илимпоздор тарабынан айтылууда. Биология, биохимия, палеонтология, генетика, зоология, археология сыяктуу ар кандай илим чөйрөлөрүнө таандык көптөгөн илимпоздор дарвинизмдин туура эмес экендигин көрүп, жандуулардын келип чыгышын эми «жаратылуу» (креационизм) аркылуу түшүндүрүшүүдө.
Эволюция теориясынын кыйраганын жана Жаратылуунун далилдерин көптөгөн эмгектерибизде бүт илимий тараптары менен карадык жана кароону улантуудабыз. Бирок бул өтө маанилүү тема болгону үчүн бул жерде да кыскача токтоло кетүү керек.



Дарвинди кыйраткан кыйынчылыктар

Чарльз Дарвин
Эволюция теориясы тарыхы эски Грецияга чейин барган бир көз-караш болгонуна карабастан, 19-кылымда кеңири тарады. Бул теорияны илим чөйрөсүнө киргизген эң маанилүү окуя – Чарльз Дарвиндин 1859-жылы чыгарган «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китеби эле. Дарвин бул китепте дүйнөдөгү бардык жандык түрлөрүнүн Жаратуучу тарабынан өз-өзүнчө жаратылганына каршы чыккан. Дарвиндин ою боюнча, бардык түрлөр орток бир атадан келишкен жана убакыттын өтүшү менен акырындап ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болушкан.
Дарвиндин теориясы эч кандай так илимий ачылышка таянган эмес; өзү да кабыл алгандай жөн гана бир «ой жүгүртүү» болчу. Ал тургай Дарвиндин китебиндеги «Теориянын кыйынчылыктары» аттуу узун бөлүмдө мойнуна алгандай, теория көптөгөн абдан маанилүү суроолорго жооп бере алган эмес.

Дарвин теориясынын алдындагы кыйынчылыктар келечекте илим тарабынан жок кылынат, жаңы илимий ачылыштар теориясын күчтөндүрөт деп үмүттөнгөн эле. Муну китебинде көп жолу белгилеген. Бирок илимдин өнүгүшү, Дарвиндин үмүтүнүн тескерисинче, теориянын негизги көз-караштарын бир-бирден жараксыз кылды.
Дарвинизмдин илим тарабынан кыйратылышын 3 негизги багытта кароого болот:
1) Теория жашоонун жер бетинде алгач кандайча пайда болгонун эч түшүндүрө албайт.
2) Теория сунуштаган «эволюция механизмдеринин» чындыгында эволюциялык күчкө ээ экендигин далилдеген эч кандай илимий далил жок.
3) Фоссилдер эволюция теориясынын туура эмес экендигин далилдейт.
Бул бөлүмдө бул үч негизги теманы тереңирээк карайбыз.

Өтө албаган алгачкы баскыч: жашоонун келип чыгышы

Эволюция теориясы боюнча, бардык жандуу түрлөрү болжол менен мындан 3,8 миллиард жыл мурда, алгачкы дүйнөдө пайда болгон жалгыз жандуу клеткадан келип чыккан. Жалгыз бир клетка кандайча миллиондогон комплекстүү жандуу түрлөрүн пайда кылган жана эгер чындыгында мындай бир эволюция болгон болсо эмне үчүн бул процесстин издери фоссил булактарынан табылган жок деген суроолор теория түшүндүрө албаган суроолордон. Бирок булардан мурда «эволюция процессинин» алгачкы баскычы жөнүндө сөз кылуу туура болот. Ал «алгачкы клетка» кантип пайда болгон?
Эволюция теориясы Жаратылуудан баш тарткандыктан жана эч кандай табият үстү кийлигишүүнү кабыл албагандыктан, «алгачкы клетка» эч кандай проект, план жана жөнгө салуусуз, табият мыйзамдарынын натыйжасында кокустан пайда болгон дейт. Башкача айтканда, бул теория боюнча жансыз нерселер кокустуктардын натыйжасында бир клетканы пайда кылышкан. Бирок бул эң негизги биология мыйзамдарына да карама-каршы келет.

«Жашоо жашоодон келет»

Француз биолог Луи Пастер
Дарвин китебинде жашоонун келип чыгышы жөнүндө эч сөз кылган эмес. Себеби анын доорундагы илим түшүнүгү жандыктарды абдан жөнөкөй түзүлүшкө ээ деп ойлогон. Ортоңку кылымдан бери ишенилип келе жаткан «спонтандуу генерация» (өзүнөн-өзү пайда болуу) теориясы боюнча, жансыз нерселер кокустан чогулуп, жандуу бир нерсе пайда кыла алат деген ишеним бар болчу. Ал кезде коңуздар тамак таштандыларынан, чычкандар буудайдан пайда болот деген түшүнүктөр кеңири тараган. Муну далилдөө үчүн ар кандай кызыктуу эксперименттер жасалган. Кир кебездин үстүнө буудай коюп, бир аз күтсөк ал аралашмадан чычкан пайда болот деп божомолдошкон.
Эттердин куртташы да жашоонун жансыз заттардан пайда болушу мүмкүн экендигине бир далил катары кабыл алынган. Бирок кийинчерээк аныкталгандай, курттар өзүнөн-өзү пайда болбойт, чымындар таштаган көзгө көрүнбөгөн личинкалардан чыгат. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебин жазган учурда бактериялар жансыз нерселерден пайда болот деген ишеним илим дүйнөсүндө кеңири тараган эле.
Бирок, Дарвин китебин чыгаргандан беш жылдан кийин атактуу француз биолог Луи Пастер эволюциянын негизи болгон бул ишенимди толугу менен кыйратты. Пастер көпкө эмгектенип, көптөгөн эксперименттерди жүргүзгөн соң мындай жыйынтыкка келген: «Жансыз заттар жашоону пайда кылышы мүмкүн деген көз-караш эми толугу менен тарыхка көмүлдү.» (Sidney Fox, Klaus Dose, Molecular Evolution and The Origin of Life, New York: Marcel Dekker, 1977, p. 2)
Эволюция теориясынын жактоочулары Пастердин ачылыштарын көп жылдарга чейин кабыл алгылары келген жок. Бирок өнүккөн илим жандуу клетканын татаал түзүлүшүн көрсөткөндө, жашоонун өзүнөн-өзү келип чыкпай тургандыгы айдан ачык болуп калды.

Кембрий тектеринен табылган фоссилдер (калдыктар) үлүл, трилобит, губка, сөөлжан, медуза, деңиз жылдызы, сүзүүчү моллюскалар, деңиз лилиясы сыяктуу комплекстүү омурткасыз түрлөрүнө тиешелүү. Эң кызыгы, бири-биринен абдан айырмаланган бул түрлөрдүн баары бир заматта пайда болушкан. Ошондуктан геологиялык адабиятта бул кереметтүү окуя «Кембрий жарылуусу» деп айтылат.


20-кылымдагы натыйжасыз аракеттер

Эң аягында эволюционисттик
булактар да кабыл алгандай, 
жашоонун келип чыгышы
эволюция теориясы үчүн
 чоң бир туюк бойдон калууда.
20-кылымда жашоонун келип чыгышы темасын изилдеген алгачкы эволюционист, атактуу орус биолог Александр Опарин болгон. Опарин 1930-жылдары айткан көптөгөн тезистери аркылуу жандуу клетканын кокустуктардын натыйжасында пайда болушу мүмкүн экендигин далилдөөгө аракет жасаган. Бирок бул аракеттер ийгиликсиз аяктап, Опарин минтип моюнга алууга мажбур болгон: «Тилекке каршы, клетканын келип чыгышы эволюция теориясын толугу менен камтыган эң караңгы (белгисиз) чекитти түзүүдө.» (Alexander I. Oparin, Origin of Life, (1936) New York, Dover Publications, 1953 (Reprint), p. 196)
Опариндин жолун жолдогон эволюционисттер жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү маселени чече турган эксперименттерди жасоону улантышты. Мындай эксперименттердин эң атактуусу Америкалык химик Стэнли Миллер тарабынан 1953-жылы жасалган. Миллер алгачкы дүйнө атмосферасында болгон деп эсептеген газдарды бир экспериментте бириктирип, бул аралашмага энергия кошуу менен белоктордун түзүлүшүндө колдонулган бир канча органикалык молекулаларды (аминокислоталарды) синтездеген.
Ал жылдары эволюциянын маанилүү бир көрсөткүчүндөй кабыл алынган бул эксперименттин жараксыз экендиги жана экспериментте колдонулган атмосферанын дүйнө шарттарынан такыр башкача экендиги көп өтпөй белгилүү болгон. ("New Evidence on Evolution of Early Atmosphere and Life", Bulletin of the American Meteorological Societyvol. 63, November 1982, p. 1328-1330)
Көпкө уланган бир жымжырттыктан кийин колдонгон атмосфера чөйрөсүнүн чындыктан алыс экендигин Миллер өзү да мойнуна алган. (Stanley Miller, Molecular Evolution of Life: Current Status of the Prebiotic Synthesis of Small Molecules, 1986, p. 7)
Жашоонун келип чыгышы маселесин түшүндүрүү үчүн 20-кылым бою уланган эволюционисттик аракеттердин баары ийгиликсиз аяктады. Сан Диегодогу Скриппс институтунан атактуу геохимик Джефри Бада «Earth» аттуу эволюционист журналдын 1998-жылкы санында чыккан макалада бул чындыкты мындайча кабыл алат:
Бүгүн, 20-кылымды артка калтырып жатканда, дагы эле 20-кылымга киргендеги эң чоң чечилбеген маселебиз алдыбызда турат: Жашоо жер бетинде кантип башталды? (Jeffrey Bada, Earth, February 1998, p. 40)

Жашоонун комплекстүүлүгү: бир даана белок дагы кокусунан пайда боло албайт


Эволюция теориясынын жашоонун келип чыгышы темасында мынчалык туюкка кабылышына эң жөнөкөй деп саналган жандуу структуралардын да укмуш татаал түзүлүштө болушу себеп болду. Жандуу клетка адамзат жасаган бардык технологиялык продукттардан да татаал түзүлүшкө ээ. Натыйжада бүгүнкү күндө адамзат дүйнөнүн эң алдыңкы лабораторияларында да жансыз заттарды чогултуп, жандуу бир даана клетканы да, ал тургай, клетканы түзгөн бир даана белокту да жасай албай жатат.

Эволюция теориясын четке каккан дагы бир акыйкат – бул, тирүү организмдердин укмуш комплекстүү түзүлүшү. Жандуу клеткалардын ядросунда жайгашкан ДНК молекуласы мунун бир мисалы. ДНК – төрт молекуланын белгилүү тизмектеринен турган бир маалымат базасы. Бул маалымат базасында организмдин денесине тиешелүү бүт өзгөчөлүктөрдүн коддору жазылган. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, бир адамдын ДНКсы кагаз бетине түшүрүлсө, болжол менен 900 томдон турган бир энциклопедия жыйнагына айланат. Албетте, мындай кереметтүү бир маалымат базасы эволюция теориясы таянган «кокустук» түшүнүгүн толугу менен четке кагат.

Бир клетканын пайда болушу үчүн керектүү шарттар кокустуктар менен эч түшүндүрүлө албай турган деңгээлде көп. Бирок муну тереңирээк кароонун да кажети жок. Себеби эволюционисттер клетка этабына келгенге чейин эле туюкка камалышат. Себеби клетканын курулуш материалдарынын бири болгон белоктордун бир даанасынын да кокустан пайда болуу ыктымалдыгы математикалык жактан «0»гө барабар.
Мунун эң негизги себептеринин бири, бир белок пайда болушу үчүн башка белоктор да болушу керек; бул бир белоктун кокустан пайда болуу ыктымалдыгын толук жокко чыгарат. Ошондуктан ушул илимий чындыктын өзү эле эволюционисттердин кокустук түшүнүгүн эң башынан жок кылууга жетиштүү болот. Бул өтө маанилүү бир жагдай болгону үчүн кыскача токтоло кетели,
1. Ферменттерсиз белок синтезделе албайт жана ферменттердин өзү да белок.
2. Бир даана белок синтезделиши үчүн 60ка жакын фермент кызматын аткарган белок болушу керек. Ошондуктан белок пайда болушу үчүн башка белоктор керек болот.
3. Белокторду синтездеген ферменттерди ДНК өндүрөт. ДНК болмоюнча белок синтезделе албайт. Ошондуктан белок пайда болушу үчүн ДНК да керек.
4. Белокту синтездөө процессинде клеткадагы бүт органеллдер маанилүү кызматтарды аткарышат. Б.а. белок пайда болушу үчүн толук кандуу жана бүт тетиктери иштеген бир клетка бүт органеллдери менен бирге бар болушу керек.
Жашоонун кантип башталганын эволюционисттердин түшүндүрө албастыгын эволюционист илимпоз Брайан Свитек төмөнкүчө мойнуна алган:
Жашоонун кантип башталганы табияттын эң бекем табышмактарынын бири. (Brian Switnek, "Debate bubbles over the origin of life", Nature, 13 February 2012)
Гарварддык химик Джордж Уайтсайдс болсо Америка химиктер бирикмеси тарабынан эң жогорку сыйлык болуп эсептелген Пристли медалы тапшырылып жаткандагы сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүчө мойнуна алган:
Жашоонун келип чыгышы. Илимдин эң чоң маселелеринин бири. ... Көптөгөн химиктер, мага окшоп, жашоонун пребиотикалык дүйнөдөгү молекулалардын аралашмасынан өзүнөн-өзү келип чыккандыгына ишенет. Кантип? Такыр билбейм. (George M. Whitesides, "Revolutions In Chemistry: Priestley Medalist George M. Whitesides' Address", Chemical and Engineering News, 85: 12-17 (March 26, 2007)
Клетканын ядросунда жайгашкан жана генетикалык маалыматты сактаган ДНК молекуласы болсо, таң калаарлык бир маалымат сактоо каражаты болуп саналат. Эсептөөлөр боюнча, адамдын ДНКсындагы маалымат эгер кагазга түшүрүлсө, 500 беттен турган 900 томдук бир китепкананы түзөт.
Бул жерде абдан кызыктуу дагы бир дилемма бар: ДНК бир канча атайын белоктордун (ферменттердин) жардамы менен гана жуптала алат. Бирок бул ферменттер да ДНКдагы маалыматтардын негизинде гана синтезделе алат. Бири-биринен көз-каранды болгондуктан, жупталуу ишке ашышы үчүн экөөсү тең бир убакта бар болушу керек. Бул болсо «жашоо өзүнөн-өзү пайда болду» деген сценарийди жокко чыгарат. Сан Диегодогу Калифорния университетинен атактуу эволюционист проф. Лесли Оргел Scientific American журналынын 1994-жылы октябрдагы санында бул чындыкты мындайча моюнга алат:
Түзүлүшү абдан комплекстүү болгон белоктордун жана нуклеиндик кислоталардын (РНК жана ДНК) бир жерде жана бир учурда кокустан пайда болушу ыктымалдуулуктан өтө алыс. Бирок булардын бири болбостон, экинчисин алуу (жасоо) да мүмкүн эмес. Ошондуктан, адам баласы жашоо эч качан химиялык процесстердин натыйжасында келип чыкпайт деген жыйынтыкка барууга мажбур болууда. (Leslie E. Orgel, The Origin of Life on Earth, Scientific American, vol. 271, October 1994, p. 78)
Эч күмөнсүз, эгер жашоо табигый факторлордун натыйжасында келип чыкпай турган болсо, анда жашоонун жаратылганын кабыл алуу керек. Бул чындык жаратылууну (натыйжада Аллахты) жокко чыгарууну көздөгөн эволюция теориясын толугу менен четке кагат.

Эволюциянын ойдон чыгарылган механизмдери

Дарвиндин теориясын жараксыз кылган экинчи негизги сокку, теория «эволюция механизмдери» катары сунуштаган эки түшүнүктүн да чындыгында эч кандай эволюциялык күчкө ээ эмес экендигин түшүнүүдөн келип чыкты.
Дарвин эволюция көз-карашын толугу менен «табигый тандалуу» механизмине байланыштырган эле. Бул механизмге канчалык маани бергени китебинин атынан да апачык көрүнүп турат: Түрлөрдүн келип чыгышы, табигый тандалуу жолу менен...

Табигый тандалуу көз-карашы боюнча, күчтүү жана айлана-чөйрөгө ыңгайлаша алган организмдер жашоосун улантып, калгандары болсо жок болушат. Эволюционисттер «табигый тандалуу организмдерди эволюцияга дуушар кылып, жаңы түрлөрдү пайда кылат» дешет. Бирок табигый тандалуунун мындай таасири жок жана бул көз-карашты тастыктаган бир дагы далил жок.

Табигый тандалуу табияттагы жашоо күрөшүндө табигый шарттарга ылайыктуу жана күчтүү жандуулар аман калат деген көз-карашка таянат. Мисалы, жырткыч жаныбарлар тарабынан коркунучка кабылган бир кийиктердин тобунда ылдамыраак чуркаган кийиктер жашай алат. Натыйжада кийиктердин тобу ылдам жана күчтүү кийиктерден куралат. Бирок, албетте, бул механизм кийиктерди эволюция кылбайт, аларды башка жаныбар түрүнө, мисалы аттарга, айландырбайт.
Демек, табигый тандалуу механизминин эч кандай эволюциялык күчү жок. Дарвин да бул чындыкты билчү жана «Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу» китебинде «Пайдалуу өзгөрүүлөр келип чыкмайынча, табигый тандалуу эч нерсе кыла албайт» деп айтканга мажбур болгон. (Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, p. 184)

Ламарктын таасири

1. Мутация
2. ДНК спиралы
3. Үзүлгөн, сынган ДНК бөлүктөрү
Анда, мындай «пайдалуу өзгөрүүлөр» кантип келип чыкмак? Дарвин ошол учурдагы примитивдүү илим түшүнүгү менен бул суроого Ламаркка таянып жооп берүүгө аракет жасаган. Дарвинден мурда жашаган француз биолог Ламарктын ою боюнча, «жаныбарлар өздөрүнүн денесинде келип чыккан физикалык өзгөрүүлөрдү кийинки урпактарга өткөрүп берет жана урпактан урпакка чогулган мындай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жаңы жаныбар түрлөрү пайда болот». Мисалы, Ламарктын ою боюнча, «жирафтар жейрендерден пайда болгон, бийик дарактардын жалбырактарын жегенге аракет кылып жатып, урпактан урпакка моюндары узарып кеткен».
Дарвин да ушул сыяктуу мисалдарды келтирген. Мисалы, «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде тамак табуу үчүн сууга түшкөн кээ бир аюулар убакыттын өтүшү менен киттерге айланган деп айткан. (Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, p. 184.)
Бирок Мендель ачкан жана 20-кылымда өнүккөн генетика илими менен тастыкталган тукум куучулук мыйзамдары «денеде келип чыккан өзгөрүүлөр урпактарга берилет» деген жомокту толугу менен четке какты. Натыйжада табигый тандалуу «жападан жалгыз» жана толугу менен натыйжасыз бир механизм болуп калды.

Неодарвинизм жана мутациялар

Дарвинисттер болсо бул абалдан чыгуу үчүн 1930-жылдардын аягында «Модерн (заманбап) синтетикалык теорияны» же болбосо кеңири тараган ысмы менен айтканда неодарвинизмди чыгарышты. Неодарвинизм табигый тандалууга «пайдалуу өзгөрүүнүн себеби» катары мутацияларды, б.а. жандыктардын гендеринде радиация сыяктуу тышкы факторлор же копиялоо катасы себептүү келип чыккан бузулууларды кошту. Азыркы учурда дарвинисттер илимий жактан жараксыз экенин билип туруп, дагы деле неодарвинизм моделин жакташат. Бул теория жер жүзүндөгү миллиондогон жандык түрлөрү, ал жандыктардын кулак, көз, өпкө, канат сыяктуу сансыз комплекстүү органдары «мутацияларга», б.а. генетикалык бузуктуктарга таянган бир процесстин натыйжасында келип чыккан дейт. Бирок теорияны жарга такаган апачык бир илимий чындык бар: мутациялар организмдерди алдыга жылдырбайт, тескерисинче ар дайым организмдерге зыян алып келет. Чернобль, Хиросима жана Нагасакиде келип чыккан үрөй учурарлык көрүнүштөр мутациялардын натыйжаларын толук айгинелейт. Дене түзүлүшү кемчиликсиз организмдер мутациялардын натыйжасында өлүмгө же олуттуу зыяндарга дуушар болушту.

Адамдардагы байкоо жүргүзүлгөн бүт мутациялар зыяндуу. Себеби организмдин ДНКсы абдан комплекстүү тартипке салынган. Бул молекулага кандайдыр бир туш келди фактордун таасири организмге бир гана зыян алып келет. Мутациялар өлүм, майыптык жана оору-сыркоолор сыяктуу өзгөрүүлөргө гана себеп болот. Сүрөттө мутацияга туш болгон мөмө чымыны көрсөтүлгөн.

Мунун себеби өтө жөнөкөй: ДНКнын түзүлүшү өтө комплекстүү. Бул молекулага болгон ар кандай туш келди таасир ага зыян гана алып келет. Америкалык генетик Б.Г. Ранганатан муну мындайча түшүндүрөт:
Мутациялар майда, стохастикалык жана зыяндуу болот. Кээ-кээде гана ишке ашат жана эң жакшы ыктымалдуулук учурунда эч кандай таасир бербейт. Бул үч өзгөчөлүк мутациялардын эволюциялык бир өнүгүүгө себеп боло албашын көрсөтөт. Ансыз деле өтө өзгөчө бир организмдеги бир туш келди өзгөрүү – же таасирсиз болот же болбосо зыяндуу. Бир кол саатынын өзгөрүшү ал кол саатын жакшыртпайт. Чоң ыктымалдык менен ага зыян келтирет же эң жакшы учурда ага эч кандай таасир тийгизбейт. Бир жер титирөө бир шаарды өнүктүрбөйт, аны кыйратат. (B. G. Ranganathan, Origins?, Pennsylvania: The Banner of Truth Trust, 1988, p. 7.)
Дарвинисттердин ою боюнча, мутация дененин бүт тарабына симметриялуу жана бири-бирине шайкеш өзгөртүүлөрдү киргизиши керек. Мисалы, алардын ою боюнча, туш келди мутациялардын натыйжасында оң тарапта бир кулак пайда болсо, туш келди мутациялар сол тарапта да симметриялуу, оң кулак сыяктуу бул да уга алган, өзгөчөлүктөрү окшош экинчи кулакты да пайда кылышы шарт. Дөшү, барскан, үзөңгү сыяктуу кулактын бөлүктөрү да эки тарапта тең окшош болушу зарыл. Туш келди мутациялар жүрөктүн клапандарын эки тарапта тең окшош кылып жасап, бардык клапандар менен дүлөйчөлөрдү бири-бирине шайкеш, катасыз, орду ордунда жана баарын бир учурда пайда кылышы керек. Дененин бардык органдарында мындай симметрия менен тартип камсыз кылынбаса, анда чоң башаламандыктар келип чыгат. Бир кулагы артты караган, бир тиши башкача, маңдайында же мурдунда жалгыз көзү бар, кызыктай жандыктар пайда болот. Бирок организмдерде мындай башаламандыктар жок. Дарвинисттердин айтуусу боюнча, мутациялар бүт баарын симметриялуу жана бири-бирине шайкеш кылып жаратышы керек. Анткен менен, бардык мутациялар зыяндуу. Мурда мутациялардын 99%ы зыяндуу, 1%ы таасирсиз (нейтралдуу) деп кабыл алынчу. Бирок жаңы изилдөөлөр ДНКнын белок коддорун камтыбаган аймактарында келип чыккан жана ошондуктан зыянсыз деп кабыл алынган 1%дык мутациялардын да узун мөөнөттө зыян алып келээрин аныктады жана ушул себептен илимпоздор мындай мутацияларды «үнсүз мутация» деп аташты. Толугу менен зыяндуу мутациялар эч качан пландуу, шайкеш, симметриялуу органдарды бир заматта пайда кыла албайт.
Мутацияларды бир кемчиликсиз түзүлүштү автомат менен атканга салыштырууга болот. Бир нерсени автомат менен атуу аны толугу менен жок кылат. Бир октун таасирсиз болушу же денедеги бир инфекцияны күйгүзүп жок кылышы эч нерсени өзгөртпөйт. Калган 99 октон ансыз да организмден эч нерсе калбайт.
АКШнын Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү Линн Маргулис мутациялардын толук зыяндуу экенин төмөнкүчө мойнуна алган:
Жаңы мутациялар жаңы түрлөрдү пайда кылбайт, майып урпактарды пайда кылат. (Lynn Margulis, quoted in Darry Madden, UMass Scientist to Lead Debate on Evolutionary Theory, Brattleboro (Vt.) Reformer, 3 February 2006). Маргулис 2011-жылдагы бир интервьюсунда болсо мутациялардын организмди өзгөрткөнүн жана ошентип жаңы түрлөрдүн пайда болгонун көрсөткөн «бир дагы далил жоктугун» төмөнкүчө белгилеген:
Неодарвинисттер «мутация ишке ашып, бир организмди өзгөрткөндө, жаңы түрлөр пайда болот» дешет. Мени да көп жолу «туш келди мутациялар жаңы түрлөрдү пайда кылуучу эволюциялык өзгөрүүлөргө себеп болот» деп окутушту. Буга ишендим; бирок далил издеп баштаганга чейин... (Lynn Margulis quoted in "Lynn Margulis: Q + A," Discover Magazine, April 2011, p. 68)
Эволюционист Линн Маргулис да мойнуна алгандай, туш келди мутациялардын жаңы түрлөрдү пайда кылуучу эволюциялык өзгөрүүлөргө себеп болоорун көрсөткөн бир дагы далил жок.
Чындыгында эле бүгүнкү күнгө чейин эч бир пайдалуу, башкача айтканда, генетикалык маалыматты жакшырткан, өнүктүргөн мутация мисалы байкалган жок. Бардык мутациялардын зыян алып келээри аныкталды. Эволюция теориясы тарабынан «эволюция механизми» катары көрсөтүлгөн мутациялардын чындыгында жандууларды бузган, майып кылган генетикалык окуя экендиги белгилүү болду. (Адамдарда мутациялардын эң көп кездешкен натыйжасы – бул рак оорусу). Албетте, талкалоочу, бузуучу бир механизм «эволюция механизми» боло албайт. Табигый тандалуу болсо, Дарвин да кабыл алгандай, «өзү жалгыз эчтеке кыла албайт». Бул чындык бизге табиятта эч кандай «эволюция механизми» жок экендигин көрсөтөт. Демек, эволюция механизми болбосо, анда «эволюция» деп аталган, ойдон чыгарылган процесс да эч качан болгон эмес.

Фоссилдер: өткөөл (ортоңку) формалардын жыты да жок

Эволюция теориясы жактаган сценарийдин эч болбогондугун көрсөткөн эң негизги далил болсо – бул, фоссилдер (фоссил: вулкан атылганда же башка себептен сакталып калган жаныбарлардын, канаттуулардын, өсүмдүктөрдүн ж.б. организмдердин калдыктары).

1) 54-37 миллион жылдык сассафрас жалбырагынын фоссили (калдыгы)
2) 110 миллион жылдык тарпон балыгынын фоссили
3) 54-37 миллион жылдык данчыл (майда зыяндуу коңуз) фоссили
4) 45 миллион жылдык зебранын баш сөөгүнүн фоссили.

Фоссил (ташка айланган) калдыктар эволюция теориясына чоң бир тоскоолдук болууда. Себеби бул калдыктар организм түрлөрүнүн ортосунда бир дагы эволюциялык өткөөл форманын жок экендигин жана бүт организмдердин кемчиликсиз түзүлүшү менен, бир заматта пайда болгондугун көрсөтүүдө. Бул чындык түрлөрдүн өз-өзүнчө жаратылгандыгын далилдейт.

Эволюция теориясы боюнча, бардык жандыктар бири-биринен келип чыккан. Мурда бар болгон бир организм түрү убакыттын өтүшү менен башка бир түргө айланган жана бардык түрлөр ушундайча пайда болгон. Бул теория боюнча, мындай өзгөрүүлөр миллиондогон жылдарга созулган жана баскыч баскыч алдын көздөй жылган.
Андай болсо мынчалык узун өзгөрүү процессинде сансыз көп «өткөөл формалар» пайда болуп, жашап өткөн болушу керек эле.
Мисалы, өткөн замандарда балык өзгөчөлүктөрү бар туруп, бир тараптан да кээ бир сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон жарым балык-жарым сойлоп жүрүүчү жандыктар жашаган болушу керек эле. Же сойлоп жүрүүчү өзгөчөлүктөрү менен бирге, бир тараптан да кээ бир канаттуу өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон сойлоп жүрүүчү-канаттуу жашаган болушу керек. Булар бир өткөөл абалда болгондуктан, майып, кемчиликтүү, кээ бир органдары жарым-жартылай болгон жандыктар болушу зарыл. Эволюционисттер өткөн доорлордо жашап өткөн деп ишенген мындай теориялык жандыктарды «өткөөл (ортоңку) формалар» деп аташат.
Эгер чындап эле мындай жандыктар өткөн замандарда жашаган болсо, алардын сандары жана түрлөрү миллиондогон, ал тургай, миллиарддаган болушу керек. Жана мындай майып, кемчиликтүү жандыктардын фоссилдери сөзсүз табылмак. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» китебинде муну мындайча түшүндүрөт:
Эгер теориям туура болсо, түрлөрдү бири-бирине байланыштырган сансыз көп өткөөл (ортоңку) формалардын түрлөрү сөзсүз жашаган болушу керек... Булардын жашап өткөндүгүнүн далилдери фоссил калдыктарынын арасынан гана табылышы мүмкүн. (Charles Darwin, The Origin of Species, New York: D. Appleton and Company,  p. 161)
Бирок бул сөздөрдү жазган Дарвин мындай өткөөл формалардын фоссилдеринин эч табылбаганын да билчү. Бул жагдайдын теориясы үчүн чоң бир туюк (тупик) экенин түшүнгөн. Ошондуктан, «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинин «Теориянын кыйынчылыктары» (Difficulties on Theory) аттуу бөлүмүндө мындай деп жазган:
Эгер чындап эле түрлөр башка түрлөрдөн акырын өнүгүү менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл формаларды жолуктурбай жатабыз? Эмне үчүн табият бир хаос абалында эмес, толугу менен белгиленген жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл форма болушу керек эле, бирок эмне үчүн жер бетинин сансыз көп катмарында көмүлүү абалда таппай жатабыз... (Charles Darwin, The Origin of Species, New York: D. Appleton and Company, p. 154, 155)
Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай звенолорго толо эмес? (Charles Darwin, The Origin o Species, p. 246)

Дарвиндин үзүлгөн үмүтү

Бирок 19-кылымдын ортосунан бери дүйнөнүн бардык тарабынан кемчиликтүү жандык фоссилдерин издешкени менен, мындай ортоңку формалардын бир да фоссили табылган жок. Казуулардан жана изилдөөлөрдөн табылгандар, эволюционисттердин үмүтүн үзүп, жандуулардын бир заматта, кемчиликсиз жана толук органдары менен пайда болгонун көрсөттү.
Белгилүү англиялык палеонтолог (фоссил илимпозу) Дерек В. Агер, эволюционист болгонуна карабастан, бул чындыкты мындайча мойнуна алат:
Маселе мындай: Фоссилдерди (калдыктарды) жакшылап изилдегенде, түрлөр же класстар деңгээлинде болсун, дайыма бир эле чындыкты көрөбүз; баскычтуу эволюция жолу менен эмес, бир заматта жер бетинде пайда болгон группаларды көрөбүз. (Derek V. Ager, "The Nature of the Fossil Record", Proceedings of the British Geological Association, vol. 87, 1976, p. 133)
Башкача айтканда, фоссилдер бардык жандуу түрлөрүнүн ортосунда эч кандай өткөөл форма жок экенин, баарынын кемчиликсиз бойдон пайда болгонун көрсөтүүдө. Бул Дарвин жактаган көз-карашка толугу менен карама-каршы келет. Тагыраак айтканда, бул бүт жандыктардын жаратылганын көрсөткөн абдан күчтүү бир далил. Себеби бир жандуу түрү башка бир түрдөн («атасынан») эволюция болбостон, бир заматта жана кемчиликсиз абалда пайда болгон болсо, анда ал түр жаратылган болот. Бул чындык белгилүү эволюционист биолог Дуглас Футуйма тарабынан да кабыл алынат:
Жаратылуу жана эволюция – жашап жаткан жандуулардын келип чыгышын түшүндүрүүнүн альтернативдүү эки жолу. Жандуулар дүйнөдө же бүтүндөй толук жана кемчиликсиз абалда пайда болушкан же андай болгон эмес. Эгер андай болбосо, анда бир өзгөрүү процессинин натыйжасында алардан мурда бар болгон кээ бир жандуу түрлөрүнөн эволюцияланып, келип чыккан болушу керек. Бирок, эгер кемчиликсиз жана толук бойдон пайда болгон болсо, анда чексиз күч-кудуреттүү бир акыл тарабынан жаратылган болушу керек. (Douglas J. Futuyma, Science on Trial, New York: Pantheon Books, 1983, p. 197)
Бүгүнкү күндө болжол менен 700 миллион фоссил табылды. Ал фоссилдердин баары организмдердин жер бетинде кемчиликсиз жана толук бойдон пайда болгонун көрсөтүүдө. Фоссилдер «биз эволюция болгон жокпуз» дешүүдө. Башкача айтканда, «түрлөрдүн келип чыгышы» - Дарвин ойлогондун тескерисинче, эволюция эмес, Жаратылуу.

Адамдын эволюциясы жомогу

Эволюция теориясынын жактоочулары эң көп адамдын пайда болушу жөнүндө сөз кылышат. Дарвинисттер бүгүнкү күндө жашаган адамдар маймыл сыяктуу ар кандай жандыктардан келип чыккан дешет. 4-5 миллион жыл мурда башталган деп болжонгон бир процессте заманбап адам менен аталарынын ортосунда «ортоңку формалар» жашаган деп айтылат. Чындыгында толугу менен ойлоп табылган бул сценарийде төрт негизги «категория» саналат:
1- австралопитек
2- хомо хабилис
3- хомо эректус
4- хомо сапиенс
Эволюционисттер адамдардын «алгачкы маймыл сымал атасын» «түштүк маймылы» деген мааниде «австралопитек» деп аташат. Бул жандыктар чындыгында өлүп жок болгон бир маймыл түрү гана. Лорд Солли Цукерман жана профессор Чарльз Окснард сыяктуу Англия жана АКШдан дүйнөгө таанымал эки анатомист тарабынан жасалган терең изилдөөлөр бул жандыктардын өлүп жок болгон бир маймыл түрүнө гана тиешелүү экенин жана адамдарга эч окшошпой турганын көрсөткөн. (Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, Toplinger Publications, New York, 1970, 75-14; Charles E. Oxnard, "The Place of Australopithecines in Human Evolution: Grounds for Doubt", Nature, vol. 258, 389)
Эволюционисттер адам эволюциясынын кийинки баскычын «хомо», башкача айтканда, адам деген класска бөлүшөт. Алардын айтуусу боюнча, хомо сериясындагы жандыктар австралопитектерден көбүрөөк өнүккөн. Эволюционисттер бул түрдүү жандыктарга тиешелүү фоссилдерди биринин артынан бирин тизип алышып, ойлоп табылган эволюция графигин жасашат. Бул график ойлоп табылган, себеби иш жүзүндө бул класстардын ортосунда эволюциялык байланыш бар экени эч качан далилдене алган эмес.
Эволюционисттер «австралопитек > хомо хабилис > хомо эректус > хомо сапиенс» деп тизип, бул түрлөрдүн биринчисин кийинкисинин атасындай көрсөтүшөт. Чындыгында болсо, палеонтологдордун акыркы табылгалары австралопитек, хомо хабилис жана хомо эректустун дүйнөнүн ар кайсы аймактарында бир учурда жашаганын көрсөттү. (Alan Walker, Science, vol. 207, 1980, p. 1103; A. J. Kelso, Physical Antropology, first edition, New York: J. B. Lipincott Co., 1970, p. 221; M. D. Leakey, Olduvai Gorge, vol. 3, Cambridge: Cambridge University Press, 1971, p. 272)

Фоссил (ташка айланган) калдыктар эволюция теориясына чоң бир тоскоолдук болууда. Себеби бул калдыктар организм түрлөрүнүн ортосунда бир дагы эволюциялык өткөөл форманын жок экендигин жана бүт организмдердин кемчиликсиз түзүлүшү менен, бир заматта пайда болгондугун көрсөтүүдө. Бул чындык түрлөрдүн өз-өзүнчө жаратылгандыгын далилдейт.

Мындан тышкары, хомо эректус классына тиешелүү адамдардын бир бөлүгү азыркы учурга чейин жашап, хомо эректус менен хомо сапиенс бир эле чөйрөдө жанаша жашашкан. (Jeffrey Kluger, "Not So Extinct After All", Time, 24 June 2001)
Бул болсо, албетте, бул класстар бири-биринин атасы деген көз-караштын туура эместигин толук далилдейт. Гарвард университетинин палеонтологу Стивен Джей Гулд өзү да эволюционист болгонуна карабастан, дарвинисттик теориянын бул туюгун мындайча сүрөттөйт:
Эгер бири-бири менен бир убакта жашаган үч түрдүү гоминид (адам сымал) сүрөтү бар болсо, анда биздин санжыра дарагыбыз эмне болду? Булардын биринин экинчисинен келип чыкпагандыгы анык. Мындан тышкары, бири экинчиси менен салыштырылганда, эволюциялык бир өзгөрүү тенденциясын көрсөтпөйт. (S. J. Gould, Natural History, vol. 85, 1976, p. 30)
Кыскасы, массалык маалымат каражаттарынан же окуу китептеринен орун алган, ойдон чыгарылган көптөгөн «жарым маймыл, жарым адам» жандыктардын сүрөттөрү аркылуу, башкача айтканда, пропаганда жолу менен гана сактап калууга аракет кылынган «адамдын эволюциясы» сценарийи – эч кандай илимий далили, таянычы жок бир жомок гана. Бул теманы көп жылдар бою изилдеген, өзгөчө австралопитек фоссилдери жөнүндө 15 жыл изилдөө жүргүзгөн Англиянын эң атактуу жана белгилүү илимпоздорунун бири Лорд Солли Цукерман, эволюционист болгонуна карабастан, «маймыл сымал жандыктардан адамга чейин улануучу чыныгы бир санжыра дарагы жок» деген жыйынтыкка келген.
Цукерман, мындан тышкары, кызыктуу бир «илим көрсөткүчүн (шкаласын)» даярдаган. Илимий деп кабыл алган илим тармактарынан, илимден алыс деп кабыл алган илим тармактарын көздөй бир тизме түзгөн. Цукермандын бул таблицасы боюнча, эң «илимий», башкача айтканда, так далилдерге таянган илим тармактары – химия жана физика. Катарда булардан кийин биология илимдери, андан кийин коомдук илимдер келет. Бул катардын эң «илимден алыс» бөлүгүндө болсо, Цукермандын ою боюнча, телепатия, алтынчы сезим сыяктуу «сезимден тышкаркы кабылдоо» түшүнүктөрү жана ошондой эле «адамдын эволюциясы» жайгашат! Цукерман катардын бул учун мындайча сүрөттөйт:
Объективдүү чындыктын чегинен чыгып, биологиялык илим катары гипотеза кылынган бул чөйрөлөргө, башкача айтканда, сезимден тышкаркы кабылдоо жана адамдын фоссил тарыхынын түшүндүрүлүшүнө киргенибизде, эволюция теориясына ишенген бир адам үчүн бардык нерсе мүмкүн экендигин көрөбүз. Ал тургай, теорияларына чындап ишенген бул адамдар бири-бирине карама-каршы келген жоромолдорду да бир эле убакта кабыл алышы да мүмкүн. (Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, p. 19)
«Адамдын эволюциясы» жомогу теорияларына далилсиз ишенген бир топ адамдардын табылган кээ бир фоссилдерди өздөрү каалагандай чечмелешинен гана келип чыккан.

Мусулман эмне үчүн эволюционист боло албайт?

Кээ бир мусулмандар 1940-50-жылдардагы маалыматтарга таянып, эволюцияны илимий жактан далилденген бир теория деп ойлоп, «мусулмандар Дарвинден мурда эле эволюцияны билчү» деген сыяктуу кызыктай логикалар менен өз ойлорунда Ислам менен эволюцияны байланыштырууга аракет кылышууда. Мындай логика олуттуу сабатсыздыктан келип чыгууда. Илим эволюциянын жараксыз экенин далилдеди. Илим Жаратылуунун чындык экенин көрсөттү.
Мусулмандын ишеними жана Курандын сүрөттөөсү боюнча, бүт нерсени Аллах жараткан. Ошондуктан мусулман Байыркы Египет жана Шумерлер доорунан калган бутпарас ишенимди, т.а. бүт баарын кокустуктар менен түшүндүргөн эволюция теориясын эч качан жактабайт.
Албетте, Аллах кааласа жандыктарды эволюция менен да жаратышы мүмкүн эле. Бирок Куранда бул багытта эч кандай маалымат жок, эволюционисттер сүрөттөгөндөй түрлөрдүн акырындап пайда болгонун тастыктаган бир дагы аят жок. Эгер жандыктар эволюция аркылуу жаратылганда, Куранда муну терең сүрөттөгөн аяттарды көрө алмакпыз. Тескерисинче, Куранда жандыктардын жана ааламдын Аллахтын «Бол» деген буйругу менен кереметтүү түрдө пайда болгону кабар берилген:

Асмандарды жана жерди (үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Куранда адамдын эң сулуу келбетте, жоктон жаратылганы билдирилген:

Чындыгында, Биз адамды эң сулуу келбетте жараттык. (Тин Сүрөсү, 4)

Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты жана силерге тартиптүү бир калып (келбет) берди; келбетиңерди сулуу кылды. Ага кайтасыңар. (Тегабүн Сүрөсү, 3)

Аз. Адам (ас) жана бүт адамдар аалам жаратыла электе «зер ааламында» бар болгон

Аллах Куранда аалам жаратыла электе, адамдарды «зер ааламында» жаратканын жана бүт баарынан убада алганын кабар берген:

Раббиң Адам балдарынын жондорунан (белдеринен) урпактарын алып, аларды өздөрүнүн напсилерине күбө кылган эле: «Мен силердин Раббиңер эмесминби?» (дегенде) алар: «ооба (Раббибизсиң), күбө болдук» дешкен эле. (Бул) Кыямат күнү: «биз мындан кабарсыз элек» дебешиңер үчүн. (Аьраф Сүрөсү, 172)

Көрүнүп тургандай, аятта аалам жаратылаардан мурда, адамдардын кемчиликсиз, толук бойдон жаратылганы жана Аллахка убада бергени сүрөттөлгөн. Аяттагы маалымат боюнча, аалам али жаратыла электе сүйлөгөн, уккан, убада берген, бардык дене мүчөлөрү бар, толук кандуу адамдар жаратылган.
Бул аяттын арабчасы төмөнкүдөй:


«Ве из эхазе раббуке мин бени адеме мин зухурихим зурриййетехум ве эшхедехум аъла энфусихим, э лесту бираббикум, кальу бельа, шехидна, эн текульу йевмель кыямети инна кунна ан хаза гафилин(гафилине).»
ве из эхаз : жана чыгарган, алган кезде
(изэсте, демек, ошондо, ошол убакта, ...ганда, ...ган кезде, анткени, себеби, ...ганы үчүн, себептен)
раббу-ке: сенин Раббиң
мин бени адемеАдам балдарынан (урпактарынан)
мин зухури-хим: алардын жондорунан
зурриййете-хумалардын балдарыналардын урпактарын
ве эшхеде-хумжана аларды күбө кылды
аъла энфуси-хим: напсилерине (өздөрүнө)
э лесту: мен эмесминби?
би рабби-кум: силердин Раббиңер
кальу: дешти, айтышты
бельаооба
шехид-на: биз күбө болдук
эн текульу: айтышыңарайтышыңарга карата (айтпашыңар үчүн)
йевме эль кыямети: кыямат күнү
инна: сөзсүз бизчындыгында биз
кун-на: биз болдуэлек
ан хаза: мындан
гафилине: капилеткабарсыз
Аяттагы «зурриййет» деген сөз бул аяттан тышкары, Курани Керимдин дагы 18 жеринде кездешет. Бул сөздүн бардык аяттардагы маанисин Ислам аалымдарынын баары «адам урпагы» деп которушат. Бул аятта да Адамдын урпактары, т.а. Аз. Адам (ас)дын урпактары, б.а. дүйнөдө ушул күнгө чейин жашап өткөн жана келечекте жашай турган бардык адамдар айтылууда. Анткени, бир гана Аз. Адам (ас)дан убада алынганда, «Раббиң Адамдан убада алган эле» деп айтылмак. Аятта «Раббиң Адам урпактарынан убада алган эле» деп, Аз. Адам (ас)дын урпактары, т.а. бардык адамдар айтылууда.
Аяттын башындагы «из / эсте ошол кезди» деген сөз болсо Аз. Адам (ас)дын урпактарына, б.а. бардык адамзатка кайрылуу жасалган убакытты көрсөтөт. «Из» деген сөз мурда болуп өткөн бир окуя жөнүндө бир убакыт мүчөсү катары колдонулат. «Өткөн убакта болгон бул окуяны эсте» деген маанини билдирет. Ошондуктан бул аятта бүт адамдардын илгери, аалам жаратыла электе берген убадасы сүрөттөлгөн.
Курандын башка бир аятында болсо адамдардын эки жолу өлүп тирилээри кабар берилген:

«Раббибиз, бизди эки жолу өлтүрдүң жана эки жолу тирилттиң; биз болсо күнөөлөрүбүздү моюнга алдык. Эми чыгуунун бир жолу барбы?» дешти. (Момун Сүрөсү, 11)

Бул аятта айтылган биринчи өлүп тирилүү «зер ааламында» адамдар убада берген соң, кандайдыр бир мааниде өлүшүн, анан Аллахтын ата-энени себепчи кылып, ага жан беришин жана бул дүйнөгө келишин, б.а. тирилишин түшүндүрөт. Экинчи өлүм бул дүйнөдөгү биз билген өлүм; анан акыретте экинчи жолу тирилүү болот.
Демек, «Куранда эволюция аркылуу жаратылуу сүрөттөлгөн» деген көз-караштагы кишилердин «адам акырындап, баскычтардан өтүп пайда болду» деген сөздөрү толугу менен жараксыз. Адам бул дүйнөдө баскычтардан өтүп пайда болгон эмес. Зер ааламында бардык адамдар, Аз. Адам (ас) жана бардык пайгамбарлар болгон. «Аз. Адам (ас) жана башка адамдар бир катар эволюциялык процесстерден өтүп, азыркы адамга айланган» деген сөздөр чындыкка жатпайт.
Аз. Адам (ас) алгач бардык адамдар сыяктуу зер ааламында болгон, анан бейиште жаратылып, андан соң бул дүйнөгө жөнөтүлгөн:

Раббиң периштелерге: «Чынында Мен ылайдан бир адам жаратам» деп айткан эле. «Ага бир калып берип, ага Рухумдан үйлөгөнүмдө силер ал үчүн ылдам сажда кылгыла.» (Сад Сүрөсү, 71-72)

Бирок шайтан ал жерден экөөсүн жолдон адаштырды жана ошентип аларды ал чөйрөдөн чыгарды. Биз болсо: «бириңер бириңерге душман болуп түшкүлө, силер жер бетинде белгилүү убакытка чейин жайгашып, (андан) пайдаланасыңар» дедик. (Бакара Сүрөсү, 36)

Курандын башка бир аятында болсо бардык адамдардын зер ааламында Аллахка берген убадасы төмөнкүчө кабар берилген:

Аллахтын силерге берген жакшылыктарын жана: «уктук жана моюн сундук» деп Ага берген убадаңарды унутпагыла. Аллахтан коркуп тартынгыла. Күмөнсүз, Аллах көкүрөктөгү сырларды билет. (Маида Сүрөсү, 7)

Зер ааламында Аллахка убада бергендер эволюционисттер айткандай жарым денелүү, дене мүчөлөрү толук өрчүбөгөн, жарым адам-жарым башка жандык келбетинде болгон эмес. Толук кандуу, аң-сезимдүү адамдар болгон. Бул Куранда эволюция аркылуу жаратылуунун сүрөттөлбөгөнүн толук далилдейт.

Эволюцияны жактаган мусулмандар периштелердин жана жиндердин жаратылуусун түшүндүрө алышпайт

«Адам эволюция аркылуу пайда болгон» деген кишилерге «периштелер менен жиндер кантип жаратылган?» деп суроо узатсак, «Аллах жоктон жараткан» деп жооп беришет. Жиндерди жана периштелерди Аллахтын жаратканын билип, кабыл алган бул кишилердин Аллахтын адамды да ошондой жол менен жаратканын акыл жүгүртүп, түшүнө албашы таң каларлык көрүнүш. Периштени «Бол» деген буйругу менен бир заматта жараткан Улуу Раббибиздин адамды да ошондой эле жаратканын түшүнө албашы таң калыштуу. Аллах периштелерди да адам келбетинде бир заматта жаратат. Аз. Ибрахимге келген зыяратчы периштелер толук, кемчиликсиз адам келбетинде болушкан жана бир заматта жаратылган.
Аллах Куранда жиндердин адамдардан айырмаланып, оттон жаратылганын кабар берген:

Адамды отто бышкан сыяктуу кургак бир ылайдан жаратты. Жиннди болсо «жалын-түтүнсүз бир оттон» жаратты. (Рахман Сүрөсү, 14-15)

Куранда кабар берилгендей, периштелер да адамдан такыр башкача жаратылган. Аятта периштелердин жаратылуусу төмөнкүчө билдирилген:

Мактоолор асмандарды жана жерди жараткан, экиден, үчтөн жана төрттөн канаттуу периштелерди элчилер кылган Аллахка тиешелүү; Ал жаратууда каалаганын көбөйтөт. Шек жок, Аллах – бүт нерсеге Кудуреттүү. (Фатыр Сүрөсү, 1)

Аяттан апачык көрүнүп тургандай, периштелердин көрүнүшү адамдардан такыр башкача. Ошондой эле, Куранда периштелердин да, жиндердин да адамдардан мурда жаратылганы кабар берилген. Жаратуу Аллах үчүн абдан оңой. Раббибиз эч кандай себепсиз, жоктон бар кылат. Жиндерди жана периштелерди ар түрдүү кылып жоктон жаратканы сыяктуу, адамды да эволюциясыз, өзүнчө бир жандык кылып жоктон жараткан. Бул нерсе жаныбарларга, өсүмдүктөргө жана бардык башка организмдерге да тиешелүү. Куранда апачык айтылгандай, Аллах жандыктардын бүт баарын эволюциясыз, башкача айтканда, бир түрдү башка бир түргө айлантпастан, бир заматта жоктон жараткан.

Эволюцияны жактаган мусулмандар Куранда кабар берилген кереметтерди түшүндүрө алышпайт

Куранда Аз. Муса (ас) колундагы аса таягын жерге таштаганда, Аллахтын каалоосу менен ал таяктын тирүү жыланга айланганы айтылган. Аз. Муса (ас) таягын жерге таштаганда, аса таяк, б.а. жансыз бир бутак жандуу жыланга айланып, колуна алганда ал жылан кайрадан жансыз бир таякка айланган, анан кайра жерге таштаганда, кайрадан жан кирген. Башкача айтканда, жансыз затка жан кирип, анан өлүп, анан кайра жан кирген. Аллах бул керемет аркылуу адамдарга жаратылууну көрсөткөн. Аяттарда мындай деп айтылат:

Ошентип аны таштады; (бир караса) ал ылдам сойлогон (чоң) бир жылан (болду). «Аны ал жана коркпо, Биз аны баштапкы кейпине келтиребиз» деди. (Таха Сүрөсү, 20-21)

«Оң колуңдагыны ташта, алардын жасагандарын жутат; анткени, алардын кылганы сыйкырчынын көз бойомочулугу гана. Сыйкырчы болсо кайда барса да, кутула албайт.» (Таха Сүрөсү, 69)

«Асаңды (таягыңды) ташта», (таштап) анын шамдагай бир жыландай кыймылдап жатканын көргөндө, артты көздөй качты жана артын караган жок. «Эй Муса, коркпо, күмөнсүз Мен(ин); Менин жанымда жиберилген (пайгамбарлар) коркпойт.» (Немл Сүрөсү, 10)

Аз. Муса (ас) колундагы аса таягын жерге таштаганда, Аллахтын мээрими менен, жансыз жыгачтан жасалган таяк шамдагай кыймылдап, берки кишилердин таштагандарын жуткан, б.а. тамак сиңирүү системасы да бар, бүтүндөй тирүү бир жандыкка айланган. Бул көз ачып жумганча ишке ашкан. Ошентип Аллах адамдарга жашоонун кантип жоктон жаратылгандыгынын бир мисалын көрсөткөн. Жансыз затка Аллахтын каалоосу, б.а. «Бол» деген буйругу менен гана жан кирет. Аллахтын Аз. Муса (ас)га тартуулаган бул керемети байыркы египеттиктердин негизсиз эволюция ишенимин бир соккуда жер менен жексен кылган. Аз. Муса (ас)га каршы чыккандар да ошол замат акыйкатты түшүнүп, негизсиз ишенимдерин таштап, Аллахка ыйман келтиришкен.
Куранда Аз. Иса (ас)дын ылайдан чымчыкка окшош бир нерсе жасап, анан анын ичине үйлөгөндө, Аллахтын каалоосу менен, ал чымчыкка жан киргени да кабар берилген:

Аллах минтип айтат: «Эй, Мариям уулу Иса, сага жана энеңе болгон нематымды (жакшылыгымды) эстегин. Мен сени Рухул-Кудүс менен кубаттадым, бешикте (жаткан) кезиңде да, жетилген кезиңде да адамдар менен сүйлөшчү элең. Сага Китепти, даанышмандыкты, Тооротту жана Инжилди үйрөттүм. Уруксатым менен ылайдан канаттууга окшош (бир нерсени) жасап (кайра эле) уруксатым менен ага үйлөгөнүңдө бир канаттууга айланган эле... (Маида Сүрөсү, 110)

Ал канаттууга, эч кандай себепсиз, Аллахтын каалоосу жана керемети менен, жан кирген. Жансыз заттан жандууга айланган чымчык Улуу Аллахтын үлгүсүз, себепсиз, теңдешсиз жаратуу мисалдарынын бири. Аз. Иса (ас) да Аллах тартуулаган бул керемет аркылуу эволюционисттик көз-караштын акылга сыйбастыгын жана жараксыздыгын көз алдыга тартуулаган. Өз ойлорунда Ислам менен эволюцияны байланыштырууга аракет кылгандар болсо Раббибиздин бул кереметтерин эч түшүндүрө алышпайт.
Аллах жиндерди, периштелерди, бейиштин ур кыздарын, бейиштин жаш жигиттерин, бейиштин жаш балдарын, бейиш сарайларын, бейиш бакчаларын, тозокту, тозоктун күзөтчүлөрүн эволюция аркылуу жаратпаганы сыяктуу эле адамды да эволюция аркылуу жараткан эмес. Аллах бейиштеги бүт нерселерди, бийик сарайларды, кооздуктарды, бакчаларды, канаттууларды, тамактарды жана чексиз сый-жакшылыктарды эч кандай эволюциясыз, бир заматта жоктон жараткан. Бейиштеги сарайлар, сүт дарыялары, кийимдер, тактылар, жасалгалар, зер буюмдар Аллахтын «Бол» деген буйругу менен пайда болгон. Алар пайда болушу үчүн себептер, б.а. куруучулар, тигүүчүлөр, кол өнөрчүлөр керек эмес. Курма, инжир сыяктуу бейиш мөмөлөрү, бермет, седеп сыяктуу бейиш жасалгалары бейиште эволюция аркылуу пайда болбогону сыяктуу, бул дүйнөдө да эволюция аркылуу пайда болгон эмес. Бул дүйнөдө да, бейиште да эч бир жаратуу «эволюция аркылуу» болгон эмес. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: «Куран дарвинизмди четке кагат», Харун Яхья (Аднан Октар))

Дарвиндин формуласы!

Буга чейин айтылган бардык илимий далилдерден тышкары, кааласаңыз эволюционисттердин канчалык аңкоо нерсеге ишенээрин жаш балдар да түшүнө ала тургандай бир мисал менен көрсөтөлү.

Эволюционисттер каалаган бүт шарттар түзүлсө, бир жандуу организм пайда болушу мүмкүнбү? Албетте, жок. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй бир эксперимент жасайлы. Сүрөттүн төмөн жагындагы бочкага окшогон бир идишке организмдердин пайда болушуна керектүү бүт атомдорду, ферменттерди, гормондорду, белокторду, кыскасы эволюционисттер каалаган бүт элементтерди салалы. Анан химиялык жана физикалык ыкмалардын баарын колдонуп, бул элементтерди аралаштыралы да, каалашынча күтөлү. Эмненин баары кылынса да, канча убакыт күтүлсө да, баары бир бул идиштен бир организмди дагы чыгара алышпайт.
Эволюция теориясы жашоо (жандыктар) кокустан пайда болгон дейт. Ошондуктан бул акылга сыйбас көз-караш боюнча, жансыз жана аң-сезими жок атомдор чогулуп алгач клетканы пайда кылып, анан ошол эле атомдор кандайдыр бир жол менен башка жандыктарды жана адамды пайда кылышкан.
Эми ойлонуп көрөлү, организмдин негизги материалдары болгон көмүртек, фосфор, азот, калий сыяктуу элементтерди топтосок бир атом жыйындысы келип чыгат. Бул жыйынды кандай гана процесстен өткөрүлбөсүн, бир дагы жандыкты пайда кыла албайт. Кааласаңыз, бул боюнча бир «эксперимент» жасап, эволюционисттер жактаган, бирок ачык айта албаган көз-карашты алардын атынан «дарвиндин формуласы» деп карап көрөлү:
Эволюционисттер көптөгөн чоң идиштердин ичине организмдин түзүлүшүндөгү фосфор, азот, көмүртек, кычкылтек, темир, магний сыяктуу элементтерден каалашынча салышсын. Ал тургай, кадимки шарттарда кездешпеген, бирок бул аралашма ичинде болушун каалаган заттарды да бул идишке кошушсун. Бул аралашманын ичине каалашынча аминокислота, каалашынча белок да салышсын. Бул аралашмаларга каалаган деңгээлде ысыктык жана нымдуулук беришсин. Буларды каалаган эң алдыңкы инструменттер менен аралаштырышсын. Идиштердин жанына дүйнөнүн эң алдыңкы илимпоздорун коюшсун. Бул адистер атадан балага, урпактан урпакка өткөрүп, алмак-салмак миллиарддаган, ал тургай, триллиондогон жылдар бою идиштердин башында туруп күтүшсүн. Бир жандык пайда болушу үчүн кандай шарттар керек деп ишенишсе, ошолордун баарын колдонууга уруксат берилсин.
Бирок эмне гана кылышпасын, ал идиштерден эч качан бир жандык чыгара алышпайт. Жирафтарды, арстандарды, аарыларды, булбулдарды, тоту куштарды, аттарды, дельфиндерди, гүлдөрдү, орхидеяларды, банандарды, апельсиндерди, алмаларды, курмаларды, помидорлорду, коондорду, дарбыздарды, жүзүмдөрдү, түркүн түстүү көпөлөктөрдү жана ушулар сыяктуу миллиондогон жандык түрүнүн эч бирин пайда кыла алышпайт. Бул жерде саналган бул жандыктардын бирөөсүн эмес, булардын жалгыз бир клеткасын да ала алышпайт.
Кыскасы, аң-сезими жок атомдор чогулуп клетканы пайда кыла албайт. Анан дагы бир чечим чыгарып, бир клетканы экиге бөлүп, анан катары менен башка чечимдерди алып, электрондук микроскопту ойлоп тапкан, анан өзүнүн клеткасынын түзүлүшүн бул микроскоп менен изилдеген профессорлорду пайда кыла алышпайт. Затка Улуу Аллахтын жаратуусу менен гана жан кирет. Мунун тескерисин жактаган эволюция теориясы болсо акылга такыр сыйбайт. Эволюция айткан көз-караштар жөнүндө бир азга эле ойлонуу, жогорудагы мисалдан көрүнүп тургандай, бул чындыкты апачык көрсөтөт.

Көздөгү жана кулактагы технология

Эволюция теориясы эч түшүндүрө албаган дагы бир нерсе болсо – бул көз менен кулактын өтө жогорку сапаты.
Көз темасына өтүүдөн мурда «кантип көрөбүз?» деген суроого кыскача жооп берели. Бир телодон келген нурлар көздөгү торчого тескери болуп түшөт. Бул нурлар бул жердеги клеткалар тарабынан электрдик импульстарга (сигналдарга) айландырылып, мээнин арт жагындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир чекитке жетет. Бул электрдик импульстар бир канча процесстен кийин мээдеги көрүү борборунда сүрөттөлүш катары кабылданат. Бул маалыматтарды алгандан кийин эми ойлонолу:
Мээ жарык өткөрбөйт. Башкача айтканда, мээнин ичи капкараңгы, жарык мээ жайгашкан жерге чейин кире албайт. Көрүү борбору деп аталган жер – капкараңгы, жарык эч жетпеген, балким эч биз көрбөгөндөй караңгы бир жер. Бирок, сиз бул чымкый караңгылыкта нурдуу, түркүн-түстүү бир дүйнөнү көрүп жатасыз.
Болгондо да, бул көрүнүш ушунчалык даана жана сапаттуу болгондуктан, 21-кылымдын технологиясы да бардык мүмкүнчүлүктөргө карабастан мынчалык тунук сүрөттөлүшкө жете алган жок. Мисалы, азыр окуп жаткан китебиңизди, китепти кармаган колуңузду караңыз, андан соң башыңызды көтөрүп, айланаңызды караңыз. Азыр көрүп турган тунуктук жана сапаттагы бул сүрөттөлүштү башка бир жерден көрдүңүзбү? Мынчалык сапаттуу сүрөттөлүштү сизге дүйнөнүн эң алдыңкы фирмасынын эң алдыңкы телевизор экраны да тартуулай албайт. 100 жылдан бери миңдеген инженерлер мындай тунук, даана сүрөттөлүшкө жетүү үчүн аракет кылышууда. Бул үчүн заводдор, ири ишканалар курулууда, изилдөөлөр жүргүзүлүүдө, план жана проекттер жасалууда. Ошого карабастан, телевизор экранын бир карап, анан колуңуздагы китепти бир карап салыштырып көрүңүз. Экөөнүн арасында сүрөттөлүштүн дааналыгы жана сапаты жагынан чоң айырманы байкайсыз. Болгондо да, телевизор экраны сизге эки өлчөмдүү сүрөттөлүштү гана көрсөтөт,  көзүңүз болсо үч өлчөмдүү, тереңдиги бар бир сүрөттөлүштү көрсөтөт.
Көп жылдар бою он миңдеген инженер үч өлчөмдүү телевизор жасоого, көздүн көрүү сапатындай сапатка жетүүгө аракет кылышууда. Ооба, үч өлчөмдүү бир телевизор жасай алышты, бирок аны көз айнексиз үч өлчөмдүү кылып көрүүгө мүмкүн эмес, ошондой эле бул үч өлчөм – жасалма. Арка тарабы бозомук, алдыңкы тарабы болсо кагаздан жасалган декорация сыяктуу көрүнөт. Эч качан көз көргөн сыяктуу даана жана сапаттуу бир сүрөттөлүш жаралбайт. Камерада да, телевизордо да сөзсүз сүрөттөлүштүн сапаты, тунуктугу төмөндөйт.
Көз менен кулакты камерага жана үн жаздыруучу
аппараттарга салыштырсак, бул органдарыбыздын
бул технология продукцияларынан алда канча комплекстүү
жана алда канча кемчиликсиз жаратылгандыгын көрөбүз.
Эволюционисттер ушундай сапаттуу жана тунук сүрөттөлүштү пайда кылуучу механизмди кокусунан пайда болгон дейт. Азыр бирөө сизге бөлмөңүздөгү телевизор кокусунан пайда болду, атомдор чогулуп, бул сүрөттөлүштү пайда кылуучу каражатты (телевизорду) пайда кылды десе сиз кандай ойго келесиз? Миңдеген адам чогулуп жасай албаган нерсени атомдор кантип жасашсын?
Көз көргөн сапаттан алда канча төмөн болгон бир сүрөттөлүштү пайда кылган нерсе кокусунан пайда болбосо, анда көздүн жана көз көргөн сүрөттөлүштүн да кокусунан пайда боло албашы анык. Ушул эле абал кулакка да тиешелүү. Тышкы кулак айланадагы үндөрдү кулак лакаторунун жардамы менен топтоп, ортоңку кулакка берет; ортоңку кулак үн толкундарын күчөтүп, ички кулакка өткөрүп берет; ички кулак бул толкундарды электрдик импульстарга айландырып, мээге жөнөтөт. Көрүү процесси сыяктуу угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.
Көздөгү абал кулакка да тиешелүү, башкача айтканда, мээ жарык өткөрбөгөн сыяктуу, үн да өткөрбөйт. Ошондуктан, сырт тарап канчалык ызы-чуу болсо да, мээнин ичи толугу менен жымжырт болот. Анткен менен, мээде эң тунук үндөрдү угабыз. Үн өткөрбөгөн мээңизде бир оркестрдин симфонияларын, көчө толо адамдардын бардык ызы-чуусун угасыз. Бирок ошол учурда атайын бир прибор менен мээңиздин ичиндеги үн өлчөнсө, ал жерде толук жымжырттык өкүм сүрүп жаткан болот. Жогорку сапаттуу сүрөттөлүштү алуу үчүн аракет кылынган сыяктуу, үн үчүн да ондогон жылдар бою ушундай аракеттер жасалууда. Үн жаздыруу аппараттары, музыкалык борборлор, көптөгөн электрондук аппараттар, үндү кабылдаган музыка системалары – бул аракеттердин кээ бир жыйынтыктары. Бирок ушунча технологияларга, ал технологияда иштеген миңдеген инженер жана адистерге карабастан, кулактай тунук жана сапаттуу бир үндү ала алышкан жок.
Музыкалык аппарат өндүргөн эң ири фирма тарабынан өндүрүлгөн эң сапаттуу музыкалык борборду элестетип көрүңүз. Үн жаздырганда, сөзсүз үндүн бир бөлүгү жоголот же бир аз болсо да шуулдоо (шум) пайда болот же музыкалык борборду иштеткенде, музыка баштала электе эле бир шуулдоону угасыз. Бирок адам денесиндеги технологиянын продукту болгон үндөр абдан тунук жана кемчиликсиз. Адамдын кулагы музыкалык борбордогу сыяктуу шуулдоону пайда кылбайт, үн кандай болсо ошондой угат. Бул нерсе адамзат жаралгандан бери уланып келе жатат. Бүгүнкү күнгө чейин адам баласы жасаган эч кайсы сүрөттөлүш жана үн аппараты көз жана кулактагы сапатка жете алган жок. Ошондой эле, көрүү жана угуу процессинде, мындан тышкары, абдан маанилүү дагы бир чындык бар.

Мээнин ичинде көргөн жана уккан аң-сезим кимге тиешелүү?

Мээнин ичинде, түркүн түстүү дүйнөнү караган, симфонияларды, чымчыктардын сайраганын уккан, гүлдү жыттаган ким?
Адамдын көздөрүнөн, кулактарынан, мурдунан келген импульстар электрдик сигнал катары мээге барат. Биология, физиология же биохимия китептеринен бул сүрөттөлүштүн мээде кантип пайда болоору жөнүндө көптөгөн терең маалыматтарды таба аласыз. Бирок бул тема жөнүндөгү эң маанилүү чындыкты эч жерден көрбөйсүз: мээде бул электрдик сигналдарды сүрөттөлүш, үн, жыт жана сезүү катары кабылдаган ким?
Мээнин ичинде көзгө, кулакка, мурунга муктаж болбостон бардык бул нерселерди кабылдаган бир аң-сезим бар. Бул аң-сезим кимге тиешелүү?
Албетте, бул аң-сезим – мээни түзгөн нервдер, май катмары жана нерв клеткаларына тиешелүү эмес. Мына ушул себептен, бардык нерсе заттан гана турат деген дарвинист-материалисттер бул суроолордун эч бирине жооп бере алышпайт. Себеби, бул аң-сезим – Аллах жараткан рух. Рух сүрөттөлүштү көрүү үчүн көзгө, үндү угуу үчүн кулакка муктаж эмес. Ал тургай, ойлонуу үчүн мээге да муктаж эмес.
Бул ачык жана илимий чындыкты окуган ар бир адам мээнин ичиндеги бир канча см3дук, капкараңгы жерге бардык ааламды үч өлчөмдүү, түркүн түстүү, көлөкөлүү жана жарык нурлуу кылып батырып койгон улуу Аллахты ойлонуп, Андан коркуп, Ага корголонушу керек.

Бүт жашообузду мээбиздин ичинде жашайбыз. Биз көргөн адамдар, биз жыттаган гүлдөр, биз уккан музыка, биз жеген мөмө-жемиштер, колубуз менен сезген нымдуулук... Булардын баары мээбизде пайда болот. Чындыгында болсо, мээбизде түстөр да, үндөр да, сүрөттөлүштөр да жок. Мээде бир гана электрдик сигналдар бар. Кыскасы, биз мээбиздеги электрдик сигналдардан түзүлгөн бир дүйнөдө жашайбыз. Бул бир көз-караш же гипотеза эмес, дүйнөнү кантип сезээрибиз жөнүндөгү илимий түшүндүрмө.


Материалисттик ишеним (дин)

Буга чейин карагандарыбыз эволюция теориясынын илимий ачылыштарга толук карама-каршы келген бир көз-караш экендигин көрсөттү. Теориянын жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү көз-карашы илимге эч туура келбейт, теория жактаган эволюция механизмдеринин эч кандай эволюциялык күчү жок жана фоссилдер теория муктаж болгон ортоңку (өткөөл) формалардын эч качан болбогонун көрсөтүүдө. Бул учурда, албетте, эволюция теориясы илимге туура келбеген бир пикир катары тарыхка калтырылышы керек. Тарыхта да «дүйнө борбордуу аалам» модели сыяктуу көптөгөн пикирлер илимден чыгарылып салынган. Бирок эволюция теориясы илим катары сакталып калууга аракет кылынууда. Ал тургай кээ бир адамдар теорияга сын-пикирлерди «илимге кол салуу» катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Мунун себеби эмнеде?
Мунун себеби – эволюция теориясынын кээ бир чөйрөлөр үчүн эч баш тартыла албай турган догма бир ишеним болушунда. Бул чөйрөлөр материалисттик философияга эч кандай далилсиз байланып алышкан жана дарвинизмди болсо бирден-бир материалисттик көз-караш катары жакташат. Кээде муну ачык-ачык мойнуна да алышат. Гарвард университетинен атактуу бир генетикчи жана ошол эле учурда алдыңкы бир эволюционист Ричард Левонтин «алгач материалист, андан соң илимпоз» экенин мындайча мойнуна алат:
Биздин материализмге болгон бир ишенимибиз бар, априори (мурдатан (далилсиз), туура деп кабыл алынган) бир ишеним бул. Бизди дүйнөнү материалисттик түшүрдүрүүгө мажбурлаган нерсе – илимдин ыкмалары жана эрежелери эмес. Тескерисинче, материализмге болгон «априори» байланганыбыз себептүү, дүйнөнү материалисттик түшүндүрө турган изилдөө ыкмаларын жана түшүнүктөрүн чыгарабыз. Материализм абсолюттук туура болгондон кийин, Теңир менен байланыштуу бир түшүндүрмөнүн (көз-караштын) пайда болушуна жол бере албайбыз. (Richard Lewontin, "The Demon-Haunted World", The New York Review of Books, 9 January 1997, p. 28)
Бул сөздөр дарвинизмдин материалисттик философияны тутунуу үчүн сакталып турган бир догма экенин апачык көрсөтөт. Бул догма «заттан башка эч нерсе жок» деп эсептейт. Ошондуктан жансыз, аң-сезими жок зат жашоону пайда кылган деп ишенет. Миллиондогон түрдүү жандык түрлөрүн; мисалы, канаттууларды, балыктарды, жирафтарды, кабыландарды, курт-кумурскаларды, дарактарды, гүлдөрдү, киттерди жана адамдарды заттын өзүнүн ичиндеги факторлордун, б.а. жааган жамгырдын, чагылгандын натыйжасында жансыз заттан пайда болгон деп эсептейт. Бирок бул көз-караш акылга да, илимге да туура келбейт. Бирок дарвинисттер Аллахтын бар экенин кабыл албоо үчүн бул акылга жана илимге туура келбеген көз-карашты сабатсыздык менен жакташууда.
Жашоонун келип чыгышын материалисттик ишеним менен карабаган адамдар болсо чындыкты көрүшөт: бүт жандыктар өтө кудуреттүү, илими, акылы чексиз бир Жаратуучунун чыгармалары. Жаратуучу – бүт ааламды жоктон жараткан, эч кемчиликсиз кылып тартипке салган жана бүт жандыктарды жаратып, келбет берген Аллах.

Эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң күчтүү сыйкыры

Бул жерде муну да айта кетүү керек: бейтарап, эч кандай идеологиянын таасири астында калбастан, акылы менен логикасын колдонгон ар бир адам илим жана маданияттан алыс коомдордун негизсиз ишенимдерин элестеткен эволюция теориясынын чындыктан өтө алыс бир түшүнүк экенин оңой эле түшүнөт.
Жогоруда да айтылгандай, эволюция теориясына ишенгендер чоң бир идиштин ичине көптөгөн атомду, молекуланы, жансыз заттарды толтуруп койсок, булардын аралашмасынан убакыттын өтүшү менен ойлонгон, акыл жүгүрткөн, ачылыштар жасаган профессорлор, университет студенттери, Эйнштейн, Хаббл сыяктуу илимпоздор, Фрэнк Синатра, Чарлтон Хестон сыяктуу искусство инсандары, ошондой эле лимон дарактары, гүлдөр, жаныбарлар чыгат деп ишенишет. Болгондо да, мындай акылга сыйбас пикирге илимпоздор, профессорлор, илимдүү адамдар ишенишүүдө. Ошол себептен, эволюция теориясын «дүйнө тарыхынын – эң чоң жана эң таасирдүү сыйкыры» деп атоо туура болот. Себеби дүйнө тарыхында адамдардын мынчалык акылын адаштырган, акыл жана логика менен ойлонушуна жол бербей, көздөрүнүн алдына бир парда сыяктуу тосмо тартып, алардын айдан ачык чындыктарды көрүшүнө тоскоол болгон башка ишеним же көз-караш жок. Бул байыркы египеттиктердин күн кудайы Рага, африкалык кээ бир уруулардын тотемдерге, Саба калкынын күнгө сыйынуусунан, Аз. Ибрахимдин коомунун колдору менен жасап алган идолдорго, Аз. Мусанын коомунун өздөрү алтындан жасаган музоого сыйынуусунан алда канча кооптуу жана акылга сыйбас бир сокурдук. Чындыгында мындай акылсыздыкка Аллах Куранда ишарат кылган. Аллах кээ бир адамдардын аң-сезиминин жабылып калаарын жана чындыктарды көрүүгө алсыз болуп калаарын көптөгөн аятында билдирген. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Өткөн замандарда крокодилге сыйынган адамдардын ишеними канчалык кызыктай жана акылсыз болсо, бүгүнкү күндөгү дарвинисттердин ишеними да ошончолук акылсыз. Дарвинисттер кокустуктарды жана жансыз, аң-сезимсиз атомдорду «жаратуучу күч» катары көрүшөт, ал тургай, бул ишенимди диндей бекем кармашат.

Эч күмөнсүз, чындыктан баш тарткандарды эскертсең да, эскертпесең да алар үчүн айырмасы жок; (алар) ишенишпейт. Аллах алардын жүрөктөрүн жана кулактарын мөөрлөгөн; көздөрүнүн үстүндө тосмолор бар. Жана алар чоң азапка кабылышат. (Бакара Сүрөсү, 6-7)

…Жүрөктөрү бар, бирок аны менен аңдап-түшүнүшпөйт, көздөрү бар, бирок аны менен көрүшпөйт, кулактары бар, бирок аны менен угушпайт... (Аьраф Сүрөсү, 179)

Аллах Хижр Сүрөсүндө болсо мындай адамдардын кереметтерди көрсө да, ишенбей турганын төмөнкүчө кабар берет:

Алардын үстүнө асмандан бир эшик ачып, ал жерден жогору көтөрүлүшсө да, сөзсүз «Көздөрүбүз айландырылып коюлду, балким бизди сыйкырлап коюшту окшойт» деп айтышат. (Хижр Сүрөсү, 14-15)

Мынчалык көп адамга бул сыйкырдын таасир этиши, адамдардын чындыктардан мынчалык алыс кармалышы жана 150 жыл бул сыйкырдын бузулбашы болсо - сөздөр менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбой турганчалык таң калаарлык бир абал. Себеби, бир же бир канча адамдын эч ыктымалсыз сценарийлерге, акылга жана логикага сыйбаган нерселерге ишенишин түшүнүүгө болот. Бирок дүйнөнүн төрт бурчундагы адамдардын акылсыз жана жансыз атомдордун кокусунан бир чечим кабыл алып, чогулушуп, укмуштай уюштуруу, дисциплина, акыл жана аң-сезим көрсөтүп, кемчиликсиз бир система менен иштеген ааламды, жандуулар үчүн ыңгайлуу ар кандай өзгөчөлүккө ээ болгон жер планетасын жана сансыз комплекстүү системалар менен камсыз кылынган жандыктарды жаратканына ишенишинин «сыйкырдан» (гипноздон) башка бир түшүндүрмөсү жок.
Аллах Куранда атеисттик философиянын жактоочусу болгон кээ бир адамдардын сыйкыр жолу менен адамдарга таасир берээрин Аз. Муса (ас) менен фараондун арасында болгон бир окуя аркылуу бизге кабар берет. Аз. Муса (ас) фараонго акыйкат динди айтып бергенде, фараон Аз. Мусага (ас) өзүнүн «илимдүү сыйкырчылары» менен адамдар топтолгон бир жерде жолугуусун айтат. Аз. Муса (ас) сыйкырчылар менен жолугушканда, сыйкырчыларга алгач «чеберчилигиңерди» көрсөткүлө дейт. Бул окуяны баяндаган аяттар мындай:

(Муса:) «Силер таштагыла» деди. (Аса таяктарын) таштаары менен, адамдардын көздөрүн сыйкырлап жиберишти, аларды коркутушту жана (ортого) чоң бир сыйкыр алып келишти. (Аьраф Сүрөсү, 116)

Көрүнүп тургандай, фараондун сыйкырчылары көз бойомочулуктар аркылуу, Аз. Муса (ас) менен ага ишенгендерден тышкары, бүт адамдарды сыйкырлай алышкан. Бирок алардын таштаганына жооп катары Аз. Муса (ас) көрсөткөн далил алардын бул сыйкырын, аятта айтылгандай, «жутуп салган», б.а. жок кылган:

Биз Мусага: «Асаңды (таягыңды) ташта» деп вахий кылдык. (Ал таштап жибергенде) алардын бардык ойлоп тапкан нерселерин жутуп жатканын көрүштү. Ошентип чындык өз ордун тапты, алардын бардык кылып жаткандары жараксыз болду. Ал жерде жеңилишти жана басмырланып тескери бурулушту. (Аьраф Сүрөсү, 117-119)

Жогоруда мисал келтирилген бул баянда Аз. Муса (ас) жансыз бир жыгачтан турган аса таягын таштап, ал таякка ошол замат жан кириши жана башка нерселердин баарын жуткан, толук кандуу бир жандыкка айланышы фараон менен анын тарапташтарынын жасалма көз бойомочулуктарын, б.а. эволюцияны талкалаган. Аяттарда да айтылгандай, андан мурда адамдарды сыйкырлап алдаган бул кишилер кылгандарынын бир көз бойомочулук экени белгилүү болгон соң, эл алдында уят болушкан. Азыркы күндө да сыйкыр жолу менен илимди жамынып өтө тантык көз-караштарга ишенип, аларды жактоого өмүрүн арнагандар, эгер бул ишин токтотушпаса, чындыктар толук белгилүү болгондо жана «сыйкыр бузулганда» уят болушат. Болжол менен 60 жашына чейин эволюцияны жактап, атеист бир философ болгон, бирок андан соң чындыктарды көргөн Малькольм Маггеридж эволюция теориясынын жакынкы келечекте түшө турган кейпи жөнүндө мындай дейт:
Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң чоң анекдот темаларынын бири болооруна толук ишендим. Келечек урпактар мынчалык негизсиз жана белгисиз бир гипотезанын кантип кабыл алынганына таң калышат. (Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, p. 43)
Бул күндөр алыс эмес, тескерисинче, абдан жакын бир келечекте адамдар «кокустуктардын» кудай (жаратуучу) боло албашын түшүнүшөт жана эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң чоң калпы жана эң күчтүү сыйкыры деп аталып калат. Бул күчтүү сыйкырдан (гипноздон) дүйнөнүн төрт бурчунда адамдар абдан бат кутула баштады. Эволюция калпынын сырын түшүнгөн көптөгөн адамдар бул калпка кантип ишенгенине айран таң калышууда.

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.» (Бакара Сүрөсү, 32)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder

Кириш сөз

Көптөгөн тармактарга бөлүнгөн инженериянын максаты – адамдардын жашоосун ыңгайлуураак, коопсузураак кылуу жана күнүмдүк жашоону жеңилдетүү. ...